Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 27-январы № 29
2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын жоболорун ишке ашыруу, коррупцияга каршы пропаганда жүргүзүү, коррупцияга каршы стандарттарды жайылтуу жана коомдо коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары – Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы (макулдашуу боюнча):
1) Иш-чаралар планын өз убагында жана так аткарууну камсыз кылсын;
2) квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берип турсун;
3) Иш-чаралар планын учурдагы жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын чечинде ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-январындагы № 6 (3766) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
2-тиркеме
2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№
Милдеттер
Чаралар/аракеттер
Ишке ашыруу мөөнөтү
Күтүлүүчү натыйжалар (продукт)
Жооптуу аткаруучулар
Каржылоо булагы
1
2
3
4
5
6
7
1-глава. Маалыматтык-агартуу иштери
1
Коррупцияга каршы улуттук маалыматтык өнөктүктү жүргүзүү
1. Коррупция келтирген зыян жана анын алдын алуу жолдору жөнүндө маалыматтык материалдарды (видеороликтер, инфографика) иштеп чыгуу
2026-жылдын 1-кварталы
Онлайн жана офлайн форматтарында жеткиликтүү маалыматтык материалдардын топтому
БП, ЮМ, ММЖСМ, Агартуумин, КРП караштуу МБА, КАЫМО, маморгандар, ЖӨБО, ЖКИ, эксперттер (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
2. Иш-чаралар комплексин ишке ашыруу: ЖМК жана медиа-коомчулуктун башка өкүлдөрүнүн катышуусу менен социалдык тармактарда социалдык жарнама, видеороликтер, челлендждер жана флешмобдор, хештег-өнөктүк
#ТазаКыргызстан, #МенПараБербейм, #МенПараАлбайм, коррупциянын фактылары жөнүндө билдирүүлөр үчүн QR-коддору менен баннерлерди жана инфографикаларды жайгаштыруу
2026-2027-жылдар, квартал сайын
Бүтүндөй өлкө боюнча масштабдуу медиа-өнөктүк өткөрүлдү:
- 50дөн аз эмес теле жана радиороликтер чыгарылды жана жайгаштырылды;
- түрдүү максаттуу топтор менен 5тен кем эмес тематикалык өнөктүк;
- региондордо 20дан кем эмес иш-чара (форумдар, жолугушуулар, акциялар)
БП, Агартуумин, ИЖБИМ, ММЖСМ, маморгандар, ЖӨБО, ЖМК (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
3. Коррупциянын кесепеттерине жана аны жок кылуунун маанилүүлүгүнө, анын ичинде коррупциялык кырдаалдардын сценарийлерин көрсөтүү үчүн дипфейк технологияларына арналган ЖИ-генерацияланган аудио жана видео контентти түзүү жана жайылтуу. Материалдарды мамлекеттик телеканалдарга, социалдык тармактарга жана корпоративдик платформаларга интеграциялоо
2026-жылдын 1-2-кварталдары
ЖИ колдонуу менен аудио жана видео материалдардын топтому иштелип чыгып, ишке киргизилди. Коррупциялык кырдаалдарды жана алардын кесепеттерин ачык көрсөтүүчү дипфейк элементтери менен окутуучу роликтер даярдалды. Контент мамлекеттик телеканалдардын эфирине интеграцияланып, социалдык тармактарда жана корпоративдик медиаларда жайгаштырылган
БП, Агартуумин, ИЖБИМ, ММЖСМ, КАЫМО, маморгандар, ЖӨБО, ЖМК (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
4. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун расмий сайттарында коррупцияга каршы контентти жайгаштыруу жана жаңылоо
Дайыма
Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун расмий сайттарында коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча актуалдуу бөлүм ачылды, ал туруктуу негизде жаңыланып турат (кварталына бир жолудан кем эмес) жана ченемдик базаны, коррупцияга каршы пландардын аткарылышы жөнүндө отчетторду, коррупциянын алдын алуу чөйрөсүнө тиешелүү видеороликтерди жана башка маалыматтарды камтыйт
КАЫМО, маморгандары, ОМУ, ЖМК (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
5. Этикалык жүрүм-турумду жайылтуу жана сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын, укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрүнүн жана аскер прокуратурасынын ишин чагылдыруу
2026-2027-жылдар, квартал сайын
20дан кем эмес басма сөз-конференция өткөрүлдү (ар жылдык жана резонанстуу иштер боюнча). ЖМКда жана социалдык тармактарда кызматчылардын этикалык жүрүм-турумунун позитивдүү мисалдары менен 100дөн кем эмес материал жарыяланды. Соттордун, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын иши жөнүндө 50дөн кем эмес видеоролик даярдалды жана таратылды
