Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-03-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 28-марты № 122 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2000-ж., № 7, 317-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
1) "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери", "эл аралык келишимдер" деген ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги" жана "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети" деген ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "тышкы саясий иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" жана "миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги" жана "ички иштер органдары" деген ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 4-берененин үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"-жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, дини, жаш курагы, саясий же башка диний ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча эч бир басмырлоого, укуктардын жана эркиндиктин кысымга алынышына жол бербөө;".
3. 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар
Кыргыз Республикасында тышкы миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар: миграция, калкты каттоого алуу, тышкы саясий иш, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болушат. Бул Мыйзамдын талаптары аткарылышын жогоруда аталган органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде контролдошот.".
4. 7-беренесинин 6-бөлүгүндөгү "Мамлекеттик чек ара жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 8-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасына беш иш күндөн ашык мөөнөткө келишкен чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар келген жери боюнча тышкы саясий иш, калкты каттоого алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда, ошондой эле мейманканаларда ушул берененин 2-бөлүгүндө каралгандан башка учурларда ушул Мыйзамга ылайык катталууга тийиш.".
6. 16-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 19-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Калкты каттоого алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өлкөдөн чыгып кетүү жөнүндө көрсөтмө берүү же администрациялык түрдө чыгарып жиберүү менен бирге Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же биротоло тыюу салышы мүмкүн жана ал жөнүндө тышкы саясий иш жана мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга милдеттүү түрдө билдирилет.".
8. 21-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жүрүүсүнүн тартиби. тышкы саясий иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган жарактуу документтер же аларды алмаштыруучу документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
9. 32-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мында калкты каттоого алуу жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өтүнгөн адамдан кошумча документтерди талап кылууга укуктуу.".
10. 34-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 35-беренеде "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык органдары" деген сөздөр "калкты каттоого алуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 39-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынан мамлекеттик чек арада эл аралык катнаш үчүн ачылган өткөрүү пункттары аркылуу, жарактуу документтер же аларды алмаштыруучу документтер боюнча, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чыгышат.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
СРАВНИТЕЛЬНАЯ ТАБЛИЦА
к проекту Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений
в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"
| Действующая редакция | Предлагаемая редакция |
|---|---|
| 1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Администрациялык жол менен чыгарып салуу - чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик чек ара аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен мажбурлап жана көзөмөлдөн чыгарып салуу; Визасыз режим - Кыргыз Республикасы тарабынан жарактуу деп таанылган документтердин бири боюнча эгерде [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине] башкалар каралбаган болсо, чет мамлекеттердин жарандары визаны жол-жоболоштурбай туруп, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгып кетүүгө, транзит менен жүрүүгө, которууга жана болууга укук берген режим. Жарактуу документ - инсандыгын ырастаган жана анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө дал келген, тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган жана ага ыйгарым укуктуу органдарга бекитилген мөнөөтү өтпөгөн көрсөткөн адамдын өзүнө таандык жана жасалмасы жок документ. | Статья 1. Основные понятия, используемые в настоящем Законе Администрациялык жол менен чыгарып салуу - чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик чек ара аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен мажбурлап жана көзөмөлдөн чыгарып салуу; Визасыз режим - Кыргыз Республикасы тарабынан жарактуу деп таанылган документтердин бири боюнча эгерде КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНДЕ башкалар каралбаган болсо, чет мамлекеттердин жарандары визаны жол-жоболоштурбай туруп, Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө, чыгып кетүүгө, транзит менен жүрүүгө, которууга жана болууга укук берген режим. Жарактуу документ - инсандыгын ырастаган жана анын бардык бөлүктөрү жана реквизиттери аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө дал келген, тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган жана ага ыйгарым укуктуу органдарга бекитилген мөнөөтү өтпөгөн көрсөткөн адамдын өзүнө таандык жана жасалмасы жок документ. |
| 3-статья. Тышкы миграция маселелерин жөнгө салуучу мыйзам актылары Кыргыз Республикасында тышкы миграция иштери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актылары жана [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери] менен жөнгө салынат. Ушул Мыйзамдын аракети качкындар статусун алган жана качкын статусун алууну өтүнгөн адамдарга карата жайылтылбайт. | 3-статья. Тышкы миграция маселелерин жөнгө салуучу мыйзам актылары Кыргыз Республикасында тышкы миграция иштери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актылары жана КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИ менен жөнгө салынат. Ушул Мыйзамдын аракети качкындар статусун алган жана качкын статусун алууну өтүнгөн адамдарга карата жайылтылбайт. |
| 4-статья. Кыргыз Республикасында тышкы миграция маселелерин жөнгө салуунун негизги принциптери Тышкы миграция төмөнкү принциптерге таянуу менен жөнгө салынат: - адамдардын жашаган жерин эркин тандоосуна, ишмердик жана кесип түрүн эркин тандоосуна, көчүп жүрүү эркиндигине Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген укуктарын камсыз кылуу; [- теги, жынысы, улуту, тили, дини, саясий жана диний ынанымдарына же кандайдыр бир башка себептерге байланыштуу кандай гана болбосун басмырлоого, укуктардын жана эркиндиктин кысымга алынышына жол бербөө;] - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тышкы миграция жагынан жалпы таанылган эл аралык укук нормаларына жана [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине] ылайыктыгын камсыз кылуу; - мүмкүн болуучу миграцияны жана социалдык-саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу миграциянын агымдарын болжолдоого негизделген программалык аракеттердин негизинде табигый жана чаржайыт миграциянын алдын алуу; - тышкы миграция иштерине мамлекеттик тийиштүү органдардын катышуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мигранттардын сыйлашы жана сакташы. | 4-статья. Кыргыз Республикасында тышкы миграция маселелерин жөнгө салуунун негизги принциптери Тышкы миграция төмөнкү принциптерге таянуу менен жөнгө салынат: - адамдардын жашаган жерин эркин тандоосуна, ишмердик жана кесип түрүн эркин тандоосуна, көчүп жүрүү эркиндигине Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекемделген укуктарын камсыз кылуу; - ЖЫНЫСЫ, РАСАСЫ, ТИЛИ, МАЙЫПТЫГЫ, ЭТНОСТУК ТААНДЫКТЫГЫ, ДИНИ, ЖАШ КУРАГЫ, САЯСИЙ ЖЕ БАШКА ДИНИЙ ЫНАНЫМДАРЫ, БИЛИМИ, ТЕГИ, МҮЛКТҮК ЖЕ БАШКА АБАЛЫ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БАШКА ЖАГДАЙЛАРЫ БОЮНЧА ЭЧ БИР БАСМЫРЛООГО, УКУКТАРДЫН ЖАНА ЭРКИНДИКТИН КЫСЫМГА АЛЫНЫШЫНА ЖОЛ БЕРБӨӨ; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тышкы миграция жагынан жалпы таанылган эл аралык укук нормаларына жана КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНЕ ылайыктыгын камсыз кылуу; - мүмкүн болуучу миграцияны жана социалдык-саясий кырдаалдын өзгөрүшүнө байланыштуу миграциянын агымдарын болжолдоого негизделген программалык аракеттердин негизинде табигый жана чаржайыт миграциянын алдын алуу; - тышкы миграция иштерине мамлекеттик тийиштүү органдардын катышуусу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын мигранттардын сыйлашы жана сакташы. |
| [5-статья. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасында тышкы миграция жагынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар катары Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети (мындан ары "Мамагентство"), Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Чек ара кызматы эсептелинет. Ушул мыйзамдын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө жогоруда аталган мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде ишке ашырылат]. | 5-БЕРЕНЕ. ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ТЫШКЫ МИГРАЦИЯ ТАРМАГЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР: МИГРАЦИЯ, КАЛКТЫ КАТТООГО АЛУУ, ТЫШКЫ САЯСИЙ ИШ, УЛУТТУК КООПСУЗДУК, МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРАНЫ КАЙТАРУУ ЖАНА КОРГОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР БОЛУШАТ. БУЛ МЫЙЗАМДЫН ТАЛАПТАРЫ АТКАРЫЛЫШЫН ЖОГОРУДА АТАЛГАН ОРГАНДАР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНДА БЕЛГИЛЕНГЕН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫНЫН ЧЕГИНДЕ КОНТРОЛДОШОТ. |
