Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен инвестициялык макулдашууларды түзүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июнунудагы № 382 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен инвестициялык макулдашууларды түзүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен инвестициялык макулдашууларды түзүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан кийин – Мыйзам) 14-беренесине ылайык иштелип чыккан жана экономиканын артыкчылыктуу тармактарында жана социалдык чөйрөдө мамлекеттик өнүктүрүү программаларына ылайык келген инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары – Министрлер Кабинети) менен инвесторлордун ортосунда инвестициялык макулдашууларды түзүү шарттарына талаптарды белгилейт.
2. Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр:
1) инвестициялык сунуш – инвестициялык долбоордун мазмунунун кыскача сыпаттамасын жана аны ишке ашыруу планын камтыган, Мыйзамга ылайык даярдалган документтердин комплекси;
2) инвестициялык долбоор – Мыйзамдын 4-беренесине жана
26-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык даярдалган, белгилүү бир объектке инвестициялардын экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана мөөнөттөрүн негиздөөчү, ошондой эле объектти эксплуатацияга берүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен белгиленген натыйжага жеткенге чейин инвестицияларды ишке ашыруу боюнча практикалык иш-чараларды камтыган документтердин комплекси же болбосо мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун негизинде ишке ашырылуучу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору;
3) түз сүйлөшүүлөр жолу менен инвестициялык макулдашуу – инвестициялык долбоор экономиканын артыкчылыктуу тармактарын жана социалдык чөйрөнү мамлекеттик өнүктүрүү программаларына ылайык келген шартта конкурстук жол-жоболорду өткөрбөстөн Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түзүлүүчү макулдашуу;
4) инвестициялык макулдашуу – Кыргыз Республикасындагы инвестициялар менен байланышкан тараптардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчиликтерин аныктоочу, инвестор менен мамлекеттик органдын жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы жазуу жүзүндөгү келишим;
5) мамлекеттик менчик объекти – төмөнкүлөргө тиешелүү мамлекеттик мүлк:
– Кыргыз Республикасынын менчиктештирүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик менчик объекттерин берүүгө тыюу салынбаган;
– мамлекеттик менчик укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган;
6) мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык туруктуу негизде түзүлгөн, мамлекеттик бийликтин функцияларын жүзөгө ашырууга, аткаруу үчүн милдеттүү чечимдерди кабыл алууга жана аларды ишке ашырууну камсыз кылууга ыйгарым укуктуу, республикалык бюджеттен каржыланган орган;
7) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик орган.
3. Инвестициялык макулдашуунун негизги шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) инвестициялык макулдашууга инвестордун инвестициялык сунушунда жана (же) инвестициялык долбоорунда каралган
иш-чараларды (объектке инвестициялардын мөөнөтү жана көлөмү, объектти эксплуатациялоого берүү же инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен берилген натыйжага жеткенге чейин инвестицияларды ишке ашыруу боюнча практикалык иш-чаралар) киргизүү;
2) инвестициялык макулдашуунун шарттары толук аткарылганга чейин инвестор тарабынан мамлекеттик менчик объектин берүүгө тыюу салууну белгилөө;
3) социалдык максаттарда мурда пайдаланылган объекттерди бузуу, реконструкциялоо же профилин кайра өзгөртүү учурларында социалдык инфраструктура объекттерин курууну, реконструкциялоону же каржылоону кошуп алганда инвестордун социалдык милдеттенмелери;
4) ушул Жобонун 18-пунктуна ылайык инвестициялык макулдашууда каралган өз милдеттенмелерин инвестор аткарбаган учурда инвестициялык макулдашууда мамлекеттик менчик объектин кайтарып берүүнүн, анын ичинде бир тараптуу кайтаруунун тартибин аныктоо;
5) жер тилкелерин берүүнүн жана пайдалануунун шарттары, анын ичинде пайдалануу мөөнөтүн узартуунун этаптуулугу жана негиздери;
6) Мыйзамдын 32-беренесинде каралган башка шарттар.