БП, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, ЖС (макулдашуу боюнча), ИИМ, УКМК, ЖАМК
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
2
Ар кандай максаттуу топтордун арасында коррупцияга каршы тема боюнча тематикалык конкурстарды жана демилгелерди уюштуруу
Чыгармачылык иштердин, видеороликтердин, инфографикалардын, эсселердин, социалдык долбоорлордун ж.б. конкурстарын өткөрүү, андан кийин мыкты материалдарды ЖМК, мамлекеттик органдардын расмий сайттары жана санариптик платформалар аркылуу жайылтуу
2026-2027-жылдар, квартал сайын
Ар кандай форматтар боюнча жылына 2ден кем эмес тематикалык конкурс өткөрүлүп турат (видео, эссе, плакаттар, долбоорлор). Конкурстарга түрдүү максаттуу топтордон кеминде 200дөн кем эмес адам катышты (окуучулар, студенттер, мамкызматчылар, ӨЭУ өкүлдөрү ж.б.). Жылына кеминде 10 мыкты эмгек даярдалып, ЖМК, расмий сайттар жана санарип платформалар аркылуу жайылтылды
Бардык маморгандар, ЖМК (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
3
Ар кандай максаттуу аудиториялар үчүн коррупцияга каршы маалыматтык-билим берүү материалдарын иштеп чыгуу жана жайылтуу
Укуктук сабаттуулук, этика, кызыкчылыктардын кагылышуусу, коррупциянын формалары жана кесепеттери боюнча темаларды камтыган инфографикаларды, буклеттерди, подкасттарды, видеороликтерди жана методикалык колдонмолорду мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдоо
2026-жыл
Даярдалды жана чыгарылды:
- 50 инфографика,
- 20 буклет,
- 30 видеоролик,
- 10 методикалык колдонмо.
Материалдар мамлекеттик жана расмий тилдерге которулуп, жеткиликтүү. 70тен кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык уюм ички пайдалануу үчүн материалдарды алды
БП, Агартуумин, ЮМ, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, бардык маморгандар
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
4
Коррупцияга каршы темаларды формалдуу билим берүү системасына интеграциялоо
Мектептер жана кесиптик билим берүү уюмдары үчүн укуктук сабаттуулук, этика жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелерин эске алуу менен билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү
2026-2027-жылдар
Билим берүү программалары жаңыртылды жана коррупцияга каршы темалар боюнча модулдар киргизилди
Агартуумин, ЮМ, ММЖСМ, КРП караштуу МБА, ССМ, Курулуш министрлиги, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, БП, ЖОЖ (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
5
Мамлекеттик кызматкерлерди жана адистерди кошумча жана кесиптик окутуу системасына коррупцияга каршы компонентти киргизүү
Судьялар, адвокаттар, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка категориялар үчүн лекцияларды, семинарларды, интерактивдүү тренингдерди өткөрүү
2026-жыл
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы, судьялардын, Адвокатуранын жана укук коргоо органдарынын окуу борборлору үчүн 10дон кем эмес окуу модулу иштелип чыкты
Агартуумин, ЮМ, ММЖСМ, КРП караштуу МБА, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, ИИМ, УКМК, БП, ЖС караштуу СЖМ, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына караштуу окуу борбору (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
6
Коррупцияга каршы тематика боюнча интерактивдүү билим берүү ресурстарын түзүү жана илгерилетүү
Санариптик продукттарды (онлайн-курстар, окутуу платформалары, квесттер, стол үстүндөгү жана мобилдик оюндар, видео контент) иштеп чыгуу жана аларды жаштар, айыл тургундары жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жайылтуу
2026-жыл
5тен кем эмес санариптик продукт иштелип чыкты (онлайн-курстар, оюндар, квесттер, окутуу платформалары, видеороликтер). Материалдар которулуп мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяланды. Региондук борборлордо айылдык мектептердин педагогдору үчүн 20дан кем эмес көчмө семинарлар өткөрүлдү. Коррупцияга каршы темаларды интерактивдүү окутуунун методикасына 500дөн кем эмес мугалим окутулду
Агартуумин, ИЖБИМ, ЮМ, ММЖСМ, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, ЭСКММ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
