Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2001-жылдын 1-февралы № 15 Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө (КР 2008-жылдын 1-декабрындагы № 249, 2013-жылдын 30-июлундагы № 178, 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83, 2017-жылдын 6-июнундагы № 98, 2017-жылдын 28-июлундагы № 152, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67, 2025-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I бөлүм. Жалпы жоболор
II бөлүм. Ишкердикти мамлекеттик колдоо
Ушул Мыйзам жарандардын өздөрүнүн жөндөмдөрүн жана мүлктөрүн ишкердик жүргүзүү үчүн эркин пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын коргоого багытталган, ошондой эле ишкердиктин субъекттеринин иштеги демилгелерин мамлекеттик колдоого алуунун жана жөнгө салуунун формалары менен усулдарын белгилейт. Ушул Мыйзамдын аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү жана иштөөчү ишкердиктин субъекттеринин мамилелерине карата уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан жайылтылат.
I бөлүм.. Жалпы жоболор
1-берене. Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасында ишкерлердин укуктарын коргоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарына, ушул Мыйзамга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт. Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдар төмөнкүлөрдү караштырат:
- ишкердиктин субъекттери катышуучу мамилелердин формаларынын көп түрдүүлүгүн ченемдик жактан бекемдөө;
- ишкердиктин субъекттеринин айрым категорияларына дифференцияланган мамлекеттик колдоонун ишке ашырылышын камсыздоо.
- ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуучу принциптерди мыйзамдуу бекитүү.
(Үчүнчү бөлүк КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2008-жылдын 1-декабрындагы № 249, 2025-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдалануучу негизги түшүнүктөр Ишкердик (ишкердик жүргүзүү) деген жеке жана юридикалык жактардын өз атынан өзүнүн менчик же карызга алган каражаттарынын эсебинен, өз тобокели жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында киреше алуу үчүн жүргүзгөн демилгеси, өз алдынча экономикалык ишкердиги болуп эсептелет. Ишкердиктин субъекттери болуп мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана өзүнүн уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан, өз тобокели жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги астында пайда же жеке киреше табуу максатында мыйзамда тыюу салынбаган иш жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактар эсептелет. (Үчүнчү бөлүк КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Ишкердик субъекттери төмөнкүлөр болгон ишкердик жүргүзүү аялдар ишкердиги болуп саналат:
- ишкердикти жеке ишкер катары жүзөгө ашырган аял;
- акцияларынын (катышуу үлүшүнүн) 51 пайыздан кем эмеси аялга (аялдарга) таандык болгон жана кызматкерлеринин штаттык санынын 51 пайыздан кем эмесин аялдар түзгөн, коммерциялык ишти жүзөгө ашыруучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак.
(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83, 2025-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-берене. Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун негизги принциптери Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- ишкердиктик субъекттеринин ак ниеттүүлүк презумпциясы;
- Кыргыз Республикасынын милдеттүү талаптарды белгилөөчү мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды, өксүктөрдү жана так эместиктерди мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкердиктин субъекттерине каршы пайдаланышпайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда ишкердик субъекттеринин иштерине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишпестиги, анын ичинде аларды токтотууга жол бербөө;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген төлөмдөрдү белгилөөлөрүнө жана алууларына жол бербөө;
- ишкердикке тийиштүү лицензияларды, уруксаттарды жана башка актыларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген документтерди белгилөө жана талап кылууга жол бербөө;
- ишкердикти жөнгө салуучу иштелип жаткан ченемдик укуктук актылар жөнүндө ишкердиктин субъекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте милдеттүү маалымдоо.
