Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 57 «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 декабря 2021 года УП № 587 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-12-31.
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2020-жылдын 24-марты ПЖ № 57 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө (КР Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги ПЖ № 71, 28 апреля 2020 года УП 80 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын (мындан ары - коронавирустук инфекция) жайылышын пандемия катары жарыялады. 2020-жылдын 18-23-мартында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 16 фактысы, анын ичинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 8 факт тастыкталды. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Өзгөчө абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4 жана 7-беренелерине ылайык жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00ден баштап 2020-жылдын 10-майына саат 24.00ге чейин жана Сузак районунун аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00ден баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00ге чейин өзгөчө абал киргизилсин.
(КР Президентинин 2020-жылдын 14-апрелиндеги ПЖ № 71, 28 апреля 2020 года УП 80 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги Джоробеков Женишбек Мамаюнусович Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болуп (мындан ары - Комендант) дайындалсын.
3. Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында комендатура түзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендатурасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталсын:
1) коменданттык саат киргизилсин;
2) жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;
3) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо обсервацияда же дарыланууда болгон жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын;
4) коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;
5) оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;
6) аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин;
7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;
8) жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын;
9) карантин киргизилсин жана милдеттүү болгон башка санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар өткөрүлсүн;
10) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстары колдонулсун;
11) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн эмгекке жарамдуу жарандар эмгекти жана саламаттыкты коргоонун талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен тартылсын;
12) эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин;
13) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;
14) дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;
15) жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;
16) жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлорун, туулган күндөрдү белгилөөнү жана башка иш-чараларды) өткөрүү жөнгө салынсын;
17) өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн төмөнкүдөй кошумча милдеттер киргизилсин:
- өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү;
- күнүмдүк иште коопсуздук чараларын сактоо, коронавирустук инфекциянын жайылышына алып келиши мүмкүн болгон бузууларга жол бербөө;
- жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин үйрөнүү;
- коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алууда мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга көмөк көрсөтүү;
- коронавирустук инфекциянын жайылышынын коркунучу жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берүү.
6. Комендант Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жана ишке тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоодо Комендантка бардык бар болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жарандык, жазык, административдик иштердин, жоруктар жөнүндө иштердин, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын аймактык сотко караштуулугун өзгөртүү укугу берилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:
1) ушул Жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;
2) өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилсин.
10. Түзүлгөн кырдаалды курчутууну болтурбоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө абал киргизилген мезгилде Комендант берген маалыматтарды таратсын.
11. Бул Жарлык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
12. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 14
Цитата келтиргендер (11)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 3653-VI "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү…Постановление · 24.03.2020 · № 3653-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 3650-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 24-мартындагы кезексиз жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 24.03.2020 · № 3650-VI
- Аймагына өзгөчө абал киргизилген Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендатурасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 24.03.2020 · № 57
- ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылды 30-мартындагы № 15 "Кызматкерлерди кызмат ордуна жеткирүү үчүн транспорт каражаттары менен камсыздоо жөнүндө"…Приказ · 30.03.2020 · № 15
- ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 31-мартындагы № 17 "Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" БУЙРУГУПриказ · 31.03.2020 · № 17
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
- ""О порядке работы и регулирования деятельности банков, небанковских финансово-кредитных организаций и других юридических лиц, поднадзорных Национальному банку Кыргызской…Постановление · 30.03.2020 · № 2020-П-12/19-1-(БС)
- О временных сроках представления отчетности коммерческими банками и небанковскими финансово-кредитными организациями Кыргызской Республики в Национальный банк Кыргызской РеспубликиПостановление · 03.04.2020 · № 2020-П-12/20-1-(НПА)
- О продлении сроков проведения аудита, утверждения, представления и публикации финансовой отчетности банкаПостановление · 16.04.2020 · № 2020-П-12/23-1-(БС)
- КР Президентинин 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 80 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 28.04.2020 · № 80 · Күчүн жоготкон
- КР 2020-жылдын 14-апрелиндеги ПЖ № 71 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 14.04.2020 · № 71 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР 1998-жылдын 24-октябрындагы № 135 "Өзгөчө абал жөнүндө" Конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.10.1998 · № 135
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (14)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-апрелиндеги №147-б "COVID-19 короновирустук инфекциясынын жайылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу “Мамлекеттик жарандык кызмат жана…Распоряжение · 27.04.2020 · № 147-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 148-б (Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуусунан улам келип чыккан кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал…Распоряжение · 27.04.2020 · № 148-р
- ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 24-мартындагы № 1 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында комендантык саат…Приказ · 24.03.2020 · № 1
- ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 24-мартындагы № 2 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабын…Приказ · 24.03.2020 · № 2
- ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 25-мартындагы № 4 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда блокпостторду бекитүү…Приказ · 25.03.2020 · № 4
- ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 26-мартындагы № 7 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарларын…Приказ · 26.03.2020 · № 7
- ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 27-мартындагы № 8 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда блокпосттордун ишмердигин…Приказ · 27.03.2020 · № 8
- ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 27-мартындагы № 9 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районунундагы блокпосттордун жашоо…Приказ · 27.03.2020 · № 9
- ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 30-мартындагы № 16 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы блокпостторду күчөтүү…Приказ · 30.03.2020 · № 16
- ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 31-мартындагы № 19 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы блокпостторду күчөтүү…Приказ · 31.03.2020 · № 19
- ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 4-апрелиндеги № 24 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында кайгуул жүргүзүүгө кошумча күч берүү жана…Приказ · 04.04.2020 · № 24
- ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 6-апрелиндеги № 26 "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабынын…Приказ · 06.04.2020 · № 26
- ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН 2020-жылдын 8-апрелиндеги № 28 "Кошумча блокпостту коюу жөнүндө" БУЙРУГУПриказ · 08.04.2020 · № 28
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон