Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин «Дарыгердин жолдомосу боюнча майыптуулук тобу жок муктаж болгон жарандарга белгиленген тизмектен сырткары протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо жана берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын бекитүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2025-жылдын 12-декабры № 334
Дарыгердин жолдомосу боюнча майыптуулук тобу жок муктаж болгон жарандарга белгиленген тизмектен сырткары протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо жана берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги (мындан ары – Министрлик) тарабынан калкка берилүүчү дарыгердин жолдомосу боюнча майыптуулук тобу жок муктаж болгон жарандарга белгиленген тизмектен сырткары протездик-ортопедиялык буюмдарды даярдоо жана берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликке караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси (мындан ары - РПОБМ), калкка мамлекеттик кызмат берүү процессин уюштурууда бул буйруктун 1-пункту менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын жетекчиликке алсын жана сактасын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү стандаштыруу жоопкерчилиги, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартынын сакталышын контролдоо Майыптыгы бар адамдарга жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгына жүктөлөт деп белгиленсин.
4. Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Министрликтин расмий сайтына жарыяласын.
5. Майыптыгы бар адамдарга жана улгайган жарандарга карата чечимдерди даярдоо башкармалыгы:
- буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, аны жарыялоонун булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жиберсин.
6. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 23-октябрындагы №291 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, анын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Cтандарттарында, “II – Бөлүм. Социалдык чөйрөдө” бөлүгүндө, № 12 мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы ушул буйрукту Министирликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жеткирсин.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары А.Дж. Орозбаевага жүктөлсүн.
9. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр
К.Л. Сагынбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, анын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга…Стандарт · 23.10.2025 · № 291
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 334 буйругуна тиркемеСтандарт · 12.12.2025 · № 334
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн…Постановление · 12.06.2024 · № 304
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө"…Постановление · 15.11.2021 · № 252
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 23-октябры № 291 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…Приказ · 23.10.2025 · № 291
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.