7
Жаштардын коррупцияга каршы демилгелерин колдоо жана өнүктүрүү
Жарандык коомдун институттарын жана эл аралык өнөктөштөрдү тартуу менен коррупцияга каршы долбоорлорду ишке ашыруучу мектеп жана студенттик клубдардын, ыктыярчы топтордун, дебаттык коомчулуктардын жана уюмдардын ишине көмөктөшүү
2026-2027-жылдар
Жаштардын 10дон кем эмес демилгеси колдоого алынды (клубдар, долбоорлор, топтор). 5тен кем эмес республикалык же региондук иш-чаралар (форумдар, дебаттар, акциялар) өткөрүлдү. Коррупцияга каршы активдүүлүккө 500дөн кем эмес жаштар тартылды. Жаштардын долбоорлору жөнүндө 50дөн кем эмес материал даярдалып, ЖМКда жана соцтармактарда жарыяланды
ИЖБИМ, Агартуумин, ММЖСМ, ЖКИ, ЖМК (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
8
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн коррупцияга каршы тематика боюнча окутуу иш-чараларын өткөрүү
Этика, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо, адептүүлүк стандарттары маселелери, даттанууларды берүү жана коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо механизмдери боюнча квалификацияны жогорулатуу боюнча адистештирилген тренингдерди, семинарларды жана курстарды үзгүлтүксүз уюштуруу
2026-2027-жылдар, квартал сайын
Коррупцияга каршы тематика боюнча жылына 10дон кем эмес тренинг жана семинарлар өткөрүлдү. 1000ден кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы окутулду. Коррупцияга каршы саясаттын бардык негизги темаларын камтыган квалификацияны жогорулатуу программалары иштелип чыкты жана бекитилди. Окутуу программаларын жаңылоо жана үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү системасы киргизилди
Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, ЮМ, БП, Агартуумин, ЖКИ, КАЫМО (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
9
БӨУ жана жарандык коомдун коррупцияга каршы маалыматтык саясатка катышуусун активдештирүү
ЧУАга көз карандысыз экспертиза жүргүзүү, агартуу кампанияларын өткөрүү, укуктук жардам көрсөтүү жана илимий-практикалык иш-чараларды уюштуруу үчүн коммерциялык эмес уюмдарды тартуу
2026-2027-жылдар
Коррупцияга каршы ишке 10дон кем эмес БӨУ тартылган. Ченемдик укуктук актыларга 15тен кем эмес көз карандысыз экспертиза жүргүзүлдү. Коррупцияга каршы тематика боюнча 6дан кем эмес илимий-практикалык конференция, тегерек столдор жана семинарлар уюштурулду. 5тен кем эмес изилдөө жана аналитикалык баяндама чыгарылды. 1000ден кем эмес жаранга укуктук жардам көрсөтүлдү
ЮМ, БП, Агартуумин, ИЖБИМ, ММЖСМ, АИК, бизнес коомчулук, ЖКИ (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
10
Коррупцияга каршы агартуу иштерин илимий жана методикалык жактан коштоо
Окуу программаларын иштеп чыгуу, форумдарды өткөрүү жана агартуу иш- чараларынын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү үчүн илимий-билим берүү мекемелери менен кызматташуу
2026-2027-жылдар
Коррупцияга каршы тематика боюнча 2ден кем эмес илимий конференция жана форум өткөрүлдү. Коррупцияга каршы агартууну оптималдаштыруу үчүн 2ден кем эмес окуу программасы иштелип чыкты. Агартуу инструменттеринин натыйжалуулугунун 2ден кем эмес мониторингдик отчету чыгарылды
БП, ЮМ, Агартуумин, ИЖБИМ, ММЖСМ, ЖОЖ жана ЖКИ (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
11
Региондордо коррупцияга каршы күн тартибин илгерилетүү
Жергиликтүү бийликтин жана коомчулуктун катышуусу менен көчмө маалымат сессияларын жана ачык эшик күндөрүн уюштуруу
2026-2027-жылдар
Жылына 10дон кем эмес региондук сессиялар өткөрүлүп, отчеттор даярдалды
Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, ПА, КРП облустардагы ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Жергиликтүү бюджеттер
12
Коррупцияга каршы маданиятты жана бизнес-чөйрөдө ачык-айкындуулукту бизнес өкүлдөрүн агартуу ишине тартуу жана кайтарым байланыш платформаларын түзүү аркылуу жогорулатуу
Иштиктүү этиканын типтүү кодексин жана коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана минималдаштыруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу
2026-жылдын II жарым жылдыгы
