Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Баоруй инвестициялык келишим жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 10-апрели № 246-т
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда кубаттуулугу 1200 МВт болгон күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Чжунзци Баоруй энергиянын жаңы түрлүү инвестициялык компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда кубаттуулугу 1200 МВт болгон күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын энергетика министрине ушул тескеменин 1-пунктунда аталган Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндөЗакон · 12.08.2025 · № 198