Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен жактырылган, Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Элдин Биримдиги» коомдук фондунун ортосундагы Мүлктүк комплексти сатуу жөнүндө инвестициялык макулдашууга ?01 кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2026-жылдын 6-марты № 142-т
"Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 356-т тескемеси менен жактырылган, 2025-жылдын 4-июнунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Элдин Биримдиги" коомдук фондунун ортосундагы Мүлктүк комплексти сатуу жөнүндө инвестициялык макулдашууга № 01 кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басарына жогоруда аталган № 01 кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндөЗакон · 12.08.2025 · № 198
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон