Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 11-январы № 4
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене. "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берене төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын: "Ишкердик субъекттери төмөнкүлөр болгон ишкердик жүргүзүү аялдар ишкердиги болуп саналат:
- ишкердикти жеке ишкер катары жүзөгө ашырган аял;
- акцияларынын (катышуу үлүшүнүн) 51 пайыздан кем эмеси аялга (аялдарга) таандык болгон жана кызматкерлеринин штаттык санынын 51 пайыздан кем эмесин аялдар түзгөн, коммерциялык ишти жүзөгө ашыруучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жак.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-январындагы № 2 (3658) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 4-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 01.02.2001 · № 15
Шилтеме берет (1)
- Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 01.02.2001 · № 15