Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасында кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо иштерин уюштурууну ишке ашыруу тууралуу» токтому
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябры № 01-7/67
Кыргыз Республикасында кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо иштерин уюштурууну ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 3, 11-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын (мындан ары-коомдоштуктардын жыйыны) чакырылсын.
2. 2025-жылдын 1-ноябрында, ишемби күнү Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн имаратында IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча коомдоштуктардын жыйыны уюштурулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Элдик Курултайды ѳткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин Убактылуу Жобосуна ылайык жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына катышуучу өкүлдөрдүн чени 100 санында белгиленсин.
4. Коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары жумушчу топ) курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Коомдоштуктардын жыйындарды өткөрүү боюнча Сары-Өзөн айыл аймагынын Жобосу №2 тиркемеге ылайыкбекитилсин.
6. Коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча Сары-Өзөн айыл аймагында жыйындарды өткөрүү графиги жана айылдык кеңештин жооптуу депутаттары №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Айыл тургундарынын санына жараша жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына делегаттардын саны төмөндөгүдөй бекитилсин:
– Асылбаш – 14
– Төш-Булак - 10
– 1-Май айылы- 9 киши;
– Жакынкы Арал- 7 киши;
– Алыскы Арал- 6 киши;
– Сокулук- 54 киши.
8. Курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Элдик Курултайды ѳткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин Убактылуу Жобосунун 2.5. беренесинин негизинде иш алып барышсын.
- 2025-жылдын 20-21-22-октябрь күндөрү Элдик Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча аймактарда коомдоштуктардын жыйындары өткөрүлсүн;
- жыйындардын өткөрүлүшү тууралуу айыл аймагынын калкына маалымдоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн;
9. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүүнү уюштуруу, материалдык-техникалык камсыздоо жана маалымдоо иштери Сары-Өзөн айыл ѳкмѳтүнө жүктөлсүн.
10. Токтомдун аткарылышын өз кѳзѳмѳлүмө калтырам.
Төрага
М.Р. Кадыркулов
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылынын 14-октябрындагы №01-/67 токтомунун №1-тиркемеси
Коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
Кадыркулов Мирлан Рийнатович
- айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы
Анырова Субагул Жумакадыровна
- айылдык кеңештин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Маликов Эрлан Маликович
-айылдык кеңештин депутаты;
Мадемилов Джолдошбек Макенович
-айылдык кеңештин депутаты;
Джазымкулов Асылбек Таштанбекович
-айылдык кеңештин депутаты;
Темирканов Туратбек Уланович
-айылдык кеңештин депутаты;
Исаков Курманбек Медетбекович
-айылдык кеңештин депутаты;
Омуркулова Аида Асисбековна
-айылдык кеңештин депутаты;
Чолпонкулова Гулмийра Токоновна
-айылдык кеңештин депутаты;
Ашырова Айдайхан
-айылдык кеңештин депутаты;
Джолдошев Шайлообек Олжобаевич
-айылдык кеңештин депутаты;
Шеримбекова Хаджат Сагыналиевна
-айыл өкмөтүнүн башкы адиси;
Калюжная Галина Сергеевна
- айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы;
Смамбекова Эрика Тимуровна
-Үй-бүлө жана балдарды коргоо борборунун директору;
- 1-Май айылынын башчысы;
- Жакынкы Арал айылынын башчысы;
Бойтоков Ононбек Дамирович
- Алыскы Арал айылынын башчысы;
Төш-Булак айылынын башчысы;
Асылбаш айылынын башчысы.
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылынын 14-октябрындагы №01-/67 токтомунун №2-тиркемеси
Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү, шайлоо жана ишти координациялоо боюнча Сары-Өзөн айыл аймагынын жумушчу тобунун Жобосу
Жалпы жоболор
1.1. Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – жумушчу топ) Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоону уюштуруунун тартибин ушул Жобо регламенттейт.
1.2. Ушул Жобо “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамында каралган тиешелүү регламентөөчү документтер белгиленген тартипте кабыл алынганга, ошондой эле аталган конституциялык Мыйзамда каралган тартипте Элдик Курултайдын катчылыгы түзүлгөнгө чейин колдонулат.
1.3. Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жарандык
коомду өнүктүрүү максатында талкуулоону талап кылган мамлекеттик маанидеги маанилүү маселелер боюнча чечимдерди биргелешип кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары (айыл аймактарынын административдик – аймактык реформаны эске алуу менен) шаарлардын өкүлчүлуктүү жыйындарына, Кыргызстан элинин ассамблеясынын курамына кирген этностук коомдук бирикмелердин жыйналыштарына, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын бирикмелеринин жыйналыштарына катыша алат, ошондой эле бекитилген квоталарга ылайык шайланган делегаттар Элдик Курултайга катышат.
Элдик Курултайдын делегаттарын айыл
аймактарынан шайлоонун тартиби
2.1. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоодо тиешелүү аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тармактык өкүлчүлүк принциптери жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны аркылуу жүзөгө ашырылат.
