Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин (IV Элдик Курултайдын жүрүшүндө айтылган Кыргыз Республикасынын Президентинин билдирүүсүнүн жыйынтыгы боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 31-марты № 134
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 "Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык:
1. IV Элдик Курултайдын жүрүшүндө айтылган Кыргыз Республикасынын Президентинин билдирүүсүнүн жыйынтыгы боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын өз убагында жана милдеттүү аткарууну камсыз кылсын;
- ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгына берип турсун.
3. Иш-чаралар планын сапаттуу жана өз убагында аткарууну камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Begin_nocompare
Тиркеме
IV Элдик Курултайдын жүрүшүндө айтылган Кыргыз Республикасынын Президентинин билдирүүсүнүн жыйынтыгы боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Милдеттер
Чаралар
Ишке ашыруу мөөнөттөрү
Күтүлүүчү натыйжа
Жооптуу мамлекеттик органдар
Ишке ашыруу каражаттары
1
Коомдук маданияттын деңгээлин жогорулатууну камсыз кылуу, мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун институттарынын кадыр-баркын чыңдоо, ошондой эле үй-бүлө институтунун, мугалимдин жана дарыгердин кесиптеринин социалдык статусун жана коомдук сый-урматты жогорулатуу
Коомдук жайларда, анын ичинде билим берүү жана медициналык мекемелерде, коомдук транспортто жана мамлекеттик органдарда коомдук маданияттын жана жүрүм-турум этикасынын ченемдерин сактоого талаптарды күчөтүү
2026-жыл ичинде
Коомдук жүрүм-турум ченемдерин бузуу деңгээли азайды, мамлекеттик органдардын, жарандык коом жана үй-бүлө институттарынын активдүү катышуусунда мугалимдердин жана дарыгерлердин кадыр-баркы жогорулады, ошондой эле социалдык биримдик жана коомдук жоопкерчилик чыңдалды
ИЖБИМ, ММЖСМ, ССМ, Агартуумин, УКМК
2
Мугалимдердин жана медициналык кызматкерлердин ар-намысын, аброюн жана кесиптик беделин коргоо, анын ичинде жалган маалыматтарды жана негизсиз айыптоолорду жайылтууга каршы аракеттенүү боюнча чараларды ишке ашыруу
3
Өлкөнүн экономикасын индустриалдаштыруу
Өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактарын аныктоо
2026-2030-жылдар
Өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактары аныкталды, индустриалдык парктар жана жаңы өндүрүштүк аянтчалар түзүлдү, өнөр жай секторунда ички жана тышкы инвестициялардын агымы көбөйдү, иштеп жаткан ишканалар модернизацияланды, жергиликтүү чийки заттарды кайра иштетүү көлөмдөрү кеңейтилди, бул Кыргыз Республикасында экономиканы индустриялаштырууну тездетүүнү жана өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүн камсыз кылды
САЧКӨМ, ЭКМ, Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор, ЭМ, ИУА, ЖРЭТКМ, Курулуш министрлиги, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек ш. мэриясы, Ош ш. мэриясы (макулдашуу боюнча)
4
Индустриалдык парктарды түзүү жана өнөр жай ишканаларын жайгаштыруу жана өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жаңы өндүрүштүк аянтчаларды түзүү
5
Жаңы заводдорду жана фабрикаларды түзүү үчүн өнөр жай секторунда ички жана тышкы инвестицияларды тартууну активдештирүү
6
Өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө жана чыгарылган продукциянын сапатын жогорулатууга багытталган иштеп жаткан өнөр жай ишканаларын модернизациялоо
7
Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүү аркылуу жергиликтүү чийки затты кайра иштетүүнүн көлөмдөрүн көбөйтүү
8
Жаңы темир жол жана автомобиль жолдорун куруу, логистикалык борборлорду жана кампа комплекстерин түзүү, ошондой эле заманбап транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү аркылуу Кыргыз Республикасынын транспорттук-логистикалык хабын түзүү
Стратегиялык жана шаар курууну пландоо иштерин алдын ала жүргүзүү менен региондук өнүктүрүү стратегиясын жана аймактардын мастер- пландарын иштеп чыгуу
2026-2030-жылдар
Жүктөрдү жеткирүү мөөнөттөрү кыскарды, товар жүгүртүүнүн көлөмү көбөйдү, ошондой эле региондордун экономикалык өнүгүү деңгээли жана инвестициялык жагымдуулугу жогорулады
ТКМ, Жер агенттиги, Курулуш министрлиги, "Кыргыз темир жолу" УК"МИ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек ш. мэриясы, Ош ш. мэриясы, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Тартылган министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле "Кыргыз темир жолу" УК" МИнин жеке каражаттарынын эсебинен
