Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
14-берене. Инвестициялык макулдашууларга түз сүйлөшүүлөр жолу менен кол коюу жана инвестициялык макулдашуулардын алкагында мамлекеттик менчик объекттерин ээликтен ажыратуу
Күчүндө · 08.04.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 апреля 2026 года № 46
1. Эгерде инвестор инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун демилгечиси болсо, Министрлер Кабинети экономиканын артыкчылыктуу тармактарын жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларына ылайык инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык макулдашуу түзүүгө укуктуу.
Эгерде макулдашуунун суммасы ушул Мыйзамдын 31-беренесинде белгиленген талаптарга ылайык келсе жана инвестор иштин ушул сыяктуу чөйрөсүндө долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу тажрыйбасына ээ болсо, инвестициялык макулдашуу Министрлер Кабинетинин жана инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлүшү мүмкүн.
2. Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен инвестициялык макулдашууну түзүүнүн тартиби жана башка шарттары ушул беренеге ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында жер тилкелерин чет өлкөлүк жактарга өткөрүп берүү жагын караган учурларды кошпогондо, мамлекеттик менчик объекттерин ээликтен ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында ээликтен ажыратууга тыюу салуу белгиленбеген мамлекеттик менчик объекттери Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык ээликтен ажыратылышы мүмкүн.
Мындай инвестициялык макулдашуунун негизги шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- баалоо иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көз карандысыз баалоонун натыйжалары боюнча аныкталган рыноктук наркы боюнча инвесторго мамлекеттик менчик объектин ээликтен ажыратуу;
- инвестициялык макулдашууда инвестициялык долбоордун максаттарына жетүү үчүн ээликтен ажыратылуучу мамлекеттик менчик объектин ээликтен ажыратуу жана андан ары инвестор тарабынан пайдалануу ыкмасын аныктоо;
- инвестициялык макулдашуу толук ишке ашырылганга чейин ээликтен ажыратылуучу мамлекеттик менчик объекти инвестор тарабынан ээликтен ажыратылышына тыюу салуу;
- инвестициялык макулдашууда инвестор макулдашууда каралган өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда объектти мамлекеттик менчикке кайтарып берүү тартибин аныктоо.
5. Ушул берененин жоболорунун алкагында Министрлер Кабинети тарабынан инвесторлор менен түзүлүүчү инвестициялык макулдашуулар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик) менен милдеттүү түрдө алдын ала макулдашылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аталган инвестициялык макулдашууларды даярдоодо, кароодо жана түзүүдө мамлекеттик органдардын жана инвестициялык процесстин башка катышуучуларынын иш-аракеттерин координациялоону жүзөгө ашырат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Министрлер Кабинети менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын борборлоштурулган реестрин жүргүзөт, анын актуалдуулугун камсыз кылат жана белгиленген тартипте түзүлгөн макулдашуулар жөнүндө маалымат берет. (КР 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 08.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 апреля 2026 года № 46 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об инвестициях в Кыргызской Республике", "О третейских судах в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
08.04.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…түзүүгө укуктуу.
Эгерде макулдашуунун суммасы ушул Мыйзамдын алынып салынды: 30-беренесинде кошулду: 31-беренесинде белгиленген талаптарга ылайык келсе жана инвестор иштин ушул сыяктуу … белгиленген тартипте түзүлгөн макулдашуулар жөнүндө маалымат берет.
кошулду: (КР 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (19)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1185-т "Чайнатаун кыймылсыз мүлк" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 31.12.2025 · № 1185-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1186-т "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунда заманбап көп тармактуу логистикалык борборду жана кампа…Распоряжение · 31.12.2025 · № 1186-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 42-т (Күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө инвстициялык…Распоряжение · 29.01.2026 · № 42-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-июлундагы № 586-т («Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “РИНЭК” башкаруучу компаниясы жоопкерчилиги…Распоряжение · 31.07.2026 · № 586-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 1167-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Жыргалаң Энерго” жоопкерчилиги чектелген…Распоряжение · 30.12.2025 · № 1167-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-мартындагы № 193-т ( Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Түндүк Инвест» жоопкерчилиги чектелген…Распоряжение · 25.03.2026 · № 193-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 268-т (Биофармакс инвестициялык макулдашуу жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 20.04.2026 · № 268-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июну № 382 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен…Постановление · 01.06.2026 · № 382
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен инвестициялык макулдашууларды түзүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобо…Положение · 01.06.2026 · № 382
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 724-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Завод Аккумуляторов Лифан” жоопкерчилиги…Распоряжение · 22.09.2026 · № 724-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 246-т (Баоруй инвестициялык келишим жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 10.04.2026 · № 246-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 284-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Агро Куш» жоопкерчилиги чектелген коомунун…Распоряжение · 23.04.2026 · № 284-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 91-т (Ду Кастомс” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы “Чүй облусунун Аламүдүн районунда…Распоряжение · 18.02.2026 · № 91-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 299-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Чоктал Резорт" жоопкерчилиги чектелген…Распоряжение · 28.04.2026 · № 299-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-мартындагы № 142-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 356-т тескемеси менен…Распоряжение · 06.03.2026 · № 142-т
- КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 318-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети…Распоряжение · 30.04.2026 · № 318-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрели № 323-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, «Кыргызалтын» ачык акционердик коому жана «Цзыцзинь Голд…Распоряжение · 30.04.2026 · № 323-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-июлундагы № 552-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "НООР" жоопкерчилиги чектелген коомунун…Распоряжение · 23.07.2026 · № 552-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июну № 407-т "2023-жылдын 20-октябрында кол коюлган КРМК жана “Alkanov Group” (Алканов Групп) ЖЧКсынын ортосундагы…Распоряжение · 05.06.2026 · № 407-т
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030204/st-14" title="14-берене - Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>