Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү «Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоочу номердик белгилерди берүү менен автомототранспорт каражаттарына менчик укугун каттоо (кайра каттоо)» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин буйругу менен бекитилди) стандарттары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-ж. ___ _________ №___ буйругуна 3-тиркеме
Жарандарга жана юридикалык жактарга (алардын өкүлдөрүнө) көрсөтүлүүчү «Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоочу номердик белгилерди берүү менен автомототранспорт каражаттарына менчик укугун каттоо (кайра каттоо)» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттары
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 79-пункту)
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Укукту күбөлөндүрүүчү документтерди, каттоочу номердик белгилерди берүү менен автомототранспорт каражаттарына менчик укугун каттоо (кайра каттоо) - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын 79-пункту
2
Кызмат көрсөткөн мамлекеттик органдын толук аталышы
Автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды (мындан ары - транспорт каражаттары) каттоо, кайра каттоо, квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу, транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүү, транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окутуу уюмдарынын (автомектептердин) ишин лицензиялоо, транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин жасоо жана мамлекеттик каттоочу цифралардын же/жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин, ошондой эле автотранспорт каражаттарынын ысымдуу номердик белгилерин сатуу чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган, аймактык каттоо бөлүмдөрүн/секторлорун кошкондо.
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлөрү
Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүгө арналган автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин, анын ичинде башка мамлекеттерде катталган жана Кыргыз Республикасына 6 айдан ашык мөөнөткө убактылуу киргизилген автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин менчик ээлери. Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары, чет өлкөлүк юридикалык жактар, уюштуруу-укуктук формасына карабастан автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин, анын ичинде башка мамлекеттерде катталган жана Кыргыз Республикасына 6 айдан ашык мөөнөткө убактылуу киргизилген автомототранспорт каражаттарынын жана алардын чиркегичтеринин менчик ээлери. Кыргыз Республикасы менен тийиштүү мамлекеттердин ортосунда экономикалык кызматташтыкка көмөктөшүү, экономикаларын модернизациялоо жана өнүктүрүү, кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу максатында, тийиштүү эл аралык келишимдерди түзүү жолу менен Кыргыз Республикасы тарабынан чет өлкөлөр менен бирге уюштурулган эл аралык уюмдар формадагы өнүктүрүү фонддор.
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 «Мамлекеттик органдары жана алардын ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө» токтому;
- Бажы биримдигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 877 Чечими менен бекитилген Бажы биримдигинин ТР ТС 018/2011 «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламенти.
5
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы
Акыркы жыйынтыгы болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктү берүү;
- транспорт каражатынын паспортун берүү (транспорт каражатынын ээсинин каалоосу боюнча);
- жараксыз деп табуунун натыйжасында транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу, номердик түйүндөргө жана агрегаттарга маалымкаттарды берүү менен;
- транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоо номердик белгилерин берүү;
- транспорт каражаты үчүн энчилүү мамлекеттик каттоо номердик белгилерин берүү;
- транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин берүү;
- транспорт каражаты үчүн "Транзит" мамлекеттик каттоо белгилерин берүү;
- кызыл фондо ак түстөгү "D", "Т", "С", "НС" серияларындагы мамлекеттик дипломатиялык каттоо номердик белгилерин берүү;
- көгүлтүр фондо ак түстөгү "D", "Т" серияларындагы мамлекеттик дипломатиялык каттоо номердик белгилерин берүү;
- электромобилдер үчүн ак фондогу жашыл тилке менен аткарылган мамлекеттик каттоо белгилерин берүү.
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн шарттары
Кызмат көрсөтүү:
- белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген имаратта;
- жандуу кезек күтүү/электрондук кезек принциби боюнча (электрондук кезек күтүү системасы киргизилген жерлерде).
Жарандардын имаратка жана санитардык гигиеналык жайларга (ажаткана, жуунуучу бөлмө) тоскоолдуксуз кириши камсыздалган, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА) үчүн пандус, кармоочтор менен жабдылган (имараттар, жайлар). Имараттар күтүү жайларына, дааратканаларга (региондордо борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгондо - сырттагы), жылытууга, суу түтүгүнө, телефонго ээ болот. Жарандардын жеңилдиктер берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет, эгерде аларда көтөрүлүп чыгууга мүмкүнчүлүк болбосо, кызматкер арызды кабыл алуу үчүн өзү түшүп келет. Келген адамдардын ыңгайлуулугу үчүн кызмат көрсөтүлүүчү жердеги такталарда кызмат көрсөтүүлөрдү алууга зарыл болгон документтердин тизмеги жана арыздардын үлгүсү жайгаштырылат. Жайлар өрткө каршы коопсуздук системалар менен жабдылышы керек.
