Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР ПЖ № 266 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 1-августу ПЖ № 266 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(КР Президентинин 2022-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 401, 2023-жылдын 6-апрелиндеги ПЖ № 88, 2023-жылдын 24-апрелиндеги ПЖ № 109, 2023-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 163, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 50, 2024-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 190 , 2026-жылдын 31-январындагы № 25, 2026-жылдын 5-февралындагы № 29, 2026-жылдын 28-августундагы № 303 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү, ошондой эле алардын эмгегине дем берүү максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына атайын класстык чен жана класстык чен үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү 4-тиркемеге ылайык.
(КР Президентинин 2023-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 163 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк жана кошумча төлөм;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн кызматтык маяналарга пайыздык үстөк;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте окумуштуулук даражасы үчүн үстөк;
4) иштин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесиптик демилге көтөргөндүгү жана ченемге салынбаган иш режими үчүн кызматтык маянага 50 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк;
5) өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
6) (КР Президентинин 2022-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 401 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
7) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.
(КР Президентинин 2022-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 401, 2023-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 163, 2024-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 190, 2026-жылдын 28-августундагы № 303 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
31. Төмөнкүлөргө 15000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын мамлекеттик жарандык кызматчыларына;
2) айрым контролдоо-өткөрүү пункттарында кызматтык ишти жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынан, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинен, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынан, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынан тышкары, мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик жарандык кызматчыларына;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларына.
Президенттик компенсациялык төлөм өргүүлөрдү, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегендиги үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн бир штаттык бирдиктен (бир ставкадан) ашык эмес төлөнөт. (КР Президентинин 2026-жылдын 28-августундагы № 303 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Жергиликтүү бюджеттин мүмкүндүктөрү болгон учурда, республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган, жергиликтүү кеңештер .тарабынан бекитилген үстөктөрдү белгилеши мүмкүн.
Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шаардык кеңештин чечими менен муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттен кызматтык маянага 100 пайызга чейинки өлчөмдө үстөктү белгилейт. (КР Президентинин 2023-жылдын 24-апрелиндеги ПЖ № 109 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жарлыкты эске алуу менен жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каралган үстөктөрдү жана төлөмдөрдү карап чыксын.
6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчылары жана муниципалдык кызматчылары үчүн өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны жана бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөктөрдү эсептөөдө эске алынбаган жана иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнүүчү (иш сапар, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алыш күндөрүндө иштеген күндөр алып салынат) төмөнкүдөй компенсациялык суммалар белгиленсин:
1) кызматтык же нөөмөттүк автомобиль бекитилип берилген мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды кошпогондо, транспорттук чыгымдар үчүн айына 2000 сом өлчөмүндө;
2) тамактануу үчүн айына 5000 сом өлчөмүндө.
(КР Президентинин 2023-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 163 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу, анын ичинде "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.
8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык 2022-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикти кошпогондо, бул Жарлык 2022-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров | |
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ (КР Президентинин 2026-жылдын 28-августундагы № 303 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
| № | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
| I. Мамлекеттик жарандык кызматчылар | ||
| 1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду | ||
| 1 | Мамлекеттик органдын жетекчиси | 8,00 |
| 2 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басары | 7,45 |
| 3 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары | 7,40 |
| 4 | Мамлекеттик органдын аппарат жетекчиси | 6,90 |
| 5 | Башкармалыктын начальниги | 6,70 |
| 6 | Бөлүмдүн башчысы | 6,50 |
| 7 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин кеңешчиси | 6,15 |
| 8 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы, басма сөз-катчы | 6,00 |
| 9 | Сектордун башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 5,65 |
| 10 | Башкы инспектор, башкы адис, мамлекеттик органдын жетекчисинин жардамчысы | 5,20 |
| 11 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 4,95 |
| 12 | Инспектор, адис | 4,70 |
| 2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволор, улуттук комиссиялар, мамлекеттик комиссиялар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары | ||
| 1 | Мамлекеттик органдын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү | 6,60 |
| 2 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары | 6,45 |
| 3 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары | 6,40 |
| 4 | Мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси | 5,95 |
| 5 | Башкармалыктын начальниги, борбордун жетекчиси | 5,65 |
| 6 | Бөлүмдүн башчысы | 5,50 |
| 7 | Жооптуу катчы, борбордун жетекчисинин орун басары, мамлекеттик органдын жетекчисинин кеңешчиси | 5,20 |
| 8 | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы, башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы, басма сөз-катчы | 5,10 |
| 9 | Сектордун башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 4,80 |
| 10 | Эксперт | 4,60 |
| 11 | Башкы инспектор, башкы адис, мамлекеттик органдын жетекчисинин жардамчысы | 4,45 |
| 12 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 4,20 |
| 13 | Инспектор, адис | 3,95 |
| 3. Мамлекеттик органдардын агенттиктер, кызматтар, инспекциялар жана фонддор түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия | ||
| 1 | Агенттик, кызмат, инспекция жана фонд түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси | 4,70 |
| 2 | Агенттик, кызмат, инспекция жана фонд түрүндө түзүлгөн ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары | 4,42 |
| 3 | Башкармалыктын начальниги | 4,13 |
| 4 | Бөлүмдүн башчысы, башкы илимий катчы | 4,03 |
| 5 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы | 3,84 |
| 6 | Сектордун башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,74 |
| 7 | Башкы инспектор, башкы адис | 3,55 |
| 8 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 3,26 |
| 9 | Инспектор, адис | 2,98 |
| 4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомстволордун, улуттук комиссиялардын, комиссиялардын жана министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин ведомстволук департаменттери жана борборлору түрүндөгү мамлекеттик органдардын ведомстволук мекемелери | ||
| 1 | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчиси | 4,48 |
| 2 | Ведомстволук бөлүмдүн жетекчисинин орун басары | 4,21 |
| 3 | Башкармалыктын начальниги | 4,05 |
| 4 | Бөлүмдүн башчысы | 3,83 |
| 5 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы | 3,66 |
| 6 | Сектордун башчысы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,57 |
| 7 | Башкы инспектор, башкы адис | 3,39 |
| 8 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 3,11 |
| 9 | Инспектор, адис | 2,84 |
| 5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мамлекеттик органдардын региондор аралык, облустук жана шаардык (Бишкек ш. жана Ош ш.) түзүмдөрү | ||
| 1 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - аким | 4,52 |
| 2 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары - акимдин орун басары | 4,26 |
| 3 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын жетекчиси, региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыктарынын, инспекциянын, бөлүмдүн, өкүлчүлүктүн жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси | 4,00 |
