Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-июну № 304 Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 593, 2026-жылдын 12-февралындагы № 89 токтомунун редакциясына ылайык)
Жарандарга жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестри (мындан ары – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин жетекчилери Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн учурда жеке жоопкерчилик тартат;
2) акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуудан кийин белгиленген тартипте бекитилет.
Акы төлөнүүчү негиздеги билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык түзүлөт жана бекитилет;
3) бланктык продукциялардын, документтерди тираждоонун, сатылуучу маалымат материалдарынын наркы иш жүзүндөгү чыгымдарга жараша наркты көбөйүү жагына сомго чейин тегеректөө менен белгиленет;
4) ушул токтом төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
– мамлекеттик ишканаларга;
– өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын мекемелерине (ишканаларына);
–.жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган, менчигинин түрү мамлекеттик болгон юридикалык жактарга; –.театралдык оюн-зоок мекемелерине жана музей коллекцияларын көрсөтүүгө;
- өзгөчө статуска ээ болгон башталгыч кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарына;
–.жүктөлгөн функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырууда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалардын бири-бири менен өз ара аракеттенүүсүнө. Бул өз ара аракеттенүүнүн алкагында кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.
5) маалымат берүү жөнүндө суроо-талаптар боюнча документтердин жана материалдардын же алардын бөлүктөрүн он беш барактан ашкан коломдо көчүрмөлөө кызматы үчүн акы төлөөдөн жарандардын төмөнкү категориялары бошотулат:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар; ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар үй-бүлөлөр;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, Ленинград блокадачылары, концлагерлердин мурдагы туткундары; Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепеттерин жоюунун натыйжасында майып болгон катышуучулар жана адамдар;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөр; толук эмес үй-бүлөлөр; белгилүү жашаган жери жок адамдар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 593, 2026-жылдын 12-февралындагы № 89 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдери 2-тиркемеге ылайык күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери:
1) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин жетекчиликке алсын;
2) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине кирбеген акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө жол бербесин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 14-июнундагы № 45 (3598) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин күчүн жоготту деп таанылган айрым чечимдеринин тизмеги
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 179 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун тиркемесинин 26-пункту.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-августундагы № 468 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-февралындагы № 80 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 “Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун 2-пункту.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-майындагы № 259 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 655 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 160 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун 1-пункту.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-августундагы № 430 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 20 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 63 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому.
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы № 258 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 279 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 406 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 639 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 769 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 177 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 552 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-июлундагы № 372 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги жана уруксат берүүчү документтердин реестри маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2, 3-пункттары.
23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 559 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 318 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-июлундагы № 406 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 496 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3, 4-пункттары.
27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 15 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
28. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 125 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 1, 2-пункттары.
29. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-ноябрындагы № 239 “Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
30. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту.
31. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 194 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
32. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 215 “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
33. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 289 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
34. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 520 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
35. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 674 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
36. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 “Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту.
37. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 229 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
38. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-июлундагы № 345 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
39. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 438 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
40. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 459 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
41. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 558 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
42. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 45 “Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 3-пункту.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 46 · цитата келтиргендер: 116 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (116)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын 2025-жылдын 12-декабрындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана ведомстволук мекемелери тарабынан…Приказ · 12.12.2025 · № 305
- Калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары (Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2024-жылдын 19 сентябрындагы № 5-д буйругу…Стандарт · 19.09.2024 · № 5-д
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматы тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттары…Стандарт · 04.03.2025 · № 1-д
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 12-февралы № 01-13-24 "Кыргыз Республикасынын Министрлер…Приказ · 12.02.2026 · № 01-13-24
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Министрлигинин 2025-жылдын 12-майындагы № 478 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын…Приказ · 12.05.2025 · № 478
- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана иновациялар министрлигинин 2026-жылдын 4-марты № 131 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы…Постановление · 04.03.2026 · № 131
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат…Стандарт · 29.01.2024 · № 2-Д
- Министрликке караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын стандартынын (Кыргыз Республикасынын Суу…Приложение · 08.07.2026 · № 05/2-17/184
- Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү "Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоочу номердик белгилерди берүү менен автомототранспорт…Стандарт · 30.10.2024 · № 118
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берүү жаатында көрсөтүлүүчү…Приказ · 07.11.2025 · № 1
- Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү "Тракторист-машинисттин квалификациялык экзамендерин алуу" мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн (Кыргыз…Стандарт · 30.10.2024 · № 118
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябры № 544 "2029-жылга чейин Кыргыз Республикасында жашыл экономиканы өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 01.09.2025 · № 544
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 86
- Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү "Транспорт каражаттарын ээликтен ажыратууга чектөөлөрдү коюу (камакка алуу, күрөөгө коюу)" мамлекеттик…Стандарт · 30.10.2024 · № 118
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 334 "Дарыгердин жолдомосу боюнча майыптуулук тобу жок муктаж болгон…Приказ · 12.12.2025 · № 334
- Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү "Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочунун күбөлүгүн берүү" мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн (Кыргыз…Стандарт · 30.10.2024 · № 118
- Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү "Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоочу номердик белгилерди берүү менен тракторлорго, трактордун…Стандарт · 30.10.2024 · № 118
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 23-октябры № 291 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…Приказ · 23.10.2025 · № 291
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 "Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 144
- Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү "Өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүү" мамлекеттик…Стандарт · 30.10.2024 · № 118
116 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (46)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 86 "Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.02.2022 · № 86
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөЗакон · 17.07.2014 · № 139
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 144 "Геологиялык маалымат ресурстарын пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 144
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2013 · № 395
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 "Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 16.12.2022 · № 685
- Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 12-августундагы № 125 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары маселелери боюнча Кыргыз…Постановление · 12.08.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 45 "Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 05.02.2024 · № 45
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.04.2016 · № 191
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-июлундагы № 372 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги жана уруксат берүүчү документтердин реестри маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.07.2019 · № 372
- Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-январындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.01.2017 · № 20
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 26.03.2015 · № 160
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 10 июля 2023 года № 345 "О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении…Постановление · 10.07.2023 · № 345
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-августу № 468 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана…Постановление · 27.08.2013 · № 468
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 194 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары…Постановление · 08.04.2022 · № 194 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 406 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 406 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 215 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары…Постановление · 14.04.2022 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 496 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо…Постановление · 22.09.2020 · № 496 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 2-ноябрындагы № 239 "Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 02.11.2021 · № 239 · Күчүн жоготкон
46 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 05/2-17/28 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл…Приказ · 04.02.2026 · № 05/2-17/28
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо Министрлигинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 219 "Адам каза болгон учурду аныктоонун, реанимациялык иш-чараларды токтотуунун критерийлери…Приказ · 27.02.2026 · № 219