| 6-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына киришине алардын Кыргыз Республикасында болушуна жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине уруксаты Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин экинчи бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында же [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде] башкалар каралбаса, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө укук берген жарактуу документтердин жана визалардын негизинде Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет. Кыргыз Республикасына убактылуу же туруктуу жашоого келген чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын кириши жана жашап турушу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берилген жарактуу документтердин жана визанын негизинде, убактылуу же туруктуу жашоо уруксатынын негизинде ишке ашырылат. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар алынган визалардын негизинде, эгерде [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде] башкача каралбаган болсо, Кыргыз Республикасындагы көздөгөн жерине келгенден кийин беш күндүн ичинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте катталууга милдеттүү. | 6-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына киришине алардын Кыргыз Республикасында болушуна жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине уруксаты Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин экинчи бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары, эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында же КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНДЕ башкалар каралбаса, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасына кирүүгө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө укук берген жарактуу документтердин жана визалардын негизинде Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет. Кыргыз Республикасына убактылуу же туруктуу жашоого келген чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын кириши жана жашап турушу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берилген жарактуу документтердин жана визанын негизинде, убактылуу же туруктуу жашоо уруксатынын негизинде ишке ашырылат. Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар алынган визалардын негизинде, эгерде КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНДЕ башкача каралбаган болсо, Кыргыз Республикасындагы көздөгөн жерине келгенден кийин беш күндүн ичинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте катталууга милдеттүү. |
| 7-берене. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кириши жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетиши Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жарактуу документтер жана визалар боюнча эл аралык байланыш үчүн ачылган мамлекеттик чек арада, эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери] менен башкалар каралбаса, өткөрүү пункттары аркылуу Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү тартиби ушул Мыйзам, ["Мамлекеттик чек ара жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы,] ошондой эле [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери] менен жөнгө салынат. | 7-берене. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасына кириши жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетиши Чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жарактуу документтер жана визалар боюнча эл аралык байланыш үчүн ачылган мамлекеттик чек арада, эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИ менен башкалар каралбаса, өткөрүү пункттары аркылуу Кыргыз Республикасына киришет жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү тартиби ушул Мыйзам, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМЫ, ошондой эле КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИ менен жөнгө салынат. |
| 8-статья. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каттоо [Кыргыз Республикасына беш жумуш күнүнөн ашык мөөнөткө келишкен чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар келген жери боюнча - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде жана анын аймактык өкүлчүлүктөрүндө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде жана анын аймактык органдарында, мейманканаларында ушул статьянын экинчи бөлүгүндөгүдөн башка учурларда ушул Мыйзамга ылайык катталууга тийиш.] Инсандыгын ырастаган документтерин каттоодон төмөнкүлөр бошотулат: 1) чет өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына келишкен мамлекеттик, парламенттик жана өкмөттүк делегациялардын мүчөлөрү, бул делегациялардын администрациялык-техникалык кызматчылары, аталып өткөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү: 2) Кыргыз Республикасына белгиленген тартипте келген аскер самолетторунун экипаж мүчөлөрү. Аскер самолетторунун экипаждарынын мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жол жүрүшү келген аскер самолетторун кабыл алуу планына ылайык ишке ашырылат: 3) эл аралык авиажолдорунун жарандык аба кемелеринин курамына кирген адамдар аба кыймылынын колдонуудагы расписаниесинде көрсөтүлгөн аэропорттордо болушканда; 4) улуттук коопсуздуктун таламдарын, экономикалык жактан өнүгүүнү, эл аралык саясий кырдаалдын абалын жана дагы башка факторлорду эске алып, эгерде алардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашпаса. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашкандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тиешелүү тизмеде каралган чет мамлекеттердин жарандары; 5) визасыз режимден пайдаланган чет мамлекеттердин жарандары, эгерде алардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашпаса (Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын жарандары үчүн 90 күн). Кыргыз Республикасынын аймагына келгенде жана андан кеткенде ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 4- же 5-пункттарында аныкталган адамдардын жарактуу документине (бул максаттарда атайын баракчалары бар инсандыгын ырастаган документке гана) бул адамдын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтүн аныктоо жана статистикалык эсебин алуу максатында, анын келген же кеткен күнү көрсөтүлгөн штамп акысыз негизде коюлат. Эгерде ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарында аныкталган адамдардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашса (Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын жарандары үчүн 90 күн), анда алар ушул Мыйзамга ылайык турган орду боюнча катталууга тийиш. | 8-статья. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каттоо КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА БЕШ ИШ КҮНДӨН АШЫК МӨӨНӨТКӨ КЕЛИШКЕН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАР ЖЕ ЖАРАНДЫГЫ ЖОК АДАМДАР КЕЛГЕН ЖЕРИ БОЮНЧА ТЫШКЫ САЯСИЙ ИШ, КАЛКТЫ КАТТООГО АЛУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДА, ОШОНДОЙ ЭЛЕ МЕЙМАНКАНАЛАРДА УШУЛ БЕРЕНЕНИН 2-БӨЛҮГҮНДӨ КАРАЛГАНДАН БАШКА УЧУРЛАРДА УШУЛ МЫЙЗАМГА ЫЛАЙЫК КАТТАЛУУГА ТИЙИШ. Инсандыгын ырастаган документтерин каттоодон төмөнкүлөр бошотулат: 1) чет өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңешинин жана Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына келишкен мамлекеттик, парламенттик жана өкмөттүк делегациялардын мүчөлөрү, бул делегациялардын администрациялык-техникалык кызматчылары, аталып өткөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү: 2) Кыргыз Республикасына белгиленген тартипте келген аскер самолетторунун экипаж мүчөлөрү. Аскер самолетторунун экипаждарынын мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында жол жүрүшү келген аскер самолетторун кабыл алуу планына ылайык ишке ашырылат: 3) эл аралык авиажолдорунун жарандык аба кемелеринин курамына кирген адамдар аба кыймылынын колдонуудагы расписаниесинде көрсөтүлгөн аэропорттордо болушканда; 4) улуттук коопсуздуктун таламдарын, экономикалык жактан өнүгүүнү, эл аралык саясий кырдаалдын абалын жана дагы башка факторлорду эске алып, эгерде алардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашпаса. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашкандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тиешелүү тизмеде каралган чет мамлекеттердин жарандары; 5) визасыз режимден пайдаланган чет мамлекеттердин жарандары, эгерде алардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашпаса (Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын жарандары үчүн 90 күн). Кыргыз Республикасынын аймагына келгенде жана андан кеткенде ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 4- же 5-пункттарында аныкталган адамдардын жарактуу документине (бул максаттарда атайын баракчалары бар инсандыгын ырастаган документке гана) бул адамдын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтүн аныктоо жана статистикалык эсебин алуу максатында, анын келген же кеткен күнү көрсөтүлгөн штамп акысыз негизде коюлат. Эгерде ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарында аныкталган адамдардын Кыргыз Республикасында болуу мөөнөтү 60 күндөн ашса (Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын жарандары үчүн 90 күн), анда алар ушул Мыйзамга ылайык турган орду боюнча катталууга тийиш. |