(КР 2008-жылдын 1-декабрындагы № 249 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Ишкердиктин эркиндиги Ишкердиктин эркиндиги өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген чектерде иш чөйрөсүн эркин тандап алуу;
- иштин түрлөрүн жана аны жүзөгө ашыруунун программаларын эркин тандоо;
- ишкердик иш-аракетти жүргүзүү үчүн юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн жана каржылык каражаттарын ыктыярдуу негизде эркин тартуу;
- эмгек жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин сактоо менен кызматкерлерди эркин жалдоо;
- жалданып иштеген адамдардын эмгек акысын жана башка кирешелеринин формасын, тутумун жана өлчөмдөрүн өз алдынча, бирок Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу деңгээлден төмөн эмес белгилөө;
- бардык мамилелерде контрагентти эркин тандоо;
- ишти интеллектуалдык менчиктин негизинде өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, сунуш кылынган товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө бааларды эркин коюу;
- мамлекет тарабынан белгиленген негизги төлөмдөрдү төлөгөндөн, ошондой эле контрагенттердин алдындагы өзүнө алган милдеттенмелерди аткаргандан кийин калган накта кирешени тескөө эркиндиги;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишкердин өз алдынча тышкы экономикалык иш жүргүзүүсү, анын өзүнүн валюталык үлүшүнүн пайдасын өзү каалагандай пайдалануусу.
(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Ишкерлерге берилчү кепилдиктер жана алардын укуктарын коргоо Мамлекет ишкерлерге менчигинин түрлөрүнө карабастан, төмөнкүлөрдү кепилдикке алат:
- тең укуктуулук жана каржылык, эмгектик, табигый, маалыматтык жана интеллектуалдык ресурстарга бирдей укук жана мүмкүнчүлүк берүү;
- атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негиздеринде иштеп жаткан ишкердиктин субъекттеринин укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоо.
Тиешелүү органдардын мыйзамда белгиленген негиздердин жана ыйгарым укуктарынын чектеринен тышкары учурларда, ишкерлердин иштерине мамлекеттин жана анын органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Мамлекет экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы ишкердикти колдоонун жана өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгууну жана аны жүзөгө ашырууну камсыздайт, инфраструктуралык жана институционалдык өзгөртүүлөрдү жүргүзөт, аларды ишке ашыруу үчүн ченемдик-укуктук, экономикалык-уюштуруучулук ыңгайлуу шарттарды түзөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган төлөмдөрдү белгилөөгө жана алууга тыюу салынат. (КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Ишкердиктин формалары Кыргыз Республикасында мыйзам чегинде жүргүзүлчү ишкердиктин бардык формаларына жол берилет. Ишкердик:
- жеке эмгектин негизинде;
- жалданма эмгекти пайдалануу менен;
- юридикалык жакты түзбөстөн;
- юридикалык жакты түзүү менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Ишкердиктин өзгөчө формалары болуп:
- ишкананы ал ишкананын мүлкүнүн менчик ээси менен түзүлгөн контракттын негизинде башкарган адам жүргүзгөн ишкердик иш;
- концессиялык келишимге жана комплекстүү ишкердик лицензияга (франчайзинг) негизделген ишкердик иш эсептелет.
Кыргыз Республикасында ишкердик иш адабий, көркөм жана илимий чыгармалар, артисттердин аткаруучулук иши; үн жазуу, радио жана телекөрсөтүүлөр; товардык белгилер, тейлөө белгилери, фирмалык аталыштар, коммерциялык аталыштардын укуктарын камтыган интеллектуалдык менчиктин негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Интеллектуалдык менчик менен байланыштуу мамилелер Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
6-берене. Ишкердиктин субъекттерин мамлекеттик каттоо Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо юридикалык жактарды каттоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат. Юридикалык жакты түзбөстөн жеке жактарды мамлекеттик каттоо, ошондой эле патенттик негизде жүргүзүлүүчү иш салык органдарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Ишкердик субъекттерин мамлекеттик каттоодон баш тартуу административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83, 2017-жылдын 28-июлундагы № 152, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-берене
7-берене. Ишкердик ишти лицензиялоо (КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
