Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 370 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 29-августу ПЖ № 370 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин З-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык бөлүп берсин;
2) шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулуктун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту сактоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайларын жана добуш берүү үчүн жайларды кайтаруу, алардын өрт коопсуздугун, шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоо жана кайтаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
3) шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын киберкоопсуздугун, ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашууну камсыз кылууда, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн байланыштын үзгүлтүксүз жана коопсуз каналдары менен камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыккан башка иш-чараларды белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 34 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (34)
- КР шайлоо жана референдум өкөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 12-сентябры № 689 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин…Постановление · 12.09.2021 · № 689
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 701 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин…Постановление · 16.09.2021 · № 701
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча…Постановление · 05.09.2021 · № 684
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 9-декабрындагы № 795 "Бир мандаттуу № 1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз…Постановление · 09.12.2021 · № 795
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 13-ноябрындагы № 785 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин…Постановление · 13.11.2021 · № 785
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-ноябрындагы № 788 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин…Постановление · 19.11.2021 · № 788
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-октябрындагы № 760 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин…Постановление · 25.10.2021 · № 760
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-ноябрындагы № 776 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин…Постановление · 03.11.2021 · № 776
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 19-октябрындагы № 752 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 19.10.2021 · № 752
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-декабры № 843 "Бир мандаттуу № 31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку…Постановление · 28.12.2021 · № 843
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 23-ноябрындагы № 791 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.11.2021 · № 791
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 25-ноябрындагы № 792 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.11.2021 · № 792
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 9-декабрындагы № 796 "Бир мандаттуу №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз…Постановление · 09.12.2021 · № 796
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 9-декабрындагы № 797 "Бир мандаттуу № 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз…Постановление · 09.12.2021 · № 797
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 9-декабрындагы № 798 "Бир мандаттуу № 11 Алай шайлоо округу боюнча Кыргыз…Постановление · 09.12.2021 · № 798
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 9-декабрындагы № 799 "Бир мандаттуу № 17 Аксы шайлоо округу боюнча Кыргыз…Постановление · 09.12.2021 · № 799
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 9-декабрындагы № 800 "Бир мандаттуу № 24 Сокулук шайлоо округу боюнча Кыргыз…Постановление · 09.12.2021 · № 800
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 9-декабрындагы № 801 "Бир мандаттуу № 25 Аламүдүн шайлоо округу боюнча Кыргыз…Постановление · 09.12.2021 · № 801
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 9-декабрындагы № 802 "Бир мандаттуу № 32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз…Постановление · 09.12.2021 · № 802
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 10-декабрындагы № 805 "Бир мандаттуу № 7 Ош шайлоо округу боюнча Кыргыз…Постановление · 10.12.2021 · № 805
34 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172