Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 137 «2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2024-жылдын 5-июну ПЖ № 137 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө Коррупцияга каршы аракеттенүүнү күчөтүү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин колдонуу, коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында коррупцияны минималдаштыруу боюнча туруктуу натыйжаларга жетүүгө багытталган чаралардын комплексин системалуу негизде ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия (мындан ары - Стратегия) 1-тиркемеге ылайык;
2) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилине I этап үчүн) 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенип Стратегияны ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана башка мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эки айлык мөөнөттө Стратегияга ылайык коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволук иш-чаралар пландарын бекитсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүү же аныктоо боюнча сунуш киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү жылга жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө республикалык бюджеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша Стратегияны ишке ашыруу үчүн акча каражаттарын карасын.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына, сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 11-июнундагы № 44 (3597) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 39 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (39)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында…Постановление · 08.04.2026 · № 232
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин "2026-жылдын 2-июлундагы № 13-21-7 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине…Приказ · 02.07.2026 · № 13-21-7
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 29 "2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик…Постановление · 27.01.2026 · № 29
- 2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын…Программа · 27.01.2026 · № 29
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 490-т (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын…Распоряжение · 30.06.2026 · № 490-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 27-сентябрындагы…Приказ · 27.08.2026 · № 01-23/242
- 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү…План · 05.06.2024 · № 137
- 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 137…Стратегия · 05.06.2024 · № 137
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябры № 328 "Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын институтун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө"…Указ · 24.11.2025 · № 328
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 366-VIII "2025-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура…Постановление · 08.04.2026 · № 366-VIII
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025 жылдын 25-мартындагы ПЖ № 100 "Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу орган деп…Указ · 25.03.2025 · № 100
- 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасы (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 178 Жарлыгы менен бекитилди)Программа · 05.06.2025 · № 178
- Распоряжение Кабинета Министров КР от 27 июня 2025 года № 547-р (Об утверждении Порядка проведения мониторинга и оценки реализации государственной антикоррупционной политики)Распоряжение · 27.06.2025 · № 547-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 227-т (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын…Распоряжение · 06.04.2026 · № 227-т
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 23-январындагы ПЖ № 7 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 “2025–2030-жылдарга Кыргыз…Указ · 23.01.2026 · № 7
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 5-февралы № 28 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында…Указ · 05.02.2026 · № 28
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында…Указ · 28.07.2026 · № 269
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-ноябрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин иши…Постановление · 11.11.2025 · № 735
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча…Постановление · 19.11.2025 · № 746
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябры № 761 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү коррупциянын алдын…Постановление · 27.11.2025 · № 761
39 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021