| 4 | Региондор аралык, региондук (облустук), Бишкек, Ош шаардык башкармалыктарынын, инспекциянын, бөлүмдүн, өкүлчүлүктүн жетекчисинин орун басары | 3,74 |
| 5 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын бөлүм башчысы | 3,65 |
| 6 | Бөлүмдүн башчысы | 3,48 |
| 7 | Сектордун башчысы, бөлүмдөгү сектордун башчысы, улук мамлекеттик нотариус, кеңешчи, биринчи катчы, экинчи катчы | 3,39 |
| 8 | Башкы инспектор, башкы адис, мамлекеттик нотариус, дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, вице-консул, үчүнчү катчы | 3,22 |
| 9 | Улук инспектор, жетектөөчү адис, атташе | 2,96 |
| 10 | Инспектор, адис | 2,70 |
| 6. Мамлекеттик органдардын райондук жана шаардык (облустук маанидеги шаардын) түзүмдөрү | ||
| 1 | Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, мамлекеттик органдардын бөлүмүнүн жетекчиси | 4,00 |
| 2 | Райондук, шаардык башкармалыктын, инспекциянын, мамлекеттик органдардын бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары | 3,46 |
| 3 | Бөлүмдүн башчысы | 3,22 |
| 4 | Сектордун башчысы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,18 |
| 5 | Башкы инспектор, башкы адис, мамлекеттик нотариус | 3,05 |
| 6 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 2,81 |
| 7 | Инспектор, адис | 2,56 |
| II. Муниципалдык кызматчылар | ||
| 1. Республикалык маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери | ||
| 1 | Республикалык маанидеги шаардын мэри, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | 6,60 |
| 2 | Мэрдин биринчи орун басары | 6,45 |
| 3 | Мэрдин орун басары, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасынын орун басары, республикалык маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы (ар бир жергиликтүү кеңеште туруктуу комиссиялардын экиден көп эмес төрагалары) | 6,40 |
| 4 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын, жергиликтүү кеңешинин аппаратынын жетекчиси | 5,95 |
| 5 | Башкармалыктын начальниги | 5,65 |
| 6 | Бөлүмдүн башчысы | 5,50 |
| 7 | Республикалык маанидеги шаардын мэринин кеңешчиси | 5,20 |
| 8 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы | 5,10 |
| 9 | Сектордун башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы, коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу | 4,80 |
| 10 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын басма сөз-катчысы | 4,60 |
| 11 | Башкы адис, башкы инспектор, республикалык маанидеги шаардын мэринин жардамчысы | 4,45 |
| 12 | Жетектөөчү адис, улук инспектор | 4,20 |
| 13 | Адис, инспектор | 3,95 |
| 2. Облустук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери, республикалык маанидеги шаарлардын мэриясынын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү | ||
| 1 | Облустук маанидеги шаардын мэри, облустук маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы | 4,52 |
| 2 | Республикалык маанидеги шаардын административдик районунун башчысы | 4,26 |
| 3 | Облустук маанидеги шаардын мэринин орун басары, республикалык маанидеги шаардын административдик районунун башчысынын орун басары | 4,05 |
| 4 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси, муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчиси (мэриянын түзүмүндө) | 4,03 |
| 5 | Республикалык маанидеги шаардын муниципалдык администрациясынын аппаратынын жетекчиси, облустук маанидеги шаардын мэриясынын аппаратынын жетекчиси, шаардык кеңештин жооптуу катчысы | 4,02 |
| 6 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчисинин орун басары (мэриянын түзүмүндө) | 3,65 |
| 7 | Бөлүмдүн башчысы | 3,48 |
| 8 | Сектордун башчысы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,39 |
| 9 | Башкы инспектор, башкы адис | 3,22 |
| 10 | Улук инспектор, жетектөөчү адис | 2,96 |
| 11 | Инспектор, адис | 2,70 |
| 3. Облустук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары, республикалык маанидеги шаардын мэриясынын бөлүмдөрүнүн аймактык түзүмдөрү | ||
| 1 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын аймактык, ведомстволук бөлүмүнүн аймактык түзүмүнүн жетекчиси, облустук маанидеги шаардын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси | 4,00 |
| 2 | Республикалык маанидеги шаардын мэриясынын аймактык, ведомстволук бөлүмүнүн аймактык түзүмүнүн жетекчисинин орун басары | 3,30 |
| 3 | Бөлүмдүн башчысы | 3,22 |
| 4 | Сектордун башчысы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 3,18 |
| 5 | Башкы адис | 3,05 |
| 6 | Жетектөөчү адис | 2,81 |
| 7 | Адис | 2,56 |
| 4. Райондук маанидеги шаарлардын мэриялары жана кеңештери | ||
| 1 | Райондук маанидеги шаардын мэри, райондук маанидеги шаардын жергиликтүү кеңешинин төрагасы (калкынын саны 20001 адам жана андан жогору болсо) | 3,67 |