| 9-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде каттоо [Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде] өзгөчө статусу Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган атайын эл аралык коргоодон пайдаланышкан төмөнкү чет өлкөлүк жарандар катталышат: 1) Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин башчылары, дипломатиялык кызматтын мүчөлөрү, консулдук кызмат адамдары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин администрациялык-техникалык кызматынын жана тейлөө кызматынын мүчөлөрү, ошондой эле эгерде алар аталган өкүлчүлүктөрдүн жана мекемелердин аймагында жашаса дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин үй-бүлө мүчөлөрү жана меймандары; 2) Кыргыз Республикасына кызматтык иштери менен келишкен жана дипломатиялык же кызматтык паспорттору бар чет мамлекеттердин ведомстволорунун кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү; 3) Кыргыз Республикасына кызматтык иштери менен келишкен эл аралык уюмдардын кызмат адамдары, аталган уюмдардын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасында штаб-квартирасы бар эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрү бар өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүнүн бул уюмдардын уставдык документтерине же тийиштүү [эл аралык келишимдерге] ылайык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланышкан кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү. [Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги] аталган адамдарга аккредиттөө карточкаларын берет же каттоо жөнүндө паспортторуна түздөн - түз жазып коет. [Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги] дипломатиялык өкүлчүлүктөр же консулдук мекемелер, ошондой эле эл аралык уюмдар жана кабыл алып жаткан башка уюмдар өтүнгөн учурларда Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди жана алардын уй-бүлө мүчөлөрүн зарыл учурларда каттайт. | 9-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде каттоо ТЫШКЫ САЯСИЙ ИШ ЧӨЙРӨCҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНДА өзгөчө статусу Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган атайын эл аралык коргоодон пайдаланышкан төмөнкү чет өлкөлүк жарандар катталышат: 1) Кыргыз Республикасында катталган чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин башчылары, дипломатиялык кызматтын мүчөлөрү, консулдук кызмат адамдары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин администрациялык-техникалык кызматынын жана тейлөө кызматынын мүчөлөрү, ошондой эле эгерде алар аталган өкүлчүлүктөрдүн жана мекемелердин аймагында жашаса дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин үй-бүлө мүчөлөрү жана меймандары; 2) Кыргыз Республикасына кызматтык иштери менен келишкен жана дипломатиялык же кызматтык паспорттору бар чет мамлекеттердин ведомстволорунун кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү; 3) Кыргыз Республикасына кызматтык иштери менен келишкен эл аралык уюмдардын кызмат адамдары, аталган уюмдардын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасында штаб-квартирасы бар эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрү бар өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүнүн бул уюмдардын уставдык документтерине же тийиштүү КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРГЕ ылайык артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланышкан кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү. ТЫШКЫ САЯСИЙ ИШ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ аталган адамдарга аккредиттөө карточкаларын берет же каттоо жөнүндө паспортторуна түздөн - түз жазып коет. ТЫШКЫ САЯСИЙ ИШ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ дипломатиялык өкүлчүлүктөр же консулдук мекемелер, ошондой эле эл аралык уюмдар жана кабыл алып жаткан башка уюмдар өтүнгөн учурларда Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк мамлекеттик жана коомдук ишмерлерди жана алардын уй-бүлө мүчөлөрүн зарыл учурларда каттайт. |
| 10-статья. [Ички иштер органдарында каттоо] Ушул Мыйзамдын 8, 9-статьяларында көрсөтүлбөгөн чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар колунда бар визасына ылайык [ички иштер органдарында] катталышат. Каттоо кабыл алуучу уюмдардын жана Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк туруктуу өкүлчүлүктөрдүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт. Кайрылуулар [ички иштер органдарына] чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар кабыл алуучу уюмдарга же өкүлчүлүктөргө инсандыгын ырастаган документтерди каттоо үчүн тапшырган учурдан баштап, беш күндөн кечиктирбей тапшырылууга тийиш. | 10-статья КАЛКТЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫНДА каттоо Ушул Мыйзамдын 8, 9-статьяларында көрсөтүлбөгөн чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар колунда бар визасына ылайык КАЛКТЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫНДА катталышат. Каттоо кабыл алуучу уюмдардын жана Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк туруктуу өкүлчүлүктөрдүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт. Кайрылуулар КАЛКТЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫНА чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар кабыл алуучу уюмдарга же өкүлчүлүктөргө инсандыгын ырастаган документтерди каттоо үчүн тапшырган учурдан баштап, беш күндөн кечиктирбей тапшырылууга тийиш. |
| 13-статья. Виза берүү Кыргыз Республикасынан тышкары жерлерде Кыргыз Республикасына кирүү үчүн визалар чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде, мындайлар жок болгон учурда - ушул Мыйзамдын 14-статьясына ылайык атайын укук берилген башка өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүндө берилет. Кыргыз Республикасынын аймагында визалар [Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги], ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилет. Визалардын категорияларын жана түрлөрүн, ошондой эле аларды толтуруунун жана берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. | 13-статья. Виза берүү Кыргыз Республикасынан тышкары жерлерде Кыргыз Республикасына кирүү үчүн визалар чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде, мындайлар жок болгон учурда - ушул Мыйзамдын 14-статьясына ылайык атайын укук берилген башка өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрүндө берилет. Кыргыз Республикасынын аймагында визалар ТЫШКЫ САЯСИЙ ИШ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ, ошондой эле КАЛКТЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ тарабынан берилет. Визалардын категорияларын жана түрлөрүн, ошондой эле аларды толтуруунун жана берүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. |
| 14-статья. Виза берүүгө жана анын мөөнөтүн узартууга негиздер Кыргыз Республикасына кирүүгө виза берүүгө жана анын мөөнөтүн узартууга төмөнкүлөр негиз болот: - Кыргыз Республикасына кызмат иштери жана ишмердик максаттарда келген чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга - кабыл алуучу уюмдардын сапардын кызматтык же ишмердик мүнөзүн күбөлөндүрүүчү зарыл документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндөгү өтүнүчү; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашкандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тиешелүү тизмеде каралган чет мамлекеттердин жарандары үчүн жекече кайрылуусу; - Кыргыз Республикасына ишке орношуу үчүн келген чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишмердигин жүргүзүү укугуна карата [Мамагентствосунун] уруксаты; Кыргыз Республикасына жеке иштери боюнча келген чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга - жеке адамдардын арызы боюнча [ички иштер органдары] берген уруксат: - туруктуу жашоо үчүн келген чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга - Мамагентсвосунун иммигрант статусун берген чечими; - Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өткөн чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга - баруучу өлкөнүн визасы бар жарактуу документтин тиркөө менен берилген жеке арыз; - Кыргыз Республикасына туристтик максаттарда келген жарандарга же жарандыгы жок адамдарга - жеке арыз же кабыл алуучу туристтик уюмдун жазуу жүзүндөгү өтүнүчү. | 14-статья. Виза берүүгө жана анын мөөнөтүн узартууга негиздер Кыргыз Республикасына кирүүгө виза берүүгө жана анын мөөнөтүн узартууга төмөнкүлөр негиз болот: - Кыргыз Республикасына кызмат иштери жана ишмердик максаттарда келген чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга - кабыл алуучу уюмдардын сапардын кызматтык же ишмердик мүнөзүн күбөлөндүрүүчү зарыл документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндөгү өтүнүчү; - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашкандан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тиешелүү тизмеде каралган чет мамлекеттердин жарандары үчүн жекече кайрылуусу; - Кыргыз Республикасына ишке орношуу үчүн келген чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын аймагында эмгек ишмердигин жүргүзүү укугуна карата МИГРАЦИЯ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНЫН уруксаты; Кыргыз Республикасына жеке иштери боюнча келген чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга - жеке адамдардын арызы боюнча КАЛКТЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫ берген уруксат: - туруктуу жашоо үчүн келген чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга - Мамагентсвосунун иммигрант статусун берген чечими; - Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өткөн чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга - баруучу өлкөнүн визасы бар жарактуу документтин тиркөө менен берилген жеке арыз; - Кыргыз Республикасына туристтик максаттарда келген жарандарга же жарандыгы жок адамдарга - жеке арыз же кабыл алуучу туристтик уюмдун жазуу жүзүндөгү өтүнүчү. |
| 15-статья. Жашап турууга уруксат Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксат ушул Мыйзамга ылайык [Ички иштер министрлиги] тарабынан берилет. | 15-статья. Жашап турууга уруксат Кыргыз Республикасында жашап турууга уруксат ушул Мыйзамга ылайык КАЛКТЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫ тарабынан берилет. |