8-берене. Ишкердиктин субъекттеринин союздары (ассоциациялары) Ишкердиктин субъекттеринин союздары (ассоциациялары) ишкердикти өнүктүрүү боюнча жагымдуу шарттарды, ак ниет атаандаштыкты камсыздоо, ишкердиктин субъекттеринин жоопкерчиликтерин жана компетенцияларын жогорулатуу, мамлекеттик бийликтин органдарында алардын таламдарын жамаатташ коргоону камсыз кылуу үчүн ыктыярдуу негизде түзүлөт. Мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкердиктин субъекттеринин союздарын (ассоциацияларын) уюштурууга жана иш жүргүзүүсүн камсыздоого колдоо көрсөтүшөт. Ишкердиктин субъекттеринин союздары (ассоциациялары) мыйзам долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларды, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн аймактык программаларын, ишкердик жүргүзүүгө байланыштуу башка ченемдик документтерди даярдоого жана экспертизалоого катышууга, аларды өркүндөтүү боюнча мамлекеттик бийликтин органдарына сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
9-берене. Чет өлкөлүк ишкерлердин иш жүргүзүүсү Кыргыз Республикасында ишкердик иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар өз иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат жана Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары үчүн каралган тең укуктар менен милдеттерге ээ. (КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-берене. Ишкердикти илимий жана кадрлык камсыздоо Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкерлерди даярдоо, кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу боюнча окуу жайлар тармагын өнүктүрүү үчүн шарт түзүү, ишкердиктин актуалдуу проблемалары. боюнча алар үчүн кыска мөөнөттүү курстарды жана семинарларды, конференцияларды, симпозиумдарды уюштуруу боюнча чараларды жүргүзүшөт. (КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Ишкердик иш жүргүзүүнүн эсеби жана отчету Ишкердиктин субъекттери өндүрүштүк-чарбалык иштин бухгалтердик эсебин жүргүзүшөт, статистикалык отчет түзүшөт жана беришет жана анын тууралыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликте болушат.
12-берене. Ишкердик ишти жүргүзүү процессинде эмгектин корголушу Ишкер Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарынын ченемдерин сактоого, ошондой эле кызматкерлердин саламаттыгынын жана иш жөндөмдүүлүгүнүн сакталышын камсыз кылуучу ыңгайлуу жана коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө милдеттүү.
13-берене. Ишкерлерди камсыздандыруу, ишкердикте иштеген кызматкерлерди социалдык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу Ишкердик иш жүргүзүүдө анын катышуучуларын камсыздандыруу каралат. Ишкер камсыздандыруунун мамлекеттик, же башка түрүн өзү каалагандай тандап алууга укуктуу. Ишкердик негизделген менчиктин түрлөрүнө карабастан, ишкер эмгек келишими боюнча иштеп жаткан кызматкерлерин камсыздандыруу үчүн социалдык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу фонддоруна жалпы негизде каражат которууга милдеттүү.
14-берене. Ишкердик иш жүргүзүүнү токтотуу Ишкердиктин субъектисинин иши соттун чечиминин негизинде, уюштуруу документтеринде айтылган шарттарга ылайык, ишкердин демилгеси же башка себептер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте токтотулат.
II бөлүм.. Ишкердикти мамлекеттик колдоо
15-берене. Ишкердикти мамлекеттик колдоо Ишкердикти мамлекеттик колдоо мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын компетенцияларына ылайык, ал үчүн ыңгайлуу уюштуруучулук жана экономикалык шарттарды түзүү жолу менен төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүүнүн ченемдик-укуктук жана мыйзамдык базасын өркүндөтүү;
- мамлекеттик каржылык, материалдык-техникалык жана маалыматтык ресурстарды, ошондой эле анын ичинде материалдык-техникалык камсыздоону, сатууну, ошондой эле ишкерлерди маалыматтык тейлөөнү, кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону уюштурууга көмөктөшүү менен ишкердикти экономиканын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген артыкчылыктуу тармактарында өнүктүрүүгө багытталган илимий-техникалык иштеп чыгуулардын натыйжаларын пайдаланууга жеңилдетилген шарттарды түзүү;
- ыңгайлуу салык, бажы жана инвестиция режимдерин түзүү;
- салык салуунун, ишкердиктин субъекттерин каттоонун, алардын ишкердигин лицензиялоонун, чыгарылып жаткан продукциясын сертификаттоонун, мамлекеттик статистикалык жана бухгалтердик отчет берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин орнотуу;
- колдонуудагы мыйзамдарда каралган шарттарда жана тартипте жер участокторун берүү жана мамлекеттик мүлктү өткөрүп берүү;
- ишкердиктин субъекттеринин тышкы экономикалык иштерине алардын чет мамлекеттер менен соода, илимий-техникалык, өндүрүштүк, маалыматтык байланыштарын өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү камтуу менен колдоо көрсөтүү;
- мамлекеттик жана мамлекеттик эмес инвестициялык жана инновациялык фонддорду, холдингдик, лизингдик компанияларды, фондулук биржаларды, аудитордук кызматтарды жана аныкталган тартипте бекитилген жоболордун негизинде иштөөчү башка курамдарды түзүүгө көмөктөшүү;
- рынокто монополисттик ишти жана атаандаштыкка каршы көрүнүштөрдү болтурбоо.
(КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
16-берене. Ишкердиктин субъекттерин өндүрүштүк-технологиялык колдоо Мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ишкердиктин субъекттерин учурдагы жабдуулар жана технологиялар менен камсыздоого, технопарктар тармагын, лизингдик компанияларды, бизнес-инкубаторлорду, интеграциялашкан бизнес-борборлорду, өндүрүштүк-технологиялык борборлорду жана башка объекттерди түзүүгө, адистештирилген дүң рынокторду, жарманкелерди түзүүгө жана уюштурууга багытталган жана ошондой эле имараттарды, курулуштарды, жабдууларды, өндүрүштүк жана кызматтык жайларды, мамлекеттин менчигинде турган башка мүлктү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берүү боюнча иш чаралардын комплексин иштеп чыгышат жана ишке ашырышат. (КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене. Ишкердикти каржылоо Ишкердиктин тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында чарбакер субъекттерди каржылык-кредиттик колдоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, адистештирилген тармактык мамлекеттик фонддордун каражаттарынын, эл аралык каржылык уюмдар жана донор өлкөлөр берүүчү кредиттердин эсебинен, ошондой эле ата мекендик жеке жана чет өлкөлүк капиталдарды жана башка булактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартуунун эсебинен жүргүзүлөт. Ишкердиктин субъекттерин жеңилдетилген каржылоонун шарттарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт. Ишкердикке каржы - кредиттик колдоо көрсөтүү республикалык бюджеттен жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиги менен эл аралык каржы уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылып, Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдын долбоору менен бир эле убакта жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилүүчү ишкердикке колдоо көрсөтүүнүн жана аны өнүктүрүүнүн программасынын негизинде жүргүзүлөт. Мында ишкердикти колдоону каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө мыйзамда өзүнчө сап менен бөлүнүп көрсөтүлөт. (КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-берене. Ишкердиктин субъекттеринин мамлекеттик заказдарды жана ири ишканалардын заказдарын аткарууга катышуусу Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууда сатып алууну жүргүзүүчү мекемелер бул процесске ишкердиктин субъекттеринин катышуусун караштырат. Ишкердиктин субъекттери үчүн заказдардын тийиштүү үлүшүн резервдөөнүн жана аларды берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт. Ири ишканалар чийки заттарды, материалдарды, комплектөөчү буюмдарды жана тетиктерди сатып алуу боюнча өз заказдарынын бөлүгүн ишкердиктин субъекттерине жайгаштырышат. (КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-берене. Ишкердиктин субъекттерин маалыматтык чөйрөдө колдоо Мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары ишкердиктин субъекттери натыйжалуу өнүгүшү үчүн экономикалык, укуктук, статистикалык, өндүрүштүк-технологиялык жана башка маалыматтарды алышы жана ал маалыматтарды өз ара алмашуусу үчүн тийиштүү маалыматтык инфраструктура түзүү боюнча чараларды иштеп чыгышат жана ишке ашырышат.
