Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Уч-Коргон айылдык кенешинин «Кезектеги IV Элдик Курултай жөнүндө» токтому
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Уч-Коргон айылдык кенешинин 29- чакырылышынын кезексиз сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 29-40
Кезектеги IV Элдик Курултай жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22- сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө“ Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине,15-беренесинин 2- бөлүгүнө,Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70,71- беренелерине ылайык жана 2025-жылдын 25-сентябрындагы Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйналышынын № 1 протоколун аткаруу максатында Уч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары жергиликтүү курултайларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтордун мүчөлөрүн дайындоо жана жыйындарды өткөрүүнүн графигин бекитүү боюнча талкууга салып айылдык кеңеш;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын айыл аймактарынын, шайлоонун тартиби жөнүндөгү 2-бөлүмүнүн 7-пунктунун негизинде, уюштуруу жана өткөрүү боюнча айылдык кеңештин төмөндөгүдөй жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн
2. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын/чогулуштарын өткөрүү графиги 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Төрага
А. Абдувалиев
Уч-Коргон айылдык кеңешинин 1-ноябрь 2025жыл № 1 токтомуна №1тиркеме
1
Аскар Абдувалиев
Жумушчу топтун төрагасы Үч-Коргон айылдык кеңешинин төрагасы
2
Тайчыбекова Алчакул Мунарбековна
Жумушчу топтун катчысы Үч-Коргон айылдык кеңешинин жооптуу катчысы
3
Кеңешбеков Адисбек
Айылдык кеңештин депутаты
4
Батырбек уулу Мырззаш
Айылдык кеңештин депутаты
5
Зарлыкбаев Амангелди
Айылдык кеңештин депутаты
6
Намазбаева Нуржамал
Айылдык кеңештин депутаты
7
Бейшеналиев Улан
Айылдык кеңештин депутаты
8
Жумашев Райымберди
Коомчулуктан
Жооптуу катчы
А. Тайчыбекова
Уч-Коргон айылдык кеңешинин 1-ноябрь 2025 жыл № токтомуна №2тиркеме
Үч-Коргон айыл аймагынын тургундарынын жыйындарын/чогулуштарын өткөрүү боюнча графиги
№
Айылдын аталышы
Күнү
Саат
Жооптуулар
1
Кызыл-Жылдыз (маданят үйү)
20.10.2025
14-00
Джумашов Р Зарыкбаев А Джумашов М.А. Тайчыбекова А.
2
Чоң –Капка (мектеп)
19.10.2025
10-00
Биймырзаев И ДжакыповаК ДжумашовР Тайчыбекова А.
3
Ак-Таш,Таш-Башат(мектеп)
19.10.2025
12-00
Карабаев А. Джумашов Р. Тоялиева Г. Тайчыбекова А.
4
Жийде (мектеп)
20.10.2025
12-00
Кеңешбеков А.Т. Асанов М.А. Джумашов Р Тайчыбекова А.
5
Кеңеш (мектеп)
21.10.2025
10-00
Тукешов К Бейшеналиев У. Джумашов Р.
6
Үч-Коргон(мектеп)
21.10.2025
12
-00
Мырзаев А. Джумашов Р. Намазбаева Н. Тайчыбекова А.
Жооптуу катчы
А. Тайчыбекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ЖарлыгыУказ · 22.09.2025 · № 270 · Күчүн жоготкон