| 16-статья. Виза жана жашап турууга уруксат бербөөгө негиздер Чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга виза жана жашап турууга уруксат арыз ээси төмөнкүдөй иш жасаган учурларда берилбейт: 1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоого, мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын коргоого коркунуч келтирсе; 2) виза жашап турууга же иштөөгө уруксат алууга өтүнгөн учурда жалган маалымат берсе; 3) виза же жашап турууга уруксат алуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибин бузса; 4) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жасаса; 5) Кыргыз Республикасында кылмыш иши козголгон адам болуп саналса - иш боюнча өндүрүш токтотулганга чейин; 6) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон болсо - жазасын өтөп бүткүчө же андан бошотулгуча; 7) саламаттыгы башка адамдарга коркунуч келтиргендей бузулган болсо же оорусу бар болсо же саламаттыкты сактоо мекемелеринин өзгөчө көзөмөлүн талап кылса жана ал [Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги] бекиткен тизмеге кирген болсо; 8) багууну Кыргыз Республикасынын жараны мойнуна алгандан башка учурларда өзүн жана өзү баккан адамдарды камсыз кыла албаса; 9) Кыргыз Республикасына кирүүгө же жашап турууга тыйуу салынган учурдан баштап бир жыл өткөрбөй кайрадан өтүнүп кайрылса; 10) администрациялык жол менен чыгарып салуу жөнүндө чечим чыккан датадан баштап беш жыл бүткөнгө чейин Кыргыз Республикасынан администрациялык жол менен чыгарылган болсо; 11) Кыргыз Республикасында мыйзамсыз болсо же башка чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө жардам берсе: 12) террористтик уюмдардын мүчөсү болсо. Виза же жашап турууга уруксат берилбестиги жөнүндө чечим арыз ээсине бул чечим кабыл алынган учурдан кийинки үч күндүк мөөнөттө билдирилет. Виза же жашап турууга уруксат берилбестиги жөнүндө чечим өтүнгөн адамдын талабы боюнча жазуу жүзүндө берилет. | 16-статья. Виза жана жашап турууга уруксат бербөөгө негиздер Чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга виза жана жашап турууга уруксат арыз ээси төмөнкүдөй иш жасаган учурларда берилбейт: 1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоого, мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын коргоого коркунуч келтирсе; 2) виза жашап турууга же иштөөгө уруксат алууга өтүнгөн учурда жалган маалымат берсе; 3) виза же жашап турууга уруксат алуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибин бузса; 4) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жасаса; 5) Кыргыз Республикасында кылмыш иши козголгон адам болуп саналса - иш боюнча өндүрүш токтотулганга чейин; 6) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон болсо - жазасын өтөп бүткүчө же андан бошотулгуча; 7) саламаттыгы башка адамдарга коркунуч келтиргендей бузулган болсо же оорусу бар болсо же саламаттыкты сактоо мекемелеринин өзгөчө көзөмөлүн талап кылса жана ал КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ бекиткен тизмеге кирген болсо; 8) багууну Кыргыз Республикасынын жараны мойнуна алгандан башка учурларда өзүн жана өзү баккан адамдарды камсыз кыла албаса; 9) Кыргыз Республикасына кирүүгө же жашап турууга тыйуу салынган учурдан баштап бир жыл өткөрбөй кайрадан өтүнүп кайрылса; 10) администрациялык жол менен чыгарып салуу жөнүндө чечим чыккан датадан баштап беш жыл бүткөнгө чейин Кыргыз Республикасынан администрациялык жол менен чыгарылган болсо; 11) Кыргыз Республикасында мыйзамсыз болсо же башка чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө жардам берсе: 12) террористтик уюмдардын мүчөсү болсо. Виза же жашап турууга уруксат берилбестиги жөнүндө чечим арыз ээсине бул чечим кабыл алынган учурдан кийинки үч күндүк мөөнөттө билдирилет. Виза же жашап турууга уруксат берилбестиги жөнүндө чечим өтүнгөн адамдын талабы боюнча жазуу жүзүндө берилет. |
| 19-статья. Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү жана Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык жол менен чыгарып жиберүү жөнүндө көрсөтмө Визасынын же жашап турууга уруксатынын мөөнөтү аяктаган чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга [ички иштер органдары] же улуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетүү жөнүндө көрсөтмө беришет. Чет өлкөлүк жаран чыгып кетүү жөнүндө көрсөтмөдөгү мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө милдеттүү. Көрсөтмө аткарылбаган учурда чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык жол менен чыгарылат. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам төмөнкүдөй учурларда администрациялык түрдө чыгарылып жиберилет: 1) анын аракеттери мамлекеттик коопсуздукту же коомдук тартипти камсыз кылуу таламдарына каршы келсе; 2) калктын саламаттыгын жана адеп-абийирин сактоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо зарыл болсо; 3) ал адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бир нече жолу жана орой бузса жана аны кылмыш жоопкерчилигине аларды тартууга негиз болбосо. Администрациялык жол менен чыгарып жиберүү материалдары [ички иштер органдары] же улуттук коопсуздук органдары тарабынан даярдалат. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды администрациялык жазалоо катары Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык түрдө чыгарып жиберүү сот (судья) тарабынан белгиленет жана дайындалат. [Өлкөдөн чыгып кетүү же администрациялык түрдө чыгарып жиберүү боюнча Ички иштер министрлиги же Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан, көрсөтмө берүү менен бирге Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы сөзсүз билдирүү менен Кыргыз Республикасына кирүүгө убактылуу же биротоло тыюу салышы мүмкүн.] Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык жол менен чыгарып жиберүү соттун чыгарып жиберүү соттун чечимине ылайык [ички иштер органдарынын] жана улуттук коопсуздук органдарынын күчү менен ишке ашырылат. Администрациялык жол менен чыгарып жиберүүдөгү финансы чыгымдары төмөнкү каражаттардын эсебинен каржыланат: а) чыгарылып жаткан жарандардын жана жарандыгы жок адамдын; б) кабыл алуучу уюмдун же жеке адамдын: в) өзгөчө учурларда - бюджет каражаттарынын эсебинен. | 19-статья. Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү жана Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык жол менен чыгарып жиберүү жөнүндө көрсөтмө Визасынын же жашап турууга уруксатынын мөөнөтү аяктаган чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга КАЛКТЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫ же улуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетүү жөнүндө көрсөтмө беришет. Чет өлкөлүк жаран чыгып кетүү жөнүндө көрсөтмөдөгү мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө милдеттүү. Көрсөтмө аткарылбаган учурда чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык жол менен чыгарылат. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам төмөнкүдөй учурларда администрациялык түрдө чыгарылып жиберилет: 1) анын аракеттери мамлекеттик коопсуздукту же коомдук тартипти камсыз кылуу таламдарына каршы келсе; 2) калктын саламаттыгын жана адеп-абийирин сактоо, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо зарыл болсо; 3) ал адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бир нече жолу жана орой бузса жана аны кылмыш жоопкерчилигине аларды тартууга негиз болбосо. Администрациялык жол менен чыгарып жиберүү материалдары КАЛКТЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫ же коопсуздук органдары тарабынан даярдалат. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды администрациялык жазалоо катары Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык түрдө чыгарып жиберүү сот (судья) тарабынан белгиленет жана дайындалат. КАЛКТЫ КАТТООГО АЛУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ЖЕ УЛУТТУК КООПСУЗДУК ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ӨЛКӨДӨН ЧЫГЫП КЕТҮҮ ЖӨНҮНДӨ КӨРСӨТМӨ БЕРҮҮ ЖЕ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ТҮРДӨ ЧЫГАРЫП ЖИБЕРҮҮ МЕНЕН БИРГЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА КИРҮҮГӨ УБАКТЫЛУУ ЖЕ БИРОТОЛО ТЫЮУ САЛЫШЫ МҮМКҮН ЖАНА АЛ ЖӨНҮНДӨ ТЫШКЫ САЯСИЙ ИШ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРАНЫ КОРГОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНГА МИЛДЕТҮҮ ТҮРДӨ БИЛДИРИЛЕТ. Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык жол менен чыгарып жиберүү соттун чыгарып жиберүү соттун чечимине ылайык КАЛКТЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫ жана улуттук коопсуздук органдарынын күчү менен ишке ашырылат. Администрациялык жол менен чыгарып жиберүүдөгү финансы чыгымдары төмөнкү каражаттардын эсебинен каржыланат: а) чыгарылып жаткан жарандардын жана жарандыгы жок адамдын; б) кабыл алуучу уюмдун же жеке адамдын: в) өзгөчө учурларда - бюджет каражаттарынын эсебинен. |
| 20-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар алардын баруусуна ачык болгон Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эркин жүрө алышат. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн жабык жерлерге кирүү жана болуу [ички иштер органдарынын] уруксаты менен гана ишке ашырылат. | 20-статья. Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар алардын баруусуна ачык болгон Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эркин жүрө алышат. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн жабык жерлерге кирүү жана болуу КАЛКТЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫНЫН уруксаты менен гана ишке ашырылат. |
| 21-статья. Жүрүү тартибин аныктоо [Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жүрүүнүн тартиби, кыргыз республикасынын Тышкы иштер министрлигинде жана анын өкүлчүлүктөрүндө катталган жарактуу документтер же аларды алмаштыруучу документтер Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан аныкталат.] Бул тартип ошондой эле Кыргыз Республикасында туруктуу катталган авиакомпаниялардын, банктардын, соода-өнөр жай фирмаларынын жана башка чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине да жайылтылат. [Тышкы иштер министрлигинде] катталган чет өлкөлүк кабарчылардын жана журналисттердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. | 21-статья. Жүрүү тартибин аныктоо ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЖАРАНДАРДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫГЫ ЖОК АДАМДАРДЫН ЖҮРҮҮСҮНҮН ТАРТИБИ, ТЫШКЫ САЯСИЙ ИШ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДА КАТТАЛГАН ЖАРАКТУУ ДОКУМЕНТТЕР ЖЕ АЛАРДЫ АЛМАШТЫРУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН АНЫКТАЛАТ. Бул тартип ошондой эле Кыргыз Республикасында туруктуу катталган авиакомпаниялардын, банктардын, соода-өнөр жай фирмаларынын жана башка чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине да жайылтылат. ТЫШКЫ САЯСИЙ ИШ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНДА катталган чет өлкөлүк кабарчылардын жана журналисттердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жүрүү тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. |