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Кезек күтүүнү эске алуу менен документтерди кабыл алууга чектелген убакыт - 30 мүнөт. Акыркы жыйынтыкты даярдоого чектелген убакыт - 60 мүнөт. Кызмат көрсөтүү боюнча жыйынтыкты берүүгө чектелген убакыт кезек күтүүнү эске алганда - 30 мүнөт. Кошумча текшерүүлөр талап кылынган учурларда (камак салуу, күрөө ж.б.) кызмат көрсөтүү мөөнөтү автомототранспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет, ал жөнүндө керектөөчүгө мөөнөттү узартуунун себеби түшүндүрүү менен өз убагында кабарланат. Транспорт каражаттарын онлайн-кайра каттоодо кызмат көрсөтүү – 10 мүнөт (кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү: транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктү жана мамлекеттик каттоо номердик белгилерди алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга баруу жана визуалдык кароо процедурасын эсепке албастан аныкталды).
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөргө маалымат берүү
8
Кызмат алуучуга көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеги) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымат берүү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот:
- мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы: portal.tunduk.kg;
- ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты: tsvs.gov.kg;
- аймактык бөлүмүнөн, керектөөчү (анын расмий ыйгарым укуктуу өкүлү) жеке кайрылган учурда.
Жарандарды кабыл алуу алар кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат менен кызмат көрсөтүүчү мекемелерде жайгаштырылган маалыматтык такталардан, буклеттерден жана брошюралардан таанышса болот. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет.
9
Кызмат тууралуу маалымат таркатуунун жолдору
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат төмөнкүлөр аркылуу жайылтылат:
- ЖМК (гезит, радио, телекөрсөтүү);
- ыйгарым укуктуу органдын расмий сайты: tsvs.gov.kg;
- электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы: portal.tunduk.kg;
- жеке кайрылганда жана Агенттиктин телефондору боюнча;
- маалымат такталары.
Аймактык каттоо бөлүмдөрүнүн даректери, телефон номерлери, электрондук почтасынын дареги жана иштөө режими Агенттиктин расмий сайтында tsvs.gov.kg жайгаштырылат.
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен пикир алышуу
Аймактык каттоо бөлүмдөрүндө маалымат табличкалары илинет. Келүүчүлөр менен иштеген бардык кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду көрсөтүлгөн жеке табличкаларынын (бейджилеринин) болушу зарыл. Келүүчүлөр менен пикир алмашуу учурунда кызматкерлер этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын тереңинен түшүнүүгө аракеттенүү, маектешкен адамды уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимди аргументтөө. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функциялык милдеттерди) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербеген, жарандарга карата этикалык, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу жана кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдерди сакташы керек. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыктарга ээ адамдар (ДМЧА, кары-картаң пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) менен баарлашуу жана кызмат көрсөтүү аларга түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт.
11
Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары
Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилиши мүмкүн.
