2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ Киришүү
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 128 токтомуна)
2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ Киришүү
2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы № 193 "Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Аталган Жарлыктын 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети беш айлык мөөнөттө чыгармачыл союздарга мамлекеттик заказдарды камсыз кылуу менен маданиятты, искусствону жана спортту өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын, ошондой эле тиешелүү финансылык камсыздоо менен аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын бекитиши керек. Бул максаттарга жетүү үчүн таланттуу жаштарды колдоо, искусство жана маданият чөйрөсүндө билим берүү системасын өнүктүрүү, анын сапатын жана жагымдуулугун жогорулатуу, ошондой эле жалпы билим берүүчү орто мектептерде, өзгөчө өлкөнүн региондорунда балдарды эстетикалык тарбиялоо жана чыгармачылык дараметин өнүктүрүү компонентин күчөтүү талап кылынат.
1-глава. Учурдагы кырдаалды баяндоо
Программа 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүүнүн негизги максаттарын, милдеттерин жана артыкчылыктуу багыттарын аныктайт. Бул чөйрөлөрдөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жооп берген мамлекеттик орган 2004-жылдан тартып өзүнүн статусун - агенттиктен жана комиссиядан министрликке чейин өзгөрткөн. Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) катары белгилүү болгон башкаруу органы маалымат, маданият жана жаштар саясаты жаатын камтыйт. Ыйгарым укуктуу органдын акыркы уюштуруучулук түзүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген. Ыйгарым укуктуу органдын иши Кыргыз Республикасынын төмөнкүдөй негизги мыйзамдары менен жөнгө салынат:
- "Маданият жөнүндө";
- "Жаштар жөнүндө";
- "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө";
- "Китепкана иши жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө";
- "Манас" эпосу жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө";
- "Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө";
- "Фонограммалар жөнүндө".
Акыркы беш жылда Кыргыз Республикасынын Президентинин руханий-адеп-ахлактык, тарыхый-маданий жана материалдык эмес мурастарды, ошондой эле жарандык иденттүүлүктү сактоого багытталган бир катар жарлыктарынын аркасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүүдө олуттуу натыйжаларга жетишилди:
- 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 39 "2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө";
- 2021-жылдын 29-январындагы № 1 "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө";
- 2021-жылдын 24-июлундагы № 313 "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу";
- 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө";
- 2022-жылдын 20-майындагы № 157 "Улуттук нарк жөнүндө";
- 2022-жылдын 20-майындагы № 159 "Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө";
- 2022-жылдын 1-августундагы № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө";
- 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ № 303 "2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу";
- 2022-жылдын 28-декабрындагы № 412 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө".
Жогоруда көрсөтүлгөн жарлыктар укуктук жөнгө салууну олуттуу жакшыртууга, маданият мекемелеринин тармагын оптималдаштырууга, тарыхый-маданий мурастарды коргоо боюнча ишти активдештирүүгө, маданият чөйрөсүн маалыматташтырууну тездетүүгө жана маданият уюмдары көрсөтүүчү кызматтарга калктын суроо-талабын жогорулатууга мүмкүндүк берди. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 701 "2023-2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө" токтомунун кабыл алынышын белгилей кетүү маанилүү. Бул документ республиканын көз карандысыздыгынын бүткүл мезгилиндеги биринчи документ болуп калды жана маданий мурастарды сактоонун жаңы ыкмаларын ишке киргизди. 2020-жылдан тартып мамлекет маданият жана искусство чөйрөсүндө комплекстүү колдоо көрсөтө баштады. Ыйгарым укуктуу органдын 2020-жылга бекитилген бюджетинин алкагында маданият жана искусство кызматкерлеринин эмгек акысы 2012-жылы 3500 (үч миң беш жүз) сомдон 2020-жылы 17000 (он жети миң) сомго чейин бир топ көбөйтүлдү. 