Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Инвест Кей Джи Холдинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Инвестициялык макулдашууга Кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө) тескемесини
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-апрели № 318-т
Бишкек шаарында социалдык багыттагы объекттер менен көп функциялуу турак жай комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025-жылдын 28-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Инвест Кей Джи Холдинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Бишкек шаарынын аймагында турак жай жана коммерциялык объекттерди курууну, реконструкциялоону жана көрктөндүрүүнү инвестициялоо боюнча комплекстүү долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндөЗакон · 12.08.2025 · № 198