12
Зарыл болгон документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүнүн иш-аракеттеринин тизмеси
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү берет:
1) Аймактык каттоо бөлүмдөрүндө транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды алгачкы каттоо үчүн:
- идентификациялык жеке номер (ИЖН) (жеке жактар үчүн), идентификациялык салык номери (юридикалык жактар үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген формадагы арыз;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же жашай туруу укугу же болбосо калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурлардан сырткары;
- юридикалык жактын электрондук базасынан көчүрмөлөрү, уюштуруу документтери (юридикалык жактар үчүн);
- Кыргыз Республикасына ташылып келинген транспорт каражаттарын алгачкы каттоо үчүн - транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын чыгарылышын ырастоочу документтер же товарларга декларациялар (мындан ары - ТД);
- Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерден республикага ташылып келинген автотранспорт каражаттарына Евразия экономикалык бирлигинин Шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген аккредитацияланган лаборатория тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк;
- даярдоочу заводдун чыгаруу сертификаты (же мындай сертификат болгондо, Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мөөрү менен күбөлөңдүргөн көчүрмө), инвойс, транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспортторунун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин техникасынын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасында маалыматтар жок болсо, транспорт каражатынын паспорту жана/же транспорт каражатынын электрондук паспортунан (транспорт каражатынын шассисинин электрондук паспортунан) көчүрмө, чет мамлекеттин транспорт каражатынын техникалык паспорту же болбосо барган өлкөнүн тийиштүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан транспорт каражаты эсептен чыгарылгандыгын ырастаган документ, транспорт каражатынын сертификаты, кабыл алуу-өткөрүү актысы жана каттоо иш-аракеттери үчүн негиз болуучу башка документтер;
- даярдоочу уюм, даярдоочу заводдун расмий өкүлү (дистрибьютер, дилер), соода уюму, ишкер тарабынан берилген маалымкат-эсеп же эсеп-фактурасы; Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн биржалык бүтүмдүн жыйынтыгы боюнча сатып алуу-сатуу келишими же транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө же жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документ;
- жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн жыйынтыктары боюнча транспорт каражатына болгон менчик укугуна карата Кыргыз Республикасынын сотторунун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери;
- каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанциялары. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн;
- фотофиксациялоо менен визуалдык кароо өткөрүү үчүн транспорт каражаты, түзүлүш жана жабдуу.
Кароонун жарактуулук мөөнөтү: Кыргыз Республикасынын аймагында - 10 иш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен чыккан учурда - 20 иш күндү түзөт;
- документтердин түп нускалары жоголгон учурда, бажы кызматынын органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн транспорт каражатына, түзүлүшкө жана жабдууга документтердин берилген көчүрмөлөрү боюнча каттоо иш- аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
- транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилери жана (же) Кыргыз Республикасына ташылып келинген транспорт каражаттары катталган мамлекеттердин каттоо документтери жана каттоо номерлери.
2) Менчик ээси өзгөргөн учурда (сатуу, белекке берүү, мураска алуу, алмашуу ж.б. менен байланыштуу) аймактык каттоо бөлүмүндө кайра каттоо үчүн транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын менчик ээлери төмөнкүлөрдү беришет:
- идентификациялык жеке номерди (жеке жак үчүн), идентификациялык салык номерин (юридикалык жак үчүн);
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арызды;
- "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматтагы инсандын күбөлүгү же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта);
- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн - жарактуу визасы бар паспорт же жашай туруу укугу же болбосо калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу жана андан чыгуу маселелери боюнча документтерди тариздөө, жарандарга жекелештирилген, идентификациялоочу жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген каттоо документи (каттоо талону), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерде каралган учурлардан сырткары;
- жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө банктын көчүрмөсү менен төлөм тапшырмасынын квитанциясын же кыймылдуу мүлккө салыктын төлөнгөнүн ырастоочу башка документти. Төлөө төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук системалар аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн;
- аймактык каттоо бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү каттоо документтерин;
- транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерди;
- зарыл болгон учурда - мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын уруксатын;
- кайра каттоо, атайын бланктык продукция жана мамлекеттик каттоо белгилери үчүн жыйымдардын жана төлөмдөрдүн квитанцияларын;
- транспорт каражатынын менчик ээсинин фамилиясы, аты жана атасынын аты өзгөргөн учурда, документтердин тизмегине кошумча - никелешүү тууралуу күбөлүк же аталган өзгөрүүлөргө байланыштуу жарандык абалдын актыларын каттоо органдары тарабынан менчик ээсине берилүүчү башка документ берилет;
- региону өзгөрбөстөн юридикалык жактын аталышы же дареги өзгөргөн учурда, документтердин тизмегине кошумча - каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө юридикалык жактын буйругунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет (юридикалык жактар үчүн);
- агрегаты алмаштырылган учурда, документтердин тизмегине кошумча - агрегатты Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнү ырастоочу документ же ыйгарым укуктуу органдын агрегатты жараксыздоо жөнүндө маалымкаты жана номердик агрегаттарга менчик укугун ырастоочу документтер.
