Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 8 апрелинин № 232
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 5-главасынын 1-пунктунун 1-пунктчасын аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары:
– тиешелүү мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин Жободо белгиленген тартипте жана мөөнөттө бекитсин, аларды актуалдаштырууну камсыз кылсын;
– коррупциялык тобокелдиктерди системалуу идентификациялоону ишке ашырсын, аларды башкаруу механизмдерин киргизсин жана аларды минималдаштыруу же жоюу боюнча чараларды көрсүн;
– коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин ведомстволук расмий сайттарда үзгүлтүксүз жарыялоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жободо:
– 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
«Министрлер Кабинети тарабынан өткөрүлүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыгуучу, мамлекеттик органдарда жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.».
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 8-апрелинин № 28 (3788) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 17 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (17)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке…Постановление · 31.05.2023 · № 293
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 2026-жылдын 14-августундагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар…Приказ · 14.08.2026 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 28-августундагы № 05/2-17/256 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары…Приказ · 28.08.2026 · № 05/2-17/256
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 13-августундагы № 44 "Кыргыз Республикасынын…Приказ · 13.08.2026 · № 44
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 01-01/210 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары…Приказ · 09.07.2026 · № 01-01/210
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026-жылдын 27-июлундагы № 13-84 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде жана карамагындагы ведомстволордо коррупциянын…Приказ · 27.07.2026 · № 13-84
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2026-жылдын 28-августундагы № 168-Б "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар…Приказ · 28.08.2026 · № 168-Б
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын 16-июлундагы № 01-13/79 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде коррупциянын пайда болуу…Приказ · 16.07.2026 · № 01-13/79
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026-жылдын 28-июлундагы № 10-1/224…Приказ · 28.07.2026 · № 10-1/224
- Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 14-сентябры № 1227/1 "Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигиндеги коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар…Приказ · 14.09.2026 · № 1227/1
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО…Приложение · 08.04.2026 · № 232
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 287 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин…Приказ · 08.09.2026 · № 287
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин "2026-жылдын 2-июлундагы № 13-21-7 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине…Приказ · 02.07.2026 · № 13-21-7
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын 2026-жылдын 11-августундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентине…Приказ · 11.08.2026 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 131-нпа "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура…Приказ · 04.09.2026 · № 131-нпа
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 6-сентябры № 210 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…Приказ · 06.09.2026 · № 210
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия…Указ · 05.06.2024 · № 137
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.