Кең-Булуң айыл аймагынын Кең-Булуң айылдык кеңешинин «Кең-Булуң айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕҢ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 9-октябры № 38/X-30 Кең-Булуң айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, КР Президентинин 2025-жылдын 22 -сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №270 Жарлыгы, Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети тарабынан бекитилген кезектеги VI Элдик Курултайды уюштуруунун жана өткөрүүнүн жоболоруна, календардык иш чаралар пландарына ылайык маселени карап чыгып Кең-Булуң айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Булуң айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктарынын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 13 адамдан бекитилсин. /Тиркеме1/
2. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүк ченемине ылайык жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны 100 адам болуп бекитилсин. /Тиркеме 2/
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүмдөргө бөлүү ченемдери (айылдарга, кварталдарга, көчөлөргө, чарбаларга, үй чарбаларына ж.б.) бекитилсин./Тиркеме 3/
4. Жарандардын жыйналыштарын жана жыйындарын өткөрүүнүн графиги жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына катышуучулардын саны. /Тиркеме 4/
5. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент,этика,укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
М.С. Мурсалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ЖарлыгыУказ · 22.09.2025 · № 270 · Күчүн жоготкон