Транспорт каражатынын, түзүлүштүн жана жабдуунун менчик ээсинин арызы боюнча аймактык каттоо бөлүмү тарабынан кайра жабдуунун натыйжасында бошогон кузовду, раманы жана номердик агрегатты сатууга маалымкат берилет. Кайра жабдылган учурда, жогоруда аталган документтерге кошумча төмөнкүлөр берилет:
- жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен анын конструкциясынын коопсуздук талаптарынын шайкештиги тууралуу күбөлүк;
- менчигинин түрүнө карабастан сатууга укуктуу дүкөн же техникалык тейлөө станциясы тарабынан берилген жаңы орнотулган кузовго маалымкат-эсеп же эсеп-фактура, нотариалдык тартипте же ыйгарым укуктуу органдын каттоо бөлүмүнүн кызматкери тарабынан күбөлөндүрүлгөн аларга менчик укугун өзгөртүү боюнча келишимдер;
- юридикалык жактын кайра жабдуу жөнүндө тиешелүү буйругу (юридикалык жактар үчүн);
- фотофиксациялоо менен визуалдык кароо өткөрүү үчүн транспорт каражаты, түзүлүш жана жабдуу.
Кароонун жарактуулук мөөнөтү - Кыргыз Республикасынын аймагында - 10 иш күндү; Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыккан учурда - 20 иш күндү, онлайн-кайра каттоо үчүн – 30 иш күндү түзөт;
- түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын номерлеринде каттоо документтери менен айырмачылыгы болгон транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга берилген документтер боюнча каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
- транспорт каражаттарынын каттоо белгилери же "ТРАНЗИТ" каттоо белгилери.
Транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга, номердик агрегаттарга менчик укугун күбөлөндүрүүчү башка документтерге төмөнкүлөр кирет:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга транспорт каражаттарын бөлүү жөнүндө калкты социалдык коргоо органдары тарабынан берилген документтер;
- жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн жыйынтыктары боюнча транспорт каражатына болгон менчик укуктарына карата соттордун белгиленген тартипте күчүнө кирген чечимдери;
- келишимдер, мүлктү мурастоо укугу жөнүндө күбөлүк жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн (же) иштелип чыккан башка документтер.
3) Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн жана республикада аккредитацияланган башка уюмдардын кызматкерлерине таандык транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо/кайра каттоо үчүн тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда катталган аккредитациялык карталар жана улуттук паспорттор кошумча берилет:
4) Тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, консулдук мекемелерге, эл аралык уюмдарга, ошондой эле алардын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык автотранспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын, алардын кызматкерлеринин автотранспортун каттоо жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык "Кыргыздипсервис" дипломатиялык сервис мамлекеттик ишканасы аркылуу гана жүргүзүлөт.
Юридикалык жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктары юридикалык жактын атынан анын жетекчисинин же уюштуруу документтери менен ыйгарым укук берилген башка адамдын колу жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен ырасталат. Өз алдынча жасалган жеңил чиркегичтерди жана кайра жабдылган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген транспорт каражатынын конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр менен анын конструкциясынын коопсуздук талаптарынын шайкештиги тууралуу күбөлүктүн негизинде жүргүзүлөт. Каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн берилүүчү, чет тилде түзүлгөн транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтер жана башка документтер мамлекеттик же расмий тилге которулууга жана бир тилден экинчи тилге туура которулганы жөнүндө нотариустун же болбосо мындай нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө укуктуу башка кызмат адамынын күбөлөндүрүүчү колу болууга тийиш. Кыргыз Республикасына ташылып келинген транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, номердик агрегаттарды каттоо бажы органдары (ТД) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан коштомо кагаз берүүгө ыйгарым укук берилген органдар тарабынан берилүүчү документтер болгондо гана жүргүзүлөт (Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүдө (импорттоодо) колдонулат), Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн ташылып келинген транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар үчүн бажы документтерин көрсөтпөстөн, мамлекеттик контролдон өткөндүгү жөнүндө талондун болушу милдеттүү. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекет болуп саналбаган мамлекеттерден жана үчүнчү өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына ташылып келинген транспорт каражаттарын каттоо Евразия экономикалык бирлигинин Сертификациялоо боюнча органдардын жана сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестрине киргизилген сыноо лабораториялары (диагностикалык борборлор) тарабынан берилүүчү документ (транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк) болгондо гана жүргүзүлөт. Юридикалык жана жеке жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына 6 айдан ашык мөөнөткө убактылуу, кайра ташып кетүү милдеттенмеси менен ташылып келинген транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн сырткары, алар бажылык таризделгенден кийин бажы документтеринде көрсөтүлгөн алардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтүнө каттоо документтерин жана мамлекеттик каттоо белгилерин берүү менен жүргүзүлөт, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса. Мындай учурларда чет мамлекеттердин транспорт каражаттарынын каттоо документтери жана мамлекеттик каттоо белгилери каттоо бөлүмүнө тапшырылат жана кайра ташып кетүү үчүн эсептен чыгарууда берилет. Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттери төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн:
- транспорт каражатын кароодон өткөрүүдөн кийин соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде;
- лотереяларды ойнотууда, спорттук иш-чараларды жана түрдүү шоу-программаларды өткөрүүдө жарандар транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды утуп алган учурда - белгиленген формадагы маалымкат-эсептердин жана каттоо документтеринин негизинде;
- финансы же мамлекеттик органдардан ээси жок, ошондой эле конфискацияланган катары кабыл алынган ээси жок транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар комиссиялык дүкөндөр тарабынан сатылган учурда, автотранспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын документтери болгондо, ошондой эле документтери болбогондо маалымкат-эсептин арткы бетинде: төмөнкүнүн негизинде "(документ көрсөтүлөт - соттун, салык кызматынын органдарынын, финансы полициясынын жана бажылык контролдоо органдарынын чечими) кабыл алынды жана сатылды" деген жазуу болууга тийиш, ал дүкөндүн (мекеменин) директорунун колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Кыргыз Республикасында катталган жана соттун чечими менен конфискацияланган транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо иш-аракеттери соттун күчүнө кирген чечиминин негизинде жаңы менчик ээлерине жүргүзүлүшү мүмкүн. Белекке же мураска алынган транспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар, эгерде белекке берүү келишиминде же мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктө бир нече адам көрсөтүлсө, анда ал башка бардык менчик ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен алардын бирине кайра катталууга тийиш. Жубайлардын биргелешкен арызынын жана никелешүү тууралуу күбөлүктүн негизинде транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды жубайлардын биринен экинчисине кайра каттоого уруксат берилет. Транспорт каражаттарынын, түзүлүштөрдүн же жабдуулардын менчик ээлери болуп 14 жашка чыга элек жашы жетпеген адамдар саналган учурда каттоо иш-аракеттери алардын атынан ата-энелери, асырап алуучулары же камкорчулары тарабынан гана жүргүзүлөт. Менчик ээлери болуп 14 жаштан 16 жашка чейинки жашы жетпеген адамдар саналган учурда каттоо иш-аракеттери ата-энелеринин (асырап алуучулардын), камкорчуларынын (көзөмөлчүлөрдүн) же камкордук жана көзөмөлдүк органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жашы жетпеген адамдын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн (16 жаштан 18 жашка чейинки куракта, паспортун) көрсөтүү менен жүргүзүлөт. Кызматтарды көрсөтүүчү Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кызмат көрсөтүү максатында "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалымат алууга укуктуу. Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү тарабынан аткарылуучу иш-аракеттердин тартиби, ошондой эле бардык талап кылынуучу документтердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүлүүчү жерлердеги маалымат такталарына, ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана өз убагында жаңыланып турат.
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөнөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн ошондой эле жыйым алынат. Жыйымдарды алуу тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленет.
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык тактыгы жана өз убагында болуусу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка көз карашы, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн ушул стандартта көрсөтүлгөн документтерди гана талап кылуу;
- кызмат көрсөтүүнүн шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка жеткиликтүүлүк, коммуналдык- тиричиликтик ыңгайлуулуктардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматтарда) болушу жана жеткиликтүүлүгү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө консультация берүү;
- аягындагы жыйынтыктын (алынган кызмат көрсөтүүнүн) арыз ээсинин күтүүлөрүнө ылайык келүүсү;
- жарандардын даттануулар жана сунуштары китебинин жеткиликтүү жерде болуусу;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо.