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан жана республикалык бюджеттен маданиятты, искусствону жана жаштар саясатын өнүктүрүү үчүн кошумча каражаттар бөлүнгөн. Инфраструктураны жакшыртууга, таланттарды колдоого жана жаңы долбоорлорду ишке ашырууга жалпысынан 6735150000 (алты миллиард жети жүз отуз беш миллион бир жүз элүү миң) сом жумшалган. Каражаттар улуттук маданиятты пропагандалоого, чыгармачыл бирликтерди колдоого, музыкалык жабдууларды жана аспаптарды сатып алууга, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, театралдык гастролдорду жана спектаклдерди уюштурууга, улуттук кийимдерди сатып алууга бөлүнгөн. Бөлүнгөн каражаттар жаштар уюмдарынын иш-чараларын өткөрүү жана долбоорлорун ишке ашыруу, лидерлерди окутуу, ошондой эле керектүү инвентарлар жана жабдуулар менен камсыз кылуу аркылуу жаштар саясатын колдоого багытталган. Бул чаралар маданий потенциалды сактоого, маданий баалуулуктарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө жана маданият чөйрөсүн рыноктук шарттарга адаптациялоого өбөлгө түздү. Руханий баалуулуктарды, тарыхты жана маданиятты пропагандалоо максатында 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 179 "Кыргыз мамлекеттик "Манас" театры" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтому кабыл алынган. Мындан тышкары, айтуучулардын жана кыргыз элинин материалдык эмес маданий баалуулуктарын алып жүрүүчүлөрдүн иштөө системасын андан ары өркүндөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 43 "Кыргыз мамлекеттик "Манас" театрына "улуттук" деген статусту ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгы менен Кыргыз мамлекеттик "Манас" театрына "улуттук" деген статус ыйгарылган. Ошону менен бирге 2022-жылы "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын тармактык Мыйзамы кабыл алынган. Бул ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруунун натыйжасында кол өнөрчүлүк чөйрөсүн калыбына келтирүүгө түрткү болду, маданияттын башаттарына туруктуу кызыгуу пайда болду, маданий мурастын азыркы учур менен өз ара аракеттенүү жолдору табылды. Ошол эле учурда, жарандардын өз ишинин өсүшү, жаңы чыгармачыл жамааттардын жана бирикмелердин калыптанышы, ошондой эле кол өнөрчүлүктүн жанданышы өзгөчө прикладдык искусство чөйрөсүндө байкалууда. Бул багыттын өкүлдөрү баарынан тез рынок экономикасына ыңгайлашкан, бул маданият чөйрөсү туура мамиледе кирешелүү болушуна, ал эми маданият продукттары кеңири суроо-талапка ээ болушуна мисал болуп саналат. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасында маданият чөйрөсүндө олуттуу оң өзгөрүүлөр болду. Кыргыз улуттук "Манас" театрынын жаңы имаратынын ачылышы маанилүү окуялардын бири болду. Маданий мекеме мурдагы "Манас айылы" этнографиялык комплексинин ордунда жайгашкан, бул маданий инфраструктураны жаңылоого жана модернизациялоого умтулууну баса белгилейт. Жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдүн контекстинде 2023-жылдын январынан тартып ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынган, мамлекеттик мекемелерде жана маданий-массалык иш-чараларда ырларды аткарууда фонограммаларды колдонууга тыюу салган ченемдик акт күчүнө киргенин белгилей кетүү керек. Бул тыюу салууну киргизүү маданий иш-чараларды модернизациялоого жана сапатын жакшыртууга, ошондой эле жандуу аткарууну колдоого жана артисттик салттардын сакталышына байланышкан. Ошентип, жаңы маданий демилгелерди ишке ашыруу республикада нукура искусствону өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган ченемдик базаны өркүндөтүү менен коштолот. Биринчи жолу 2023-жылы өткөрүлгөн жана 2024 жана 2025-жылдары ийгиликтүү өткөн Бишкек эл аралык кинофестивалы Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү маданий окуя болду. Аны уюштуруу кыргыз кинематографын өнүктүрүүгө жана аны эл аралык аренага чыгарууга өбөлгө түзүүчү эл аралык платформаны түзүү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Фестиваль ата мекендик фильмдерге эл аралык сахнада көрүлүп байкалууга жана бааланууга мүмкүнчүлүк берүү менен ата мекендик киноиндустрияны колдоодо негизги ролду ойнойт. Фестивалды туруктуу өткөрүү маданий алмашууга жана улуттук кинематографты эл аралык таанууга өбөлгө түзүү менен кыргыз киносунун позицияларын бекемдөөгө максаттуу багытта умтулууну баса белгилейт. Фестиваль кино таанууну өнүктүрүү жана өлкөлөр ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөө үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен идеяларды, жетишкендиктерди жана маданий баалуулуктарды алмашуу катализатору болуп калды. