Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-январындагы № 29 токтомуна)
2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ
1. Киришүү
2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын (мындан ары - Мамлекеттик стратегия) жоболорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Коррупцияга каршы пропаганданы жүргүзүү, коррупцияга каршы стандарттарды жайылтуу жана коомдо коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу Мамлекеттик стратегияда негизги милдеттер катары белгиленген, аларды натыйжалуу ишке ашыруу коррупциянын алдын алуунун натыйжалуу механизмдерин колдонуу аркылуу коррупцияны азайтуу, коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтүү жана кесепеттерин жоюу, жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына ишенимин жогорулатуу жана коомдо коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө атмосферасын түзүү үчүн зарыл. Өлкөдө коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу процессинде бул багыттарды натыйжалуу ишке ашыруу борбордук мааниге ээ, анткени жарандардын укуктук маданиятынын жана укуктук аң-сезиминин деңгээли дал ушул сапаттуу укуктук саясаттан жана пропагандадан жана жалпысынан бул тармакта коррупцияга каршы саясатты жана реформаларды жүргүзүүнүн ийгиликтүүлүгү көз каранды. Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу коррупцияга каршы саясатка карабастан коррупция мамлекеттин демократиялык өнүгүүсүнө, социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүгө, инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, туруктуу экономикалык өсүүгө жана жашоо-тиричиликтин деңгээлин сапаттуу жакшыртууга тоскоолдук жаратып, мамлекет жана коом үчүн кыйла коркунучтуу көрүнүштөрдүн бири бойдон калууда. Коррупциялык көрүнүштөр мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө (саламаттык сактоо, билим берүү, энергетика, транспорт, курулуш, жер-укуктук мамилелери жана башка чөйрөлөр) турмуш-тиричилик деңгээлинде байкалууда. Практика көрсөткөндөй коомдо коррупциялык жүрүм-турумдун кандай болбосун формасына жол бербөөгө негизделген туруктуу коррупцияга каршы маданиятты калыптандырмайынча бул кырдаалды өзгөртүү мүмкүн эмес. Бул Программа калктын укуктук сабаттуулугунун өсүшүн камсыз кылуучу маалыматтык-коммуникациялык жана билим берүү иш-чараларынын бирдиктүү жана туруктуу системасын түзүүгө, коомдо коррупцияга жол бербөө маданиятын калыптандырууга, коррупцияга каршы ишке жарандык катышууну кеңейтүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун чыңдоого, мамлекеттик бийлик институттарына коомдун ишенимин жогорулатууга багытталган.
2. Кырдаалды жалпы талдоо
2021-2025-жылдары Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы пропаганда мамлекеттик коррупцияга каршы саясатты трансформациялоо, стратегиялык багыттарды жана коррупцияга каршы туруунун институционалдык архитектурасын өзгөртүү шартында өнүккөн. Көрсөтүлгөн мезгилде коомдо коррупцияга жол бербөө мамилесин калыптандырууга, укуктук маданиятты жогорулатууга жана жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган маалыматтык-түшүндүрүү жана агартуу мүнөзүндөгү чараларды камтыган коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү стратегиялык документтер кабыл алынып, ишке ашырылды. Ушуну менен бирге коррупцияга каршы пропаганда каралган мезгилде көбүнчө фрагментардык мүнөзгө ээ болгон жана коомдук маанайды, жүрүм-турум моделдерин туруктуу өзгөртүү боюнча коюлган максаттарга жетүүнү ар учурда камсыз кыла алган эмес. Мамлекеттик органдардын, жарандык коом институттарынын жана жаштардын катышуусунда тематикалык декадаларды, форумдарды, тегерек столдорду, ачык лекцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүү практикасынын кеңейиши коррупцияга каршы пропаганда чөйрөсүндөгү негизги жетишкендиктер катары белгиленет. Жетишилген натыйжаларга карабастан коммуникациялардын жетишсиз натыйжалуулугу, коррупцияга каршы пропаганда жаатында бирдиктүү коммуникациялык стратегиянын жана мамлекеттин макулдашылган билдирүүсүнүн жоктугу сыяктуу бир катар системалык көйгөйлөр сакталууда. Ар түрдүү мамлекеттик органдардын иш-чаралары көп учурда жалпы приоритеттер жана максаттуу аудиториялар менен так байланышы жок, өз-өзүнчө ишке ашырылып келген. Коррупцияга каршы пропаганда көбүнчө даталуу күндөргө жана бир жолку акцияларга байланыштуу активдештирилет, бул анын үзгүлтүксүздүгүн жана системалуулугун камсыз кылбайт. Мамлекеттик институттарга коомдук ишенимдин уланып келе жаткан жетишсиздиги калктын коррупцияга каршы билдирүүлөрдү жана демилгелерди мазмунуна карабастан кабыл алуусунун натыйжалуулугуна терс таасирин тийгизет. Иш жүзүндө коррупцияга каршы пропаганданын коррупциялык тобокелдиктердин деңгээлине, жарандардын укуктук аң-сезимине жана коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирүүгө даярдыгына тийгизген таасирин объективдүү баалоого мүмкүндүк берген туруктуу көрсөткүчтөр жок. Системалуулуктун, коммуникациянын бирдиктүү стандарттарынын жана натыйжалуулуктун өлчөнүүчү көрсөткүчтөрүнүн жоктугу коомдо коррупцияга жол бербөө мамилесин калыптандыруу жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимди жогорулатуу стратегиялык максатка жетүүгө толук кандуу мүмкүндүк бербейт. Түзүлгөн кырдаал коррупцияга каршы пропаганданы башкарылуучу, натыйжага багытталган жана үзгүлтүксүз процесс катары андан ары өркүндөтүүнүн зарылдыгын көрсөтүп турат, ал коррупцияга каршы күрөшүүнүн жалпы системасына интеграцияланган.