15
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү
Кызмат көрсөтүү транспорт каражаты жайгашкан жерге баруу менен жана/же интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу транспорт каражаттарын жана аларга карата менчик укуктарын кайра каттоого байланышкан арыздарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана кароо процесстерин автоматташтыруу үчүн багытталган Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы/"Түндүк" мобилдик тиркеме же төлөм уюмдарынын башка санариптик инструменттери аркылуу көрсөтүлүшү мүмкүн. Кызмат көрсөтүү жол-жобосун баштоо үчүн зарыл болгон маалымат жалпыга жеткиликтүү веб-баракчада бар (онлайн интерактивдүүлүк стадиясы - 3)
Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16
Мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуунун негизи
Ушул стандарттын 3-пунктунда белгиленген талаптарга арыз ээси шайкеш келбеген жана 12-пунктунда көрсөтүлгөн керектүү документтер берилбеген учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартылат. Төмөнкүдөй транспорт каражаттарына, түзүлүштөргө жана жабдууларга карата каттоо иш-аракеттери жүргүзүлбөйт:
- мүлккө карата камакка алуу же чектөө коюу жөнүндө чечим болгондо;
- нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлбөгөн белекке берүү келишимдери боюнча берилген, ошондой эле ээликтен ажыратуу укугусуз ишеним кат боюнча колдонууга берилген;
- конструкциясы же конструкциясына киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасында колдонулган жол кыймылынын коопсуздугу боюнча эрежелердин, ченемдердин жана стандарттардын талаптарына же берилген документтерге шайкеш келбесе;
- тракторлордон, өзү жүрүүчү технологиялык машиналардан тышкары, запастык бөлүктөрдөн жана агрегаттардан куралган же жараксыздалгандардын ичинен кайра калыбына келтирилген;
- "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аккредитацияланган диагностикалык борборлордо сертификаттоодон өтпөгөн, өз алдынча жасалган же кайра жабдылган автотранспорт каражаттары, түзүлүштөр жана жабдуулар;
- карандаш менен жазылган же кырып өчүрүлгөн же болбосо кошуп жазылган, чийилген сөздөр, ошондой эле сүйлөшүлбөгөн оңдоолору бар документтер (каттоо документтеринин тексттери түшүнүктүү жана так, жарандардын фамилиясы, аты, атасынын аты алардын жашаган жерин көрсөтүү менен толук, юридикалык жактардын аталышы - кыскартуусуз жана юридикалык даректерин так көрсөтүү менен жазылууга тийиш). Документтердин түп нускаларын берүү мүмкүн болбогон учурларда транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү боюнча, же болбосо электрондук көчүрмөлөр боюнча каттоого жол берилет (документтердин түп нускаларын берүү каралбаган өлкөлөрдөн транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды ташып келүүдө);
- жарандардын жана уюмдардын арызы боюнча айрым учурларда транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия карап чыгып, рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынан сырткары, мурда жараксыздалган транспорт каражаттарын каттоо боюнча корутунду чыгара алат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык милдеттүү техникалык кароодон өз убагында өтпөгөн транспорт каражаттарын кайра каттоого берүүдө;
- транспорт каражаты издөөдө турганда;
- Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу мамлекеттик системасы тарабынан таанылган, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык берилген жаңы транспорт каражаттары үчүн шайкештик сертификаттары жок болгондо;
- жасалма (жалган) документтер берилгенде;
- Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан транспорт каражатын каттоо (кайра каттоо) мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин транспорт каражатын жасоочу тарабынан коюлган номердик агрегаттардын маркалоосун жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун натыйжасында транспорт каражатын идентификациялоо мүмкүн болбогондо;
- каттоо документтеринде көрсөтүлгөн транспорт каражатынын маркалоочу идентификациялык белгиси бар конструкциясынын курамдык бөлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен алмаштырууда
17
Даттануу тартиби
Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөндөн керектөөчү кызмат көрсөтүү алынган органдын жетекчилигине оозеки же жазуу жүзүндө даттанууга укуктуу. Ошондой эле кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда, алуучу белгиленген тартипте жогоруда турган органга кайрылууга укуктуу. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучунун атынан даттануу анын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Жазуу жүзүндөгү даттануу эркин түрдө берилип, кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнүн, жооп жибериле турган почталык дарегин, телефон номерин, ошондой эле дооматтын маңызын, кызмат көрсөтүүнү алуучунун колун, датасын камтышы керек. Даттанууларды жана дооматтарды кароо "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Даттануу боюнча кабыл алынган чечимге канааттанбаган учурда арыз ээси сот тартибинде даттанууга укуктуу
18
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүгү менен туруктуу негизде кайра каралып туруусу керек
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.12.2014 · № 163
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 407 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук…Постановление · 22.02.2024 · № 78 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.