9
Жаңы темир жол жана автомобиль жолдорун куруу, транспорттук-логистикалык хабды түзүү үчүн логистикалык борборлорду жана кампа комплекстерин түзүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык темир жол инфраструктурасын куруу жана кеңейтүү пландарын иштеп чыгуу
10
Жол маданиятынын жана жол кыймылынын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатууга контролду күчөтүү, ошондой эле айдоочулук күбөлүктөрдү берүү системасындагы коррупциялык практикаларды жок кылуу
Айдоочуларды даярдоонун жаңы стандарттарын ишке киргизүү, автомектептердин ишине мамлекеттик контролду күчөтүү, экзамендик процесстин ачык-айкын жана регламенттелген өткөрүлүшүн камсыздоо, ошондой эле айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жол-жобосун толугу менен санариптештирүү
2026-2030-жылдар
Жол маданиятынын жогорулашына контроль күчөтүлдү, айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө коррупциялык схемалар жоюлду, жол кыймылынын коопсуздугунун деңгээли жогорулатылды, жол-транспорт кырсыктарынын саны кыскарды, ошондой эле мыйзамдуулук жана мамлекеттик институттарга болгон коомдук ишеним бекемделди
КРПИБ, КРПИБ караштуу ТКАККМБ, ИИМ
11
Чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү максатында ачык-айкын жана рационалдуу жөнгө салуу эрежелерин ишке киргизүү, ошондой эле финансылык колдоонун туруктуу механизмдерин берүү
Ишкердик ишти жүргүзүү үчүн жагымдуу жөнгө салуучу шарттарды ишке киргизүү, чакан жана орто бизнестин субъекттерин финансылык колдоонун туруктуу механизмдерин камсыз кылуу, негизсиз административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана бардык жарандар жана ишкерлер үчүн бирдей шарттарды түзүү
2026-2030-жылдар
Ишкердик иш жүргүзүүнүн ачык-айкын эрежелери ишке киргизилди, чакан жана орто бизнестин субъекттерин туруктуу финансылык колдоо камсыз кылынды, ишкердик активдүүлүк активдештирилди жана түзүлүп жаткан жумуш орундарынын саны көбөйтүлдү
ЭКМ, ФМ, ИУА, МСК
12
Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай секторунда тармактык кластерлердин айланасында жаңы өндүрүштүк чынжырларды түзүү, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, кампа инфраструктурасын түзүү жана экспорттук багыттарды кеңейтүү
Региондук ресурстук базаларды, айыл чарба өндүрүшүнүн потенциалын, жерди иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн жана экспорттук потенциалды комплекстүү изилдөө, ошондой эле стратегиялык, инфраструктуралык, финансылык жана маркетингдик (экспорттук) талдоо жана мониторинг жүргүзүү системасын ишке киргизүү
2026-2030-жылдар
Агроөнөр жай секторунда кошумча нарк көбөйтүлдү, фермерлердин кирешелери өстү, ички жана тышкы рыноктордо тармактын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулатылды
САЧКӨМ, ФМ, ЭКМ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек ш. мэриясы, Ош ш. мэриясы, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
13
Ирригациялык системаларды модернизациялоо, суу менен камсыздоонун заманбап системаларын ишке киргизүү
Суунун жоготууларын кыскартуу жана агрардык өндүрүштүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында ирригациялык системаларды модернизациялоо жана айыл чарбасында заманбап сууну үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүү
2026-жыл
Ирригациялык системалар модернизацияланды, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жана суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугу жогорулатылды
САЧКӨМ
14
Жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин бекемдөө бөлүгүндө мамлекеттик кызматчылардын жоопкерчилигин жогорулатуу, анын ичинде калк менен ачык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, жарандардын кайрылууларын жана даттанууларын өз убагында жана объективдүү кароо, ошондой эле аталган маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрүү
Аткаруу тартибин чыңдоо, мамлекеттик башкаруу системасын реформалоого заманбап башкаруучу куралдарын жана ыкмаларын киргизүү, квалификациялуу жана ийкемдүү башкаруучу кадрларды, IT-адистерин жана аналитиктерди тартуу аркылуу мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу, ошондой эле өздөрүнүн компетенциясынын чегинде маселелерди ыкчам жана өз алдынча чечүү үчүн мамлекеттик кызматчылардын жеке жоопкерчилигин камсыздоо
