Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2017-жылдын 20-январы № 7
Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө
(КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамы менен 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилет)
(КР 2022-жылдын 9-августундагы № 89, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 72 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене. Мунапыс берүү түшүнүгү жана анын мөөнөттөрү
1. Мунапыс берүү - бул гуманизм жана ырайымдуулук принцибин ишке ашыруу максатында жеке аныкталбаган адамдардын чөйрөсүнө тиешелүү болгон жана кылмыш жазасынан бошотууну караштырган, мыйзам түрүндө кабыл алынган мамлекеттик органдын актысы.
2. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам зарылчылыкка жараша, бирок календардык жыл ичинде бир жолудан көп эмес чыгарылышы мүмкүн.
2-берене. Адамдардын чөйрөсү боюнча мунапыс берүүнүн колдонулушу
1. Мунапыс берүүнүн колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган соттолуучуларга, алардын кылмыштары жөнүндө Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан каралып жаткан иштерге;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында жазасын өтөп жаткан соттолгондорго.
2. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам кылмыш жоруктарын жана бузууларды жасаган адамдарга жайылтылбайт.
3-берене. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзамдын түзүмү жана мазмуну
Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) мунапыс берүүнүн зарылдыгын түшүндүргөн преамбуланы;
2) мунапыс бериле турган адамдардын категорияларын;
3) мунапыс берүү колдонула турган кылмыштардын категорияларын;
4) эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын өтөлө элек бөлүгүнүн кыскартыла турган мөөнөтүн;
5) мунапыс берүү актысын аткаруучу органдарды;
6) мунапыс берүү актысын аткаруу мөөнөттөрүн;
7) мунапыс берүү актысын колдонуу жана аткаруу маселелери боюнча түшүндүрүүчү жоболорду.
4-берене. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзамдын негизинде кылмыш жазасынан бошотуу
Мунапыс берүү жөнүндө мыйзамдын негизинде соттолуучуларга жана соттолгондорго колдонулуучу кылмыш жазасынан бошотуу төмөнкүлөрдөн турушу мүмкүн:
1) эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан толук бошотуудан;
2) эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан жарым-жартылай бошотуудан.
5-берене. Кылмыш жазасынан жарым-жартылай бошотуу
1. Кылмыштын категориясына жараша кылмыш жазасынан жарым-жартылай бошотуу төмөнкүлөрдү карайт:
1) анча оор эмес кылмыш үчүн - эркиндигинен ажыратуунун өтөлө элек мөөнөтү 1/2ге кыскарат;
2) оор кылмыш үчүн - эркиндигинен ажыратуунун өтөлө элек мөөнөтү 1/3ге кыскарат;
3) өзгөчө оор кылмыш үчүн - эркиндигинен ажыратуунун өтөлө элек мөөнөтү 1/4ге кыскарат.
2. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 1-бөлүгүндө саналып өткөн кылмыштарды кошпогондо, ушул берененин 1-бөлүгүнүн жоболору бардык кылмыштарга жайылтылат.
6-берене. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам колдонулбаган соттолуучулардын жана соттолгондордун чөйрөсү
1. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам төмөнкү соттолуучуларга жана соттолгондорго карата колдонулбайт:
1) мурда мунапыс берүү же ырайым кылуу колдонулгандарга;
2) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго;
3) эки же андан ашык кылмыш жасагандарга, эгерде алардын жок дегенде бирөө мунапыс берүү жөнүндө мыйзамдын колдонушуна туура келбесе;
4) аларга карата тарбиялоо же медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулгандарга;
5) жазаны өтөө режимин кыянаттык менен бузгандар деп таанылгандарга.
2. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам аларга карата коопсуздук чаралары колдонулган соттолуучуларга же соттолгондорго жайылтылбайт.
3. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам кылмыштык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган юридикалык жактарга колдонулбайт.
