Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 21.05.2026 редакциясы · I БӨЛҮМ
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 ноября 2024 года № 181
Чыгарып салуу - чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик чек ара аркылуу Кыргыз Республикасынынын чегинен мажбурлап жана көзөмөлдөп чыгарып салуу; Визасыз режим - чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган, белгиленген мөөнөттөрдүн алкагында визаны жол-жоболоштурбастан Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен жүрүүгө, орун которууга жана болууга укуктуу болгон режим. Жашап туруу мүмкүнчүлүгү - чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасында туруктуу же убактылуу жашап турууга укук берүүчү документ; Виза - чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын паспортунда же Кыргыз Республикасында колдонуудагы аны алмаштырган башка документинде Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө уруксат берүүчү белги; Визанын бирдиктүү мамлекеттик стандарты, формасы, сүрөттөлүшү болот. Бирдиктүү мамлекеттик стандарт, анын формасы жана сүрөттөлүшү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Тышкы миграция - Кыргыз Республикасынын аймагында же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жеке адамдардын көчүп жүрүшү. Мыйзамдуу өкүлдөр - ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар, көзөмөлчүлөр, ошондой эле ишке катышы бар адам көзөмөлүндө болгон уюмдардын жана адамдардын өкүлдөрү. Иммигрант - Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо максатында мыйзамдуу түрдө кирген чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам; Иммиграция - чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасына кириши; Чет өлкөлүк жаран - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жараны болуп саналаарына карата далилдери бар адам; Жарандыгы жок адам - Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жана кандайдыр бир чет мамлекеттин жараны болуп саналаарына карата далилдери жок адам; Миграция - ар кандай себептер менен Кыргыз Республикасынан башка өлкөлөргө жана башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде туруктуу же убактылуу жашоо максатында жеке жактардын көчүп жүрүшү; Транзит миграциясы - чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу башка мамлекеттин аймагына өтүшү; Эмгек миграциясы - Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан жеке адамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу акы алуу же туруктуу эмгектенүү максатында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ыктыярдуу түрдө көчүп жүрүшү; Жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим - чет мамлекеттин жарандары Кыргыз Республикасынын аймагына келгенде чет өлкөгө баруу паспортторун каттоодон бошотулуу менен жеке кайрылуусу боюнча алган визанын негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз келүүгө, кетүүгө, транзит менен өтүүгө, бир жерден экинчи жерге барууга жана анда болууга укуктуу болгон режим. Электрондук виза - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан чет өлкөлүк жаранга же Кыргыз Республикасы тарабынан жарандыгы жок деп таанылган адамга электрондук тартипте, анын ичинде Интернет электрондук тарамы аркылуу берилүүчү, атайын окулуучу коду бар, анын болушу жарактуу документ менен Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга, Кыргыз Республикасынан чыгууга жана транзиттик өтүүгө уруксат берүүчү, статусу боюнча визага теңештирилген документтик ырастоо. Эмигрант - туруктуу жашоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагынан башка мамлекеттер аймагына кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жараны; Эмиграция - Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан башка мамлекеттин аймагына чыгып кетиши; Визалуу режим - алуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленүүчү жарактуу визанын негизинде чет мамлекеттердин жарандарына Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгууга, транзит менен жүрүүгө, орун которууга жана болууга укук берген режим. Инсандыгын ырастаган документ - дипломатиялык каналдар боюнча жөнөтүлгөн жана ал Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган, эгерде Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде башкалар каралбаган болсо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынан өтүүчү адамдын статусун далилдеген документ. Жарактуу документ - инсандыгын ырастаган жана анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө дал келген, тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган жана ага ыйгарым укуктуу органдарга бекитилген, мөөнөтү өтпөгөн, көрсөткөн адамдын өзүнө таандык жана жасалмасы жок документ. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу - укуктары жана милдеттери чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталган чет өлкөлүк жарандардын өзгөчө укуктук абалы. Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусу (мындан ары - "Санариптик көчмөн" статусу) - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө жана башка чектеш чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн чет мамлекеттин жаранынын - адисинин жүргөн жери боюнча каттоосуз жана эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн уруксат берүүчү документтерсиз Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө/жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү укуктук статусу. (Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2008-жылдын 23-майындагы № 98, 2013-жылдын 24-июлундагы № 160, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 16-августундагы № 183, 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 ноября 2024 года № 181 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 16 августа 2023 года № 183 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июля 2020 года № 89 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового положения соотечественников с иностранным гражданством"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июля 2013 года № 160 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 мая 2008 года № 98 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 августа 2005 года № 125 " О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
18.11.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…менен аныкталган чет өлкөлүк жарандардын өзгөчө укуктук абалы.
кошулду: Санариптик көчмөн" ("Digital nomad") статусу (мындан ары - "Санариптик көчмөн" статусу) - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө жана башка чектеш чөйрөлөрдө иш жүргүзгөн чет мамлекеттин жаранынын - адисинин жүргөн жери боюнча каттоосуз жана эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн уруксат берүүчү документтерсиз Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө/жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү укуктук статусу.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-августундагы № 125, 2008-жылдын … 89, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43, 2023-жылдын 16-августундагы № алынып салынды: 183 кошулду: 183, 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 181 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (23)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-июлу № 349 «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 26.07.2018 · № 349
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-декабрындагы № 672 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 09.12.2019 · № 672
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-мартындагы № 127 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 18.03.2019 · № 127
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-октябырындагы № 516 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 05.10.2020 · № 516
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 30.05.2019 · № 253
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө", "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы…Закон · 30.06.2023 · № 129
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-июнундагы № 350 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 23.06.2016 · № 350
- "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 27.02.2023 · № 43
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 432 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 18.09.2018 · № 432
- Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 24.02.2023 · № 41
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-январындагы № 20 КР "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору…Постановление · 19.01.2010 · № 20
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 521 "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республнкасынын…Постановление · 19.07.2006 · № 521 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-ноябрындагы № 779 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.11.2017 · № 779 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-августундагы №504 ""Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору…Постановление · 06.08.2009 · № 504 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-мартындагы №122 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору…Постановление · 28.03.2011 · № 122 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 260 "Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору…Постановление · 08.05.2013 · № 260 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-майындагы № 250 ""Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору…Постановление · 16.05.2016 · № 250 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-майындагы № 283 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору…Постановление · 27.05.2014 · № 283 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-июнундагы №293 ""Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактанууларын уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 09.06.2011 · № 293 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 7 февраля 2002 года № 57 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Постановление · 07.02.2002 · № 57 · Күчүн жоготкон
23 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/350/st-1" title="1-статья - Тышкы миграция жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>