2026-жыл ичинде
Жарандардын мамлекеттик институттарга ишениминин деңгээли жогорулады, мамлекеттик органдардын калк менен өз ара аракеттенүүсүнүн кыйла натыйжалуу жана ачык-айкын системасы камсыз кылынды, ошондой эле социалдык туруктуулук жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу чыңдалды
Мамлекеттик органдар, Башкы прокуратура, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек ш. мэриясы, Ош ш. мэриясы, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
15
Биримдиктүү, дүйнөгө ачык жана туруктуу өнүгүп жаткан кыргыз мамлекетин түзүүнүн негизи катары коомдо этностор аралык ынтымакты, өз ара сый-урматты жана толеранттуулукту бекемдөө
Этностор аралык сый-урматты жана толеранттуулукту чыңдоого, мамлекеттик демилгелер аркылуу бардык этникалык топтордун өкүлдөрү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган билим берүүчү, маданий жана коомдук иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу, ошондой эле ачык, биримдиктүү жана туруктуу өнүгүп жаткан мамлекет катары Кыргыз Республикасынын эл аралык имиджин илгерилетүү
2026-жыл ичинде
Коомдо этностор аралык сый-урмат жана толеранттуулук бекемделди, бул Кыргыз Республикасынын ачык, биримдиктүү жана туруктуу өнүгүп жаткан мамлекет катары эл аралык имиджинин позитивдүү калыптанышына өбөлгө түзөт
ДИЭМУА, ММЖСМ, Агартуумин, ЭСКММ, Спорт агенттиги, ИИМ, УСК
16
Бирдиктүү билим берүү стандарттарын иштеп чыгууну, кадрлардын квалификациясын жогорулатууну жана салттуу исламды сапаттуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүнү кошкондо, "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык диний окуу жайлардын ишин борборлоштуруп жөнгө салууну камсыз кылуу
Диний окуу жайларды борборлоштуруу, бирдиктүү билим берүү стандарттарын киргизүү, педагогикалык жана диний кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле салттуу исламды туруктуу жана системалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу
2026-жыл ичинде
Диний чөйрөдө кадрларды даярдоонун сапаты жогорулап, салттуу исламды туруктуу, коопсуз жана агартуучулук өнүктүрүү камсыздалды
ДИЭМУА
17
Үй-бүлө институтун чыңдоо, ажырашууга алып келүүчү факторлорду азайтуу, ошондой эле көп балалуу, өзгөчө Кыргыз Республикасынын тоолуу региондорунда жашаган үй-бүлөлөрдү мамлекеттик колдоонун комплекстүү чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
Үй-бүлөлүк кеңеш берүү программаларын даярдоо жана ишке ашыруу, ажырашуунун себептерине комплекстүү талдоо жүргүзүү, үй-бүлөлөргө социалдык-психологиялык колдоо көрсөтүүнү күчөтүү, ошондой эле республиканын тоолуу региондорунда жашаган көп балалуу үй-бүлөлөргө финансылык жана социалдык жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик механизмдерин ишке киргизүү
2026-жыл ичинде
Коомдун социалдык туруктуулугу жогорулады, үй-бүлөлөрдүн жашоо сапаты жакшырды, ошондой эле туруктуу демографиялык өсүш үчүн шарттар түзүлдү
ЭСКММ, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек ш. мэриясы, Ош ш. мэриясы, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
18
Жашоонун бардык этаптарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо боюнча комплекстүү чараларды ишке ашыруу, анын ичинде саламаттык сактоо системасын модернизациялоо, профилактикалык медицинаны күчөтүү жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу аркылуу 2030-жылга чейин улуттук өнүктүрүү максаттарына жетишүү
Медициналык инфраструктураны модернизациялоо, анын ичинде саламаттык сактоо объекттерин куруу жана капиталдык оңдоо, жаңы ооруканаларды, поликлиникаларды жана фельдшердик-акушердик пункттарды куруу, медициналык мекемелерди заманбап жабдуулар жана санариптик системалар менен жабдуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу, ошондой эле ооруларды эрте аныктоого, калкты эмдөөгө жана эне менен баланын ден соолугун коргоого багытталган профилактикалык программаларын күчөтүү
2026-2030-жылдар
2030-жылга чейин улуттук өнүктүрүү максаттарына жетүүнүн алкагында калктын ден соолугун чыңдоо камсыз кылынды, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү кеңейтилди, оорулардын алдын алуу күчөтүлдү жана жарандардын күтүлгөн жашоо узактыгы жогорулады
ССМ, Курулуш министрлиги, СӨИТМ, ММКФ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору үчүн тиешелүү жылдарга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде
