Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Окмотунун буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 19-октябры N 450-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-
замынын 17-статьясына ылайык, ошондой эле ишкердикти өнүктүрүү жана
колдоо боюнча милдеттерди аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:
- "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясы ачык ак-
ционердик коомуна (мындан ары - Ишкердикти өнүктүрүү фонду) - Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-январындагы N 43 "Кыргыз Рес-
публикасында Ишкерликти өнүктүрүүнүн 2004-2005-жылдарга мамлекеттик
программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында
Ишкерликти өнүктүрүүнүн 2004-2005-жылдарга мамлекеттик программасын иш-
ке ашырууну финансылык-кредиттик камсыздоо боюнча аткаруучу агентке
19,4 млн. сом суммадагы процентсиз бюджеттик ссуданы 8 жыл мөөнөткө,
республикалык бюджетте "Бюджеттик ссудалар" статьясында каралган кара-
жаттардын эсебинен берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-
лорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын "Бюджеттик
ссудалар" статьясы боюнча ишкердикти каржылоону караштырган долбоорун
аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргиз-
син.
2. Ишкердикти өнүктүрүү фондуна сунушталсын:
- 2001-2004-жылдарда жана 2005-жылдын биринчи жарымында алынган
бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө отчет даярдоо жана
2005-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн заседаниесинин
кароосуна киргизүү;
- 2005-жылы алынган 19,4 млн. сом суммадагы бюджеттик ссуданы Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-апрелиндеги N 158 "Эконо-
микалык кырдаалды турукташтыруу жана экономикалык зыян тартышкан чарба-
кер субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен түзүлгөн
Экономикалык зыянды аныктоо, ишкердикти жана инвесторлорду колдоо жагы-
нан чараларды көрүү боюнча Өкмөттүк комиссиянын чечимине ылайык
2005-жылдын 24-25-мартындагы карактоолордон, мародерлуктан жана топо-
лоњдордон жабыркаган чарбакер субъекттерге жењилдиктүү ссуда берүүгө
гана жумшоо;
- бюджеттик ссуданын пайдаланылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Экономика жана финансы министрлигине квартал сайын отчет берүү.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилчү Кыргыз Респуб-
ликасында ишкердикти өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда Ишкердикти
өнүктүрүү фондун көрсөтүлгөн мезгилге карата Кыргыз Республикасында Иш-
кердикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашырууну финансы-
лык-кредиттик камсыздоо боюнча аткаруучу агент катары аныктоону караш-
тырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине ка-
раштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд Ишкердикти
өнүктүрүү фонду менен бюджеттик ссуда алууга карыздык макулдашуу
түзсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода башкар-
малыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 28 января 2004 года № 43 " О Государственной программе развития предпринимательства в Кыргызской Республике на 2004-2005 годы"Постановление · 28.01.2004 · № 43 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-апрелинин № 158 " Экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана экономикалык зыян тартышкан чарбакер субъекттерди колдоо боюнча…Постановление · 14.04.2005 · № 158 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Ишкерледин укуктарын коргоо жөнүндөЗакон · 01.02.2001 · № 15