КР Президентинин “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 3 сентября 2026 года № 309 "О проведении очередного V Народного Курултая"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-09-03.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 22-сентябры ПЖ № 270
Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө
(КР Президентинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 291, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 351 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Элдик бийликтин негиздерин бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо, улуттук аң-сезимди өнүктүрүү, региондук көйгөйлөрдү чечүү жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында, “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 11-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Бишкек шаарында кезектеги IV Элдик Курултайды (мындан ары – Элдик Курултай) өткөрүү 2025-жылдын 25-декабрына дайындалсын.
(КР Президентинин 2025-жылдын 20-октябрындагы № 291 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Элдик Курултайдын 700 (жети жүз) делегатынын квоталарга бөлүнүшү 1-тиркемеге ылайык;
2) Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамы 3-тиркемеге ылайык.
3. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби Улуттук Кеңеш тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген жобонун негизинде аныкталат.
4. Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети:
1) “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык делегаттарды шайлоону координациялоо боюнча тиешелүү ишти жүргүзсүн;
2) Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жободон келип чыгуучу чечимдерди кабыл алсын, ошондой эле Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка зарыл болгон чараларды көрсүн;
3) өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана эксперттерди белгиленген тартипте тартсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
6. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетине, Элдик Курултайдын катчылыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине, ошондой эле Кыргызстан элинин ассамблеясына (макулдашуу боюнча) тапшырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жер-жерлерде делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
9. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
10. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 72 (3728) саны менен жарыяланган.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров | |
| 1-тиркеме |
Кезектеги IV Элдик Курултайдын 700 делегатынын квоталарга бөлүнүшү
| 1.Региондукжанатармактыкөкүлчүлүк | |||||
| № | Шаарлардын категориялары, айыл аймактарынын аталышы жана калктын саны боюнча бөлүнүшү | Административдик- аймактык бирдиктердин саны | Аймактык бирдиктерден делегаттардын саны | Делегат-тардын жалпы саны | |
| Республикалыкмаанидегишаарлар–2 | |||||
| 1 | Бишкекш. | 1 | 72 | 72 | |
| 2 | Ошш. | 1 | 40 | 40 | |
| Облустукмаанидегишаарлар–14 | |||||
| 3 | Калкынынсаны 30 000 адамга чейин | 4 | 2 | 8 | |
| 4 | Калкынынсаны 30 001ден 70000адамга чейин | 7 | 3 | 21 | |
| 5 | Калкынынсаны 70 001ден 100000 адамга чейин | 2 | 4 | 8 | |
| 6 | Калкынын саны 100000адамдан ашык | 1 | 5 | 5 | |
| Райондукмаанидегишаарлар–17 | |||||
| 7 | Калкынынсаны 10 000 адамга чейин | 2 | 1 | 2 | |
| 8 | Калкынынсаны 10 001ден 30000адамга чейин | 9 | 2 | 18 | |
| 9 | Калкынынсаны 30001адамдан ашык | 6 | 3 | 18 | |
| Айылаймактары–231 | |||||
| 10 | Калкынынсаны 10000адамга чейин | 46 | 1 | 46 | |
| 11 | Калкынынсаны 10 001ден 30000адамга чейин | 152 | 2 | 304 | |
| 12 | Калкынынсаны 30001адамдан ашык | 33 | 3 | 99 | |
| Шаарлар,айыл аймактары боюнча бардыгы: | 641 | ||||
| 2.Этностуктоптордунжаначетөлкөлөрдөгүэмгек мигранттарынын өкүлчүлүктөрү | |||||
| Өкүлчүлүктүнаталышы | Делегаттардынсаны | ||||
| Этностукөкүлчүлүк | 29 | ||||
| Четөлкөлөрдөгүэмгек мигранттары | 30 | ||||
| Этностуктоптордунжаначетөлкөлөрдөгүэмгекмигранттарынын өкүлчүлүктөрү боюнча жалпы: 59 делегат | |||||
| Жалпы:700делегат | |||||
| 2-тиркеме |
Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары – Убактылуу жобо) Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары – уюштуруу комитети) ишинин тартибин жөнгө салат.
2. Уюштуруу комитети Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоонун тартибин аныктоочу консультативдик-координациялык орган болуп саналат.
