Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-ноябры № 761 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомунун редакциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) 5-главасынын 1-пунктунун 2-пунктчасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1.(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жободо:
- 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 37-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 91-пунктча менен толукталсын:
"91) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 32-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 111-пунктча менен толукталсын:
"111) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
- 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:
"10) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.";
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 токтомунунредакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө жободо:
- 27-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:
"- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;".
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-апрелиндеги № 162 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 31-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Башкы директор коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 31-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Башкы директор коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.".
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-майындагы № 252 "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- 47-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 181-пунктча менен толукталсын:
"181) коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;".
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 95 (3752) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (11)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги N 223 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту…Постановление · 14.04.2022 · № 223
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо-изилдөө институту" мамлекеттик ишканасынын уставыУстав · 24.12.2021 · № 346
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 токтомуна)Положение · 01.07.2021 · № 55
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобоПоложение · 24.12.2021 · № 346
- "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы №…Положение · 03.02.2017 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫустав · 11.04.2024 · № 162
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫустав · 11.04.2024 · № 162
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду жөнүндө ЖобоПоложение · 24.12.2021 · № 346
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын уставыУстав · 24.12.2021 · № 346
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Уставы (Кыргыз Республикасынын…Устав · 17.05.2024 · № 252
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду» мамлекеттик…Постановление · 23.05.2026 · № 365
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 346
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-майындагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду» мамлекеттик…Постановление · 23.05.2026 · № 365
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги N 223 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту…Постановление · 14.04.2022 · № 223
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2021 · № 55
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия…Указ · 05.06.2024 · № 137
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Уставы (Кыргыз Республикасынын…Устав · 17.05.2024 · № 252
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын уставыУстав · 24.12.2021 · № 346
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2017 · № 68