Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН «Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда блокпосттордун ишмердигин камсыздоо жөнүндө» БУЙРУГУ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 27-марты № 8 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда блокпосттордун ишмердигин камсыздоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө» № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу жана коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана сырткары жайылышынын алдын алуу максатында орнотулган блокпосттордо иш-чаралардын жеткиликтүү деңгээлде иш алып баруусун камсыз кылуу, ыкчам абал кирген аймактарда адамдардын жана автоунаалардын кыймылына чектөө киргизүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарына М.Т.Акматовго:
- 2020-жылдын 28-мартынан саат 08.00дөн саат 18.00гө чейин Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында жайгашкан 11 блокпостко тиешелүү медициналык жабдыктары менен 2ден медицина кызматкеринин жана санэпидемициялык станциянын өкүлдөрүнүн коюлушун камсыз кылсын;
- жогоруда көрсөтүлгөн блокпостторго биотуалеттерди койсун;
- тиешелүү блокпостторго 200 кол кап жана 1 литрлик антисептик каражаттар камсыздалсын;
- Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда жайгашкан банктар менен биргеликте иш алып баруу менен Жалаал-Абад шаарынын аймагынан сырткары жашаган пенсионерлердин пенсияларын жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин айлык маяналарын жашаган жерлеринде берүү схемасын иштеп чыгып, аталган иш-чарага тартылуучу автоунаалардын тизмелерин өткөрмө баракча алуу үчүн Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантына жиберсин;
- Жалал-Абад шаарынан башка аймактарга айыл-чарба шаймандарын, техникалардын тетиктерин, үрөөн алып келүү үчүн барууга ар бир айыл өкмөттөрүнүн башчылары менен автотранспорт каражаттарын аныктап, алардын тизмелери өткөрмө баракчаларын алуу үчүн Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантына жиберсин.
2. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.А.Омошовго:
- транспорттордун санын чектөө максатында Жалал-Абад шаарына азык-түлүктөрдү, даары-дармектерди медициналык каржаттарды жана башка өтө зарыл товарларды алуу үчүн ар бир айыл өкмөттөн бирден автоунааны аныктап, алардын тизмесин өткөрмө баракча алуу үчүн Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантына жиберсин;
- айрым айылдардын тургундарынын малдарын сыртка жайлоого чыгаруу үчүн маршруттарын аныктап, алардын тизмелерин Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантына жиберсин;
3. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарына М.Т.Акматовго, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Э.А.Омошовго жүктөлсүн.
4. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты
Ж. Джоробеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.