| 2 | Райондук маанидеги шаардын вице-мэри | 3,44 |
| 3 | Райондук маанидеги шаардын мэриясынын аппаратынын жетекчиси, шаардык кеңештин жооптуу катчысы | 3,22 |
| 4 | Бөлүмдүн башчысы | 2,99 |
| 5 | Сектордун башчысы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 2,92 |
| 6 | Башкы адис | 2,76 |
| 7 | Жетектөөчү адис | 2,55 |
| 8 | Адис | 2,32 |
| 5. Айыл өкмөтү, райондук маанидеги шаарлардын шаардык кызматтары | ||
| 1 | Айыл өкмөтүнүн башчысы (калктын саны 10000 адам жана андан жогору болсо), айылдык кеңештин төрагасы (калктын саны 20001 адам жана андан жогору болсо) | 3,31 |
| 2 | Айыл өкмөтүнүн башчысы (калктын саны 10000 адамга чейин болсо) | 3,23 |
| 3 | Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары | 3,11 |
| 4 | Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы (калктын саны 6001 адам жана андан жогору болсо), райондук маанидеги шаардын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси | 2,91 |
| 5 | Бөлүмдүн башчысы | 2,70 |
| 6 | Сектордун башчысы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 2,64 |
| 7 | Башкы адис | 2,50 |
| 8 | Жетектөөчү адис, староста | 2,30 |
| 9 | Адис, инспектор | 2,10 |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ (КР Президентинин 2026-жылдын 28-августундагы № 303 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
| № | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
| 1 | Мамлекеттик органдын жетекчиси | 6,60 |
| 2 | Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары | 6,40 |
| 3 | Башкармалыктын начальниги | 6,30 |
| 4 | Бөлүмдүн башчысы | 6,15 |
| 5 | Башкармалыктагы бөлүмдүн башчысы, басма сөз-катчысы | 5,90 |
| 6 | Сектордун башчысы, башкармалыктагы, бөлүмдөгү сектордун башчысы | 5,80 |
| 7 | Башкы инспектор | 5,60 |
| 8 | Улук инспектор | 5,25 |
| 9 | Инспектор | 4,65 |
| 10 | Башкы адис, мамлекеттик органдын жетекчисинин жардамчысы | 4,45 |
| 11 | Жетектөөчү адис | 4,20 |
| 12 | Адис | 3,95 |
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн ӨЛЧӨМДӨРҮ
| № | Иш стажы | Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акынын өлчөмдөрү |
| 1 | 1 жылдан 3 жылга чейин | 5% |
| 2 | 3 жылдан 5 жылга чейин | 10% |
| 3 | 5 жылдан 10 жылга чейин | 15% |
| 4 | 10 жылдан 15 жылга чейин | 20% |
| 5 | 15 жылдан 20 жылга чейин | 25 % |
| 6 | 20 жылдан 25 жылга чейин | 30% |
| 7 | 25 жылдан жогору | 40% |
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына атайын класстык чен жана класстык чен үчүн үстөктөрдүн ӨЛЧӨМДӨРҮ
| № | Класстык жана атайын чен | Үстөк акынын өлчөмдөрү (сом менен) |
| 1. Жогорку кызмат орду | ||
| 1 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы муниципалдык кеңешчиси | 1800 |
| 2 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 2-класстагы муниципалдык кеңешчиси | 1700 |
| 3 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси | 1600 |
| 2. Башкы кызмат орду | ||
| 4 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси, юстициянын 1-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 1-класстагы кеңешчиси | 1400 |
| 5 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси, юстициянын 2-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси | 1300 |
| 6 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси, муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси | 1200 |
| 3. Улук кызмат орду | ||
| 7 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору, 1-класстагы юрист, муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору | 1000 |
| 8 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору, 2-класстагы юрист, муниципалдык кызматтын 2-класстагы инспектору | 900 |
| 9 | Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы инспектору, 3-класстагы юрист, муниципалдык кызматтын 3-класстагы инспектору | 800 |
| 4. Кенже кызмат орду | ||
| 10 | Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспектору, кенже юрист, муниципалдык кызматтын кенже инспектору | 600 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 12 · цитата келтиргендер: 93 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (93)
- Курама айылдык кеңешинин 2026-жылдын 27-январындагы № 2 "Муниципалдык кызматчылардын эмгек акысына үстөк акыларды белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 27.01.2026 · № 2
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2026-жылдын 12-мартындагы № 08 "Кара-Балта шаарынын 2026-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2027–2028-жылдарга карата Кара-Балта шаарынын бюджетинин…Постановление · 12.03.2026 · № 08