3. Программанын максаты жана милдеттери
Программанын максаты: Коррупцияга каршы маданиятты өнүктүрүү жана коомдо коррупцияга жол бербөө мамилесин чагылдырган баалуулуктардын туруктуу системасын бекемдөө. Программанын негизги максаттарына жетүү жарандардын мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин ишине ишенимин жогорулатуу; коомдо коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө атмосферасын түзүү; мамлекетте коррупция фактыларын минималдаштыруу менен коштолот. Негизги милдеттер: Программанын максатына жетүү үчүн төмөнкү милдеттер белгиленген:
- коррупцияга каршы пропаганданы жүргүзүү, коррупцияга каршы стандарттарды жайылтуу жана коомдо коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу;
- укуктук жана коррупцияга каршы сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу;
- коррупцияга каршы баалуулуктарды илгерилетүү жана коррупцияга жол берилбестик принцибине негизделген коомдук көз карашты калыптандыруу;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгын камсыздоо боюнча чараларды көрүү;
- коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруунун заманбап маалыматтык-коммуникациялык жана билим берүү инструменттерин киргизүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө санарип технологияларын өнүктүрүү жана колдонуу;
- сот, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарына ишенимди жогорулатуу, ак-ниеттүүлүк жана сатылбастык принциптерин күчөтүү, коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз боло тургандыгын камсыздоо;
- коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүүдө жарандык коомдун, илимий жана билим берүү чөйрөлөрдүн, бизнес-коомдоштуктардын жана жалпыга маалымдоо каражаттардын активдүү ролун колдоо.
4. Программаны ишке ашыруунун негизги принциптери
Программаны ишке ашыруунун негизги принциптери:
1. Адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коррупциялык көрүнүштөрдөн коргоо.
2. Мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин мыйзамдуулугу, адилеттүүлүгү жана ачык-айкындуулугу.
3. Жайылтылуучу маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана аныктыгы.
4. Маалыматтык иштин айкындыгы, системдүүлүгү жана туруктуулугу.
5. Алдын алуучу, тарбиялоочу жана мотивациялоочу мамилелер.
6. Жарандык коом институттары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана эл аралык уюмдар менен өнөктөшүү.
5. Программанын максаттуу топтору
Бул Программа системалык негизде коррупцияга каршы мамлекеттик маалымат саясатын ишке ашыруу процессине тартылуучу субъекттердин кеңири чөйрөсүнө багытталган. Ушуга байланыштуу Программада максаттуу топтор катары бардык жооптуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү, мамлекеттик (муниципалдык) ишканалар, мамлекеттик үлүш катышкан мекемелер жана уюмдар, ошондой эле иш-чараларды ишке ашыруу боюнча өнөктөштөр (коммерциялык эмес уюмдар, жарандык коом институттары, бизнес-коомчулук, илимий, маданий жана билим берүү мекемелери жана уюмдары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка субъекттер) бөлүнөт. Негизги максаттуу топтор: Жалпы калк Бул Программа калктын мүмкүн болушунча кеңири катмарларын - мектеп курагындагы балдардан тартып улгайган адамдарга чейин тартууга багытталып ишке ашырылат. Мында жашаган аймактын өзгөчөлүктөрү, сабаттуулук жана билим деңгээли, аялуу топторго таандыктыгы, ошондой эле жашоонун башка аспектилери эске алынат. Калк бул Программанын алкагында биринчи кезекте ар бир жарандын укуктук аң-сезиминин жана укуктук сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатууга, ошондой эле бүтүндөй коомдо коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга жана өнүктүрүүгө багытталган маалыматтык-агартуу өнөктүгү багытталган фокус-топ катары каралат. Балдар, жаштар жана улгайган адамдар Программада балдар жана жаштар менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурулат, анткени дал ушул куракта укуктук сабаттуулук калыптанат, негизги турмуштук баалуулуктар, анын ичинде коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө жол бербөө мамилеси калыптанат жана түптөлөт. Балдар жана улгайган адамдар сырткы таасирлерге кыйла көп кабыл болот, ошондуктан аларда демократиялык коомдун баалуулуктарын калыптандырууга, өз укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо жана жактоо көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, коомго жана мамлекетке калыс жана ачык кызмат өтөөнүн маанилүүлүгүн түшүнүүгө, ошондой эле жеке жоопкерчилик сезимин калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулат. Аталган максаттуу топ коррупцияга каршы саясат чөйрөсүндөгү маалыматтык-агартуу ишине кеңири тартылат. Жаш муундардын өкүлдөрүнөн келечектеги саясий жана коомдук ишмерлер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ишкерлер, илимий жана билим берүү чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү, жарандык активисттер, кызматкерлер жана кызматчылар тарбияланат. Ушуга байланыштуу калктын бул категориясы коррупциянын алдын алуунун жана ага каршы аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүшү, коррупцияга жана коррупциялык укук бузууларга жол берилбестик жөнүндө бекем көз карашы жана так түшүнүгү болушу абдан маанилүү. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, бюджеттик мекемелердин жана мамлекеттин катышуусу бар уюмдардын кызматкерлери Аталган максаттуу топ Программанын негизги ишке ашыруучу звеносу болуп саналат. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде ченемдик, уюштуруучулук, маалыматтык жана агартуу иш-чараларынын комплекси жүзөгө ашырылат, анын негизги багыты Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодексинде белгиленген этика ченемдерин кызматчылар тарабынан так сактоону камсыз кылуу болуп калат. Жарандардын бийлик институттарына болгон ишенимин бекемдөө максатында чынчылдык, ак ниеттүүлүк, калыстык, жоопкерчилик жана кесипкөйлүк принциптерин жайылтууга багытталган маалыматтык-түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Коррупциянын алдын алууга, этика ченемдерин сактоого жана кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоого багытталган маалыматтык-пропагандалык иш үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикалык жүрүм-туруму жана кесиптик иши коомдо коррупцияга жол бербөө атмосферасын калыптандырууга жана бекемдөөгө, ошондой эле жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишеним деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт. Буга байланыштуу коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу өзгөчө мааниге ээ. Мында этика боюнча комиссиялардын мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы иши ачыктык жана ачык-айкындуулук принциптеринде жүзөгө ашырылат - алардын иши жөнүндө маалымат мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына үзгүлтүксүз жайгаштырылат. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде ченемдик, уюштуруучулук, маалыматтык жана агартуу иш-чараларынын комплекси ишке ашырылат. Бизнес-коомчулук өкүлдөрү Бул Программада өзгөчө көңүл бизнес өкүлдөрүнө бурулат. Субъекттердин бул категориясы Программанын негизги багыттарын ишке ашырууга түздөн-түз тартылат. Бардык иштер бизнес өкүлдөрүн кызмат көрсөтүү, лицензияларды жана уруксаттарды берүү, мамлекеттик сатып алууларга катышуу, мамлекеттин контролдоо жана көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу процессинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мүмкүн болгон кыянатчылыктардан коргой тургандай курулат. Мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда ачык, ишенимдүү жана чынчыл өз ара аракеттенүүнү жана диалогду түзүү сунушталууда. Бул максатта коммерциялык уюмдардын башкаруучулары жана менеджерлери үчүн ак ниет башкаруунун кесиптик стандарттарын киргизүүнүн артыкчылыктары жана пайдалары жөнүндө кеңири маалыматтык кампания өткөрүлөт. Система мүмкүн болгон коррупциялык көрүнүштөрдү азайтууга жана бардык тараптардын жоопкерчилик деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк бергендей курулат. Ишкердик субъекттеринин укуктарын милдеттүү түрдө баяндоо менен текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын расмий сайттарындагы документтерге ачык жеткиликтүүлүктү кошо алганда, ишкерлер менен кайра байланышты камсыз кылууга багытталган чаралар артыкчылыктуу тартипте көрүлөт. Коомдук бирикмелер жана башка жарандык коом институттары Коррупциянын алдын алууда жана каршы күрөшүүдө коммерциялык эмес уюмдар, жарандык коом институттары маанилүү роль ойнойт. Алардын өкүлдөрүн ушул Программаны ишке ашырууга тартуу мамлекеттик органдардын ишинде ачык-айкындуулукка, ачыктыкка жетишүүгө, мамлекет ишке ашырып жаткан саясатка калктын ишениминин деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Мамлекеттик органдар жарандык коом менен активдүү өз ара аракеттенет жана коррупцияга каршы иш-чараларды иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана аткарылышына мониторинг жүргүзүү процессин кошо алганда, коррупция көйгөйлөрүн чечүүнүн ар кандай аспекттери боюнча коомчулуктун пикирин эске алат. Жалпыга маалымдоо каражаттары жана медиа-коомчулуктун башка өкүлдөрү Бул Программаны ишке ашырууда жалпыга маалымдоо каражаттарына жана медиа-коомчулуктун башка өкүлдөрүнө маанилүү роль берилет, алардын иши коррупцияга каршы пропагандалоодо жаңы ыкмаларды киргизүү аркылуу коррупцияга каршы чаралардын курамдык бөлүгү болуп саналат. Мамлекеттик органдар жарандык активисттерди, жалпыга маалымдоо каражаттарын, маалымат агенттиктерин коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү иштерди кеңири чагылдырууга тартууну, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык милдеттерин аткаруусунда ак ниеттүүлүк, калыстык, жоопкерчилик, кесипкөйлүк принциптерин жана жогорку этикалык ченемдерди жайылтууну камсыз кылат. Мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы маалыматтык саясатты жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагында, социалдык тармактарда калыс чагылдыруу, ачыктыгын жогорулатуу коомдо коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга, башкаруунун бардык деңгээлдеринде коррупциянын зыянын түшүнүүгө, мамлекеттик түзүмдөрдүн жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөт. Билим берүү, илимий жана маданий мекемелер Коомдо укуктук аң-сезимди өзгөртүү, укуктук жана коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу бул процесске билим берүү, илимий жана маданий мекемелерди тартмайынча мүмкүн эмес. Бул уюмдар коррупцияга каршы аракеттенүү маселелеринде маалыматтык-билим берүү жана маданий иш-чараларды жүзөгө ашырууда, жарандардын коррупцияга каршы потенциалын жогорулатуу боюнча билим берүү программаларын жана долбоорлорун өркүндөтүүдө, коррупцияга каршы маданиятты жайылтууда, бул жаатта илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга түздөн-түз катышат.
6. Программаны ишке ашыруунун негизги багыттары
6.1. Маалыматтык-агартуу иши
Бул Программаны ишке ашыруу коомдо коррупциянын кайсы болбосун көрүнүштөрүнө каршы туруктуулукту чагылдырган активдүү коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга багытталган иш-чаралардын комплексин аткаруу аркылуу ишке ашырылат. Мында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын колдоосу астында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан маалыматтык-агартуу иши негизги фактор болуп саналат. Иш-чаралар жеткиликтүүлүк, курактык жана кесиптик адаптациялоо, региондорду камтуу принциптерин эске алуу менен, ошондой эле заманбап коммуникациялык жана санариптик технологияларды активдүү колдонуу менен ишке ашырылат. Бул иштин алкагында төмөнкү максаттарды камтыган билим берүү жана маалыматтык иш-чаралар ишке ашырылат:
- мектептерден баштап жогорку окуу жайларына чейин билим берүү процессинин бардык деңгээлдерин камтыган жана коррупцияга каршы саясат жаатында терең билимге жана коррупцияга каршы аракеттенүү көндүмдөрүнө ээ болгон, коррупцияга каршы жүрүм-турум маданияты жогору жарандардын муунун түзүүгө өбөлгө болуучу коррупцияга каршы билим берүүнүн туруктуу системасын калыптандыруу;
- калкка коррупциянын табияты, анын кесепеттери жана ага каршы аракеттенүү механизмдери жөнүндө ар тараптуу маалымдоону камсыз кылуу, коомдо коррупциялык практикаларга жол бербөө мамилесин калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү жана жарандардын коррупция менен күрөшүүгө катышуусу үчүн жеткиликтүү инструменттерди камсыз кылуу.
