Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТЫНЫН «Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында комендантык саат киргизүү жөнүндө» БУЙРУГУ
ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН БУЙРУГУ
2020-жылдын 24-марты № 1 Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында комендантык саат киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө» № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу максатында, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. 2020-жылдын 25-мартынын тартып 15-апрелине чейин саат 20-00дөн 07-00гө чейин Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында коменданттык саат киргизилсин.
2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын коменданты милициянын полковниги Э.Ы.Молдокеевге жана Сузак районунун коменданты милициянын полковниги Э.А.Сатаровго жүктөлсүн.
3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты
Ж. Джоробеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.