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан маданий чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталган таасирдүү чаралар көрүлгөнүн белгилей кетүү керек. Натыйжада театралдык оюн-зоок мекемелерине жана кинотеатрларга келүүчүлөрдүн саны 30%га көбөйгөн. Ошондой эле маданият жана искусство объекттерин капиталдык оңдоо жүргүзүлдү, бул ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түздү. Бул күч-аракеттер маданий инфраструктураны колдоо менен бирге кинематографта олуттуу жетишкендиктерге алып келди. Буга мисал катары беш жыл бою эл аралык кинофестивалдарда 28 сыйлыкка ээ болгон фильмдерди алсак болот. Мындай ийгиликтер маданият чөйрөсүндө көрүлүп жаткан чаралардын жана стратегиялардын натыйжалуулугун ырастоо менен кыргыз киносунун сапатынын өсүшүн жана дүйнөлүк сахнада таанылып жатканын белгилейт. Мындан тышкары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Улуттук көчмөндөр оюндары сыяктуу беделдүү улуттук долбоорлор түзүлдү, алар көчмөндөр цивилизациясына болгон кызыгууну ойготуп, маданий иденттүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түздү. Ири эл аралык фестивалдар, анын ичинде эстрада ырчыларынын "Мейкин Азия" фестивалы, театр ишмерлеринин "Art-Ordo" жана "Айтматов жана театр" фестивалы, "Жаңы ысымдар" эл аралык студенттик театр фестивалы, манасчылардын "Дүйнөнүн бүткүл дүйнөлүк эпостору" фестивалы, "Салттуу музыка жумалыгы" салттуу музыка фестивалы, "Ак Илбирс" улуттук киносыйлыгы жана "Кыргызстан - кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү" кыска метраждуу фильмдер фестивалы үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Ошентип бул демилгелер жалпы эле маданият чөйрөсүн өнүктүрүүгө кошумча дем гана бербестен, Кыргыз Республикасынын маданий мурастарын эл аралык аренада бекемдөөгө да өбөлгө түзөт. Иштеп жаткан китепканалардын базасында балдарды эрте өнүктүрүү борборлору иштей баштады. Маданият окуу жайларынын мугалимдеринин эмгек акысы 80%га жогорулады жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорлор жүзөгө ашырылды. Эл аралык жана улуттук маанидеги масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлдү, негизги маданий объекттерди капиталдык реконструкциялоо жана оңдоо иштери аяктады. Жыл сайын элдин биримдигин бекемдөөгө, этностор аралык мамилелерди өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасында жалпы жарандык иденттүүлүктү калыптандырууга багытталган 1000ден ашык иш-чара өткөрүлүп келет. Маданият чөйрөсүндөгү мүмкүнчүлүктөрдү жемиштүү ишке ашыруу жана материалдык-техникалык базаны бекемдөө үчүн мамлекет тарабынан активдүү колдоо зарыл. Азыркы учурда республикалык жана райондук маанидеги 583 маданият жана искусство мекемесин каржылоо республикалык бюджеттен жүзөгө ашырылат, ал эми шаардык жана айылдык маданият мекемелерин (болжол менен 1600 мекеме) каржылоо жергиликтүү бюджеттен жүзөгө ашырылат. Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эс алууну уюштуруу жана маданият чөйрөсүн каржылоо менен жетиштүү түрдө активдүү алектенбей, калдык принциби боюнча аткарышат. Аткаруу бийлигинин деңгээлиндеги көптөгөн процесстер жетиштүү регламенттелген эмес, бул маданият чөйрөсүндө натыйжалуу чечимдерди кабыл алууда тоскоолдуктарды жаратат. Мисалы, маданияттын аймактык органдарынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга да, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына да кош баш ийүүчүлүгү азыркыга чейин сакталууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көпчүлүгү маданият чөйрөсүн өнүктүрүүгө өтө аз тартылган. Натыйжада региондук деңгээлдеги маданият мекемелери мамлекеттин башкаруучулук жана финансылык механизмдеринен обочолонуп, бирдиктүү маданий саясатка интеграцияланган эмес, бул республиканын