2. Максаттары жана милдеттери
3. Уюштуруу комитети өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле ушул Убактылуу жобонун негизинде жүзөгө ашырат.
4. Уюштуруу комитетинин жыйналыштары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Уюштуруу комитетинин чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет.
5. Уюштуруу комитетинин чечимдери зарыл болгон учурда сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
6. Уюштуруу комитетинин жыйналыштары видеоконференция байланышын пайдалануу менен өткөрүлүшү мүмкүн.
7. Уюштуруу комитетинин чечимдери мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
3. Уюштуруу комитетинин иши
8. Уюштуруу комитетинин жыйналыштары төраганын төрагалыгы астында өткөрүлөт. Төрага жок учурда анын милдеттерин төраганын орун басары аткарат.
9. Уюштуруу комитети:
– Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштурат;
– Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо процессин координациялайт;
– бекитилген квотага ылайык региондук, тармактык белгилери боюнча, ошондой эле эмгек миграциясы, этностук таандыктыгы, жынысы жана курагы боюнча өкүлчүлүктүн принциптерин сактоону камсыз кылат.
4. Милдеттери жана укуктары
10. Уюштуруу комитети:
– Элдик Курултайды өткөрүүнүн иш-чаралар планын жана календардык планын бекитет;
– Элдик Курултайга делегаттарды тандоо үчүн зарыл болгон документтердин үлгүлөрүн: жалпы жыйналыштын протоколун, анкетаны, кайрылууларды ж.б. документтерди бекитет;
– Улуттук Кеңештин, эсептөө комиссиясынын өкүлчүлүктөрүнүн жана жарыш сөзгө чыгуучулардын квоталарын аныктайт;
– зарылдыгына жараша мамлекеттик органдардын жана уюмдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укуктуу;
– Элдик Курултайдын ишинин баштапкы этабын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө убактылуу жобону бекитет;
– ушул Убактылуу жободо камтылбаган жана жөнгө салынбаган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
Корутунду жоболор
11. Элдик Курултайдын Улуттук Кеңеши түзүлгөн учурдан тартып Уюштуруу комитети өз ишин токтотот.
12. Ушул Убактылуу жобо “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген тартипте тиешелүү жөнгө салуучу документтер кабыл алынганга чейин колдонулат.
| | | 3-тиркеме |
Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамы
(КР Президентинин 2025-жылдын 8-декабрындагы № 351 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
| Койчиев Арслан Капайович | – | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы | |||||
| КадыралиевАзамат Сактанбекович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; | |||||
| АбдылдаевМыктыбек Юсупович | – | Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин төрагасы, Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. | |||||
| Уюштуруукомитетининмүчөлөрү: | |||||||
| АбыкеевЧолпонбек | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси; | |||||
| УкушовМурат Каниметович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги; | |||||
| ТашбековНурбек Кудайбердиевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясийжанаэкономикалыкизилдөөлөр башкармалыгынын начальниги; | |||||
| ТуманбаевКаныбек Тургунбекович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу; | |||||
| УзакбаевБолотбек Узакбаевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; | |||||
| ИбраимовАзат Эмильбекович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборунун директору; | |||||
| КасымбаевЭльзар Талантбекович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, уюштуруу комитетинин катчысы; | |||||
| КулубаевЖээнбек Молдоканович | – | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; | |||||
| Баетов Аяз Батыркулович | – | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; | |||||
| НиязбековУлан Омоканович | – | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; | |||||
| БакетаевАлмаз Кушбекович | – | Кыргыз Республикасынын финансы министри; | |||||
| МамбеталиевМирбек Кемелович | – | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри; | |||||
| СагынбаевКанат Латипжанович | – | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри; | |||||
| ЖамангуловАзамат Саадатбекович | – | Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри; | |||||
| Джантаев Эльчибек Нуржадыевич | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; | |||||
| АрабаевЧолпонкул Исаевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынынвице-президенти (макулдашуу боюнча); | |||||
| ШаменовАйбек Асанович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; | |||||
| ТекебаевТилек Кыдырмаевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; | |||||
| СатаровНурбек Бейшеналиевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; | |||||
| ДжантаевЭльчибек Нуржадыевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; | |||||
| ДжумаевЭрмат Джумаевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз РеспубликасынынТаласоблусундагы ыйгарымукуктууөкүлү; | |||||
| Кенжебаев Аманкан Батырбекович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; | |||||
