Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Төө-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Демөөрчүлөр тарабынан сугат суу үчүн чыгарылган скважиналарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө» токтому
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 22 сессиясы 2023-жылдын 29-апрели № 22-1 Демөөрчүлөр тарабынан сугат суу үчүн чыгарылган скважиналарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Тѳѳ-Моюн айылдык аймагынын Сырт айылынын №450, Найман айылынын №23-контурларында жайланышкан жерлердин сугат суусунун жетишсиздигинен жеке ишкерлер Абылкасым уулу Олжобайдын жана Халиков Исхак Абдинавыевичтердин эсеби менен эски эки скважинаны тазалап чыгарып жатышкандыгына скважинаны ишке киргизүү үчүн ишкерлерге көмөк көрсөтүү максатында ар бирине 200 (эки жүз) миң сомдон акча каражатын скважинанын суу тартуучу насосун сатып алуулары үчүн акча каражатын Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 1-февралы № 15 “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Төө-Моюн айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳѳ-Моюн айылдык аймагынын Сырт айылынын №450, Найман айылынын №23- контурларында жайланышкан жерлердеги эски эки скважиналарды ишке киргизүү үчүн ар бирине 200 (эки жүз) миң сомдон акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Ибрагимовго жергиликтүү бюджеттин тийиштүү беренелеринен жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын ажыратып берилишин камсыз кылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин айыл чарбасы, муниципалдык менчик, аймакты абат кылуу жана көрктөндүрүү боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Д.Галбаевге) жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы:
А.Осмоналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 01.02.2001 · № 15