Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 159 «Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 20-майы ПЖ № 159 Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Улуттук киноискусствону мындан ары өнүктүрүү жана улуттук кинематографияны жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, бул тармакты мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү, дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде өлкөдө киноөндүрүшүнүн натыйжалуу механизмдерин киргизүү, ошондой эле киноиндустриянын заманбап инфратүзүмүн түзүү максатында, өсүп келе жаткан муунду руханий жана адеп-ахлактык тарбиялоодо киноискусствонун маанисин эске алып, токтом кылам:
1. Улуттук кинематографияны колдоо маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын маанилүү милдеттеринин бири деп таанылсын.
2. Улуттук кинематографияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
- улуттук кинофильмдерди, сериалдарды, анимациялык фильмдерди өндүрүүнү финансылык камсыз кылуу;
- рыноктук принциптердин негизинде улуттук кинематографияны мамлекеттик колдоо системасын өркүндөтүү, өлкөгө чет өлкөлүк кинокомпанияларды тартуу жана биргелешкен кинофильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди өндүрүүнү өнүктүрүү;
- экономиканын өзүнчө тармагы катары киноиндустрияны өнүктүрүү, заманбап жана жогорку технологиялык материалдык-техникалык базасы бар инфратүзүмдү түзүү;
- төмөнкүлөрдү түзүү:
кинематография чөйрөсүнүн кадрларын даярдоонун, чыгармачыл ишмерлердин жана техникалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун натыйжалуу системасын; улуттук кинематографияны дүйнөлүк кинопроцесстерге интеграциялоо, кинопрокат системасын өнүктүрүү жана улуттук фильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди дүйнөлүк кинорынокто илгерилетүү үчүн шарттарды.
3. Кинематография чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн төмөнкүлөр боюнча сунуштары колдоого алынсын:
- 2023-жылдан баштап ар жылдык негизде Бишкек эл аралык кинофестивалын уюштуруу жана өткөрүү;
- жогорку билим берүү мекемелеринде "Кинематография" багыты боюнча окуп жаткан студенттерди колдоо максатында мамлекеттик стипендияны уюштуруу;
- өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун көтөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин түзүмүндө кинокомиссиянын иштөөсү;
- өнүккөн киноиндустриясы бар өлкөлөрдүн кинематографисттери менен тажрыйба алмашуу жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, даярдоо, окутуу;
- кинематография чөйрөсүн динамикалуу өнүктүрүү үчүн жагымдуу экономикалык шарттарды түзүү.
4. Төмөнкүлөрдү түзүү максатка ылайыктуу деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик мекемесин (мындан ары - "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик мекемеси);
- Кино фондун.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги төмөнкүлөрдү даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсин:
- бир айлык мөөнөттө:
Кино фонду жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин алдындагы "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жоболордун долбоорлорун; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашылган "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик мекемесинин жана Кино фондунун түзүмүнүн, штаттык санынын жана кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарынын долбоорлорун;
- эки айлык мөөнөттө эл аралык стандарттарга ылайык мамлекеттик кинематография мекемелеринин материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча сунуштарды;
- үч айлык мөөнөттө:
каржылоонун кошумча булактарын аныктоо менен улуттук кинофильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди өндүрүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун; "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык улуттук кинофильмдерди, сериалдарды жана анимациялык фильмдерди өндүрүү тартибин; улуттук кинематографияны дүйнөлүк кинопроцесстерге интеграциялоону эске алуу менен ченемдик укуктук актыларды актуалдаштыруу боюнча сунуштарды.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик мекемесин каржылоону 2023-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттен карасын;
- "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын каржылоо бөлүгүндө толук көлөмдө аткарууну камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө:
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук, финансылык жана башка маселелерди чечсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы ушул Жарлыктан келип чыгуучу улуттук кинематографиянын, анын ичинде "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси" мамлекеттик мекемесинин жана Кино фондунун уюштуруучулук, материалдык-техникалык жана башка камсыздоо маселелерин белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө чечсин.
9. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы N 491 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы N 159 "Улуттук киноиндустрияны…Постановление · 09.09.2022 · № 491
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы ПТ № 232 "Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 07.12.2022 · № РП №232
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрели № 290 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2026 · № 290
- 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ КиришүүПрограмма · 23.02.2026 · № 128
- КР Министрлер Кабинетинин 25.04.2026-ж., № 290 токтомуПостановление · 25.04.2026 · № 290
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндөЗакон · 02.10.2001 · № 86