Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине «улуттук» деген статусту ыйгаруу жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 22-марты ПЖ № 96
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине "улуттук" деген статусту ыйгаруу жөнүндө
Маданият жана искусство жаатындагы жогорку кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине "улуттук" деген статус ыйгарылсын жана мындан ары "Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университети" деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин…Постановление · 24.05.2011 · № 239
- 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ КиришүүПрограмма · 23.02.2026 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 317 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маданият…Постановление · 04.06.2025 · № 317
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин от 20 ноября 2024 года № 702 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики и Кабинета Министров…Постановление · 20.11.2024 · № 702
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021