| 22-статья. Жүрүү документтери Кыргыз Республикасында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын жарактуу документи болууга тийиш. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам паспортун же аны алмаштыруучу документин жоготкондугу жөнүндө [ички иштер органдарынын] жакынкы бөлүмүнө же өзү таандык болгон мамлекеттик дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемесине дароо билдирүүгө жана бул жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастама алууга тийиш. | 22-статья. Жүрүү документтери Кыргыз Республикасында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын жарактуу документи болууга тийиш. Чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам паспортун же аны алмаштыруучу документин жоготкондугу жөнүндө КАЛКТЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫНЫН жакынкы бөлүмүнө же өзү таандык болгон мамлекеттик дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемесине дароо билдирүүгө жана бул жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастама алууга тийиш. |
| 23-статья. Транзит менен өтүү Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өтүшү Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзит менен өтүүнүн Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзит менен өтүүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген Эрежелерине жана [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине] ылайык ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүүчү чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар транзит менен өтүү эрежелерин сактоо менен республикадан чыгуу чек ара постуна кыска багыт боюнча барышат жана эгерде [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде] башкача белгиленбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген уруксаты бар болсо, транзит документинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашык убакытка Кыргыз Республикасынын аймагында жүрө алышат. | 23-статья. Транзит менен өтүү Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өтүшү Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзит менен өтүүнүн Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзит менен өтүүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген Эрежелерине жана КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНЕ ылайык ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу өтүүчү чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар транзит менен өтүү эрежелерин сактоо менен республикадан чыгуу чек ара постуна кыска багыт боюнча барышат жана эгерде КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНЕ башкача белгиленбесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген уруксаты бар болсо, транзит документинде көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашык убакытка Кыргыз Республикасынын аймагында жүрө алышат. |
| 27-статья. Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүргүзүүнүн тартиби Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы эмгек ишмердигинин тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт. Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жумуш күчүн тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык [Мамагентство] берген уруксаттардын негизинде ишке ашырылат. Эмгек миграциясын жөнгө салууда ички рыногун коргоого артыкчылык берилет. | 27-статья. Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүргүзүүнүн тартиби Чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы эмгек ишмердигинин тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт. Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жумуш күчүн тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык МИГРАЦИЯ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ берген уруксаттардын негизинде ишке ашырылат. Эмгек миграциясын жөнгө салууда ички рыногун коргоого артыкчылык берилет. |
| 28-статья. Эмгек миграциясына квота Эмгек миграциясына берилген квота Кыргыз Республикасына эмгек ишмердигин аткаруу максатында келген чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын жеткен чек санын белгилейт. Эмгек миграциясына квота календарлык ар бир жыл башталганга чейин төрт ай мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасына эмгекчи-мигранттарды чакыруу максатын көздөгөн юридикалык жактар жана адамдар үчүн эмгек миграциясына карата квота эмгек миграциясына жыл сайын аныкталуучу квотанын негизинде [Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети] тарабынан белгиленет. | 28-статья. Эмгек миграциясына квота Эмгек миграциясына берилген квота Кыргыз Республикасына эмгек ишмердигин аткаруу максатында келген чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын жеткен чек санын белгилейт. Эмгек миграциясына квота календарлык ар бир жыл башталганга чейин төрт ай мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасына эмгекчи-мигранттарды чакыруу максатын көздөгөн юридикалык жактар жана адамдар үчүн эмгек миграциясына карата квота эмгек миграциясына жыл сайын аныкталуучу квотанын негизинде МИГРАЦИЯ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ тарабынан белгиленет. |
| 31-статья. Иммигрант статусунун берилиши Кыргыз Республикасында убактылуу турушкан жана Кыргыз Республикасында иммигрант статусун алууну каалаган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Тышкы иштер министрлигине андан ары [Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине] жиберүү үчүн өтүнүч беришет. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турушкан жана туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасына келүүнү каалаган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине иммигрант болуу жөнүндө өтүнүч менен жеке өзү же буга укукту өкүл аркылуу кайрылышат. Мындай өтүнүч [Тышкы иштер министрлиги] аркылуу [Ички иштер министрлигине] жиберилет жана андан ары кароого [Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине] жөнөтүлөт. Эмгекке жөндөмдүү куракка жеткен жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасына иммиграциялоо жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. [Мамагентство] адамды иммигрант катары таануу жөнүндө өтүнүчтү карайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте, иммиграциялык белгиленген квотага ылайык ал боюнча чечим чыгарат. Иммигрант статусун алуу жөнүндө өтүнүчтү кароодо мөөнөтү бир жылдан ашпоого тийиш. Иммигрант статусун берүү жөнүндө өтүнүчтү кароодо [Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети] чыгарган чечимдер сотто даттанылышы мүмкүн. Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын иммигрант статусун алыш үчүн өзүнүн (жана анын үй-бүлөсүнүн) зарыл муктаждыктарын камсыз кылууга мүмкүндүк берген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү туруктуу акчалай киреше булагы болууга тийиш. Өтүнүч берген адамдын жана анын үй-бүлө мүчөсүнүн жетиштүү каржылык мүмкүнчүлүктөрү болбогон учурда ишке орношууга же Кыргыз Республикасында белгиленген тиричилик минимумунан төмөн болбогон каржылык мүмкүнчүлүктү камсыз кыла турган кепилдик болууга тийиш. | 31-статья. Иммигрант статусунун берилиши Кыргыз Республикасында убактылуу турушкан жана Кыргыз Республикасында иммигрант статусун алууну каалаган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Тышкы иштер министрлигине андан ары МИГРАЦИЯ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНА жиберүү үчүн өтүнүч беришет. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турушкан жана туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасына келүүнү каалаган чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине иммигрант болуу жөнүндө өтүнүч менен жеке өзү же буга укукту өкүл аркылуу кайрылышат. Мындай өтүнүч ТЫШКЫ САЯСИЙ ИШ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН аркылуу КАЛКТЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНА жиберилет жана андан ары кароого МИГРАЦИЯ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНА жөнөтүлөт. Эмгекке жөндөмдүү куракка жеткен жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасына иммиграциялоо жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. МИГРАЦИЯ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ адамды иммигрант катары таануу жөнүндө өтүнүчтү карайт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте, иммиграциялык белгиленген квотага ылайык ал боюнча чечим чыгарат. Иммигрант статусун алуу жөнүндө өтүнүчтү кароодо мөөнөтү бир жылдан ашпоого тийиш. Иммигрант статусун берүү жөнүндө өтүнүчтү кароодо МИГРАЦИЯ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫ чыгарган чечимдер сотто даттанылышы мүмкүн. Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын иммигрант статусун алыш үчүн өзүнүн (жана анын үй-бүлөсүнүн) зарыл муктаждыктарын камсыз кылууга мүмкүндүк берген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү туруктуу акчалай киреше булагы болууга тийиш. Өтүнүч берген адамдын жана анын үй-бүлө мүчөсүнүн жетиштүү каржылык мүмкүнчүлүктөрү болбогон учурда ишке орношууга же Кыргыз Республикасында белгиленген тиричилик минимумунан төмөн болбогон каржылык мүмкүнчүлүктү камсыз кыла турган кепилдик болууга тийиш. |
