ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН «Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда блокпостторду бекитүү жөнүндө» БУЙРУГУ
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 25-марты № 4 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунунда блокпостторду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу жана коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана сырткары жайылышынын алдын алуу максатында жарандардын жана транспорттордун кыймылына чектөө киргизүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында тиркемеге ылайык Жалал-Абад шаарынын ИИБнен, Сузак районунун ИИБнен жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын № 52870, № 12544, № 36806, № 92840 аскер бөлүктөрүнүн керектүү күчтөрүнөн турган биргелешкен блокпосттор коюлсун (тиркеме № 1).
2. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданттары:
2.1. Өздөрүнө бекитилген бөлүмдөрдүн кызматтарынын, АМБнын начальниктерин бекитилген блокпостторго жооптуу катары дайындасын;
2.2. Блокпостторго тартылган кызматкерлердин иш графигин бекитип, материалдык-техникалык базасын камсыз кылсын;
2.3. Белгиленген графикте блокпосторго тартылган кызматкерлердин кызмат өтөөсүн текшерүүнү уюштуруп, аныкталган кемчиликтерди жеринде жоюу боюнча иш-чараларды уюштурсун.
3. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго жүктөлсүн.
4. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты
Ж. Джоробеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.