КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын «Тышкы миграция жөнүндө» Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 8-майы № 260 Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө"
Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Тышкы миграция жөнүндө" Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2000-жыл, № 7, 371-б.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Электрондук виза - Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан чет өлкөлүк жаранга же Кыргыз Республикасы тарабынан жарандыгы жок деп таанылган адамга электрондук тартипте, анын ичинде Интернет электрондук тарамы аркылуу берилүүчү, атайын окулуучу коду бар, анын болушу жарактуу документ менен Кыргыз Республикасына кирүүгө, анын аймагында болууга, Кыргыз Республикасынан чыгууга жана транзиттик өтүүгө уруксат берүүчү, макамы боюнча визага теңештирилген документтик ырастоо.".
2. 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Электрондук визаны (документтик ырастоону) тариздөө жана берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 3432-V "V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-2014-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 11.09.2013 · № 3432-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 20-июнундагы № 3279-V "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 20.06.2013 · № 3279-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3331-V "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.06.2013 · № 3331-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3332-V "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 27.06.2013 · № 3332-V
Шилтеме берет (3)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон