Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-апрели № 191 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 , 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Билим берүү кызматтарын көрсөтүү рыногундагы атаандаштыкты өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибинде:
- 2.3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Билим берүүнүн акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнө (иштерине) тарифтер (баалар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт, бекитилет жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу талап кылынбайт.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2 жана 3-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди коюу жана колдонуу жөнүндө жободо:
- 3-пункттун төртүнчү абзацындагы "тарифтерди макулдашуу үчүн берилген материалдардын" деген сөздөр "билим берүүнүн акы төлөмө кызматынын тарифтеринин түзүлүшүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- III главасынын аталышындагы "макулдашуунун жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Билим берүүчү уюмдун (мекеменин), анын ичинде билим берүүчү уюмдун (мекеменин) түзүмдүк бөлүмдөрүнүн билим берүүнүн акы төлөмө кызматын көрсөтүүсүнө тарифтеринин прейскуранты билим берүүчү уюмдун (мекеменин) жетекчиси тарабынан бекитилет. Билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтеринин бекитилген прейскурантынын көчүрмөлөрү, аларды негиздеген эсеп материалдар ошол билим берүүчү уюмдун (мекеменин) тарифтердин прейскурантын иштеп чыгуу тапшырылган башкармалыгынын (бөлүмүнүн), бөлүнүшүнүн жетекчисинин колу коюлуп, билим берүү жана илим тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле баш ийгендигине жараша маалымат берүү үчүн башка мамлекеттик органдарга жиберилет.";
- 6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 7-пункттагы "5 жана 6-пункттарына ылайык макулдашылат жана бекитилет." деген сөздөр жана цифралар "ушул Жобонун 5-пунктуна ылайык бекитилет." деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын;
- 71-пунктундагы "ушул Жобонун 5, 6 жана 15-пункттарына ылайык макулдашылат жана бекитилет." деген сөздөр жана цифралар "ушул Жобонун 5 жана 15-пункттарына ылайык бекитилет." деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- 8 жана 9-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди түзүү төмөнкүдөй материалдардын негизинде жүргүзүлөт:
- билим берүүчү уюмдун (мекеменин) финансылык-чарбалык ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын;
- билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнүн ар бир түрү боюнча колдонуудагы тарифтерди суммалык жана сандык түрдө талдоонун;
- сарптоолордун ар бир беренеси боюнча чечмелөө менен окуу жылындагы кирешенин жана чыгымдардын сметасынын;
- материалдык, эмгектик жана башка сарптоолорду чечмелөө менен кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча өздүк нарктын калькуляциясынын;
- бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгымдардын жана кирешелердин сметасынын иш жүзүндөгү аткарылгандыгы жөнүндө отчёттун;
- билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө колдонуудагы тарифтердин жана тарифтердин долбоорлорунун салыштырма таблицасынын;
- өткөн эки жылдагы тарифтердин өзгөрүү динамикасынын;
- билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтеринин деңгээлин өзгөртүүнүн себептерине негиздеменин.
9. Тарифтердин прейскурантынын долбоору жана аларды негиздөө боюнча эсептик материалдар, ошондой эле бекитилген тарифтердин прейскуранты жана алардын негиздемеси боюнча эсептөөчү материалдар өзүнчө көктөмөгө (папкага) тиркелет жана билим берүүчү уюмда (мекемеде) жети жыл бою сакталат.";
- 11-пункттагы биринчи сүйлөм алып салынсын;
- 131 жана 14-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"131. Билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтердин прейскурантын бекитүү үчүн тарифтерди түзүүдөгү материалдардын толуктугу жана тууралыгы үчүн жоопкерчилик билим берүүчү уюмдун (мекеменин) жетекчисине жана ошол билим берүүчү уюмдун (мекеменин) тарифтердин прейскурантын иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн башкармасынын (бөлүмүнүн), түзүмдүк бөлүнүшүнүн начальнигине жүктөлөт.
14. Тарифтердин прейскурантын бекитүү окуу жылы башталганга чейин окутуунун жана адистиктин тиешелүү багыттары боюнча мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмү бекитилгенден кийин ишке ашырылат. Тарифтердин прейскуранты билим берүүчү уюм (мекеме) тарабынан билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу керектөөчүлөргө маалымдоо максатында атайын берилген орунда (стенд, такта) жайгаштырылат.";
- 15-пунктунда:
отуз алтынчы абзацындагы ", 6" деген цифра алып салынсын; отуз жетинчи абзацындагы "ушул Жобонун 5, 6 жана 15-пункттарына ылайык макулдашылат жана бекитилет." деген сөздөр жана цифралар "ушул Жобонун 5 жана 15-пункттарына ылайык бекитилет." деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын;
- VI глава күчүн жоготту деп таанылсын;
- VII главанын аталышындагы "макулдашуунун," деген сөз алып салынсын;
- 22-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 23-пункттагы "бөлүгүндө" деген сөз "главасында" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25. Студентти кабыл алгандан кийин билим берүүчү уюм (мекеме) аны менен акы төлөмө кызмат көрсөтүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишим түзөт.".
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
Т.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (9)
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 300 токтому менен бекитилген )"Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө баа коюу жана…Положение · 18.05.2009 · № 300
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө баа коюу жана колдонуу жөнүндө жобону…Постановление · 18.05.2009 · № 300
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-октябрындагы №596 "Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн ыкмасы жөнүндө" тартибиПорядок · 26.10.2000 · № 637
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2025 · № 329
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен…Положение · 03.02.2004 · № 53 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 токтому…Положение · 17.05.2013 · № 271 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы N 637 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин…Постановление · 26.10.2000 · № 637
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №300 "Кыргыз Республикасында билим берүүнүн акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрүнө баа коюу жана колдонуу жөнүндө жобону…Постановление · 18.05.2009 · № 300
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2025 · № 329
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 3 февраля 2004 года №53 " Об утверждении нормативных и правовых актов, регулирующих деятельность образовательных организаций высшего и среднего…Постановление · 03.02.2004 · № 53 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 17.05.2013 · № 271 · Күчүн жоготкон
- Положение о государственных образовательных стандартах профессионального образования в Кыргызской Республике ( Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 3…Положение · 03.02.2004 · № 53 · Күчүн жоготкон