Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын «Бир мандаттуу №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 9-декабры № 796 Бир мандаттуу №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы №370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу №6 Араван шайлоо округунун схемасы бекитилди. Бир мандаттуу №6 Араван шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 50 шайлоо участогу түзүлгөн. Бир мандаттуу №6 Араван шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 91012 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 33177 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 36,5%ды түздү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 6 талапкерди каттады:
1. Нурбаев Жалолидин Паязидинович;
2. Абдувалиев Давлатбек Маматурдуевич;
3. Обдунов Элмурат Абдувапович;
4. Нурбаев Бакытбек Токтосунович;
5. Гаипов Адахамжон Алимжонович;
6. Маннанов Ильхом Абдукахарович.
Бир мандаттуу №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 3 арыз түштү. Түшкөн арыздар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды. Бир мандаттуу №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Араван округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:
- Нурбаев Жалолидин Паязидинович 14913 (44,95%) добуш алды;
- Абдувалиев Давлатбек Маматурдуевич 2531 (7,63%) добуш алды;
- Обдунов Элмурат Абдувапович 2403 (7,24%) добуш алды;
- Нурбаев Бакытбек Токтосунович 3344 (10,08%) добуш алды;
- Гаипов Адахамжон Алимжонович 1321 (3,98%) добуш алды;
- Маннанов Ильхом Абдукахарович 6446 (19,43%) добуш алды;
- “Баарына каршы” позициясы үчүн 1013 (3,05%) добуш берилди.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат”. Бир мандаттуу №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Көк-Жар округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-декабрындагы протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир мандаттуу №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. Нурбаев Жалолидин Паязидинович бир мандаттуу №6 Араван шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча…Постановление · 05.09.2021 · № 684
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы ПЖ № 370 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 29.08.2021 · № 370 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.