гуманитардык коопсуздугуна таасирин тийгизет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтому болгонуна карабастан, маданият жана спорт чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн 37 түрү белгиленген, бирок бул кызмат көрсөтүүлөр үчүн сапат стандарттары иштелип чыккан эмес. Бул алардын толук жана натыйжалуу көрсөтүлүшүн контролдоону кыйындатат, натыйжада көптөгөн маданият мекемелери дайыма эле сапаттуу кызмат көрсөтө албай калат, ал эми айрым учурларда алардын иши убактылуу токтоп да калат. Бүгүнкү күндө статистикалык маалыматтарга ылайык 7 миллион адамдан турган калктын үчтөн эки бөлүгү айыл жеринде, ал эми үчтөн бир бөлүгү шаарларда жашайт. Бул пропорция ички жана тышкы миграциянын натыйжасында өзгөрүшү мүмкүн. Ошол эле учурда маданий тейлөө мекемелери тармагы республикада калкты жайгаштыруу деңгээлине ылайык келбейт, ал эми аймактарды маданият мекемелери менен камсыз кылуунун мамлекеттик стандарттары жок. Мындан тышкары учурдагы инфраструктура заманбап дүйнөлүк стандарттарга жооп бербейт. Мисалы, республикада эл аралык конкурстарды жана фестивалдарды өткөрүү үчүн ылайыктуу орто масштабдагы концерттик аянтчалар жок, анткени мурдагы ылайыктуу залдар менчиктештирилип, кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүнүн мекемелерине кайра профилденип кеткен. Түзүлгөн кырдаалга карабастан айрым маданият жана искусство мекемелери башкаруунун жаңы методдорун киргизүү жана кошумча ресурстарды тартуу менен активдүү өнүгүүдө. Ошондой болсо да укук колдонуу практикасынын жоктугу маданият жана искусство чөйрөсүнүн абалын мүнөздөгөн көптөгөн көрсөткүчтөрдүн анык эместигине алып келет. Маданият чөйрөсүндө улуттук да, ошондой эле жергиликтүү да деңгээлде инвестициялар жана капиталдык курулуш жөнүндө маалыматтар жок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык уюмдар жана эл аралык гуманитардык уюмдар тарабынан маданият чөйрөсүн каржылоо жөнүндө маалыматтар жок. Толук статистиканын жоктугу маданият чөйрөсүнүн абалына сапаттуу талдоо жүргүзүүгө жана чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон негиздүү түшүнүктүн мамлекеттик башкаруучуларда калыптанышына жолтоо болууда. Республиканын музейлеринде кадрлардын жана материалдык-техникалык базанын жетишсиздигинен улам реставрациялык лабораториялар жок. Материалдык эмес маданий мурастарды популярдаштыруу көйгөйү жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүл буруусун талап кылат, алар муну өз ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири кылууга тийиш. Акыркы жылдары кесиптик искусствону өнүктүрүү искусство ишмерлеринин жана Кыргызстандын кинематографисттер союзу жана Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу сыяктуу чыгармачыл союздардын күч-аракети менен жүзөгө ашып келет. Башка союздар менен өз ара аракеттенүү формалдуу деңгээлде жүрүүдө, бул маданият чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн төмөн деңгээлине алып келет. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү жаңы билим берүү программалары мектептен тышкаркы жана мектепке чейинки мекемелерде киргизилүүдө, бул билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн спектрин кеңейтет. Бирок ышкыбоздук чыгармачылык мекемелери инвентарларды жана жабдууларды сатып алууга финансылык ресурстардын жетишсиздиги, ошондой эле таланттуу балдарды аныктоо жана окутуу боюнча социалдык функциялардын аткарылбагандыгы сыяктуу көйгөйлөргө дуушар болот. Искусство таануу жана маданият таануу сыяктуу фундаменталдык жана прикладдык илимдер начар өнүгүүдө. Маданий мурастарды изилдөө жана коргоо, башкаруучулук чечимдерди методикалык колдоо, ошондой эле искусство тарыхы жана теориясы боюнча окуу китептерин жана илимий басылмаларды иштеп чыгуу менен алектенген илимий мектептер жана илимий-методикалык борборлор жок. Мындан тышкары искусство таанууда жана маданият таанууда туруктуу кыргыз терминологиясы калыптанган эмес, маданият журналистикасы жана кесиптик сындоо институту жетишсиз деңгээлде өнүккөн. Акыркы он жылдыкта турак зоналарда чарбалык иштин топтолушу байкалууда, бул социалдык өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин төмөндөтөт жана маданият мекемелерине барууну