Бул Программанын алкагында маалыматтык-агартуу ишинин төмөнкүдөй негизги багыттарын ишке ашыруу каралат: Коррупцияга каршы улуттук маалыматтык-агартуу кампанияларын өткөрүү Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан телекөрсөтүү, радио, басма жана санариптик жалпыга маалымдоо каражаттарын, социалдык тармактардын платформаларын камтыган, коррупцияга каршы баалуулуктарды жайылтууга жана коомдо коррупцияга жол бербөө мамилесин калыптандырууга багытталган кеңири масштабдуу кампаниялар уюштурулат. Кампаниянын контенти конкреттүү аудиторияга: балдарга, жаштарга, улгайган жарандарга, кызматчыларга, бизнеске, коммерциялык эмес сектордун өкүлдөрүнө жана жалпыга маалымдоо каражаттарына ылайыкташат. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарында төмөнкүлөр жайгаштырылат:
- коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы ченемдик- укуктук база, анын ичинде эл аралык келишимдер жана стандарттар;
- коррупциянын мүнөзүн, анын түрлөрүн (паракорчулук, бийликти кыянаттык менен пайдалануу, кызыкчылыктардын кагылышуусу) жана социалдык-экономикалык кесепеттерин түшүндүрүүчү модулдар;
- мамлекеттик башкаруу системасында коррупциялык тобокелдиктерди таануу, даттанууларды берүү жана жарандардын укуктарын коррупциялык көрүнүштөрдөн коргоо боюнча практикалык сунуштамалар;
- тесттер, кейс-стади, видеоматериалдар жана талкуу жүргүзүү форумдары сыяктуу интерактивдүү элементтер.
Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасында этикалык жүрүм-турумду сыйлоого демилге берүү институтун жайылтууга багытталган маалыматтык кампания өткөрүлөт. Бул мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын калыптандырууга жана мамлекеттик бийлик институттарына коомдук ишенимди жогорулатууга мүмкүндүк берет. Соттордун, көзөмөл органдарынын жана укук коргоо органдарынын иши жалпыга маалымдоо каражаттарында, расмий сайттарда жана социалдык тармактарда, анын ичинде пресс-конференцияларды (жыл сайын, ошондой эле резонанстуу кылмыш иштери боюнча ж.б.) өткөрүү аркылуу туруктуу негизде чагылдырылып турат. Ар кандай максаттуу топтордун арасында тематикалык сынактарды жана демилгелерди уюштуруу Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын жагымдуулугун жогорулатуу, бул ишке мүмкүн болушунча көп сандагы субъекттерди тартуу үчүн ар кандай максаттуу топтордун арасында системалуу негизде түрдүү тематикалык конкурстар жана демилгелер уюштурулат. Эң мыкты продукция жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтылат, мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жана башка санариптик платформаларда жайгаштырылат. Агартуу материалдарын иштеп чыгуу жана жайылтуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы профилдик министрликтер жана ведомстволор, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар менен кызматташтыкта ар кандай аудитория үчүн мазмуну, тили жана форматы боюнча адаптацияланган материалдарды даярдоону камсыз кылат. Укуктук сабаттуулук, этика, кызыкчылыктардын кагылышуусу, коррупциянын формалары жана кесепеттери темаларын камтыган инфографикалар, буклеттер, подкасттар, видеороликтер жана методикалык колдонмолор мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалат. Ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү маселелерине арналган бирдиктүү маалымат порталы иштелип чыгып, ишке киргизилет, ал жарандар, бизнес жана мамлекеттик кызматчылар үчүн төмөнкүлөрдү камтыган борбордук ресурс болуп калат:
- даттанууларды берүү боюнча нускамалары менен, ишеним телефондору, көп берилүүчү суроолорго жооптор жана билим берүү материалдары бар болгон, жарандар жана бизнес үчүн бөлүм;
- коррупцияга каршы стандарттарды киргизүү боюнча сунуштамаларды, мыкты тажрыйбалардын мисалдарын жана ачык-айкындуулук принциптерин сактаган компанияларды колдоо чаралары жөнүндө маалыматты камтыган бизнес үчүн бөлүм;
- коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ченемдик-укуктук базага, эл аралык стандарттарга, реалдуу кейстерге, видеоматериалдарга жана буклеттерге жетүүнү кошо алганда, билим берүү жана маалыматтык-агартуу контенти бар бөлүм.
Коррупцияга каршы компонентти формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү системасына киргизүү Коррупцияга каршы темалар мектеп жана университет программаларына, ошондой эле кошумча билим берүү курстарына интеграцияланат. Билим берүү мекемелеринин коррупцияга каршы лекцияларды, дискуссияларды, факультативдерди жана изилдөө долбоорлорун өткөрүү боюнча демилгелери колдоого алынат. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү стандарттары коррупцияга каршы жана укуктук агартуу, коррупцияга каршы жүрүм-турумдун маданияты боюнча билим берүү сааттарын киргизүү менен кайра каралат. Төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу күтүлүүдө:
- 5-12-класстардын окуучулары үчүн укуктук сабаттуулуктун негиздерине, этикалык принциптерге жана коррупциялык практикалардын кесепеттерине арналган окуу программаларын;
- кесиптик билим берүү мекемелери үчүн мамлекеттик башкаруу, билим берүү, саламаттык сактоо, курулуш, укук коргоо иши жана башка чөйрөлөрдө кесиптик этиканы жана коррупцияга каршы стандарттарды калыптандырууга багытталган модулдарды;
- жогорку окуу жайлары үчүн коррупцияга каршы улуттук мыйзамдарды, эл аралык келишимдерди жана стандарттарды үйрөтүүнү камтыган жана коррупциялык укук бузуулардын алдын алуунун практикалык мисалдарын камтыган курстарды.