2.2. Жергиликтүү кеңеш кезексиз сессиянын чечими менен уюштуруу комитети бекиткен календардык планга ылайык Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын чакырат.
Чечимде төмөнкүлөр чагылдырылат:
– уюштуруу комитети бекиткен жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүк ченемине ылайык жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларынын жалпы саны;
– жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тиешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү ченемдери (кварталдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарына, көчөлөргө, чарбаларга ж.б.);
– календардык план менен аныкталуучу мөөнөттөргө ылайык жарандардын жыйналыштарын жана жыйындарын өткөрүүнүн графиги жана жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучулардын саны;
– өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси;
– өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы.
2.3. Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү мөөнөтү календардык план менен бекитилет.
2.4. Жумушчу топтун курамына жергиликтүү кеңештин депутаттары, калктын демилгечи топторунан, жарандык коомдун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана башкалар кирет.
Жумушчу топтун курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси кире албайт. Жумушчу топко жергиликтүү кеңештин төрагасы (төрага жок болгон учурда – төраганын орун басары) башчылык кылат, катчынын функцияларын жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы аткарат.
2.5. Жумушчу топтун милдеттери:
- өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүүнү координациялайт;
- жыйындардын жана жыйналыштардын протоколдорун түзөт (уюштуруу комитети бекиткен үлгү боюнча);
- өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү тартибинин долбоорун иштеп чыгат жана жыйналыштын күн тартибин даярдайт;
- өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүлүүчү күнү катышуучуларды каттоону жүргүзөт;
- өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат берет;
- өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын жана Элдик Курултайдын делегаттарынын шайланган курамында бекитилген квотага ылайык тармактык өкүлчүлүк принцибин сактоону камсыз кылуу боюнча аракеттерди көрөт;
- уюштуруу маселелери боюнча башка зарыл чараларды көрөт.
2.6. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү уюштуруу, материалдык техникалык камсыздоо жана маалымдоо иштерин жүргүзүү жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
2.7. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышууга талапкерлерди көрсөтүү укугуна бул жыйналыштарга/жыйындарга катышкан жергиликтүү коомдоштуктун баардык мүчөлөрү ээ.
2.8. Ошондой эле, жыйынга тиешелүү аймакта төрөлүп өскөн, бирок башка административдик аймактык бирдикте жашаган жарандар катыша алат.
2.9. Катышуу үчүн көрсөтүлгон талапкерлердин саны чектелбейт, бирок добуш берүүнүн жыйынтыгында жергиликтүү кеңеш аныктаган сандагы(сандык ченемге ылайык) өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучулары шайланат.
2.10. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларды шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйындары жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген график боюнча өткөрүлөт.
2.11. Катышуучуларды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга айылдын өткөрүлүп жаткан бөлүгүнө жооптуу болуп бекитилген жергиликтүү кеңештин депутаты алып барат.
2.12. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларды тиешелүү аймактын этностук өзгөчөлүгүн эске алуу, гендердик балансты сактоо менен бөлүнгөн квотанын жарымы аялдардан болуусу, ошондой эле тармактык, курактык таандыктыгы боюнча өкүлчүлүк принциби менен шайлоо сунушталат.
Аталган принциптерди аткаруу боюнча консультациялык түшүндүрмө жана багыт берүү иштери уюштуруу комитети тарабынан жүргүзүлөт.
2.13. Жыйындарда катышуучулардын ачык добуш берүүсү менен көпчүлүк добушка ээ болгон талапкерлер өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучусу болуп шайланат.
2.14. Жумушчу топ жыйналыштардын/жыйындардын пртоколдорунун негизинде өкүлчүлүктүү жыйындын шайланган катышуучуларынын ыйгарым укуктарынын аныктыгын ырастайт, алардын тизмесин түзөт жана аталган документтерди жергиликтүү кеңешке берет.
Ушул пунктта көрсөтүлгөндокументтер жумушчу топтун бардык мүчөлөрүнүн колу менен күбөлөндүрүлөт жана 3 жыл бою жергиликтүү кеңештерде сакталып, андан кийин жергиликтүү архивдерге өткөрүлөт.
Өкүлчүлүктүү жыйындар
3.1. Өкүлчүлүктүү жыйын ага шайланган катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгү (жарымынан көбү) катышса, укуктуу болуп саналат.
3.2. Жергиликтүү кенештин төрагасы өкүлчүлуктүү жыйынга төрагалык кылат, кворум тууралуу маалымат берет, катышуучуларга күн тартибин бекитүүнү сунуштайт.
Күн тартиби белгиленгенден кийин өкүлчүлүктүү жыйындын катчысы, эсептөө комиссиясынын курамы жана анын төрагасы бекитилет. Өкүлчүлүктүү жыйындын чечимдери ачык добуш берүү менен катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3.3. Элдик Курултайдын делегаттары бекитилген квоталарга ылайык тиешелүү аймактын этностук таандыктыктыгын эске алуу, гендердик балансты сактоо, ошондой эле, тармактык, курактык таандыктыгы боюнча өкүлчүлүк принциби менен шайланат.