| ЖетигеновБакытбек Женишбекович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; | |||||
| ДжунушалиевАйбек Джанышбекович | – | Бишкекшаарынынмэри; | |||||
| ТокторбаевЖеңишбек Шермаматович | – | Ошшаарынынмэри; | |||||
| СатымкуловМайорбек Асанканович | – | Элдик Курултайдын катчылыгынын эксперти (макулдашуу боюнча); | |||||
| Осмонов Азамат Кыргызбаевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; | |||||
| АлымбаевАбдрахман Мырзагулович | – | акын, публицист, тарых илимдеринин кандидаты, философия илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); | |||||
| ИсаевБолот | – | I Элдик Курултайдын делегаты, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). | |||||
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 80 · байланышкандар: 6
Цитата келтиргендер (80)
- Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 01-7/67 "Кыргыз Республикасында кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо…Постановление · 14.10.2025 · № 01-7/67
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 "Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.09.2026 · № 309
- Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 "Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө"…Постановление · 07.10.2025 · № 63
- Сын-Таш айыл аймагынын Сын-Таш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 47/8-29 "Сын-Таш айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү…Постановление · 09.09.2025 · № 47/8-29
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 134 (IV Элдик Курултайдын жүрүшүндө айтылган Кыргыз Республикасынын Президентинин билдирүүсүнүн жыйынтыгы боюнча…Распоряжение · 31.03.2026 · № 134
- Таш-Мойнок айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 87 "Таш-Мойнок айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын жыйынын өткөрүү жана Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо…Постановление · 14.10.2025 · № 87
- Кең-Булуң айыл аймагынын Кең-Булуң айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 38/X-30 "Кең-Булуң айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү…Постановление · 09.10.2025 · № 38/X-30
- Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 62 "Элдик Курултайды өткөрүүнү уюштурууга жана техникалык жактан камсыздоого көмөктөшүү боюнча жумушчу топтун…Постановление · 14.10.2025 · № 62
- Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-октябры № 56/ХIII "Узун-Кыр айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.10.2025 · № 56/ХIII
- Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 67/1 "Кезектеги IV Элдик Курултай жөнүндө" токтомуПостановление · 14.10.2025 · № 67/1
- Уч-Коргон айылдык кенешинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 29-40 "Кезектеги IV Элдик Курултай жөнүндө" токтомуПостановление · 14.10.2025 · № 29-40
- Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2025-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө 2025-жылдын…Постановление · 15.10.2025 · № 10/1
- Орловка шаардык кеңешинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 74/10-29 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы ПЖ №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү…Постановление · 10.10.2025 · № 74/10-29
- Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № I/12-50 "Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын 12-сессиясынын “Элдик курултайды өткөрүү” жөнүндө" токтомуПостановление · 09.10.2025 · № I/12-50
- Алтын Арашан айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин Алтын-Арашан айыл аймагынын кезектеги IV Элдик Курултайына делегаттарды дайындоо үчүн жергиликтүү курултайды уюштуруу жана…Постановление · 15.10.2025 · № 74
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 51/IX-29 "Нурманбет айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын ɵкүлчүлүктүү жыйындарынын ɵткɵрүүнү уюштуруу жөнүндө"…Постановление · 09.10.2025 · № 51/IX-29
- Алтын-Бешик айылдык кенешинин 2025-жылдын 7-октябрындагы №63 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 “Кезектеги IVЭлдик Курултайды…Постановление · 07.10.2025 · № 63
- Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2025-жылдын 9-октябрындагы №15/63 "Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.10.2025 · № 15/63
- Кара-Бак айылдык кенешинин 2025-жылдын 15-октябрындагы №69 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү…Постановление · 15.10.2025 · № 69
- Ак-Суу айылдык кенешинин 2025-жылдын 13-октябюрындагы №48 “Кезектеги IV Элдик Курултайга Ак-Суу айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу,түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жумушчу…Постановление · 13.10.2025 · № 48
80 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 "Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.09.2026 · № 309
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-июлундагы № 146 "Элдик Курултай жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.07.2023 · № 146
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы ПЖ № 271 "Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.09.2024 · № 271 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.