| 32-статья. Иммиграция жөнүндө өтүнүч кийирүү тартиби Иммиграция жөнүндө өтүнүчкө нотариат тарабынан тастыкталган өтүнүчүнүн төмөнкү документтери тиркелет: 1) Жарактуу документтин же [эл аралык келишимдердин] негизинде аны алмаштыруучу документтин көчүрмөсү; 2) туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн же ага теңдеш документтин көчүрмөсү; 3) үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө справка, нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; 4] арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөсүнүн тиричилик минимумун камсыз кылуучу туруктуу ачык киреше булагы жөнүндө справка; 5) медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө справка; 6) чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп эсептелген мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалым-кат, ал эми жарандыгы жок адам үчүн - Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин ал жашаган мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалым-кат. Жогоруда аталган документтерден тышкары өтүнүчкө төмөнкүлөр тиркелет: 1) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 1-пунктунда аталган адамдарга карата: ата-энелеринин биринин улутун ырастоочу справка; 2) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 2, 3-пункттарында аталган адамдарга карата: Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган тууганы жиберген чакыруу, туугандыгын ырастоочу документ; 3) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 3-пунктунда аталган адамдарга карата: эгерде алар өтүнүч берген адам менен бирге келишсе - анын иммигрант статусун берүү жөнүндөгү өтүнүчү, эгерде алар иммигрантка жашап туруу үчүн келишсе - анын чакыруусу; 4) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 4 жана 5-пункттарында аталган адамдарга карата - камкордук же багууну ырастоочу документтер; 5) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 6-пунктунда аталган адамдарга карата адистигин (кесибин) ырастаган документтер. Эгерде ата-эне болуп саналган иммигрант менен бирге алардын бойго жете элек 14төн 18 жашка чейинки балдары көчүп келсе, анда алардын иммиграцияга жазуу жүзүндө берген макулдугу талап кылынат. Эгерде Кыргыз Республикасына ата-энесинин бирөө гана көчүп келсе жана аны менен бирге 18 жашка чейинки балдары кошо келсе, ал ата-эненин калып калган биринин ата-эненин ошол иммигрант болуп келгени менен балдардын жашоосуна каршы эместигин билдирген нотариат тарабынан тастыкталган арызын көрсөтүүгө тийиш. Мындай макулдук болбогон учурда ата-эненин иммигрант болуп келген бири тийиштүү мамлекеттин балдарды ага тапшыргандыгы жөнүндөгү соттук чечимин көрсөтүүгө тийиш. [Мында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети өтүнгөн адамдан кошумча документтерди талап кылууга укуктуу.] | 32-статья. Иммиграция жөнүндө өтүнүч кийирүү тартиби Иммиграция жөнүндө өтүнүчкө нотариат тарабынан тастыкталган өтүнүчүнүн төмөнкү документтери тиркелет: 1) Жарактуу документтин же КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИН негизинде аны алмаштыруучу документтин көчүрмөсү; 2) туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн же ага теңдеш документтин көчүрмөсү; 3) үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө справка, нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү; 4] арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөсүнүн тиричилик минимумун камсыз кылуучу туруктуу ачык киреше булагы жөнүндө справка; 5) медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө справка; 6) чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп эсептелген мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалым-кат, ал эми жарандыгы жок адам үчүн - Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин ал жашаган мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалым-кат. Жогоруда аталган документтерден тышкары өтүнүчкө төмөнкүлөр тиркелет: 1) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 1-пунктунда аталган адамдарга карата: ата-энелеринин биринин улутун ырастоочу справка; 2) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 2, 3-пункттарында аталган адамдарга карата: Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган тууганы жиберген чакыруу, туугандыгын ырастоочу документ; 3) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 3-пунктунда аталган адамдарга карата: эгерде алар өтүнүч берген адам менен бирге келишсе - анын иммигрант статусун берүү жөнүндөгү өтүнүчү, эгерде алар иммигрантка жашап туруу үчүн келишсе - анын чакыруусу; 4) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 4 жана 5-пункттарында аталган адамдарга карата - камкордук же багууну ырастоочу документтер; 5) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 6-пунктунда аталган адамдарга карата адистигин (кесибин) ырастаган документтер. Эгерде ата-эне болуп саналган иммигрант менен бирге алардын бойго жете элек 14төн 18 жашка чейинки балдары көчүп келсе, анда алардын иммиграцияга жазуу жүзүндө берген макулдугу талап кылынат. Эгерде Кыргыз Республикасына ата-энесинин бирөө гана көчүп келсе жана аны менен бирге 18 жашка чейинки балдары кошо келсе, ал ата-эненин калып калган биринин ата-эненин ошол иммигрант болуп келгени менен балдардын жашоосуна каршы эместигин билдирген нотариат тарабынан тастыкталган арызын көрсөтүүгө тийиш. Мындай макулдук болбогон учурда ата-эненин иммигрант болуп келген бири тийиштүү мамлекеттин балдарды ага тапшыргандыгы жөнүндөгү соттук чечимин көрсөтүүгө тийиш. МЫНДА КАЛКТЫ КАТТООГО АЛУУ ЖАНА МИГРАЦИЯ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАР ӨТҮНГӨН АДАМДАН КОШУМЧА ДОКУМЕНТТЕРДИ ТАЛАП КЫЛУУГА УКУКТУУ. |
| 34-статья. Иммигрант статусун бербөөгө негиздер Иммигрант статусун алууну өтүнгөн чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга төмөнкүдөй учурларда иммигрант статусу берилбеши мүмкүн: 1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоого, мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын коргоого коркунуч келтирсе; 2) виза, жашап турууга же иштөөгө уруксат алууга өтүнгөн учурда жалган маалымат берсе; 3) виза жана жашап турууга уруксат алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибин сактабаса; 4) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жасаса; 5) Кыргыз Республикасында кылмыш иши козголгон адам болуп саналса - иш боюнча териштирүү токтотулганга чейин; 6) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон болсо - жазасын өтөп же андан бошотулгуча; 7) башка адамдарга коркунуч келтиргендей саламаттыгы бузулган болсо же оорусу бар болсо же саламаттыкты сактоо мекемелеринин өзгөчө көзөмөлүн талап кылса жана ал [Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги] бекиткен тизмеге кирген болсо; 8) багууну Кыргыз Республикасынын жараны мойнуна алгандан башка учурларда өзүн жана өзү баккан адамдарды камсыз кыла албаса; 9) Кыргыз Республикасына кирүүгө же жашап турууга тыюу салынган учурдан баштап бир жыл өткөрбөй кайтадан өтүнүп кайрылса; 10) администрациялык жол менен чыгарып салуу жөнүндө чечим чыккан датадан баштап беш жыл бүткөнгө чейин Кыргыз Республикасынан администрациялык жол менен чыгартылган болсо; 11) Кыргыз Республикасында мыйзамсыз жүрсө же башка чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө жардам берсе. Иммигрант статусунун берилбестиги жөнүндө чечим арыз ээсине бул чечим кабыл алынган учурдан кийин үч күндүк мөөнөттө билдирилет. Иммигрант статусунун берилбестиги жөнүндө чечим өтүнгөн адамдын талабы боюнча жазуу жүзүндө берилет. | 34-статья. Иммигрант статусун бербөөгө негиздер Иммигрант статусун алууну өтүнгөн чет өлкөлүк жарандарга же жарандыгы жок адамдарга төмөнкүдөй учурларда иммигрант статусу берилбеши мүмкүн: 1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоого, мыйзамдуу укуктарын жана таламдарын коргоого коркунуч келтирсе; 2) виза, жашап турууга же иштөөгө уруксат алууга өтүнгөн учурда жалган маалымат берсе; 3) виза жана жашап турууга уруксат алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибин сактабаса; 4) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жасаса; 5) Кыргыз Республикасында кылмыш иши козголгон адам болуп саналса - иш боюнча териштирүү токтотулганга чейин; 6) Кыргыз Республикасында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон болсо - жазасын өтөп же андан бошотулгуча; 7) башка адамдарга коркунуч келтиргендей саламаттыгы бузулган болсо же оорусу бар болсо же саламаттыкты сактоо мекемелеринин өзгөчө көзөмөлүн талап кылса жана ал КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ бекиткен тизмеге кирген болсо; 8) багууну Кыргыз Республикасынын жараны мойнуна алгандан башка учурларда өзүн жана өзү баккан адамдарды камсыз кыла албаса; 9) Кыргыз Республикасына кирүүгө же жашап турууга тыюу салынган учурдан баштап бир жыл өткөрбөй кайтадан өтүнүп кайрылса; 10) администрациялык жол менен чыгарып салуу жөнүндө чечим чыккан датадан баштап беш жыл бүткөнгө чейин Кыргыз Республикасынан администрациялык жол менен чыгартылган болсо; 11) Кыргыз Республикасында мыйзамсыз жүрсө же башка чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө жардам берсе. Иммигрант статусунун берилбестиги жөнүндө чечим арыз ээсине бул чечим кабыл алынган учурдан кийин үч күндүк мөөнөттө билдирилет. Иммигрант статусунун берилбестиги жөнүндө чечим өтүнгөн адамдын талабы боюнча жазуу жүзүндө берилет. |
| 35-статья. Туруктуу жашап турууга уруксат Туруктуу жашап турууга уруксат Кыргыз Республикасынын [Ички иштер министрлиги жана анын аймактык органдары] тарабынан ушул Мыйзамга ылайык иммигрант статусун алган чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга берилет. | 35-статья. Туруктуу жашап турууга уруксат Туруктуу жашап турууга уруксат Кыргыз Республикасынын КАЛКТЫ КАТТООГО АЛУУ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН тарабынан ушул Мыйзамга ылайык иммигрант статусун алган чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга берилет. |