Типтүү кодекс жана коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана минималдаштыруу боюнча сунуштамалар бекитилди жана ассоциациялардын мүчөлөрүнүн арасында жайылтуу үчүн Кыргыз Республикасынын тармактык бизнес-ассоциацияларына жиберилди. Бизнесте коррупциялык тобокелдиктердин азайышы күтүлүүдө
ЭКМ, Финкөзөмөл, ЮМ, СДУИ, АИК, эксперттер жана бизнес-коомчулук (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
Бизнес өкүлдөрү үчүн ак ниеттүүлүк жана ачык-айкындуулук принциптери боюнча окутуу иш-чараларын өткөрүү
2026-2027-жылдар, квартал сайын
Жыл ичинде 500дөн кем эмес бизнес өкүлдөрү окутулду; этикалык жүрүм-турум боюнча билим деңгээли жана практикалар жогорулады
ЭКМ, МСК, Финкөзөмөл, ЮМ, СДУИ, АИК, эксперттер жана бизнес-коомчулук (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
2-глава. Мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу
1
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар тарабынан этика ченемдерин системалуу сактоону камсыз кылуу, аларда коррупцияга каршы туруктуу баалуулуктарды калыптандыруу жана кесиптик компетенттүүлүктү жогорулатуу
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этика боюнча комиссияларынын ишинин натыйжалуулугуна жыл сайын мониторинг жана талдоо жүргүзүү, андан ары жыйынтыктарын жарыялоо жана сунуштамаларды иштеп чыгуу менен
2026-2027-жылдар
Этика боюнча комиссиялардын ишине жыл сайын мониторинг жана талдоо жүргүзүлөт. Отчеттуулуктун формасы иштелип чыкты жана бекитилди. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылды
КАЫМО, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, бардык маморгандар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде; гранттык программалар; өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
2. ЖМКны жана интернет-ресурстарды пайдалануу менен кызматчылардын коррупцияга каршы туруктуу жүрүм-турумун калыптандыруу жана этикалык ченемдерди сактоосу жөнүндө маалыматтык-пропагандалык иштин атайын программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
2026-2027-жылдар
Программалар бекитилди жана киргизилди. Жыл сайын кеминде 10 маалыматтык кампания өткөрүлдү. Максаттуу аудиторияны камтуу 20%га жогорулады
КАЫМО, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, ЮМ, АИК, ЖКИ жана ЖМК (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде; гранттык программалар; өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
3. Кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана этикалык ченемдерди сактоо маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды коррупцияга каршы окутуу (квалификациясын жогорулатуу) системасын киргизүү жана жүргүзүү
2026-жылдын 1-кварталы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан окутуунун типтүү программасы бекитилди.
ПБ, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик,
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде; гранттык программалар; өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
2026-2027-жылдар
Методикалык материалдар жана онлайн-курстар иштелип чыкты. Кеминде 30% кызматкер жыл сайын тренингдерге катышат
КАЫМО, КРП караштуу МБА
2
Ачык маалыматтар системаларын өнүктүрүү жана ачык-айкындуулук стандарттарын киргизүү
Милдеттүү маалыматтардын тизмегин, жарыялоо мөөнөттөрүн жана форматтарын кошо алганда, мамлекеттик органдар жана ЖӨБО үчүн ачыктыктын минималдуу стандарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү.
2026-жыл
Ачыктык стандарттары бекитилди.
ПБ, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, СӨИТМ, СДУИ, эксперттер жана ЖКИ (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
Ачык маалыматтар порталында машинада окула турган форматтарда маалыматтарды (сатып алуулар, бюджет, лицензиялар, текшерүүлөр ж.б.) жайгаштырууну камсыз кылуу.
2027-жыл
Актуалдуу, машинада окула турган жана түзүмдөштүрүлгөн маалымат менен ачык маалыматтар порталы иштеп жатат.
Көз карандысыз эксперттердин жана коомдук уюмдардын катышуусу менен стандарттардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү системасын киргизүү
2026-2027-жылдар
Стандарттардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү системасы иштеп жатат
3
Ачык отчеттуулуктун визуалдаштырылган жана түшүнүктүү формаларын киргизүү
"Жарандар үчүн" ачык отчеттуулуктун бирдиктүү стандартын бекитүү.
