Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 28 мая 2018 года № 256 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-05-28.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-майындагы № 256 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 30-ноябры № 779 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
С. Исаков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу 1-берене. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 7-берене төмөнкүдөй мазмундагы 18 жана 19-абзацтар менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан чет мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган жана ким экендигин күбөлөндүргөн анык документтери болбогон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар аталган чечимдин негизинде аларды жиберүү тууралуу чет өлкөнүн компетенттүү органынын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы болгондо Кыргыз Республикасынан чыгып кетишет. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш ишин иликтөө же өкүмдү аткаруу үчүн өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талабы чет мамлекет тарабынан канааттандырылган жана ким экендигин күбөлөндүргөн анык документтери болбогон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар аталган суроо-талаптын канааттандырылгандыгы тууралуу чет мамлекеттин компетенттүү органынын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде Кыргыз Республикасына киришет.". 2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-майындагы № 256 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамыма өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.05.2018 · № 256 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-майындагы № 256 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамыма өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.05.2018 · № 256 · Күчүн жоготкон