4. Министрлер Кабинетинин атынан инвестициялык макулдашууну түзүү боюнча түз сүйлөшүүлөр жана инвестициялык макулдашуунун долбоорун даярдоо ушул Жобонун 8-пунктунда каралган инвестордун кайрылуусунун негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Мамлекеттик органдар менен инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун макулдашуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул Жобонун 3 жана 8-пункттарын эске алуу менен Министрлер Кабинетинин ишин уюштуруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Инвестициялык макулдашуунун долбоору Министрлер Кабинетинин чечими менен жактырылууга тийиш жана Министрлер Кабинетинин атынан инвестициялык макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берүүнү караган Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан кол коюлат.
7. Инвестициялык макулдашуулардын алкагында мамлекеттик менчик объекттери ушул Жобого ылайык Министрлер Кабинетинин жана инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча гана инвесторлордун менчигине берилиши мүмкүн. Ошол эле учурда мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын мүлкүн берүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол берилбейт.
Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен мамлекеттик менчикте турган стратегиялык объекттерди инвесторлордун менчигине берүүнү караган инвестициялык макулдашууларды түзүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
2-глава. Инвестициялык макулдашууну түзүү тартиби жана башка шарттары
8. Инвестициялык макулдашууну түзүү максатында Министрлер Кабинетине кайрылуу үчүн инвестор төмөнкүдөй бардык шарттарды сактоого тийиш:
1) инвестордо инвестициялык сунуштун жана инвестициялык долбоордун болушу;
2) инвестордун же долбоорду ишке ашырууга расмий түрдө тартылган өнөктөштүн окшош иш чөйрөсүндө долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу тажрыйбасынын болушу;
3) инвестициялык долбоордун экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы жана социалдык чөйрөдөгү мамлекеттик өнүктүрүү программаларына ылайык келиши;
4) инвестициялык долбоорго инвестициялардын жалпы суммасы 1 миллиард сомду жана андан ашыкты түзүшү;
5) зарыл документтерди тиркөө жана тиешелүү милдеттенмелерди алуу менен инвестордун Мыйзамдын
5-беренесинде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келиши. Жогоруда көрсөтүлгөн шарттар Мыйзамдын 4-беренесинин 22-пунктчасына, 30-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан текшерилүүгө жана ырасталууга тийиш.
9. Инвесторго салыктык, бажылык жана башка жеңилдиктерди жана преференцияларды берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
10. Инвестициялык салымдар инвестициялык макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун план-графигине ылайык жүргүзүлөт.
Инвестициялык долбоорду этап-этабы менен каржылоонун жана ишке ашыруунун план-графиги инвестициялык макулдашуунун долбоору менен бир убакта киргизилүүгө тийиш. Макулдашылган план-графиктин жоктугу инвестициялык макулдашуунун долбоорун Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.
11. Инвестор инвестициялык макулдашууда аныкталган көлөмдө жана мөөнөттө инвестициялык долбоорду толук жана өз убагында ишке ашыруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат. Бардык иштер колдонуудагы ченемдик талаптарга жана сапат стандарттарына ылайык аткарылууга тийиш.
12. Инвестициялык макулдашууну ишке ашырууда инвестор талаптарды сактоо боюнча милдеттенмелерди алат. Түз сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, ушул Жободо каралгандардан айырмаланган шарттарды инвестициялык макулдашууга киргизе алат.
3-глава. Мамлекеттик менчик объекттерин
инвесторлордун менчигине берүү тартиби
13. Инвестициялык макулдашууну түзүү жана мамлекеттик менчик объекттерин берүү инвестициялык иштин өз алдынча элементтери болуп саналат. Инвестициялык макулдашууда мамлекеттик менчикти башкаруу жана тескөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте мамлекеттик менчик объекттерин берүү каралышы мүмкүн.
14. Мамлекеттик менчик объектин инвестордун менчигине берүү баалоо иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн көз карандысыз баалоонун негизинде аныкталган наркы боюнча кайтарымдуу негизде жүргүзүлөт.
15. Инвестициялык макулдашууда мамлекеттик менчик объектин берүү ыкмасын, ошондой эле инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында аны андан ары инвестор тарабынан пайдалануу тартибин жана шарттарын аныктоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.
16. Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин берүү чет өлкөлүк жактар үчүн белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле чет өлкөлүк катышуусу бар юридикалык жактарга жер тилкелери Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү улуттук жана (же) мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилген инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда гана берилиши мүмкүн. Мамлекеттик менчик объекттерин, анын ичинде жер тилкелерин берүү этап-этабы менен жүзөгө ашырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
– инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мезгилине убактылуу ээлик кылуу жана (же) пайдалануу укугун берүү;
– инвестордун инвестициялык макулдашууда каралган милдеттенмелерди аткаргандыгын ырастоо;
– инвестициялык макулдашууда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик менчик объектин андан ары берүү;
– инвестициялык долбоордун мамлекеттик өнүктүрүү программаларына шайкеш келиши;
– жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо.
Жер тилкесин берүү мөөнөтү 10 (он) жылды түзөт. Инвестор инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелерин толук жана өз убагында аткарган шартта көрсөтүлгөн мөөнөт 25 (жыйырма беш) жылга чейин узартылышы мүмкүн. Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн жер тилкесин андан ары пайдалануу зарыл болгон учурда аны берүү мөөнөтү узартылышы мүмкүн, мында жер тилкесин берүүнүн жалпы мөөнөтү 50 (элүү) жылдан ашпоого тийиш.
17. Ушул главанын талаптарын эске алуу менен мамлекеттик менчик объектин инвестордун менчигине берүүгө инвестор милдеттенмелерди толук аткаргандан кийин гана жол берилет, бул объектти эксплуатацияга берүү актылары жана инвестициялык макулдашууда каралган башка документтер менен ырасталат.
4-глава. Инвестициялык макулдашууну
бузуу тартиби
18. Инвестор тарабынан инвестициялык макулдашууда каралган милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү бузулган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 30 календардык күнгө чейинки мөөнөттү берүү менен бузууларды четтетүү зарылдыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо жиберет.
Ушул Жобонун негизинде же ага ылайык жиберилүүчү кабарлоо, жактыруу, макулдашуу жана башка билдирүүлөр кыргыз жана (же) орус тилдеринде жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. Мындай кабарлоолор жана билдирүүлөр төмөнкүдөй жиберилет:
– адресаттын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кол койдуруп тапшыруу аркылуу;
– тапшыруу жөнүндө кабарлоо жана почта чыгымдарын алдын ала төлөө менен заказдык почта жөнөтүү менен;
– жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү жана алуу фактысын белгилөөнү камсыз кылуучу байланыш каражаттары, анын ичинде факсимилдик байланыш аркылуу.
Кабарлоолор инвестициялык макулдашууда көрсөтүлгөн даректер, факс номерлери жана башка реквизиттер боюнча жөнөтүлөт. Кабарлоо төмөнкү учурларда тийиштүү түрдө жеткирилди деп эсептелет:
– берилген күнү – кол койдуруу менен берилгенде;
– почта жөнөтүүсүн тапшыруу жөнүндө кабарлоодо көрсөтүлгөн датада;
– факсимилдик байланыш же кабарлоону алуу фактысын ырастоого мүмкүндүк берүүчү башка байланыш каражаттары аркылуу кабарлоонун берилгендиги ырасталган датада.
Кандай болбосун күмөн саноолорду болтурбоо үчүн электрондук почта аркылуу жөнөтүлгөн кабарлоо жарактуу деп эсептелбейт.
19. Инвестор аныкталган тартип бузууларды белгиленген мөөнөттө жойбогон, ошондой эле талаш-тартыш сүйлөшүүлөр жана (же) медиация жолу менен жөнгө салынбаган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестициялык макулдашууну бузууга демилге көтөрүүгө жана төмөнкүдөй талаптарды коюуга укуктуу:
– мамлекеттик менчик объектин кайтарып берүү жөнүндө;
– келтирилген зыяндардын, чыгымдардын, айыптардын жана туумдардын ордун толтуруу жөнүндө.
Мамлекеттик менчик объектин кайтарып берүү инвентаризациялоо жүргүзүү жана объекттин иш жүзүндөгү абалын белгилөө менен кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча жүргүзүлөт. Инвестор мамлекеттик менчик объектин кайтарып берүүдөн баш тарткан же кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюудан баш тарткан учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сотко төмөнкү талаптар менен кайрылат:
– мамлекеттик менчик объектин кайтарып берүүгө милдеттендирүү жөнүндө;
– зыяндарды, чыгымдарды, айыптарды жана туумдарды өндүрүү жөнүндө.
Мамлекеттик менчик объекти кайтарылгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү жана тиешелүү суммаларды өндүрүүнү, анын ичинде милдеттенмелер ыктыярдуу аткарылбаган учурда сот тартибинде өндүрүүнү камсыз кылат.