19
Билим берүү инфраструктурасын жана билим берүүнүн сапатын чыңдоо
12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн алкагында билим берүү системасын модернизациялоо боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу, анын ичинде билим берүү инфраструктурасын жана материалдык-техникалык базасын жаңылоо, "Алтын Казык" билим берүү программасынын негизинде XXI кылымдын компетенцияларына багытталган программаларды ишке киргизүү, STEM-лабораторияларын жана жогорку ылдамдыктагы интернет тармагын кеңейтүү, педагогдорду санариптик билим берүү куралдары менен камсыз кылуу, дуалдык билим берүү системасын өнүктүрүү, ошондой эле университеттерди билим берүү экономикасын калыптандырууга өбөлгө түзүүчү билим, изилдөөлөр жана инновациялар борборлоруна трансформациялоо
2026-2027-жылдар
Сапаттуу билим алууга жеткиликтүүлүк кеңейтилди, экономиканын жана эмгек рыногунун заманбап талаптарына шайкеш келген атаандаштыкка жөндөмдүү жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо камсыз кылынды
Агартуу-мин, ИЖБИМ, Спорт агенттиги, ЭСКММ, СӨИТМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Агартуу министрлигине республикалык бюджетте тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде
20
Билим алуу, кесиптик өсүү, инновациялык иш жана жарандардын потенциалын ачуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аркылуу адам капиталын өнүктүрүүнүн экосистемасын чыңдоо
Университеттердин базасында инновациялык хабдарды жана технопарктарды түзүү, эмгек рыногунда талап кылынган кадрларды даярдоону күчөтүү, ошондой эле жаштардын физикалык жана руханий өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн спорттук инфраструктураны кеңейтүү
2026-жыл ичинде
Адам капиталын өнүктүрүүнүн экосистемасы чыңдалды, заманбап билимге ээ, ден соолугу чың, эмгек рыногунда жогорку атаандаштыкка жөндөмдүү калктын калыптанышы камсыздалды
ИЖБИМ, Спорт агенттиги, ММЖСМ, ЭСКММ, СӨИТМ
Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору үчүн тиешелүү жылдарга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде, ошондой эле жогорку окуу жайларынын жеке каражаттарынын эсебинен
21
Дуалдык билим берүүнүн укуктук жана ченемдик базасын өнүктүрүү, атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоого багытталган теориялык даярдоону жана практикалык ишти айкалыштырган окутуу моделин киргизүүнү камсыз кылуу, ошондой эле гармониялуу өнүккөн жана социалдык жоопкерчиликтүү муунду калыптандыруу үчүн дене тарбия жана спорт программаларын кеңейтүү
22
Материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо, маданий инфраструктураны модернизациялоо, заманбап искусствону жана креативдүү индустрияларды колдоо аркылуу Кыргыз Республикасынын маданий экосистемасын комплекстүү өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жолу менен өлкөнү экономикалык, социалдык жана имидждик өнүктүрүүнүн фактору катары улуттук маданияттын потенциалын пайдалануу
Материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча иш-чаралардын комплексин, анын ичинде республикалык деңгээлде "Жандуу мурас" форматын жана жаштарды активдүү тартуу менен региондордо салттарды, кол өнөрчүлүктү жана музыкалык-ыр фольклорун кайра жаратууга багытталган адистештирилген лабораторияларды түзүү, ошондой эле театрларды, музейлерди, маданият үйлөрүн, этнографиялык борборлорду жана китепканаларды калыбына келтирүү жана модернизациялоо боюнча иштерди күчөтүү
2026-жыл ичинде
Улуттук маданияттын сакталышы жана жаңыланышы камсыз кылынды, чыгармачылык экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлдү, Кыргыз Республикасынын эл аралык маданий кадыр-баркы чыңдалды
ММЖСМ, ЭКМ, ЭСКММ, СӨИТМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору үчүн тиешелүү жылдарга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде
23
Региондор аралык байланыштарды чыңдоо, региондордун транспорттук байланышын жогорулатуу жана өлкөнүн транзиттик-логистикалык потенциалын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын автомобиль, темир жол жана авиациялык инфраструктурасын комплекстүү өнүктүрүүнү камсыз кылуу
Чыгыш Азия - Европа багыты боюнча негизги транзиттик-логистикалык коридор катары республиканы түзүүгө багытталган комплекстүү инфраструктуралык-институттук иш-чараларды ишке ашыруу
