Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «COVID-19 короновирустук инфекциясынын жайылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 27-апрели № 147-б COVID-19 короновирустук инфекциясынын жайылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 19, 151 жана 152-беренелерине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20 жана 31-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 55, 56, 57 Кыргыз Республикасынын айрым жерлеринде өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б буйругуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде штаттык режимде иштеген мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине эмгек акы толук көлөмдө эсептелет;
- өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде аралыктан иштөө тартибинде иштеген мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга кызматтык маянасы, класстык чени жана иштеген жылдары, илимий даражасы жана бийик тоолуу жана алыскы жерлерде иштегендиги үчүн үстөктөр төлөнөт.
2. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими мезгилинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери:
- штаттык режимде эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн ишке тартылган кызматкерлердин жана жумушчулардын тизмесин аныкташсын;
- аралыктан иштөө тартибинде иштеген кызматкерлердин жана жумушчулардын тизмесин аныкташсын, алардын иш көлөмүн белгилешсин жана аны аткаруунун жүрүшүн контролдоону камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан эмгек акы төлөө шарттары аныкталган мамлекеттик органдардын жетекчилерине мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана башка категориядагы кызматкерлерге эмгек акы төлөө маселесин ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык кароо сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө абал режимин киргизүү мезгилинде аралыктан иштөө тартибин мыйзам менен бекемдөө жагынан Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун бир айлык мөөнөттө киргизсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирет.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралууЗакон · 15.06.2011 · № 45
- Аймагына өзгөчө абал киргизилген Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын комендатурасы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 55…Положение · 24.03.2020 · № 55
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 55 "Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 24.03.2020 · № 55 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 56 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө"…Указ · 24.03.2020 · № 56 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 57 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында аймагында өзгөчө абал киргизүү…Указ · 24.03.2020 · № 57 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизуу жонундоЗакон · 04.08.2004 · № 107 · Күчүн жоготкон