Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө“, „Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 8-апрели № 46
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 19-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда "нотариалдык жактан" деген сөздөр алып салынсын;
2) 14-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "30-беренесинде" деген сөздөр "31-беренесинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 16-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Инвестордун мүлкүн кылмыш жасагандыгы үчүн бөгөт коюу чарасы катары конфискациялоо Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган учурларда соттун чечими боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.";
4) 23-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
1. Инвестициялар менен байланышкан жана инвестордун Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишин жүзөгө ашырууда келип чыгуучу талаш-тартыштар (инвестициялык талаш-тартыш) сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет. Инвестициялык талаш-тартыш тараптардын макулдашуусу боюнча медиация аркылуу же болбосо талаш-тартышты сотко чейинки жөнгө салуунун башка макулдашылган ыкмалары менен жөнгө салынышы мүмкүн.
2. Эгерде инвестициялык талаш-тартыш ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартипте жөнгө салынбаса, инвестициялык талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын сот органдарында чечилет же колдонуудагы арбитраждык эскертмени камтыган тиешелүү жазуу жүзүндөгү макулдашуу болгон учурда, же бул талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык арбитражга берилген учурда арбитражда каралат.";
5) 33-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашырууну пландоочу чет өлкөлүк инвесторлор аккредитациядан ыктыярдуу негизде өтүүгө укуктуу.".
2-берене. "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
46-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2026-жылдын 11-мартында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (11)
- Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндөЗакон · 12.08.2025 · № 198
- Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 135
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 379-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2022 · № 379-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 366-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.06.2022 · № 366-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 25-майындагы № 256-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 25-майындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.05.2022 · № 256-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 25-майындагы № 267-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы…Постановление · 25.05.2022 · № 267-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 395-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы…Постановление · 30.06.2022 · № 395-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 186-VIII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө"…Постановление · 19.02.2026 · № 186-VIII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 263-VIII “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”…Постановление · 11.03.2026 · № 263-VIII
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 339-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы…Постановление · 16.06.2022 · № 339-VII
- Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндөЗакон · 10.04.2026
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 135
- Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндөЗакон · 12.08.2025 · № 198