Кыргыз Республикасынын «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Бишкек шаары
2008-жылдын 1-декабры № 249
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу
2008-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-
замына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2001-ж., № 1,
1-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен
толукталсын:
"- ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуучу принциптерди мыйзам-
дуу бекитүү.".
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-статья менен толукталсын:
"2-1-статья. Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун
негизги принциптери
Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун негизги принциптери
болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- ишкердиктин субъекттеринин ак ниеттүүлүк презумпциясы;
- Кыргыз Республикасынын милдеттүү талаптарды белгилөөчү мыйзамда-
рындагы карама-каршылыктарды, өксүктөрдү жана так эместиктерди мамле-
кеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
ишкердиктин субъекттерине каршы пайдаланышпайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда
ишкердик субъекттеринин иштерине мамлекеттик органдардын жана жергилик-
түү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишпестиги, анын ичинде алар-
ды токтотууга жол бербөө;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген төлөмдөр-
дү белгилөөлөрүнө жана алууларына жол бербөө;
- ишкердикке тийиштүү лицензияларды, уруксаттарды жана башка акты-
ларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген до-
кументтерди белгилөө жана талап кылууга жол бербөө;
- ишкердикти жөнгө салуучу иштелип жаткан ченемдик укуктук актылар
жөнүндө ишкердиктин субъекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте милдеттүү маалымдоо.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 01.02.2001 · № 15
Шилтеме берет (1)
- Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 01.02.2001 · № 15
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-апрелиндеги УӨ № 164 (Ш.И.Абдылдаев жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 23.04.2010 · № 164