2026-2030-жылдар
Региондор аралык транспорттук байланыштар чыңдалды, өлкөнүн транзиттик-логистикалык потенциалы кеңейтилди жана Кыргыз Республикасынын экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулады
ТКМ, ФМ, ЭКМ, ИУА, "Кыргыз темир жолу" УК" МИ
Тартылган министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле "Кыргыз темир жолу" УК" МИнин жеке каражаттарынын эсебинен
24
Логистикалык хабдарды жана индустриялык зоналарды түзүүнү камсыз кылуу, ички жана тышкы инвестицияларды тартууну активдештирүү, ошондой эле өндүрүш аймактарынын ири өнөр жай борборлору менен байланышын камсыз кылуучу жана өлкөнүн борбордук региондорунун жаңы экономикалык конфигурациясын түзүүчү темир жол линияларын толук транспорттук-экономикалык коридорлорго кайра түзүү менен темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу Борбордук региондордун жаңы экономикалык конфигурациясын түзүү, ошондой эле көмүр кендери жана өлкөнүн ири өнөр жай райондору менен түз темир жол байланышын түзүү максатында Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече - Макмал темир жол линиясын курууну баштоону камсыз кылуу
25
26
Экономикалык өсүшкө дем берүү, инвестицияларды тартуу жана туризмди өнүктүрүү максатында ири эл аралык жана улуттук стратегиялык транспорттук долбоорлорду ишке ашыруу, авиация тармагын модернизациялоо жана Кыргыз Республикасынын европалык транспорт мейкиндигине чыгуусун кеңейтүү
Республиканын авиациялык системасын модернизациялоо жана өнүктүрүү, анын ичинде экономикалык өсүшкө дем берүү, инвестицияларды тартуу жана туризмди өнүктүрүү максатында улуттук авиациялык инфраструктураны эл аралык аба мейкиндигине интеграциялоо боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу
2026-2030-жылдар
Ири стратегиялык транспорттук долбоорлорду ишке ашыруунун жана авиация тармагын модернизациялоонун натыйжасында жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмдөрү көбөйдү, эл аралык транспорттук байланыштар кеңейди, ошондой эле инвестициялардын агымы жана туристтик келүүлөр көбөйдү
ТКМ, ИУА, "Кыргыз темир жолу" УК"МИ, Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, "Кыргызстан аэропорттору" ААК
Тартылган министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, ошондой эле "Кыргыз темир жолу" УК" МИнин жеке каражаттарынын эсебинен
27
Иштеп жаткан гидроэлектро-станцияларды модернизациялоо, жаңы ири жана чакан электр станцияларын куруу, ошондой эле күн жана шамал энергетикасын өнүктүрүү аркылуу республиканын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу жана энергетика секторун карызы жок жана туруктуу кирешелүү тармакка трансформациялоо
Энергетикалык сектордун генерациялоочу кубаттуулуктарын өнүктүрүүнү, анын ичинде иштеп жаткан гидроэлектростанцияларды модернизациялоону, Токтогул ГЭСинин жаңыланган агрегаттарын толук эксплуатациялоого берүүнү жана оптималдаштырууну, жыл ичинде 10го чейинки чакан гидроэлектростанцияны курууну, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы эң ири энергетикалык долбоорлордун бири катары Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууну активдештирүүнү камсыз кылуу
2026-жылдын ичинде
Электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмдөрү көбөйдү, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгы камсыз кылынды жана иштеп жаткан ГЭСтерди модернизациялоонун, жаңы электр станцияларын куруунун, күн жана шамал энергетикасын өнүктүрүүнүн эсебинен энергетика тармагынын финансылык туруктуулугу бекемделди
ЭМ, САЧКӨМ, ЖРЭТКМ
28
2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун төрагалыгы, Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү уюштуруу, анын ичинде улуттук символдорду илгерилетүү, заманбап инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн эл аралык имиджин бекемдөө боюнча иш-чаралардын комплекстүү планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу аркылуу Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркын жогорулатуу
Шанхай кызматташтык уюмунда Кыргыз Республикасынын төрагалыгына жана Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жогорку уюштуруучулук жана эл аралык деңгээлде өткөрүүгө комплекстүү даярдык көрүүнү камсыз кылуу
2026-2030-жылдар
Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркы жогорулады, улуттук символдорду жана маданий мурастарды популярдаштыруу камсыз кылынды, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунда төрагалык кылуунун, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүүнүн жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруунун алкагында өлкөнүн заманбап инфраструктурасы жана уюштуруучулук потенциалы көрсөтүлдү
КРПИБ, ТИМ, ММЖСМ, Курулуш министрлиги, СӨИТМ, ЭКМ, ЭМ, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча)
Маданият жана спорт чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын тартылган министрликтери жана ведомстволору үчүн тиешелүү жылдарга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде
29
Эл аралык иш-чараларды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү үчүн "Ырыс Ордо" конгресс-холлунун даярдыгын жана техникалык жабдууну толук аяктоону камсыз кылуу
30
Эл аралык делегацияларды кабыл алууну, ошондой эле расмий делегациялардын коопсуздугун, транспорттук жана протоколдук коштоону камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашырууну камсыз кылуу
31
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө комплекстүү даярдыкты, анын ичинде зарыл болгон инфраструктураны өнүктүрүүнү, иш-чараларды уюштуруучулук жана техникалык коштоону, ошондой эле эл аралык делегациялардын катышуусун координациялоону уюштуруу
32
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин өткөрүү үчүн арналган "Бишкек Арена" - улуттук стадионду эксплуатациялоого киргизүү, ошондой эле заманбап спорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу
33
Кыргыз Республикасынын позитивдүү образын илгерилетүүгө жана өткөрүлүүчү эл аралык иш-чараларды кеңири чагылдырууга багытталган эл аралык жана ички маалыматтык-имидждик ишти күчөтүү
34
Кыргыз Республикасынын улуттук символдорун жана тарыхый-маданий мурастарын жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде популярдаштыруу боюнча ишти активдештирүү
35
Туристтик тармакты өнүктүрүү, тейлөө чөйрөсүнүн сапатын жогорулатуу жана шаардык инфраструктураны модернизациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу
Кыскартуулардын тизмеси
Башкы прокуратура
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
ТИМ
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
ИИМ
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
УКМК
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
ММЖСМ
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
ФМ
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги
ЭКМ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
ИУА
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик
Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
Курулуш министрлиги
-
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги
Жер агенттиги
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик
КРПИБ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы
КРПИБ караштуу ТКАККМБ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор
МБК
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы
МСК
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы
ЖӨБО
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
Агартуумин
-
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
ЭСКММ
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
ДИЭМУА
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик
ССМ
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
сөитм
-
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги
ММКФ
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду
ИЖБИМ
-
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
ТКМ
-
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
САЧКӨМ
-
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
ЭМ
-
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
ЖРЭТКМ
-
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
Спорт агенттиги
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору
УСК
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
"Кыргыз темир жолу" УК" МИ
-
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы
КРП облустардагы ЫУӨ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
"Кыргызстан аэропорттору" ААК
-
"Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөЗакон · 21.01.2025 · № 18
- КР Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ЖарлыгыУказ · 22.09.2025 · № 270 · Күчүн жоготкон