- Кара – Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 06 "Кара – Балта шаарынын 2022 -жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө, 2023-жылга шаардын бюджетин бекитүү жана…Постановление · 16.02.2023 · № 06
- Төш-Булак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 12-августу № 01-6/16 “Айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине үстөк акы төлөө жөнүндө” токтомуПостановление · 12.08.2022 · № 01-6/16
- Кара-Суу шаардык кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 13/2 "Кара- Суу шаарынын 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.02.2023 · № 13/2
- Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы № 01-7/07 "Эмгек акыга кошумча төлөмдөр жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2025 · № 01-7/07
- Курманбек айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгашаларынын долбоору жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө (Курманбек айылдык кеңешинин 2023-жылдын…Приложение · 25.02.2023 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борбору…Положение · 11.09.2025 · № 257
- Новопавловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 7-октябры № 18/129 "01.01.2022-жылга карата кирешелердин чыгашалардан ашып кеткендигине байланыштуу каражаттарды бөлүү жөнүндө "эркин…Постановление · 07.10.2022 · № 18/129
- Гавриловка айылдык кеңешинин 2022-жылдын 21-сентябры № 29 "2022-жылдын 28-январындагы кирешелердин чыгашалардан ашкан эсебинен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.09.2022 · № 29
- Ак-Башат айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 2 "2026-жылдын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана 2026-жылдын 1-январына карата акча каражаттарынын…Постановление · 09.02.2026 · № 2
- Курманбек айылдык кеңешинин 2023-жылдын 25-февралындагы № 3 "Курманбек айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгашаларынын долбоору жана 2024-2025-жылдарга…Постановление · 25.02.2023 · № 3
- Сокулук айылдык кеңешинин 2026-жылдын “22” январы № 04 "Сокулук айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына калган чыгашалардан ашкан кирешелерди (эркин калдыктарды) бекитүү жөнүндө"…Постановление · 22.01.2026 · № 04
- Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 4-февралындагы № 05 "2025-ж.бюджетинин аткарылышы,2026-жылга бюджеттин бекитилиши жана 2027-2028-жылдарга болжолдуу бюджетин…Постановление · 04.02.2026 · № 05
- Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 2/1 "Жайыл айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысына кошумча үстөк төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 29.01.2026 · № 2/1
- Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы № 12-4 "Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн" регламентиРегламент · 23.12.2022 · № 12-4
- Кара-Буура айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-июлундагы № 23 "Кара-Буура айыл өкмөтүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.07.2023 · № 23
- 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ КиришүүПрограмма · 23.02.2026 · № 128
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 20-мартындагы № 06 "Кара-Балта шаарынын 2024-жылга бюджетинин айрым мүнөздөгүчтөрүн кароо жана бекитүү" токтомуПостановление · 20.03.2024 · № 06
- Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин эмгек жамааттарынын (Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 18-декабрындагы № 173/30-5 токтомуна ылайык) жамааттык келишимиДоговор · 18.12.2023 · № 173/30-5
93 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (12)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 17.01.2022 · № 1
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 27.10.2021 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 401 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 "Кыргыз Республикасынын…Указ · 21.12.2022 · № 401
12 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Чоң-Алыш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-февралындагы № 28 "Чоң-Алыш айылдык Кеңеши Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн 2025 - жылга бюджетин бекитүү жана 2026-2027- жылдарга божомолу…Постановление · 03.02.2025 · № 28
- Кайыңды айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-ноябры № 28-14/73 "Кайыңды айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчыларына 4-кварталына сайын сый акы төлөп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.11.2022 · № 28-14/73
- Шопоков шаардык кеңешинин 2022-жылдын 15 сентябрындагы № 64 "Шопоков мэриянын жана шаардык кеңештин жаңы штаттык ырааттамасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 15.09.2024 · № 64
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.