кыйындатат. Калкты искусствого жана чыгармачылыкка аралаштыруу практикаларын популярдаштыруу жана илгерилетүү жүргүзүлбөйт, бул өз кезегинде маданий иш-чараларга баруунун аз болушуна алып келет. Аудиториянын кызыкчылыктарына мониторинг жүргүзүүнүн жана анда мотивациянын жоктугу маданият мекемелери тарабынан чыгармачылык сунуштарынын өтө аз болушуна алып келет. Муну менен бирге маданий кызматташтык чөйрөсүндө эл аралык макулдашуулардын жетишсиз деңгээлде аткарылышы, ошондой эле аларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна сапаттуу талдоонун жоктугу байкалууда. Маданият чөйрөсүндө эл аралык кызматташуу, анын ичинде тажрыйба алмашуу жана эл аралык гастролдорду уюштуруу жетиштүү деңгээлде өнүкпөгөн бойдон калууда, бул Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк маданий аренада таанылуусун жогорулатууга жолтоо болууда. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү системасы жалпысынан 91 (токсон бир) билим берүү мекемесин камтыйт, анын ичинде 2 (эки) мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 1 (бир) атайын музыкалык мектеп-интернат, 78 (жетимиш сегиз) музыкалык жана көркөм балдар мектеби, ошондой эле искусство мектептери, 8 (сегиз) атайын орто окуу жайы жана 2 (эки) жогорку окуу жайы. Муну менен бирге билим берүү системасы музей кызматкерлери, реставраторлор, театр сынчылары жана арт-менеджерлер сыяктуу кадрларга болгон муктаждыктарды толук канааттандырбайт. Мындан тышкары бүтүрүүчүлөрдү маданият мекемелерине, өзгөчө региондордогу мекемелерге тартуу үчүн зарыл шарттар жок. Кинематографиялык чөйрөдө ошондой эле төмөнкүдөй көйгөйлөр байкалууда: кинотеатрларды техникалык жактан модернизациялоо жана балдар анимациясы жаатында жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо талап кылынат. Мындан тышкары ички рынокто да, ошондой эле чет өлкөлөрдө да ата мекендик фильмдерди илгерилетүү механизми жакшы өнүккөн эмес. Маданият чөйрөсүндөгү кырдаалды жакшыртуу үчүн күч-аракеттерди натыйжалуу инфраструктураны өнүктүрүүгө, жаңы стандарттарды иштеп чыгууга жана киргизүүгө, эл аралык кызматташтыкты активдештирүүгө жана жеке инвестицияларды тартууга багыттоо зарыл.
2-глава. Максаты
Программанын максаты болуп жарандардын маданий баалуулуктарга жана чыгармачылык жактан өзүн-өзү өстүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөргө жетүүсүн кеңейтүү, жарандык бирдейликти калыптандыруу жана өнүктүрүү, ошондой эле республиканын социалдык кайра түзүү жана экономикалык өнүгүү процесстерине маданияттын таасирин күчөтүү саналат. Программа аймактык маданий байланыштарды бекемдөөгө, маданий демилгелерди интеграциялоого көмөктөшүүгө жана жарандардын республиканын маданий турмушуна активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө да багытталган.
3-глава. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар боюнча милдеттерди чечүү зарыл:
1) административдик чаралар, ченемдик укуктук базаны пландоо жана өркүндөтүү;
2) Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый-маданий мурастарын сактоо, популярдаштыруу жана өнүктүрүү;
3) улуттук аң-сезимди өнүктүрүү жана жарандык иденттүүлүктү түзүү;
4) Кыргыз Республикасын дүйнөлүк маданиятка интеграциялоо, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун бекемдөө;
5) маданият чөйрөсүндөгү инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана кызмат көрсөтүүдө потенциалды жогорулатуу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде маданият чөйрөсүн өнүктүрүү.
Негизги чаралар төмөнкүлөргө багытталат:
- натыйжалуу кадр системасын киргизүү менен ыйгарым укуктуу органдын уюштуруу түзүмүн талдоо жана түзүмүн жана мекемелерин функционалдык талдоо;
- мамлекеттик социалдык заказдын алкагында театралдык оюн-зоок мекемелеринин жаңы гастролдук ишин киргизүү;
- виртуалдык экспозицияларды, ошондой эле материалдык эмес маданий мурастардын илимий экспозицияларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- улуттун маданий коду боюнча китепканалардын базасында тил, өнүктүрүү, билим берүү жана чыгармачылык окууларды жана курстарды уюштуруу;
- кол өнөрчүлүк жарманкелерин өткөрүү жана чет элдик фильмдердин түп нускаларынын версияларын мамлекеттик тилге дубляж кылуу.