20. Ушул Жобого ылайык мамлекеттик менчик объектин кайтарып берүү инвестордун мүлкүн экспроприациялоо, реквизициялоо, конфискациялоо, мамлекеттештирүү же башка алып коюу болуп саналбайт, ал инвестордун милдеттенмелерин аткарбагандыгынын же талаптагыдай эмес аткаргандыгынын натыйжасында жүзөгө ашырылат.
21. Инвестициялык макулдашууну бузууда Мыйзамдын
21-беренесине ылайык инвесторго берилген дем берүүчү чаралар жокко чыгарылууга тийиш, мында милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү инвестициялык макулдашууга кол коюлган датадан тартып эсептелет. Айыптар жана туумдар көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткаруу инвестициялык макулдашуу бузулган датадан тартып 30 календардык күндөн ашык мөөнөткө кечиктирилген учурда эсептелет.
22. Инвестициялык макулдашууну бузууга, мамлекеттик менчик объектин кайтарып берүүгө жана чыгымдарды өндүрүп алууга байланышкан талаш-тартыштар Мыйзамга ылайык чечилет.
5-глава. Башка жоболор
23. Мамлекеттик менчик объекти үчүн сатып алуу наркын төлөө инвестор тарабынан инвестициялык макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
24. Инвесторго берилген мамлекеттик менчик объектине менчик укугунун өтүшүн каттоо анын сатып алуу наркы толук төлөнгөндөн кийин жүзөгө ашырылат. Мында объектке ушул Жобонун 3-пунктунун 4 жана 5-пунктчаларында каралган чектөөлөр, анын ичинде инвестициялык макулдашуу боюнча инвестор милдеттенмелерин толук аткарганга чейин объектке менчик укугун берүүгө, күрөөгө берүүгө жана башка тескөөгө тыюу салуу киргизилет.
25. Инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү инвесторго мамлекеттик менчик объектин ушул Жобонун 29-пунктунда каралган тартипте убактылуу ээлик кылууга жана (же) пайдаланууга берген учурдан тартып эсептелет.
26. Милдеттенмелерди толук аткарганга чейин инвестордун инвестициялык макулдашуу боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин үчүнчү жактарга өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт. Милдеттенмелер бузулган учурда инвестор мамлекетке чыгымдардын жана алынбай калган пайданын ордун толтурат, ал эми мамлекеттик менчик объекти кошумча мөөнөт берилбестен мамлекеттик менчикке кайтарылууга тийиш.
27. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестордун инвестициялык макулдашуунун шарттарын аткарышына талаптагыдай контролду жүзөгө ашырат.
Инвестициялык долбоорду ишке ашыруу мезгилинде жана инвестициялык макулдашууда каралган милдеттенмелерди инвестор толук тийиштүү түрдө аткарганга чейин мамлекеттик менчик объекти Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык түзүлүүчү келишимдин негизинде инвесторго убактылуу ээлик кылууга жана (же) пайдаланууга берилет. Орду толтурулууга тийиш болгон зыяндын (чыгымдардын, алынбай калган пайданын) өлчөмү, ошондой эле айыптын жана туумдун өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген эсептин негизинде сот тарабынан аныкталат. Министрлер Кабинети инвестор тарабынан инвестициялык макулдашуунун шарттарын бузуунун натыйжасында келип чыккан инвестордун инвестицияларынын, чыгымдарынын, алынбай калган пайдасынын жана башка чыгымдарынын ордун толтуруу боюнча милдеттенме албайт.
28. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Министрлер Кабинети менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын реестрин түзүүнү жана жүргүзүүнү, ошондой эле белгиленген тартипте түзүлгөн макулдашуулар жөнүндө маалымат берүүнү жүзөгө ашырат.
29. Эгерде Министрлер Кабинети инвестициялык макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин олуттуу түрдө бузса, инвестор инвестициялык макулдашууга кол койгон мамлекеттик органга жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына Мыйзамга ылайык милдеттенмелердин аткарылышы боюнча сүйлөшүүлөрдү жана консультацияларды өткөрүү жөнүндө кабарлоо жиберет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июну № 382 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен…Постановление · 01.06.2026 · № 382
- Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндөЗакон · 12.08.2025 · № 198
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021