20-берене. Ишкердиктин субъекттеринин мамлекеттик менчикти жеңилдетилген шартта менчиктештирүүсү Мамлекеттин менчигиндеги иштебей токтоп турган, консервацияланган жана майнапсыз иштеген ишканалар, өндүрүштүк аянттар, жабдуулар жана башка негизги каражаттар продукцияларды, товарларды чыгарууну жана тейлөөнү уюштуруу үчүн ишкердиктин субъекттерине ижаралык шартта, мамлекеттик менчикти менчиктештирүү боюнча жөнүндө мыйзамдарга ылайык кийин сатып алуу үчүн ижарага алуу жолу менен өткөрүп берилиши мүмкүн. Мамлекеттик мүлктү ишкердиктин субъекттерине жеңилдетилген шартта өткөрүп берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт. (КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83, 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
21-берене. Мамлекеттик контролдоочу органдардын ишкердиктин субъекттеринин ишин текшерүүсү Мамлекеттик контролдоочу органдар ишкердиктин субъекттеринин ишин текшерүүнү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүшөт.
22-берене. Мамлекеттик контролдоочу органдардыя жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги Кызмат адамдарынын ушул Мыйзамдын талаптарын аткарбоосу администрациялык жаза берүүдө укук бузуунун оордугуна байланыштуу болот же алардын күнөөсү сот тартибинде белгиленген учурдан тартып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда кандайдыр бир кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен жаза жоопкерчилигине алып келет. Мамлекеттик же башка органдардын өз компетенциясына, болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген, ишкердин укугун бузган актыны чыгаруусу соттук тартипте даттанылышы мүмкүн. Ишкердик субъекти тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жөнүндө текшерүүлөрдүн натыйжалары сот тартибинде тастыкталбаганда жана текшерүү жүргүзгөн кызмат адамынын күнөөсү сот тартибинде белгиленгенде аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга алып келет. Мамлекеттик контролдоочу жана башка органдардын же алардын кызмат адамдарынын ишкердин укутун бузган иштеринин, ошондой эле андай органдардын, болбосо алардын кызмат адамдарынын ишкерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген милдеттерин мыйзамга ылайык аткарбагандыктарынын натыйжасында келтирилген зыяндар ишкердин алынбай калган пайдасын кошо камтуу менен ал органдар жана кызмат адамдары тарабынан төлөнүп берилүүгө тийиш. (КР 2017-жылдын 6-июнундагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-берене. Ишкердиктин субъекттеринин чарбалык талаштарды чечүүсү Ишкердиктин субъекттери доо арызы менен сотко кайрылган учурда, мамлекеттик алымды төлөө мөөнөтүн сот чечим чыгарганга чейин кийинкиге калтырууга мүмкүндүк берилет. Мында мамлекеттик алым жарандык мыйзамдарга ылайык төлөнөт. (КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
24-берене. Ишкердин жоопкерчилиги Ишкер сатып өткөргөн продукциялар (товар жана кызмат көрсөтүү) керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу жана мүлкү үчүн толугу менен коопсуз болууга, шайкеш сертификат күтүүгө, ошондой эле сатылып жаткан товар менен кызмат көрсөтүүнүн керектөө өзгөчөлүгү жөнүндө толук жана так маалымат болууга тийиш. Керектөөчүлөр менен эсептешүүнү кассалык же товардык чекти керектөөчүгө милдеттүү түрдө берүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайык жүргүзүү керек. Ушундай талаптар бузулган учурда ишкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Сапатсыз товарларды (жумуш жана кызмат көрсөтүү) реализациялоодон улам чыккан ишкер менен керектөөчүнүн ортосундагы талаштар керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тиешелүү мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тикеден-тике байланышуу жана кайрылуу жолу менен, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомдоруна (ассоциацияларга жана союздарга) же сот аркылуу каралат. (КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
25-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин эки айдын ичинде ага ылайык келтирилүүгө тийиш. (КР 2024-жылдын 6-мартындагы № 67 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 41 · байланышкандар: 23
Цитата келтиргендер (41)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 3260-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-2020-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.09.2019 · № 3260-VI
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 246 Чет элдик инветистициялар общенациональный классификатор - Зеленая таксономияПостановление · 30.04.2025 · № 246
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын 2018-2019-жылдарга ишинин "СЕССИЯЛЫК ПЛАНЫ"План · 27.09.2018 · № 2602-VI
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 28-апрелиндеги № 495-VI "2015-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 28.04.2016 · № 495-VI
- Товардык биржалар жөнүндөЗакон · 03.08.2026 · № 140
- 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасынын бюджетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын…Приложение · 29.06.2026 · № 448
- Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 30-мартындагы № 01-05/20 "Ченемдик укуктук актынын колдонулушун токтото туруу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2017 · № 01-05/20
- Концепция развития и поддержки малого и среднего предпринимательства в Кыргызской Республике на 2001-2005 годы (одобрена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 11…Концепция · 11.08.2001