Негизги милдеттер:
- иштин натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын киргизүү жолу менен ыйгарым укуктуу органдын жана анын мекемелеринин ишинин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу;
- эл аралык стандарттарга ылайык программаларды иштеп чыгуу менен маданият жана искусство чөйрөсүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн республикалык методикалык борборду ачуу;
- жаңы авторлорду колдоого жана кыргыз драматургдарынын чыгармаларын коюуга басым жасоо менен ата мекендик драматургияны өнүктүрүү;
- ишти оптималдаштыруу жана ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы технологияларды киргизүү менен китепканаларды башкаруу системасын өркүндөтүү;
- экспозициялык жана маалыматтык системаларды жаңылоо аркылуу музейлерди башкаруу системасын өркүндөтүү, ошондой эле эл аралык музейлер менен өз ара аракеттенүүнү чыңдоо;
- кинематографисттердин жана студиялардын колдоосу менен эл аралык стандарттарга ылайык сапаттуу фильмдерди чыгаруу үчүн техникалык жана инфраструктуралык шарттарды түзүү;
- кинотеатрлар тармагын модернизациялоо жана көрсөтүүнүн жаңы форматтарын киргизүү аркылуу калкты кино менен тейлөөнүн сапатын жакшыртуу;
- улуттук кол өнөрчүлүктү сактоо жана популярдаштыруу максатында кол өнөрчүлүккө окутуу системасын салтка ылайык өркүндөтүү жана окуу программаларын модернизациялоо;
- тарыхый-маданий долбоорлорду түзүү жана колдоо аркылуу Кыргыз Республикасынын элинин тарыхый эс тутумун сактоо;
- эл аралык маданий иш-чараларга катышуу жана эки тараптуу макулдашууларды түзүү аркылуу эл аралык байланыштарды чыңдоо жана өнүктүрүү.
4-глава. Күтүлүүчү натыйжалар
Программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө төмөнкүдөй натыйжаларга жетишилет:
- аппараттын натыйжалуу түзүмү түзүлдү, ошондой эле кызматкерлердин функционалдык милдеттери белгиленген критерийлерге толугу менен ылайык келет;
- кадрдык менеджментке заманбап мамилелер киргизилди, адам жана эмгек ресурстарын рационалдуу бөлүштүрүү камсыз кылынды;
- республиканын аймагында маданият мекемелеринин жана 7 (жети) китепкананын иши оптималдаштырылды. Бул оптималдаштыруунун алкагында иштеп жаткан китепканалардын негизинде 7 (жети) моделдик китепкана түзүлөт:
1) К.Баялинов атындагы балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепкана;
2) Чүй облустук китепканасы;
3) А.Токтогулов атындагы Талас облустук китепканасы;
4) Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасы;
5) Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Кулжа райондук китепканасы;
6) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун М.Элебаев атындагы Түп райондук китепканасы;
7) Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук китепканасы;
- өсүп келе жаткан муунду руханий-адеп-ахлактык жана дене-бою жагынан тарбиялоого багытталган оюнду ишке ашыруу үчүн мобилдик тиркеме жана веб-сайт иштелип чыкты;
- улуттук маданиятты, иденттүүлүктү жана каада-салттарды сактоо боюнча социалдык-маданий институттардын иши жакшыртылды;
- музей фонддорунун юридикалык жана физикалык сакталышы камсыз кылынды;
- мамлекеттик социалдык заказдын инструментарийи музейлердин фонддорун комплекттөө максаттарына ылайыкташтырылды;
- музей баалуулуктарын сактоо жана экспонаттоо үчүн зарыл шарттар түзүлдү;
- кол өнөрчүлөр чыгарган буюмдардын сапаты жогорулады;
- театралдык оюн-зоок маданият мекемелеринин продукцияларынын сапаты жакшыртылды;
- жаңы драматургиялык чыгармаларды жана театралдык спектаклдерди жаратуу боюнча конкурстар өткөрүлдү;
- жарандардын цирк өнөрүнө болгон кызыгуусу жогорулады;
- мыкты оркестрдик топтор аныкталды;
- калкка кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырды.
