Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 5-февралы № 45 Мамлекеттик жогорку окуу жайларга өзгөчө статус берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 , 2024-жылдын 8-июлундагы № 371, 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомунун редакциясына ылайык) Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 378-статьясына, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 23, 57-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 371 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
"8) өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлардын мүлкүн. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары камкорчулук кеңештери менен макулдашуу боюнча өз каражаттарынын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны өз алдынча тескөөгө (ижарага берүүгө) укуктуу.".
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 61-главанын аталышында, 382-пунктунда, 383-пунктунун биринчи абзацында "(мектепке чейинки, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү, мектептен тышкары билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан башка)" деген сөздөр "(мектепке чейинки, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү, мектептен тышкары билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан, ошондой эле өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку билим берүү уюмдарынан башка)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 380-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"380. Билим берүү ишине лицензия (мектепке чейинки, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана жалпы орто билим берүү, мектептен тышкары билим берүү жана транспорт каражаттарынын (автомектептердин) айдоочуларын окутуу (кайра окутуу) чөйрөсүндөгү программаларды ишке ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынан, ошондой эле өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку билим берүү уюмдарынан башка) билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.".
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 9-февралындагы № 11 (3564) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (11)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 496 "Кыргыз Республикасында жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүн белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2011 · № 496
- Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 токтому менен бекитилди)Положение · 24.09.2021 · № 183
- Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык) жобоПоложение · 14.12.2023 · № 678
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлунун № 371 "Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү…Постановление · 08.07.2024 · № 371
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2025 · № 329
- Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен…Положение · 03.02.2004 · № 53 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын профессордук-окутуучу курамынын кызмат ордун ээлеп туруунун тартиби жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы…Положение · 29.05.2012 · № 346 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын кафедрасы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген) жобоПоложение · 29.05.2012 · № 346 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын факультети жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 токтому менен бекитилген) жобоПоложение · 29.05.2012 · № 346 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 11.08.2023 · № 179
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин…Постановление · 24.09.2021 · № 183
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлунун № 371 "Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү…Постановление · 08.07.2024 · № 371
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 "Кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.06.2025 · № 329
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 3 февраля 2004 года №53 " Об утверждении нормативных и правовых актов, регулирующих деятельность образовательных организаций высшего и среднего…Постановление · 03.02.2004 · № 53 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган нормативдик укуктук…Постановление · 29.05.2012 · № 346 · Күчүн жоготкон