2026-жылдын 1-кварталы
Ачык отчеттуулуктун стандарты бекитилди.
ПБ, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, ЮМ, ММЖСМ, СДУИ, эксперттер жана ЖКИ (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
Мамлекеттик органдардын ишинин негизги натыйжалары боюнча инфографикаларды, дайджесттерди, видеороликтерди, интерактивдүү панелдерди (дашборддорду) даярдоо жана жарыялоо.
2026-жылдын 3-кварталы
Инфографикалардын, дайджесттердин жана видеоотчеттордун топтому даярдалды жана жарыяланды.
Отчетторду расмий сайттарга жана санариптик ресурстарга жайгаштырууну камсыз кылуу
2027-жыл
Реалдуу убакытта интерактивдүү дашборддор ишке киргизилди
4
Үзгүлтүксүз онлайн-брифингдерди уюштуруу жана жыйналыштардын материалдарын жарыялоо
Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин квартал сайын онлайн-брифингдер жана пресс-конференциялар практикасын киргизүү. Коллегиялардын, жумушчу топтордун жана консультативдик органдардын жыйналыштарынын видеожазууларын, протоколдорун жана чечимдерин жайгаштыруу (мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен)
2026-2027-жылдар
Онлайн-брифингдер өткөрүлдү (кварталда 1 жолудан кем эмес). Жыйналыштардын видеожазууларына жана чечимдерине коомдук жетүү мүмкүндүгү камсыздалды. Жыйналыштардын материалдары менен таанышкан жарандардын саны көбөйдү
ПБ, ЮМ, Камкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, СДУИ
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
3-глава. Кайтарым байланыштын санариптик каналдарын өнүктүрүү
1
Жарандар менен кайтарым байланыштын заманбап санариптик каналдарын өнүктүрүү аркылуу коррупцияга каршы саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу
1. Далилдерди тиркөө мүмкүнчүлүгү менен коррупция жөнүндө билдирүүлөрдү күнү-түнү берүү үчүн мобилдик тиркемени түзүү жана ишке киргизүү
2026-жылдын I жарым жылдыгы
Платформа иштелип чыкты, тиркеме ишке киргизилди.
ПБ, БП, СӨИТМ, АИК
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде.
2026-2027-жылдар
Биринчи жылы 50 миңден кем эмес жүктөө жана активдүү колдонуучулар күтүлүүдө. Катталган кайрылуулардын саны көбөйдү
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
2. Интерактивдүү "Коррупцияга каршы карта" онлайн-платформасын ишке киргизүү: жарандардан онлайн-билдирүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүгү, региондор жана ведомстволор боюнча статистика жана аналитика, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүүдөгү мамлекеттин чаралары жөнүндө маалыматтары менен көйгөйлүү түйүндөр чагылдырылган (коррупциянын деңгээли жогорку болгон маммекемелер, региондор) веб-ресурсту иштеп чыгуу жана ишке киргизүү
2026-жылдын II жарым жылдыгы
Бардык жарандар үчүн жеткиликтүү онлайн-платформа ишке киргизилди жана иштеп жатат. Коррупция фактылары тууралуу онлайн билдирүү мүмкүнчүлүгү камсыздалды.
БП, СӨИТМ, АИК, ЖКИ жана бизнес коомчулук (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
2027-жыл
Региондор жана маммекемелер боюнча статистика түзүлдү жана үзгүлтүксүз жаңыланууда. Жарандардын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүгү камсыз кылынды
2
ЖИ жардамы менен аудиторияны интерактивдүү тартуу
Коррупция жөнүндө суроолорго жооп берген, укуктук маалымат берген жана бузуулар аныкталганда каякка кайрылуу керектигин түшүндүргөн чат-ботту түзүү; коррупциялык тобокелдиктер жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу максатында кызматкерлер үчүн онлайн-викториналарды жана тесттерди иштеп чыгуу
2026-жылдын I жарым жылдыгы
Коррупцияга каршы суроолор боюнча ЖИ Telegram жана WhatsApp менен чат-бот иштелип чыкты жана ишке киргизилди.