4.1. Программаны ишке ашыруунун этаптары
Программаны ишке ашыруу маданият жана искусство чөйрөсүндөгү саясатты жарандардын реалдуу муктаждыктарына багыттоого мүмкүндүк берет. Программа артыкчылыктуу багыттар боюнча милдеттерди жана чараларды, ошондой эле күтүлгөн натыйжаларды жана жооптуу аткаруучуларды камтыган иш-чаралар планын аткаруу аркылуу этап-этабы менен ишке ашырылат. Программаны ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт, бул Программаны бардык деңгээлдерде координациялоону, контролдоону жана аткарууну камсыз кылат.
5-глава. Мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана коркунучтар
Маданият жана искусство жаатындагы Программаны ишке ашырууда орчундуу тобокелчиликтер келип чыгышы мүмкүн. Экономикалык төмөндөө жана бюджеттин тартыштыгы каржылоонун кыскарышына алып келиши мүмкүн, бул пландалган иш-чараларды аткарууну кыйындатат. Коомдун саясий туруксуздугу жана радикалдашуусу артыкчылыктуу багыттарды өзгөртүп, Программаны мамлекеттик колдоону төмөндөтүшү мүмкүн. Квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги, кызыкдар тараптардын начар координациясы жана социалдык теңсиздик ишке ашыруу процессин жайлатышы мүмкүн. Мындан тышкары, табигый кырсыктар же глобалдык өзгөчө кырдаалдар сыяктуу тышкы кризистер пландарды бузуп, терс таасирлерди азайтуу үчүн ыкчам жооп кайтарууну талап кылышы мүмкүн.
6-глава. Мониторинг жана баалоо
Программаны ийгиликтүү аткаруу үчүн анын ишке ашырылышына кылдат мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону камсыз кылуу зарыл. Программада баяндалган негизги этаптар жана механизмдер милдеттерди жана күтүлүп жаткан натыйжаларды аныктаган иш-аракеттердин конкреттүү пландары аркылуу ишке ашырылат. Бул пландар белгиленген мөөнөттө дайындалган аткаруучулар тарабынан иштелип чыгат жана ишке ашырылат. Программанын аткарылышына дайыма мониторинг жүргүзүү жана контролдоо аны ишке ашыруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат, бул белгиленген максаттардан жана милдеттерден четтөөлөрдү өз убагында аныктоого, ошондой эле иш-аракеттер планына зарыл түзөтүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет. Мындай ыкма Программанын ийкемдүүлүгүн жана ыңгайлуулугун камсыз кылып, өзгөрүүлөргө ыкчам жооп берүүгө жана анын натыйжалуулугун сактоого мүмкүндүк берет. Иш-аракеттер пландарын каржылоо республикалык бюджеттен ар бир жылга каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт. Мындан тышкары эл аралык өнөктөш уюмдардын каражаттарын кошо алганда, мыйзамдуу булактардан кошумча финансылык ресурстарды тартууга болот. Программанын натыйжалуу аткарылышы көбүнчө пландалган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу каржылоодон көз каранды.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 15 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (15)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери…Постановление · 10.06.2025 · № 328
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы ПЖ № 193 "Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2023 · № 193
- КР 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 01.08.2022 · № 266
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 179 "Кыргыз мамлекеттик "Манас" театры" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.09.2021 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги ПЖ N 126 "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек"…Указ · 22.04.2022 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ № 303 "2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу"…Указ · 30.08.2022 · № 303
- КР Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы ПЖ № 313 "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу" жарлыгыУказ · 24.07.2021 · № 313
- КР Президентинин 2022-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 43 "Кыргыз мамлекеттик "Манас" театрына "улуттук" деген статусту ыйгаруу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.02.2022 · № 43
- КР Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ № 159 "Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары…Указ · 20.05.2022 · № 159
- КР Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ № 157 "Улуттук нарк жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.05.2022 · № 157
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ N 412 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну…Указ · 28.12.2022 · № 412
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 128 "2026-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү…Постановление · 23.02.2026 · № 128
- Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндөЗакон · 08.02.2022 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-марты ПЖ № 96 "Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине "улуттук" деген…Указ · 22.03.2025 · № 96