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, Кыргыз Республикасынын судьяларынын, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын, укук коргоо органдарынын окуу борборлору тарабынан жылдык окуу пландарына иште коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушун алдын алууга жана жол бербөөгө, кызыкчылыктардын кагылышуусун азайтууга, жүрүм-турум маданиятын, этиканы жогорулатууга, ишти мыйзамдуулук, ачыктык, ачык-айкындуулук, сатылбастык, адилеттүүлүк жана отчеттуулук принциптеринде жүзөгө ашырууга багытталган коррупцияга каршы компонентти камтыган лекциялык жана практикалык интерактивдүү семинарлар киргизилет. Интерактивдүү билим берүү ресурстарын түзүү жана жайылтуу Жаштардын катышуу деңгээлин жогорулатуу жана калктын коррупцияга каршы темаларды кабыл алуусун жакшыртуу үчүн санариптик продуктулардын комплекси иштелип чыгат: онлайн-курстар, окутуучу платформалар, квесттер, столдо ойнолуучу жана мобилдик оюндар, ошондой эле видеоконтент. Бул продуктуларды иштеп чыгууда жана киргизүүдө алыскы райондордун жашоочулары, айыл жеринде жашаган адамдар үчүн жеткиликтүү болушуна өзгөчө көңүл бурулат. Материалдар мамлекеттик жана расмий тилдерде даярдалат, ошондой эле социалдык тармактар, жалпыга маалымдоо каражаттары, Интернет тармагы аркылуу өлкөнүн бардык аймагына таркатылат. Бул материалдарды колдонуу бардык деңгээлдеги билим берүү мекемелерине, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик билимин жогорулатуу менен алектенген мекемелерге сунушталат. Билим берүү мекемелеринин окутуучулары кейстерди талдоо, кырдаалдарды моделдөө жана талкуу сыяктуу интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен коррупцияга каршы темаларды окутуу методикаларын окутуудан өтөт. Региондук борборлордо көчмө семинарлар уюштуруу каралган айылдардагы мектептердин педагогдоруна өзгөчө көңүл бурулат. Жаштар демилгелерин колдоо жана өнүктүрүү Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандык коомдун институттарын жана эл аралык уюмдарды тартуу менен мектептик жана студенттик коррупцияга каршы клубдарга, ыктыярчы топторго, дебаттык коомчулуктарга, ошондой эле коррупцияга каршы долбоорлорду ишке ашыруучу уюмдарга колдоо көрсөтүлөт. Бул демилгелер жаштарды чечимдерди иштеп чыгууга тартууга жана маалыматтарды курдаштар арасында жайылтууга багытталган. Эң кызыктуу долбоорлор мамлекеттик органдардын кароосуна киргизилет жана коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда эске алынат. Мындан тышкары конкурстардын жеңүүчүлөрү грамоталар жана белектер менен сыйланат, ал эми мыкты иштер коррупцияга каршы идеяларды жайылтуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыяланат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн окутуучу иш-чараларды өткөрүү Мамлекеттик органдардын окуу борборлору, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын этика боюнча комиссиялары, мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүрүм-турумдун коррупцияга каршы моделин түзүү жана коррупциялык мотивацияны азайтуу максатында этика, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо, адептүүлүк стандарттарын жана даттанууларды берүү механизмдерин сактоо, ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда, коррупцияга каршы пландарды түзүүдө коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо маселелери боюнча квалификацияны жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз адистештирилген тренингдер, семинарлар жана курстар өткөрүлөт. Квалификацияны жогорулатуу программалары коррупциянын алдын алуу жаатындагы улуттук мыйзамдарды, Мамлекеттик кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын этика кодексин, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жол-жоболорун, коррупциялык укук бузуулар жөнүндө арыз бергендерди коргоо механизмдерин үйрөнүүгө жана коррупцияга каршы мыйзамдарды колдонууга багытталган. Бизнес өкүлдөрүн коррупцияга каршы агартууга тартуу Иштиктүү чөйрөлөрдүн өкүлдөрү үчүн иштиктүү этиканын типтүү кодекстери, коррупциялык тобокелдиктерди баалоо жана минималдаштыруу боюнча сунуштамалар иштелип чыгат, ошондой эле ак ниеттүүлүк жана ачык-айкындуулук принциптерин киргизүүгө багытталган окутуучу иш-чаралар жүргүзүлөт. Бизнестин өкүлдөрү коррупцияга каршы маданиятты жогорулатуу, коррупциянын ар кандай фактыларына жана көрүнүштөрүнө толук бөгөт коюу максатында укуктук пропаганда жана укуктук агартуу боюнча иш-чараларга активдүү тартылат. Кызматтарды көрсөтүүдө, уруксат берүү жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине ишеним деңгээлин жогорулатуу максатында санариптик платформалар түзүлөт, аларда бизнес өкүлдөрү мамлекеттик органдардын иши, алардын этика стандарттарын жана адептүүлүк стандарттарын сактоосу, кызыкчылыктардын кагылышуусунун болушу ж.б. жөнүндө өз комментарийлерин калтыра алат, анын ичинде жашыруун калтыра алат. Жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусун активдештирүү Агартуу ишин камтууну кеңейтүү максатында коммерциялык эмес уюмдарды тартуу камсыз кылынат, алар өздөрүнүн коммуникациялык каналдары аркылуу билимди жайылта алат жана өз мүчөлөрүнүн арасында коррупцияга каршы багыттарды түзө алат. Бул топ кабыл алынып жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы көз карандысыз экспертиза жүргүзүү; коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында изилдөөлөрдү, талдоолорду жана серептерди жүргүзүү; коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу; коррупцияга каршы аракеттенүү, калкка укуктук жардам көрсөтүү маселелеринде маалыматтык-билим берүү ишин жүргүзүү; коррупцияга каршы саясатты жайылтуу; жарандардын коррупцияга каршы потенциалын жогорулатуу боюнча билим берүү программаларын жана долбоорлорун өркүндөтүү аркылуу коррупцияга каршы маалыматтык саясатты ишке ашырууга; коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча илимий- практикалык конференцияларды, тегерек столдорду жана башка иш- чараларды уюштурууга тартылат. Агартуу ишин илимий жана методикалык коштоо, мессенджерлерде чат-ботту иштеп чыгуу Изилдөө жана окуу программаларын иштеп чыгууда илимий-билим берүү мекемелери менен кызматташуу, ошондой эле илимий форумдарды, конференцияларды өткөрүү жана агартуу инструменттеринин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү пландаштырылууда. Изилдөөлөрдүн натыйжалары коррупцияга каршы агартууга карата мамилелерди андан ары оптималдаштыруу үчүн колдонулат жана билим берүү курстарына интеграцияланат. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы популярдуу мессенджерлерде (Telegram, WhatsApp) чат-ботту түзүүнү демилгелеп жатат, ал жарандар жана бизнес менен ыкчам өз ара аракеттенүү инструменти болуп калат. Чат-боттун функционалы төмөнкүлөрдү камтыйт:
- коррупция жөнүндө суроолорго жооптор: коррупциялык укук бузууларды аныктоо, даттанууларды берүү жол-жоболору, арыз ээлеринин укуктары, шыр байланыш жөнүндө маалымат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кийин компетенттүү органдарга кайра жөнөтүү менен даттанууларды анонимдүү берүү мүмкүнчүлүгү;
- жаңылыктар жөнүндө маалымдоо: коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы акциялардын, конкурстардын, жаңы материалдардын жана билим берүү демилгелеринин анонстору.