БП, СӨИТМ, ЮМ, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, маморгандар, ЖКИ (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
2027-жылдын I жарым жылдыгы
Коррупциялык тобокелдиктер жөнүндө билимдерде боштуктарды аныктоо жана жоюуга багытталган онлайн-викториналар жана тесттер иштелип чыкты жана өткөрүлдү
4-глава. Жарандык коом, ЖМК жана медиа коомчулуктун башка өкүлдөрү менен өнөктөштүк
1
Медиа жана жарандык коомдун кесипкөйлүгүн жогорулатуу аркылуу коррупцияга каршы көз карашты калыптандыруу
1. Коррупцияга каршы тематиканы чагылдыруу боюнча адистештирилген журналистика мектептерин, медиатренингдерди, форумдарды жана воркшопторду өткөрүү
2026-2027-жылдар
Бир жылда жаңы билим жана көндүмдөр менен 50дөн кем эмес журналист, блоггер жана активист даярдалды
ММЖСМ, Агартуумин, ЮМ, БП, АИК, ЖМК (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
2. Юридикалык, этикалык сунуштар жана контент шаблондор менен медиа үчүн маалымдаманы жана методикалык колдонмону иштеп чыгуу жана жайылтуу
2026-жыл
ЖМК жана ӨЭУ арасында колдонмолор жайылтылды, коррупцияга каршы контенттин сапаты жогорулады
ММЖСМ, Агартуумин, ЮМ, БП, АИК, ЖМК, ЖКИ (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
3. Медиа сабаттуулук боюнча онлайн-курстарды жана интерактивдүү материалдарды, ошондой эле дезинформацияга каршы социалдык роликтерди ишке киргизүү
2026-2027-жылдар
Максаттуу аудитория арасында медиасабаттуулук жана фейктерге туруктуулук жогорулады
ММЖСМ, Агартуумин, ЮМ, БП, ЖМК, ЖКИ (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
4. Материалдарды масштабдуу жайылтуу үчүн медиа платформалар, билим берүү мекемелери жана ӨЭУ менен өнөктөштүктү жөнгө салуу
2026-2027-жылдар
Коррупцияга каршы материалдарды үзгүлтүксүз жана кеңири жайылтууну камсыз кылуучу өнөктөштүк тармагы түзүлдү
ММЖСМ, Агартуумин, ЮМ, БП, ЖМК, ЖКИ (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджет мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары
Эскертүү: "Жооптуу аткаруучулар" графасында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар аткаруучу катары коюлган милдеттердин аткарылышы үчүн жооптуу болуп саналат, калган кошо аткаруучулардын арасында иш-чараларды ишке ашыруу боюнча ишти уюштурат, маалыматты чогултууну жана жалпылоону жүзөгө ашырат, аларды ишке ашыруу боюнча өзүнчө чараларды көрүү талап кылынган иш-чаралардан тышкары, белгиленген иш-чаралардын ишке ашырылышын камсыз кылат. Иш-чараларды кошо аткаруучулар аларды биргелешип ишке ашырууга активдүү катышат, негизги (биринчи) аткаруучуга зарыл болгон маалыматтарды берет, тиешелүү сунуштарды киргизет жана ушул Иш-чаралар планына ылайык күтүлгөн натыйжаларга жеткенге чейин иш-чараларды ишке ашырууда ага көмөк көрсөтөт.
Колдонулган кыскартуулар:
АИК
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин катчылыгы
ПА
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы
КРП караштуу МБА
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы
бизнес-коомчулук
-
бизнес-коомчулук институттары
ЖС
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту
ЖОЖ
-
жогорку окуу жайлары
ЖС караштуу СЖМ
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби
Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик
ЖАМК
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
МСК
-
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы
УКМК
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
БП
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
ЖКИ
-
жарандык коом институттары
Агартуумин
-
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
ИЖБИМ
-
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
ИИМ
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ММЖСМ
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги
Курулуш министрлиги
-
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги
ССМ
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ЭСКММ
-
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги
СӨИТМ
-
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги
ЭКМ
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
ЮМ
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
СДУИ
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту
ӨЭУ
-
өкмөттүк эмес/коммерциялык эмес уюмдар
ЖӨБО
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
КРП облустардагы ЫУӨ
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
Финкөзөмөл
-
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы
ЖМК
-
жалпыга маалымдоо каражаттары
КАЫМО
-
коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Эксперттер
-
көз карандысыз эксперттер
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия…Указ · 05.06.2024 · № 137