| 36-статья. Иммигранттын укуктары жана милдеттери Иммигранттын укуктары жана милдеттери "Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Мыйзамында, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларында, ошондой эле [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде] каралат. | 36-статья. Иммигранттын укуктары жана милдеттери Иммигранттын укуктары жана милдеттери "Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Мыйзамында, ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларында, ошондой эле КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНДЕ каралат. |
| 38-статья. Иммиграциялык фонд Иммигранттарга жардам берүү максатында [Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинде] Иммиграциялык фонд түзүлөт жана ал төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланат: 1) маданий борборлордун акча каражаттарынан, ишканалардын, уюмдардын жана ишканалар бирикмелеринин ыктыярдуу чегерүүлөрүнөн, кайрымдуулуктардан, анын ичинде валюталык, чет өлкөлүк жана ата-мекендик уюмдардын жана жеке адамдардын кайрымдуулугунан; 2) борборлошкон тартипте жергиликтүү мамлекеттик кеңештерге бөлүнүүчү, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынан кетип жаткан адамдардан келишим шартында сатып алган турак жайлардан; 3) жарандары Кыргыз Республикасына көчүп келип жаткан мамлекеттер бөлгөн товарлардан жана акча каражатынан. Иммиграциялык фондду түзүү жана пайдалануу тартиби [Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин] көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. | 38-статья. Иммиграциялык фонд Иммигранттарга жардам берүү максатында МИГРАЦИЯ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНДА Иммиграциялык фонд түзүлөт жана ал төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланат: 1) маданий борборлордун акча каражаттарынан, ишканалардын, уюмдардын жана ишканалар бирикмелеринин ыктыярдуу чегерүүлөрүнөн, кайрымдуулуктардан, анын ичинде валюталык, чет өлкөлүк жана ата-мекендик уюмдардын жана жеке адамдардын кайрымдуулугунан; 2) борборлошкон тартипте жергиликтүү мамлекеттик кеңештерге бөлүнүүчү, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз Республикасынан кетип жаткан адамдардан келишим шартында сатып алган турак жайлардан; 3) жарандары Кыргыз Республикасына көчүп келип жаткан мамлекеттер бөлгөн товарлардан жана акча каражатынан. Иммиграциялык фондду түзүү жана пайдалануу тартиби МИГРАЦИЯ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНЫН көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. |
| 39-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөгө чыгып кетишинин принциптери жана тартиби Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө жана Кыргыз Республикасына кирүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү укугу ушул Мыйзамдын 46-статьясына ылайык убактылуу чектелиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасына кирүү укугунан ажыратылбайт. [Жарактуу документтер жана эл аралык келишимдердин негизинде аларды алмаштыруучу документтер боюнча менен Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик чек аранын өткөрүүчү пункттарынан Кыргыз Республикасынын жарандары чыгып кетишет.] | 39-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөгө чыгып кетишинин принциптери жана тартиби Кыргыз Республикасынын ар бир жараны Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө жана Кыргыз Республикасына кирүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү укугу ушул Мыйзамдын 46-статьясына ылайык убактылуу чектелиши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасына кирүү укугунан ажыратылбайт. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНАН МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРАДА ЭЛ АРАЛЫК КАТНАШ ҮЧҮН АЧЫЛГАН ӨТКӨРҮҮ ПУНКТТАРЫ АРКЫЛУУ, ЖАРАКТУУ ДОКУМЕНТТЕР ЖЕ АЛАРДЫ АЛМАШТЫРУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР БОЮНЧА, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИН НЕГИЗИНДЕ ЧЫГЫШАТ. |
| 42-статья. Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө жана Кыргыз Республикасына кирүүгө укук берүүчү документтер [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде] каралган учурларда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган документтин ордуна Кыргыз Республикасынан чыгууда башка документтер пайдаланылышы мүмкүн. | 42-статья. Кыргыз Республикасынан чыгып кетүүгө жана Кыргыз Республикасына кирүүгө укук берүүчү документтер КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНДЕ каралган учурларда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган документтин ордуна Кыргыз Республикасынан чыгууда башка документтер пайдаланылышы мүмкүн. |
| 43-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынан чыгышы үчүн документтерди даярдоо тартиби Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту Кыргыз Республикасынан чыгуу үчүн төмөнкүдөй даярдалат: 1) Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана 16 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алганда. 2) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашаган жана 16 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарына - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине жеке кайрылуусу боюнча. 3) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткан жана Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөгө баруу баракчасы ачылбаган жалпы жарандык паспортуна ээ болгон жарандарга - [ички иштер органдарына] жеке өтүнүч каты менен жашаган орду боюнча. Өзгөчө учурларда бара турган мамлекеттин өткөрүлүп жаткан иш-чарага катышуусу керектигин билдирген талабы же жүргүзүп жаткан иш чарасына катышуу үчүн эл аралык уюмдун өтүнүчү бар болсо, паспорт жаран 18 жашка чыкканга чейин даярдалышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту он жылга чейинки мезгилге берилет. Паспорттун мөөнөтү аны даярдоо үчүн белгиленген тартипте узартылат. Паспорттун берилгендиги, ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 3-пунктунда аныкталган адамдардын паспортторунун чет өлкөгө баруу баракчасынын даярдалгандыгы жана Кыргыз Республикасынын аймагында паспорттун мөөнөтүнүн узартылгандыгы үчүн мамлекеттик пошлина же консулдук жыйым алынат. 16 жашка чыга элек жаранга карата жалпы жарандык паспорт 16 жашка чыга элек жаран Кыргыз Республикасынан өз алдынча чыккан учурда ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн нотариат тастыктаган өтүнүчүнүн негизинде даярдалат. Өтүнүчтө 16 жашка чыга элек жаран жөнүндө, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынан чыгуу укугун чектеген шарттардын жоктугу жөнүндө көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын баласына жалпы жарандык паспорт жашаган жери боюнча [ички иштер органдары] тарабынан, ал эми анын аймагынан тышкары жашагандарга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан берилет. Баланын жалпы жарандык паспорту үч жылдык мөөнөткө же ал 16 жашка чыкканга чейин даярдалат. Кыргыз Республикасынын жаранынын дипломатиялык же кызматтык паспорту белгиленген тартипте [Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин] консулдук кызматы тарабынан даярдалат. | 43-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынан чыгышы үчүн документтерди даярдоо тартиби Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту Кыргыз Республикасынан чыгуу үчүн төмөнкүдөй даярдалат: 1) Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жана 16 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алганда. 2) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашаган жана 16 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарына - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине жеке кайрылуусу боюнча. 3) Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашап жаткан жана Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөгө баруу баракчасы ачылбаган жалпы жарандык паспортуна ээ болгон жарандарга - КАЛКТЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫНА жеке өтүнүч каты менен жашаган орду боюнча. Өзгөчө учурларда бара турган мамлекеттин өткөрүлүп жаткан иш-чарага катышуусу керектигин билдирген талабы же жүргүзүп жаткан иш чарасына катышуу үчүн эл аралык уюмдун өтүнүчү бар болсо, паспорт жаран 18 жашка чыкканга чейин даярдалышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту он жылга чейинки мезгилге берилет. Паспорттун мөөнөтү аны даярдоо үчүн белгиленген тартипте узартылат. Паспорттун берилгендиги, ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 3-пунктунда аныкталган адамдардын паспортторунун чет өлкөгө баруу баракчасынын даярдалгандыгы жана Кыргыз Республикасынын аймагында паспорттун мөөнөтүнүн узартылгандыгы үчүн мамлекеттик пошлина же консулдук жыйым алынат. 16 жашка чыга элек жаранга карата жалпы жарандык паспорт 16 жашка чыга элек жаран Кыргыз Республикасынан өз алдынча чыккан учурда ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн нотариат тастыктаган өтүнүчүнүн негизинде даярдалат. Өтүнүчтө 16 жашка чыга элек жаран жөнүндө, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынан чыгуу укугун чектеген шарттардын жоктугу жөнүндө көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын баласына жалпы жарандык паспорт жашаган жери боюнча КАЛКТЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫНЫН тарабынан, ал эми анын аймагынан тышкары жашагандарга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан берилет. Баланын жалпы жарандык паспорту үч жылдык мөөнөткө же ал 16 жашка чыкканга чейин даярдалат. Кыргыз Республикасынын жаранынын дипломатиялык же кызматтык паспорту белгиленген тартипте ТЫШКЫ САЯСИЙ ИШ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫНЫН консулдук кызматы тарабынан даярдалат. |
