Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 5-октябыр № 516 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү, ал эми Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары кош баяндамачы болуп дайындалышсын.
Премьер-министр
К.А. Боронов
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 15-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал режими жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын өзгөчө абал же өзгөчө кырдаал режими киргизилген мезгилде колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен убактылуу жана/же туруктуу жашап турууга уруксатынын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.";
2) 43-статьясы төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал режими жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 16 жаш курагына жете элек балага жалпы жарандык паспорттун колдонуу мөөнөтүн узартууга укуктуу.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 11-октябрындагы № 1484-VII "VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-2024-жылдарга карата сессиялык иш…Постановление · 11.10.2023 · № 1484-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-мартындагы №161-VII "Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз…Постановление · 30.03.2022 · № 161-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 17-апрелиндеги № 1995-VII "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 17.04.2024 · № 1995-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 21-февралындагы № 1890-VII "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 21.02.2024 · № 1890-VII
Шилтеме берет (2)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон