Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ N 126 «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - „Манас“ эпосунун үчилтигин („Манас“, „Семетей“, „Сейтек“ эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 22-апрели ПЖ № 126 Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ("Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө (КР Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы ПЖ № 330, 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 86 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасында соңку жылдары улуттук маданиятты мындан ары өнүктүрүүгө, материалдык жана материалдык эмес маданий мурасты сактоого жана пропагандалоого, элдик оозеки чыгармачылыкты жана элдик искусствону андан ары популярдаштырууга, өлкөбүздү дүйнөлүк маданий мейкиндикке жигердүү интеграциялоону камсыз кылууга, ошондой эле маданият жана искусство чөйрөсүн инновациялык өнүктүрүүгө багытталган системалуу чаралар ишке ашырылды. Кыргыз эли көчмөн цивилизация доорундагы поэтикалык-аткаруучулук маданиятты: эпосторду айтуучулардын, манасчылардын, жомокчулардын, дастанчылардын, санжырачылардын, төкмө-акындардын өнөрүн өзүнө камтыган элдик оозеки чыгармачылыктын кайталангыс мурасына ээ. Алардын чеберчилигинин аркасы менен ири жана чакан эпостордо кыргыз элинин тарыхындагы жана турмушундагы окуялар жана маалыматтар көркөм-поэтикалык түрдө чагылдырылган. Кыргыздардын баа жеткис руханий мурасынын асыл берметтеринин бири болуп жарым миллиондон ашык ыр сабынан турган жана дүйнөдөгү эпостордон көлөмү боюнча ашып түшкөн "Манас" баатырдык эпосунун үчилтиги эсептелет. "Манас" эпосунун үчилтиги - кыргыздардын эки миң жылдан ашык тарыхый тажрыйбасы жана руханий жашоосу чагылдырылган элдик оозеки чыгармачылыктын алтын казынасы. Азыркы мезгилде "Манас" эпосу кыргыз элин бириктирүүчү иденттүүлүктүн жана эгемендиктин идеологиялык фактору катары барган сайын кыйла зор мааниге ээ болууда. 1995-жылы Эпостун миң жылдыгын өткөрүү, Ала-Тоо борбордук аянтында Манастын эстелигин орнотуу жана 2011-жылдын 28-июнунда "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу элдин идеялык биригүүсүн айгинелеп турат. 2012-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасын бекиткен. Улуттук программанын максаты болуп салттуу руханий, адеп-ахлактык, жалпы адамзаттык баалуулуктарды калыбына келтирүү, материалдык эмес маданиятты, элдик оозеки чыгармачылыкты системалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү эсептелет. Программа стратегиялык максаттарга жетишүүгө - кыргыз элинин маданиятын жана тилин сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган. Азыркы мезгилде мамлекеттик органдардын актуалдуу милдеттери болуп "Манас" эпосунун үчилтигин сактоо, ар тараптуу изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чараларды көрүү эсептелет. Бүгүнкү күндө ири жана чакан эпосторду, кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын сактоо, изилдөө жана популярдаштыруу, бул чөйрөгө заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү, билим берүү мекемелеринде материалдык эмес маданий мурасты окутуу жана шыктуу жаш чыгармачыл ишмерлерди издөө жана колдоо, билим берүү мекемелерин окуу китептери, окутуу-методикалык адабият менен камсыз кылуу үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча концепциянын бүтүн системасы жок. Жаш муундарды руханий тарбиялоодо жана кыргыз элинин биримдигин чыңдоодо "Манас" эпосунун үчилтигинин өчпөс маанисин эске алып, ири жана чакан эпостордун гуманисттик идеяларын кеңири пропагандалоо, ошондой эле элдик оозеки чыгармачылыкты жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарын коргоону, жайылтууну жана изилдөөнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Көчмөндөр цивилизациясынын өзгөчө кайталангыс салттарын сактап калган элдин - кыргыздардын материалдык эмес маданий мурастарын сактоо, мындан ары изилдөө жана популярдаштыруу, Кыргыз Республикасынын элинин руханий кайра жаралуусуна жана мындан аркы маданий өнүгүүсүнө, ата-бабалардын калган мураска аяр мамиле кылууга жана муундардын уланмалуулугуна, улуттук өзгөчөлүктөрдү жана өзүн өзү таанууну, тарыхый каада-салттарды сактоого багытталган шарттарды түзүүнү камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын стратегиялык милдеттери деп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө:
- "Манас" эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча концепцияны жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- "Манас - улут биримдиги жана ынтымагы" маалымат өнөктүгүнүн концепциясын жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- (КР Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 86 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- улуттук мурастардын объекттеринин тизмесин тактасын жана аны илимий, тарыхый жана академиялык баалоону жүргүзсүн;
- улуттук мурастарды коргоо бөлүгүндө "Манас" эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизсин;
- аталган иш-чараларды финансылык камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- жалпыга маалымдоо каражаттарында илим чөйрөсүнүн, коомдук институттардын өкүлдөрүн тартуу менен аталган иш-чараларды кеңири чагылдырууну жүргүзсүн.
(КР Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 86 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. (КР Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 86 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 29-апрелиндеги № 40-41 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (10)
- КР Президентинин 2022-жылдын 27 апрелиндеги №64 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 Жарлыгын ишке ашыруу максатында иш-чаралар планын иштеп…Распоряжение · 27.04.2022 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-сентябрынан 2024-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (Кыргыз Республикасынын…План · 04.09.2023 · № 513-р
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПТ № 232 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 07.12.2022 · № РП №232
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 65 "Манас" эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча жана "Манас" - улут биримдиги жана ынтымагы"…Постановление · 10.02.2023 · № 65
- "Манас" эпосун изилдөө жана популярдаштыруу боюнча концепциясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 65 токтомуна)Концепция · 10.02.2023 · № 65
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы ПЖ № 330 "Манас" эпосунун үчилтигин жана Ч.Т.Айтматовдун чыгармачылык мурасын ар тараптан иликтөө жана изилдөө…Указ · 28.09.2022 · № 330
- "Манас" - улут биримдиги жана ынтымагы" маалымат өнөктүгүнүн Концепциясы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 65 токтомуна)Концепция · 10.02.2023 · № 65
- 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ КиришүүПрограмма · 23.02.2026 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрели ПЖ № 86 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы…Указ · 03.04.2023 · № 86
- Манас” эпосу жөнүндөЗакон · 11.02.2025
Шилтеме берет (4)
- МанасЗакон · 28.06.2011 · № 59
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрели ПЖ № 86 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы…Указ · 03.04.2023 · № 86
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Бүргөндү айылдык кеңешинин 2023-жылдын 11-майындагы № 12 "Бүргөндү айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Г. Шадыканованын кайрылуусун кароо жөнүндө" токтомуПостановление · 11.05.2023 · № 12
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 513-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын…Распоряжение · 04.09.2023 · № 513-р · Күчүн жоготкон