Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Бир мандаттуу № 31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 28-декабры № 843 Бир мандаттуу № 31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 токтому менен бир мандаттуу № 31 Чүй-Кемин шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди. Бир мандаттуу Чүй-Кемин шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 84 шайлоо участогу түзүлгөн. Бир мандаттуу № 84 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 114521 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 40969 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 35,77%ды түздү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 14 талапкерди каттады:
1. Саккараев Медербек Джаманкулович;
2. Жансеитов Тынайбек Каныбекович;
3. Шаршеналиев Нурлан Алтымышович;
4. Ташиев Рустам Рахимович;
5. Исеналиев Эмилбек Аскеевич;
6. Осмоналиев Каныбек;
7. Карагулов Улан Айтбекович;
8. Мурсалиев Акылбек Рыскельдиевич;
9. Ботобаев Айбек Курманович;
10. Дуйшеналиев Нурлан Кадырбекович;
11. Мамыров Кубатбек Шамырбекович;
12. Абакиров Аскар Джумабекович;
13. Сейтказиев Анаш Токтосунович;
14. Сариев Аваскан Казакбаевич.
Анын ичинен 13 талапкер добуш берүүгө катышты. Бир мандаттуу № 31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 8 арыз жана даттануу түштү. Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды. № 31 Чүй-Кемин округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-декабрындагы № 12 чечими менен, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, № 7047, 7058, 7015 шайлоо участкаларында шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочулардын санынан ашып кеткендигине байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды. Ал көрсөтүлгөн шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу № 31 Чүй-Кемин округунун натыйжасына таасир этпеген. Шайлоонун натыйжалары боюнча № 31 Чүй-Кемин шайлоо округунун 81 шайлоо участогунда жыйынтыктар чыгарылды. Бир мандаттуу № 31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Чүй-Кемин округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:
- Саккараев Медербек Джаманкулович 10152 (24,78%) добуш алды;
- Жансеитов Тынайбек Каныбекович 8771 (21,41%) добуш алды;
- Шаршеналиев Нурлан Алтымышович 3144 (7,68%) добуш алды;
- Ташиев Рустам Рахимович 3128 (7,64%) добуш алды;
- Исеналиев Эмилбек Аскеевич 2601 (6,35%) добуш алды;
- Осмоналиев Каныбек 2111 (5,15%) добуш алды;
- Мурсалиев Акылбек Рыскельдиевич 1981 (4,84%) добуш алды;
- Ботобаев Айбек Курманович 1540 (3,76%) добуш алды;
- Дуйшеналиев Нурлан Кадырбекович 765 (1,87%) добуш алды;
- Мамыров Кубатбек Шамырбекович 690 (1,68%) добуш алды;
- Абакиров Аскар Джумабекович 596 (1,45%) добуш алды;
- Сейтказиев Анаш Токтосунович 553 (1,35%) добуш алды;
- Сариев Аваскан Казакбаевич 300 (0,73%) добуш алды;
- "Баарына каршы" позициясы үчүн 3263 (7,97%) добуш берилди.
Башка мамлекеттин жарандуулугу жоктугун күбөлөндүргөн документтерди толук тапшырбагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 18-декабрындагы № 1453 чечими менен № 31 Чүй-Кемин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер М.Ж.Саккараевдин каттоосу жокко чыгарылган.
М.Дж.Саккараевдин сот аркылуу даттануусу Бишкек шаарынын Администрациялык сотунун 2021-жылдын 21-декабрындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 18-декабрындагы № 1453 чечими күчүндө калтырылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 28-декабрындагы токтому менен Бишкек шаарынын Администрациялык сотунун 2021-жылдын 21-декабрындагы токтому жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 18-декабрындагы № 1453 токтому жокко чыгарылган. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 5-1-бөлүгүнө ылайык, "Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат". Бир мандаттуу № 31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу № 31 Чүй-Кемин округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 8-декабрындагы протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 5-1-бөлүгүнө жана 65-беренесине ылайык, ошондой эле М.Дж.Саккараевдин кассациялык арызынын негизинде № АД-1390/21абс5 административдик иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 28-декабрындагы токтомун аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир мандаттуу № 31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. Саккараев Медербек Джаманкулович - бир мандаттуу № 31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
3. Саккараев Медербек Джаманкулович - бир мандаттуу № 31 Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты болуп катталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын2021-жылдын 5-сентябрындагы № 684 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча…Постановление · 05.09.2021 · № 684
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы ПЖ № 370 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 29.08.2021 · № 370 · Күчүн жоготкон