Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун типтүү стандарттарын бекитүү жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-июну № 490-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025–2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) 5-главасынын 1-пунктунун 3-пунктчасын ишке ашыруу, мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын коррупцияга каршы жүрүм-турумуна бирдиктүү жана системалуу талаптарды түзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун типтүү стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору жана башка мамлекеттик органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун типтүү стандарттарына ылайык мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун стандарттарын белгиленген тартипте иштеп чыксын жана бекитсин, ошондой эле аларды кызматтык ишке киргизүүнү жана колдонулушун методикалык коштоону камсыз кылсын;
2) бул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын коррупцияга каршы жүрүм-турумунун типтүү стандарттары (Кыргыз Республикасынын…Стандарт · 30.06.2026 · № 490-т
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 477-т (“Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ош…Распоряжение · 25.06.2026 · № 477-т
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия…Указ · 05.06.2024 · № 137