Чат-бот маалымат порталы жана шыр байланыш менен интеграцияланып, суроо-талаптарды иштеп чыгууга бирдиктүү мамилени камсыз кылат.
6.2. Мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу
Мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугу - коомдо ачыктык, адептүүлүк жана отчеттуулук маданиятын калыптандыруунун, ошондой эле коррупцияны алдын алуунун таасирдүү инструментин түзүүнүн маанилүү шарты. Жарандардын мамлекеттик органдардын иши жөнүндө өз убагында, анык жана түшүнүктүү маалыматка жетүүсү коррупциялык кыянатчылыктар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү гана азайтпастан, башкаруудагы ачык-айкын эмес жана жабык практикаларга коомдо жол бербөө мамилесин калыптандырат. Программанын бул багытын ишке ашыруу төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралардын комплексин камтыйт:
- ачыктыктын институттук жана техникалык негиздерин бекемдөөгө;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүк, тактык жана көрүнөө деңгээлин жогорулатууга;
- мамлекеттик башкаруу чечимдерине жана процесстерине мониторинг жүргүзүүгө жарандарды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын активдүү тартуу үчүн шарттарды түзүүгө.
Негизги чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт: Ачык маалыматтар системаларын өнүктүрүү жана ачык- айкындуулук стандарттарын киргизүү Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маалыматтарды автоматташтырылган иштеп чыгуу үчүн жарактуу форматтарда (машинада окула турган форматтарда) ачык маалыматтардын бирдиктүү мамлекеттик порталына жайгаштырууга милдеттүү. Маалымат мамлекеттик сатып алууларды, бюджеттик чыгымдарды, кадрдык чечимдерди, лицензияларды, уруксаттарды бөлүштүрүүнү, текшерүүлөрдүн натыйжаларын, түзүлгөн келишимдерди, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле жарандардын жана бизнестин кызыкчылыктарына тиешелүү чечимдер кабыл алынуучу башка багыттарды камтыйт. Ачыктыктын минималдуу стандарттары иштелип чыгат жана бекитилет, анда жарыяланууга милдеттүү маалыматтын тизмеги, аны жаңыртууга, форматтарына жана сапатына карата талаптар жана мөөнөттөр белгиленет. Бул талаптардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн мониторинг жүргүзүү механизмдери, анын ичинде көз карандысыз эксперттик жана коомдук уюмдардын катышуусу менен киргизилет. Андан ары талдоо үчүн маалыматтарды издөө, түзүмдөштүрүү жана колдонуу ыңгайлуулугуна өзүнчө көңүл бурулат. Ачык отчеттуулуктун визуалдаштырылган жана түшүнүктүү формаларын киргизүү Салттуу мамлекеттик отчеттор көбүнчө кеңири аудиториянын кабыл алуусу үчүн жеткиликтүү эмес бойдон калууда. Ушуга байланыштуу маалыматты визуалдаштырууну жана ар түрдүү максаттуу топторго ылайыкташтырууну камсыз кылуучу форматтарды киргизүү каралган. Мамлекеттик бийлик органдары төмөнкүлөрдү жарыялайт:
- өз ишинин негизги натыйжалары боюнча кыскача инфографиканы жана дайджесттерди;
- жетекчилердин жетишкендиктер жана көйгөйлөр жөнүндө отчеттору менен видео форматтарды;
- реалдуу убакытта бюджеттин аткарылышын, программалардын аткарылышын, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнү, улуттук долбоорлорду ишке ашырууну жана башкаларды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген интерактивдүү панелдерди (дашборддорду).
Жеткиликтүү тилди, визуалдык элементтерди, кайтарым байланышты жана санариптик ресурстарда жарыялоону караган "жарандар үчүн" форматындагы ачык отчеттуулуктун бирдиктүү стандарты бекитилет. Үзгүлтүксүз онлайн-брифингдерди уюштуруу жана жыйналыштардын материалдарын жарыялоо Бийлик менен коомдун ортосундагы ачык диалогду кеңейтүү үчүн үзгүлтүксүз онлайн-брифингдер жана пресс-конференциялар практикасы киргизилет, анда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жарандардын суроолоруна жооп берет, иштин натыйжаларын көрсөтөт жана кабыл алынган чечимдерди түшүндүрөт. Буга кошумча коллегиялардын, жумушчу топтордун жана башка консультативдик органдардын кеңешмелеринин, жыйналыштарынын видеожазууларын жана чечимдерин системалуу түрдө жайгаштыруу камсыз кылынат (мамлекеттик сырды жана купуя маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен). Бул кабыл алынган чечимдерге ачык-айкын байкоо жүргүзүү, убадалардын аткарылышын контролдоо жана ачык, отчеттуу бийликтин беделин калыптандыруу үчүн шарттарды түзөт.
6.3. Кайтарым байланыштын санариптик каналдарын өнүктүрүү
Заманбап санариптик инструменттер аркылуу камсыз кылынуучу жарандар менен кайтарым байланыш натыйжалуу коррупцияга каршы саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Коррупция жөнүндө билдирүүгө, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин контролдоого, коррупцияга каршы күн тартибин түзүүгө жарандардын катышуусу ачык-айкындуулукту күчөтөт, кыянаттык менен пайдалануу тобокелдиктерин азайтат жана ишенимди калыптандырууга көмөк көрсөтөт. Негизги чаралар төмөнкүлөрдү камтыйт: Коррупцияга каршы өз ара аракеттенүү үчүн мобилдик тиркемелерди жана чат-ботторду түзүү. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын колдоосу алдында шыр байланыш жана санариптик платформалар менен интеграцияланган ыңгайлуу, интуитивдүү түшүнүктүү мобилдик тиркемелерди жана чат-ботторду ишке киргизүү пландаштырылууда. Функционал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- коррупция жөнүндө билдирүүлөрдү күнү-түнү берүү мүмкүнчүлүгүн;
- арыз ээлеринин маалыматтарынын анонимдүүлүгүн жана коргоону;
- далилдерди тиркөөнү (фото, видео);
- кайрылууларды автоматтык түрдө компетенттүү органдарга кайра жөнөтүүнү;
- кайрылууну кароонун жүрүшү жөнүндө маалымдоону;
- арыз ээлеринин укуктары жана коргоо механизмдери боюнча нускаманы.
