Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин «Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын 12-сессиясынын “Элдик курултайды өткөрүү” жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-октябрындагы № I/12-50
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 1-чакырылышынын 12-сессиясынын “Элдик курултайды өткөрүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 кезектеги IV “Элдик курултайды өткөрүү боюнча” Жарлыгын аткаруу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык, жарандар мыйзамдарды, Республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого, кабыл алууга катышуу, Кыргыз Республикасында анын ичинде Чүй облусундагы улуттар аралык ынтымакты андан ары бекемдөө, жарандык коомдуу бириктирүү, социалдык мобилизациялоого көмөктөшүү максатында Кызыл-Октябрь айылдык кенешинин депутаттары талкулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 кезектеги IV “Элдик курултайды өткөрүү боюнча” Жарлыгы кынтыксыз аткарууга алынсын
2. Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Кызыл-Октябрь айыл аймагынын жумушчу топ төмөндөгүдөй бекитилсин;
1. Карамырзаев А.Т - кеңештин тɵрагасы,комиссия тɵрагасы
2. Курманалиева Г.Ш - жоопту катчы,катчысы
3. Каипова Д. - айыл башчысы
4.Токтаналиева Ч. - Ак-Бекет айылынын маданият үйүнүн директору
5. Исеналиев Г.А. – Жаны-Алыш айылынын маданият үйүнүн директору
6. Шаршеналиева К.С. - Жарандык коомчулуктан
7. Абдыбеков Б.А. - жергиликтүү кеңештин депутаты
8. Кенжебаев К.К. - жергиликтүү кеңештин депутаты
9. Байрамулов А. - жергиликтүү кеңештин депутаты
3. Айыл аймагынан Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн;
4. Жумушчу топ биринчи Элдик Курултайды даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Н.Сулаймановго жүктөлсүн.
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасы
Карамырзаев А.Т.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ЖарлыгыУказ · 22.09.2025 · № 270 · Күчүн жоготкон