| 46-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгуу укугун убактылуу чектөөгө негиздер Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгуу төмөнкүдөй учурларда убактылуу баш тартылат: 1) арыз ээси мамлекеттик сыр болуп саналган маалыматты билген болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөт аяктагыча; 2) жөнгө салынбаган алименттик, келишимдик же башка аткарылбаган милдеттенмелери бар болсо, милдеттенмелери аткарылмайынча же мыйзамда каралган учурларда тараптардын өз ара макулдугу боюнча соттун чечимине ылайык же Кыргыз Республикасынын эл аралык мыйзамдарында башкача каралбаган болсо, милдеттенмелер күрөө менен камсыз кылынмайынча; 3) арыз ээсине карата кылмыш иши козголсо - иш боюнча териштирүү аяктамайынча; 4) арыз ээси кылмыш үчүн соттолгон болсо - жазасын өтөп бүткөнчө же күнөөсүнөн бошотулгуча; 5) арыз ээси ага соттун чечими боюнча жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруудан баш тартса - милдеттенмелерди аткармайынча; 6) арыз ээси өзү жөнүндө белгилүү болуп калган атайын жалган маалымат берсе - жалган маалымат берүүнүн себеби жана кесепеттери аныкталмайынча; 7) арыз ээси мөөнөттүк аскер кызматына чакырылууга тийиш болсо, чакыруу мөөнөтүн узартуу маселеси чечилмейинче; 8) арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса - иш боюнча териштирүү аяктамайынча; 9) арыз ээси соттун өкүмү боюнча өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары таанылган болсо же милициянын администрациялык көзөмөлүндө турган болсо - соттолуу мөөнөтү өтөлмөйүнчө (алынмайынча) же көзөмөл токтотулмайынча. Паспорт ушул статьянын биринчи бөлүгүндөгү 1-9-пункттарда каралган учурларда же паспорт кылмыш жасоодо пайдаланылган болсо, же анда жасалган жерлер аныкталса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулган учурларда убактылуу кармалат же алынып коюлат. Мындай учурларда паспорт Кыргыз Республикасынын сот, прокуратура органдары, [ички иштер органдары], чегара кызматынын органдары тарабынан убактылуу кармалат же алынып коюлат. | 46-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгуу укугун убактылуу чектөөгө негиздер Кыргыз Республикасынын жаранынын Кыргыз Республикасынан чыгуу төмөнкүдөй учурларда убактылуу баш тартылат: 1) арыз ээси мамлекеттик сыр болуп саналган маалыматты билген болсо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөт аяктагыча; 2) жөнгө салынбаган алименттик, келишимдик же башка аткарылбаган милдеттенмелери бар болсо, милдеттенмелери аткарылмайынча же мыйзамда каралган учурларда тараптардын өз ара макулдугу боюнча соттун чечимине ылайык же Кыргыз Республикасынын эл аралык мыйзамдарында башкача каралбаган болсо, милдеттенмелер күрөө менен камсыз кылынмайынча; 3) арыз ээсине карата кылмыш иши козголсо - иш боюнча териштирүү аяктамайынча; 4) арыз ээси кылмыш үчүн соттолгон болсо - жазасын өтөп бүткөнчө же күнөөсүнөн бошотулгуча; 5) арыз ээси ага соттун чечими боюнча жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруудан баш тартса - милдеттенмелерди аткармайынча; 6) арыз ээси өзү жөнүндө белгилүү болуп калган атайын жалган маалымат берсе - жалган маалымат берүүнүн себеби жана кесепеттери аныкталмайынча; 7) арыз ээси мөөнөттүк аскер кызматына чакырылууга тийиш болсо, чакыруу мөөнөтүн узартуу маселеси чечилмейинче; 8) арыз ээсине карата сотко жарандык доомат коюлса - иш боюнча териштирүү аяктамайынча; 9) арыз ээси соттун өкүмү боюнча өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары таанылган болсо же милициянын администрациялык көзөмөлүндө турган болсо - соттолуу мөөнөтү өтөлмөйүнчө (алынмайынча) же көзөмөл токтотулмайынча. Паспорт ушул статьянын биринчи бөлүгүндөгү 1-9-пункттарда каралган учурларда же паспорт кылмыш жасоодо пайдаланылган болсо, же анда жасалган жерлер аныкталса, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулган учурларда убактылуу кармалат же алынып коюлат. Мындай учурларда паспорт Кыргыз Республикасынын сот, прокуратура органдары, КАЛКТЫ КАТТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫ, чегара кызматынын органдары тарабынан убактылуу кармалат же алынып коюлат. |
| 47-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынан чыгуусунун алардын коопсуздугунун максатында чектелиши Кандайдыр бир мамлекетте Кыргыз Республикасынын жарандарына коопсуздук шарттарын түзүүгө мүмкүндүк бербеген чукул кырдаал түзүлгөн учурда [Тышкы иштер министрлигинин] көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын жарандарынын бул мамлекетке барышынын өзгөчө тартиби жөнүндө чечим чыгарат же бул мамлекетке барууга убактылуу чектөө коюуга укуктуу. Аталган чектөөлөр чыгууга тоскоол болгон шарттар жоюлмайынча колдонулат. Өкмөттүн чечими Өкмөт чечим чыгарган мамлекетке чыгууга ниеттенген Кыргыз Республикасынын жарандарына сөзсүз билдирилет жана алар чукул кырдаал түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан жаранга зарыл коопсуз шарт түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө эскертилет. Мындай эскертүү чыгып кетүүгө тыюу салуу болуп саналбайт. | 47-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынан чыгуусунун алардын коопсуздугунун максатында чектелиши Кандайдыр бир мамлекетте Кыргыз Республикасынын жарандарына коопсуздук шарттарын түзүүгө мүмкүндүк бербеген чукул кырдаал түзүлгөн учурда ТЫШКЫ САЯСИЙ ИШ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНЫНЫН көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын жарандарынын бул мамлекетке барышынын өзгөчө тартиби жөнүндө чечим чыгарат же бул мамлекетке барууга убактылуу чектөө коюуга укуктуу. Аталган чектөөлөр чыгууга тоскоол болгон шарттар жоюлмайынча колдонулат. Өкмөттүн чечими Өкмөт чечим чыгарган мамлекетке чыгууга ниеттенген Кыргыз Республикасынын жарандарына сөзсүз билдирилет жана алар чукул кырдаал түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан жаранга зарыл коопсуз шарт түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө эскертилет. Мындай эскертүү чыгып кетүүгө тыюу салуу болуп саналбайт. |
| 54-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетиши Туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын бара жаткан мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү визасы же уруксаты болууга тийиш. Кыргыз Республикасынын чыгуу документтерин алган жарандары өзүнчө менчик укугуна таандык мүлктү баруучу өлкөгө ташып чыгууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында сактоого укуктуу. Алардын жарандык, социалдык,эмгектеги, турак жай же башка укуктарын ар камдай чектөөгө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекет үчүн маданий, тарыхый жана башка кенч болуучу мааниси бар буюмдарды ташып чыгышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери] менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын жарандары туруктуу жашоо үчүн анын аймагынан чыгып кеткенге чейин Кыргыз Республикасынын юрисдикциясы жайылтылган жеке адамдарга жана юридикалык жактарга карата мүлк милдеттенмелерин аткарууга милдеттүү. Чет мамлекетке чыгып кетүү тартиби бара турган мамлекеттин тийиштүү мыйзамдары, ошондой эле [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери] менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен жарандар, Кыргыз Республикасына кайрылып келгенде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кепилдикке алынган бардык укуктардан жалпы негизде пайдаланышат жана мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартышат. | 54-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетиши Туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын бара жаткан мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү визасы же уруксаты болууга тийиш. Кыргыз Республикасынын чыгуу документтерин алган жарандары өзүнчө менчик укугуна таандык мүлктү баруучу өлкөгө ташып чыгууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында сактоого укуктуу. Алардын жарандык, социалдык,эмгектеги, турак жай же башка укуктарын ар камдай чектөөгө жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекет үчүн маданий, тарыхый жана башка кенч болуучу мааниси бар буюмдарды ташып чыгышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИ менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын жарандары туруктуу жашоо үчүн анын аймагынан чыгып кеткенге чейин Кыргыз Республикасынын юрисдикциясы жайылтылган жеке адамдарга жана юридикалык жактарга карата мүлк милдеттенмелерин аткарууга милдеттүү. Чет мамлекетке чыгып кетүү тартиби бара турган мамлекеттин тийиштүү мыйзамдары, ошондой эле КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИ менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен жарандар, Кыргыз Республикасына кайрылып келгенде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кепилдикке алынган бардык укуктардан жалпы негизде пайдаланышат жана мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартышат. |
| 58-статья. Укук бузуудагы жоопкерчиликке негиздер Кыргыз Республикасынын аймагында укукка жат иш жасаган иммигранттар, [Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде] каралгандан башка учурларда, Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирге жалпы негиздерде жоопкерчилик тартышат. | 58-статья. Укук бузуудагы жоопкерчиликке негиздер Кыргыз Республикасынын аймагында укукка жат иш жасаган иммигранттар, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН, МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРИНДЕ каралгандан башка учурларда, Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирге жалпы негиздерде жоопкерчилик тартышат. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-июнундагы № 672-V "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 17.06.2011 · № 672-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 23-июнундагы № 737-V "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 23.06.2011 · № 737-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 23-июнундагы № 738-V "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 23.06.2011 · № 738-V
Шилтеме берет (4)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 19.03.1999 · № 27 · Күчүн жоготкон