Айыл жергесинин жашоочулары жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларга жеткиликтүүлүгү чектелген адамдар үчүн бул инструменттердин жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулат. Коомдук мониторингдин санариптик платформаларын өнүктүрүү Мамлекет иштеп жаткан онлайн-платформаларды өнүктүрөт жана колдойт, ошондой эле төмөнкүлөргө мүмкүнчүлүк берген жаңы онлайн-платформаларды ишке киргизет:
- мамлекеттик сатып алуулардын жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө;
- мамлекеттик программалардын, улуттук долбоорлордун ишке ашырылышына жана бюджеттин чыгымдалышына мониторинг жүргүзүүгө;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишине байкоо жүргүзүүгө (этика, ак ниеттүүлүк, кызыкчылыктардын кагылышуусу бөлүгүндө).
Бул платформалар ачык маалымат порталдары менен интеграцияланат жана визуалдаштыруу, талдоо жана кайтарым байланыш инструменттери менен толукталат. Кайрылууларды иштеп чыгуунун ачык-айкындуулугун камсыздоо жана кайтарым байланышты кеңейтүү Даттанууларды берүү платформаларында жарандардын жеке кабинеттери, кароонун ар бир этабында автоматтык түрдө кабарлоо, ошондой эле кайрылуулар боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттүү отчеттуулугу киргизилет. Бул даттанууларды иштеп чыгуу системасына ишенимди бекемдөөгө, жарандардын жана бизнестин коррупцияга каршы демилгелерге катышуу мотивациясын күчөтүүгө мүмкүндүк берет.
7. Программаны ишке ашырууда күтүлүүчү натыйжалар
Бул Программаны ишке ашыруу Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга жана мамлекеттин жана коомдун турмушунун ар кандай чөйрөлөрүндө коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берүүчү коомдук контролду күчөтүүгө комплекстүү мамилени камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Программаны ишке ашыруунун күтүлүүчү натыйжалары катары төмөнкү максаттарга жетишүү болжолдонууда:
7.1. Коррупциянын табияты жана кесепеттери жөнүндө жарандардын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу.
Кеңири масштабдагы маалыматтык-агартуу кампаниялары жарандарда коррупциянын себептерин, формаларын, кесепеттерин так түшүнүүнү, ошондой эле коррупциялык схемаларга катышуу үчүн жеке жана коомдук жоопкерчиликти калыптандырууну камсыз кылат.
7.2. Коомдо коррупциялык жүрүм-турумга карата туруктуу жол берилбестикти калыптандыруу.
Бардык деңгээлдерде коррупцияга каршы тарбиялоо жана билим берүүнү киргизүү, коммуникациянын медиа жана санариптик формаларын өнүктүрүү жолу менен коомдо коррупциянын кандай болбосун көрүнүштөрүнө туруктуу терс реакция иштелип чыгат, бул анын жайылышына тоскоолдук кылат.
7.3. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коррупцияга каршы институттардын ишине ишенимди жогорулатуу.
Натыйжалуу коммуникациялык стратегия менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишинин ачыктыгынын, айкындуулугунун жана отчеттуулугунун өсүшү жарандардын мамлекеттик түзүмдөрдүн аракеттерине болгон ишенимин бекемдөөнү камсыз кылат. Коррупцияга каршы институттардын натыйжалуу иши коррупциялык көрүнүштөрдү минималдаштырууга мүмкүндүк берет, ошондой эле жазадан качып кутулбастык принцибин ишке ашырууну жана жасалган коррупциялык бузуулар үчүн жоопкерчиликти жогорулатууну күчөтөт.
7.4. Коомдук контролдоо жана жарандардын катышуу механизмдерин чыңдоо.
Жарандык коомду, билим берүү жана илимий мекемелерди, бизнести жана жалпыга маалымдоо каражаттарын активдүү тартуу коомдук контролдоонун таасирдүү формаларын түзүүгө мүмкүндүк берет, жарандык активдүүлүктү жана коррупцияга каршы саясатты ишке ашырууга жоопкерчиликти жогорулатат, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздөрүнүн бийлик ыйгарым укуктарын ишке ашырууда отчеттуулугун жана жоопкерчилигин күчөтөт.
7.5. Эл аралык рейтингдерде Кыргыз Республикасынын позициясын жогорулатуу.
Бул Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу өлкөнүн эл аралык имиджин чыңдоого өбөлгө түзөт, коррупцияны кабылдоо индекси, ачыктык жана отчеттуулук деңгээли боюнча рейтингде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртат.
8. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
8.1. Жагымдуу өбөлгөлөр
Программа 2025-2030-жылдарга (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилине) Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны аткаруу үчүн иштелип чыккан жана жогорку мамлекеттик деңгээлде түздөн-түз саясий-укуктук колдоого таянат, бул институттук туруктуулукту жана аткаруунун милдеттүүлүгүн камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын координациялоочу орган катары аныктоо ведомстволор аралык макулдашуу, иш-чараларды системалуу ишке ашыруу жана аткаруу тартибин күчөтүү үчүн шарттарды түзөт. Артыкчылыктуу жазалоо чараларынан басымдын туруктуу коррупцияга каршы маданиятты жана коомдо коррупцияга жол бербөө мамилесин калыптандырууга багытталган алдын алуу, маалыматтык-агартуу жана тарбиялык механизмдерге өтүшү олуттуу оң фактор болуп саналат. Программа максаттуу топтордун кеңири чөйрөсүн камтыйт (калк, жаштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, бизнес-коомчулук, жарандык коом институттары, ЖМК), бул коомдук аң-сезимге комплекстүү жана узак мөөнөттүү таасир этүү үчүн өбөлгөлөрдү түзөт. Санариптик инструменттерди (порталдар, чат-боттор, ачык маалыматтар, кайтарым байланыштын санариптик каналдары) алдын ала каралган өнүктүрүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга, маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк түзөт. Мониторинг жана натыйжалуулукту баалоо механизмдеринин болушу, анын ичинде көз карандысыз эксперттерди тартуу жана натыйжалардын ачыктыгы иш-чараларды түзөтүү жана иш жүзүндөгү натыйжага багыттоо үчүн негизди түзөт.