Ушул жобо бекитилгенге чейин айылдык аймактардын саны өзгөргөн учурда ар бир айылдык аймактан квоталанган делегаттардын саны өзгөртүлбөйт жана бул квоталар бириктирилген аймактарга таандык болот.
3.4. Элдик Курултайдын делегаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугуна өкүлчүлуктүү жыйындын бардык учурлары ээ.
3.5. Элдик Курултайдын делегаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин саны квотанын санынан ашкан учурда ар бир талапкерге жекече кезек менен добуш берилет.
Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын ачык добуш берүүсү менен көпчүлук добушту алган талапкерлер Элдик Курултайдын делегаттары болуп шайланат. Элдик Курултайдын делегаттары акыркы добуш берүүдө бирдей сандагы добуш алган талапкерлердин ортосунда чучу кулак өткөрүү жолу менен аныкталат.
3.6. Делегаттар шайланган соң кийинки добуштарды алган талапкерлер Элдик Курултайдын делегаттарынын резервине кирет.
3.7. Өкүлчүлүктүү жыйындын протоколу мамлекеттик тилде жүргүзүлөт (уюштуруу комитети бекиткен үлгүгө ылайык), өкүлчүлүктүү жыйындын төрагасы жана катчысы кол коет. Зарыл болгондо жыйындын протоколу расмий тилге которулушу мумкүн.
Элдик Курултайдын делегаттарынын тийиштүү документтеринин тизмеги уюштуруу комитети тарабынан бекитилет.
3.8. Өкүлчүлүктүү жыйындын протоколуна Элдик Курултайдын делегаттарынын документтеринин көчүрмөлөрү тиркелет, алар уюштуруу комитетине аларга мандаттарды берүү үчүн жиберилет.
3.9. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү бюджеттин каржаттарынын эсебинен каржыланат.
Уюштуруу комитети
4.1. Уюштуруу комитети Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоонун тартибин аныктоочу консультациялык координациялык орган болуп саналат.
4.2. Уюштуруу комитети өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, башка ченемдик укуктук актылардын жана ушул Убактылуу Жобонун негизинде жүзөгө ашырат.
4.3. Уюштуруу комитетинин жыйналыштары зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Уюштуруу комитетинин чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет.
Уюштуруу комитетинин чечимдери зарылдыгына жараша сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн. Уюштуруу комитетинин жыйналышы видеоконференц байланышты колдонуу менен өткөрүүгө жол берилет.
4.4. Уюштуруу комитетинин чечимдери мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
4.4. Уюштуруу комитети:
- Элдик Курултайды өткөрүү ишин уюштурат;
- Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо ишин координациялайт;
- бекитилген квотага ылайык региондук, тармактык, этностук, улуттук жана жаш курактык таандыктуулугу боюнча өкүлчүлүк принциптеринин сакталышын камсыз кылат;
- Элдик Курултайды өткөрүү боюнча иш-чаралардын календарлык планын бекитет;
- ушул Жободо камтылбаган жана жөнгө салынбаган маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
4.5. Уюштуруу комитетинин жыйналыштарын торага жетектейт. Төрага жок учурда анын милдеттерин аткаруу төраганын орун басарына жүктөлөт.
4.6 Элдик Курултайдын Улуттук кеңеши түзүлгөн учурдан тартып Уюштуруу комитети өз ишинин жыйынтыгын чыгарат.
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылынын 14-октябрындагы №01-/67 токтомунун №3-тиркемеси
Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча Сары-Өзөн айыл аймагынын жыйындарды өткөрүү графиги жана айылдык кенештин жооптуу депутаттары
Айылдардын аталышы
Жыйындын өтүлүүчү орду
Датасы убактысы
Жооптуулар
Асылбаш айылы
Мурдагы айыл өкмөтүнүн имараты
20-октябрь саат 10-00
Чолпонкулова Г.Т. Ашырова А. Жумушчу топтун мүчөлөрү, айыл башчысы
Төш-Булак айылы
Айылдык маданият үйү
20-октябрь саат 11-30
Джолдошев Ш.О. Жумушчу топтун мүчөлөрү, айыл башчысы
1-Май айылы
1-Май орто мектеби
20-октябрь саат 14-00
Омуркулова А. А. Жумушчу топтун мүчөлөрү, айыл башчысы
Жакынкы Арал жана Алыскы Арал айылдары
Арал айылдык клубу
21-октябрь саат 16-00
Исаков К. М. Жумушчу топтун мүчөлөрү, айыл башчысы
Сокулук айылы
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн имараты
21-октябрь саат 10-00
Мадемилов Дж.М. Жумушчу топтун мүчөлөрү
Сокулук айылы
№2 орто мектеби
22-октябрь саат 14-00
Темирканов Т. У. Джазымкулов А.Т. Жумушчу топтун мүчөлөрү
Сокулук айылы
№3 орто мектеби
22-октябрь саат 16-00
Маликов Э.М. Жумушчу топтун мүчөлөрү
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 24-июлундагы № 146 "Элдик Курултай жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 24.07.2023 · № 146
- КР Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ЖарлыгыУказ · 22.09.2025 · № 270 · Күчүн жоготкон