Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын «Бир мандаттуу № 32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 9-декабры № 802 Бир мандаттуу № 32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу № 32 Кочкор шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди. Бир мандаттуу Кочкор шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 87 шайлоо участогу түзүлгөн. Бир мандаттуу № 32 Кочкор шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 104084 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 41778 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 40,14%ды түздү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 16 талапкерди каттады:
1. Кулбараков Абтандил Илдузович;
2. Жумаев Сайранбек Кенешбекович;
3. Джапанов Аттокур Асаналиевич;
4. Турумбеков Максатбек Медербекович;
5. Алымжанов Айбек Орозбекович;
6. Асанбаев Майрамбек Жекшенович;
7. Мелисов Азамат Канатбекович;
8. Омолдошова Айжан Рыскуловна;
9. Керимкулов Нурлан Бейшенбекович;
10. Ажымамбетов Актан Айылчиевич;
11. Самудинова Айнагуль;
12. Турдубаев Съездбек Жумашалиевич;
13. Самыйкожо Мирлан;
14. Нурбек уулу Ормон;
15. Сардарбеков Сабырбек;
16. Ниязалиева Дамира Абаскановна.
Анын ичинен 14 талапкер добуш берүүгө катышты. Бир мандаттуу № 32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 8 арыз жана даттануу түштү. Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды. Бир мандаттуу № 32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Кочкор округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:
- Кулбараков Абтандил Илдузович 7461 (17,86%) добуш алды;
- Жумаев Сайранбек Кенешбекович 257 (0,62%) добуш алды;
- Джапанов Аттокур Асаналиевич 443 (1,06%) добуш алды;
- Турумбеков Максатбек Медербекович 344 (0,82%) добуш алды;
- Алымжанов Айбек Орозбекович 2063 (4,93%) добуш алды;
- Асанбаев Майрамбек Жекшенович 1001 (2,40%) добуш алды;
- Омолдошова Айжан Рыскуловна 649 (1,55%) добуш алды;
- Керимкулов Нурлан Бейшенбекович 3107 (7,44%) добуш алды;
- Ажымамбетов Актан Айылчиевич 496 (1,19%) добуш алды;
- Турдубаев Сьездбек Жумашалиевич 110 (0,26%) добуш алды;
- Самыйкожо Мирлан 9419 (22,54%) добуш алды;
- Нурбек уулу Ормон 7800 (18,67%) добуш алды;
- Сардарбеков Сабырбек 488 (1,17%) добуш алды;
- Ниязалиева Дамира Абаскановна 6440 (15,41%) добуш алды;
- "Баарына каршы" позициясы үчүн 793 (1,90%) добуш берилди.
"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 5-1-бөлүгүнө ылайык, "Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат". Бир мандаттуу № 32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу № 32 Кочкор округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-декабрындагы протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 5-1-бөлүгүнө ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир мандаттуу № 32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. Самыйкожо Мирлан - бир мандаттуу № 32 Кочкор шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча…Постановление · 05.09.2021 · № 684
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы ПЖ № 370 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 29.08.2021 · № 370 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.