- Төө-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 22-1 "Демөөрчүлөр тарабынан сугат суу үчүн чыгарылган скважиналарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча…Постановление · 29.04.2023 · № 22-1
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 29 декабря 2000 года З N 228-II "О включении дополнительного вопроса в повестку дня пленарного заседания Законодательного собрания Жогорку…Постановление · 29.12.2000 · № 228-II
- Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 16.04.2015 · № 83
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 656 "“Жеке менчиктин кол тийбестиги жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 12.12.2016 · № 656
- Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 28.07.2017 · № 152
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 30.07.2013 · № 178
- Ишкердик ишти коргоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 06.06.2017 · № 98
- Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 06.03.2024 · № 67
- Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралууЗакон · 01.12.2008 · № 249
- Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 11.01.2025 · № 4
- Постановление Правительства КР от 21 июня 2000 года №364 "О дополнительных мерах по развитию индивидуального, малого и среднего предпринимательства в 2000 году"Постановление · 21.06.2000 · № 364 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 31 июля 2000 года №470 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О защите прав предпринимателей"Постановление · 31.07.2000 · № 470 · Күчүн жоготкон
41 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 16.04.2015 · № 83
8 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (23)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 2335-V "2012-2013-жылдарга V чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.10.2012 · № 2335-V
- " Кыргыз Республикасында 2006-2008-жылдарда ишкердикти өнүктүрүүнүн Мамлекеттик программасы"(2006-жылдын 4-октябрындагы №716 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен…Программа · 04.10.2006 · № 716
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 19-октябрындагы, №450-б буйругуРаспоряжение · 19.10.2005 · № 450-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 16-октябрындагы № 683-IV "2008-жылдын 16-октябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.10.2008 · № 683-IV
- Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2018-жылдын 6-мартындагы № 6/18 "Кара-Кулжа айылынын Сай учаскасындагы Ат-майдандын (ипподром) батышында жайгашкан мурунку мал базарды, ишкерлерге…Постановление · 06.03.2018 · № 6/18
- Кара-Кулжа айылдык кеңешинин 2018-жылдын 6-мартындагы № 6/20 "Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарда аракечтиктен келип чыккан койгойлор аялдарга, балдарга…Постановление · 06.03.2018 · № 6/20
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 13.01.2023 · № 13
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3375-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Адвокаттык иш жөнүндө", "Администрациялык…Постановление · 27.06.2013 · № 3375-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3376-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Адвокаттык иш жөнүндө", "Администрациялык…Постановление · 27.06.2013 · № 3376-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3377-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Адвокаттык иш жөнүндө", "Администрациялык…Постановление · 27.06.2013 · № 3377-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 5015-V «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолордукиргизүү жөнүндө» (ишкердик субъектилерин…Постановление · 23.04.2015 · № 5015-V
- КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 4-мартындагы № 4858-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.03.2015 · № 4858-V
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 1814-VI "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу"…Постановление · 29.06.2017 · № 1814-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 16-октябрындагы № 686-IV ""Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 16.10.2008 · № 686-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 28-январындагы № 4714-V «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу»…Постановление · 28.01.2015 · № 4714-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-мартындагы № 4860-V "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу"…Постановление · 05.03.2015 · № 4860-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 874-VI "Ишкерлердин укугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.06.2016 · № 874-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 7-июнундагы № 1658-VI "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.06.2017 · № 1658-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 2530-VII "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү…Постановление · 14.11.2024 · № 2530-VII
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-февралындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылга Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз…Постановление · 13.02.2008 · № 46 · Күчүн жоготкон
23 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.