Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын «Бир мандаттуу № 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 9-декабры № 797 Бир мандаттуу № 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу № 9 Кара-Суу шайлоо округунун схемасы бекитилди. Бир мандаттуу № 9 Кара-Суу шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 62 шайлоо участогу түзүлгөн. Бир мандаттуу № 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 94674 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 34157 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 36,1%ды түздү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу № 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 7 талапкерди каттады:
1. Абдыразаков Нурсултан Эркинбекович;
2. Жаныбеков Боконбай Жаныбекович;
3. Акылбеков Элнур Акылбекович;
4. Эргешов Толкун Турдукулович;
5. Примкулов Гавхарбек Асылбекович;
6. Бакир Бакытбек;
7. Матраимов Искендер Исмаилович.
Алардын ичинен шайлоого 5 талапкер катышкан. Бир мандаттуу № 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыздар, даттануулар түшкөн эмес. Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-декабрындагы № 10 чечими менен, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык № 5209, № 5266, № 5585 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Ал шайлоо участактарында добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жыйынтык натыйжасына таасир этпегендигин белгилей кетүү керек. Шайлоонун натыйжалары боюнча № 9 Кара-Суу шайлоо округунун 59 шайлоо участкаларында жыйынтыктар чыгарылды. Бир мандаттуу № 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:
- Абдыразаков Нурсултан Эркинбекович 959 (2,81%) добуш алган;
- Эргешов Толкун Турдукулович 2434 (7,12%) добуш алган;
- Примкулов Гавхарбек Асылбекович 1533 (4,49%) добуш алган;
- Бакир Бакытбек 1522 (4,46%) добуш алган;
- Матраимов Искендер Исмаилович 21507 (62,97%) добуш алган.
- "Баарына каршы" позициясы үчүн 3500 (10,25%) добуш берилди.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 5-1-бөлүгүнө ылайык, "Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат". Бир мандаттуу № 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Кара-Суу округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5-декабрындагы протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 5-1-бөлүгүнө ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир мандаттуу № 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. Матраимов Искендер Исмаилович бир мандаттуу № 9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча…Постановление · 05.09.2021 · № 684
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы ПЖ № 370 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 29.08.2021 · № 370 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.