8.2. Тобокелдиктер
Маалыматтык-агартуу ишин формалдаштыруу ыктымалдыгы бар, мында иш-чаралар максаттуу топтордун багытын жана жүрүм-турумун өзгөртүүгө реалдуу таасир этпестен, отчеттук мүнөзгө ээ болот. Айрым мамлекеттик жана муниципалдык органдардын заманбап коммуникациялык жана санариптик инструменттерди колдонууга кадрдык, методикалык жана техникалык даярдыгынын жетишсиздиги өзүнчө тобокелдик болуп саналат. Декларацияланган маалыматтык ачыктык менен кызмат адамдарынын реалдуу отчеттуулугунун ортосундагы ажырымдын тобокелдиги сакталып турат, бул ачык-айкындуулуктун алдын алуучу таасирин төмөндөтүшү мүмкүн. Программа туруктуу коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу жана коомдун мамлекеттик институттарга болгон ишенимин жогорулатуу үчүн олуттуу потенциалга жана жагымдуу баштапкы шарттарга ээ. Муну менен бирге белгиленген максаттарга жетүү түздөн-түз аныкталган тобокелдиктерди минималдаштырууга, иш-чаралардын артыкчылыктуулугун камсыз кылууга, алардын реалдуу натыйжалуулугуна жана аткарылышын катуу контролдоого көз каранды.
9. Программаны ишке ашыруу механизмдери
Ушул Программанын жоболорун натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бардык катышуучулардын ыйгарым укуктарын, жоопкерчилигин так ажыратуу жана ишин координациялоо менен институттук, ведомстволор аралык жана коомдук өз ара аракеттенүү камсыз кылынат.
9.1. Ушул Программаны ишке ашырууну координациялоо коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
Аталган мамлекеттик орган стратегиялык жетектөөнү, уюштуруучулук жана методикалык коштоону, ошондой эле ушул Программаны жана иш-чаралар планын ишке ашыруу маселелери боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат. Атап айтканда ал бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, мамлекеттик үлүш катышкан компаниялардын, жарандык коом институттарынын жана бизнес-коомчулуктун мамлекеттик коррупцияга каршы маалыматтык саясат жаатындагы иштерин координациялоо үчүн жооптуу болот.
9.2. Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын конкреттүү иш-аракеттер, мөөнөттөр жана индикаторлор менен бекитүү.
Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы анын милдеттерин аткаруунун негизги инструменти болуп калат. Анда так иш-чаралар, аларды аткаруу мөөнөттөрү, жооптуу аткаруучулар, ошондой эле натыйжалуулуктун сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрү камтылат. Иш-чаралар планы бардык катышуучулар менен макулдашылат жана ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү эске алуу менен үзгүлтүксүз жаңыланып турат.
9.3. Жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык коом институттары, билим берүү мекемелери жана эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү.
Бул Программа коррупцияга каршы ишти кеңири жана объективдүү чагылдырууга жалпыга маалымдоо каражаттарына активдүү көмөк көрсөтүүнү, иш-чараларды ишке ашырууга катышуу үчүн жарандык коом институттарын жана бизнес-коомчулукту тартууну карайт. Эл аралык уюмдар жана донордук программалар менен кызматташуу тажрыйба алмашууга, кошумча ресурстарды тартууга жана мыкты эл аралык практикаларды пайдаланууга мүмкүндүк берет.
10. Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү
Ушул Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана жүрүшүн өз убагында түзөтүүнү камсыз кылуу үчүн анын аткарылышына мониторинг жана көз карандысыз баалоо жүргүзүү системасы каралган. Программанын иш-чараларынын аткарылышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Программаны жана иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук уюмдардан жана башка катышуучулардан алынган маалыматтарды чогултууну уюштурат, системалаштырууну жана талдоону жүзөгө ашырат. Ыкчам мониторинг жүргүзүү үчүн заманбап санариптик технологияларды колдонуу камсыз кылынат. Натыйжалуулуктун негизги индикаторлорун киргизүү Мониторинг төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт: калктын коррупция жөнүндө маалымдуулук деңгээли, максаттуу топторду маалыматтык кампаниялар менен камтуу, өткөрүлгөн иш-чаралардын саны жана сапаты, жарандардын бийлик институттарына ишеним деңгээли, жарандардын жана жарандык коомдун институттарынын коррупцияга каршы маалыматтык ишке тартылуу даражасы, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдүн динамикасы. Ушул Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугуна ар жылдык жана жыйынтыктоочу баалоо жүргүзүү Ишке ашырылган иш-чаралардын таасир этүүсүнүн сандык көрсөткүчтөрүн да, аналитикалык баалоосун да камтыган орто аралык жана жыйынтыктоочу баалоолор уюштурулат. Баалоонун натыйжалары жалпыга жеткиликтүү болот жана ушул Программаны жана иш-чараларынын планын түзөтүү, анын натыйжалуулугун күчөтүү үчүн негиз болот. Көз карандысыз эксперттерди жана уюмдарды тартуу Мониторингдин жана баалоонун объективдүүлүгү жана ачык-айкындуулугу үчүн көз карандысыз аналитикалык борборлор, өкмөттүк эмес уюмдар, изилдөө жана эл аралык институттар тартылат. Алардын катышуусу ушул Программаны жана иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшүнө калыс жана кесипкөй талдоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
11. Программаны каржылоо
Ушул Программада каралган иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат. Каржылоонун булактары:
- мамлекеттик бюджет (анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттер);
- гранттар жана эл аралык жана мамлекеттер аралык уюмдардын техникалык жардам программалары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия…Указ · 05.06.2024 · № 137
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 29 "2026–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын мамлекеттик…Постановление · 27.01.2026 · № 29