7-берене. Аларды жасаган учурда мунапыс берүү жөнүндө мыйзам колдонулбаган кылмыштын түрлөрү
1. Мунапыс жөнүндө мыйзам төмөнкүлөр үчүн соттолуучуларга жана соттолгондорго карата колдонулбайт:
1) оорлотуучу жана өзгөчө оорлотуучу кырдаалдарда киши өлтүргөнү;
2) кыйноолор;
3) балага карата жасалган зордуктоо;
4) (КР 2022-жылдын 9-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5) балага карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери;
6) (КР 2022-жылдын 9-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
61) балага карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо;
62) он алты жаш курагына толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер;
63) балдарды пайдалануу менен жасалган сойкулукка жана ыплас аракеттерге көмөктөшүү;
64) баланы сойкулук менен алектенүүгө тартуу;
65) баланы порнобизнеске тартуу;
7) террордук акт;
71) террордук ишти каржылоо;
8) террордук ишке көмөктөшүү;
81) террордук иштерди жүргүзүүгө карата ачык чакырыктар;
9) барымтага алуу;
10) уюмдашкан топту түзүү же ага катышуу;
11) кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу;
111) уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо;
12) мыйзамсыз куралдуу түзүлүштү түзүү же ага катышуу;
13) сатып өткөрүү максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жасоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү;
131) куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү;
14) мамлекеттик чыккынчылык;
15) тыңчылык;
151) диверсия;
16) бийликти зомбулук менен басып алуу;
17) бийликти зомбулук менен басып алууга ачык чакыруу;
18) сепаратисттик иш;
19) куралдуу козголоң;
20) расалык, этностук, улуттук, диний же регион аралык касташууну (чатакты) козгоо;
21) экстремисттик уюмду түзүү;
22) мамлекеттик же аскердик сырды жарыя кылуу;
23) коррупция;
24) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу;
25) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамынын бийлигинен аша чабуусу;
26) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамынын мыйзамсыз баюусу;
27) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамынын пара алуусу;
28) жооптуу абалды ээлеген кызмат адамынын пара өндүрүүсү;
29) тынчтыкка каршы кылмыш;
30) адамгерчиликке каршы кылмыш;
31) зомбулук менен жоголуу;
32) геноцид;
33) массалык кыргын салуучу куралды өндүрүү, сатып алуу, өткөрүп берүү, топтоо, колдонуу же таратуу;
34) согушту пропагандалоо;
35) апартеид;
36) эл аралык коргоодо турган адамдарга же мекемелерге кол салуу;
37) экоцид;
38) согуш мыйзамдарын жана салттарын бузуу;
39) согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактардагы тургундарга карата зомбулук;
40) эл аралык гуманитардык укуктун ченемдерин кылмыштуу бузуу;
41) согуш аракеттеринин учурунда кылмыштуу аракетсиздик, же болбосо кылмыштуу буйрук берүү;
42) жалдануучулук.
2. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам өзү келтирген зыяндын суммасынын бери болгондо 3/4үнүн ордун толтурбаган соттолуучуга же болбосо соттолгонго карата колдонулбайт.
(КР 2022-жылдын 9-августундагы № 89, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 72 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-берене. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзамдын колдонулушу
1. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштарды кошпогондо, мунапыс берүү жөнүндө мыйзамдын колдонулушу ал күчүнө кирген күнгө чейин жасалган бардык кылмыштарга жайылтылат.
2. Мунапыс берүү созулган жана андан ары улантылган кылмыштарга, эгерде алар мунапыс берүү жөнүндө мыйзам, мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин бүткөн, токтотулган же үзүлгөн болсо, жайылтылбайт.
3. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды колдонуу жөнүндө маселе аны колдонуу үчүн каралган мөөнөттөр өткөндөн кийин келип чыккан учурда (соттолгондун аракеттеринин юридикалык квалификациясы өзгөрүшүнө жараша) соттолгонго карата мунапыс берүү актысы көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин колдонулушу мүмкүн.
9-берене. Мунапысты колдонуу жана аткаруу мөөнөттөрү
Мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга ылайык аларга карата кылмыш жазасынан жарым-жартылай бошотуу колдонулуучу соттолгондор жаза мөөнөтү жаңыдан эсептелген тууралуу жана жазаны өтөө аяктаган дата тууралуу мунапыс берүү жөнүндө мыйзам мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин үч айдын ичинде жаза аткаруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан расмий түрдө маалымдалууга тийиш. Соттолуучуларга карата ушуга окшош маалыматтар өкүмдө баяндалат.
10-берене. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды колдонуунун субъекттери
1. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды колдонуунун субъектиси болуп жаза аткаруучу ыйгарым укуктуу органдан келип түшкөн материалдар боюнча же кылмыш иши боюнча - анын өндүрүшүндө турган судья (сот) саналат.
2. Сот отурумунда мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды колдонуу тууралуу маселе каралганда прокурор милдеттүү түрдө катышат.
11-берене. Коллизияларды чечүүнүн тартиби
Ушул Мыйзамдын жана жеке аныкталбаган адамдардын чөйрөсүнө тиешелүү болгон мунапыс берүү жөнүндө мыйзамдардын ортосунда коллизиялар болгон учурда ушул Мыйзамдын жоболору колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 39 · байланышкандар: 78
Цитата келтиргендер (39)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 461 "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы…Постановление · 08.10.2018 · № 461
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-январындагы № 2-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз…Распоряжение · 09.01.2020 · № 2-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 369-б " 2012-2016-жылдарда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын…Распоряжение · 19.10.2018 · № 369-б
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 6-б "2012-2016-жылдарда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын…Распоряжение · 28.01.2019 · № 6-р
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөЗакон · 09.02.2024 · № 42
- 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөЗакон · 08.05.2020 · № 53
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 22-декабрындагы № 1207-VI "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 22.12.2016 · № 1207-VI
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 46-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 18.02.2020 · № 46-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 4-сентябрындагы № 3220-VI "2019-жылдын сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2019 · № 3220-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 379-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2022 · № 379-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 31-октябрындагы № 3321-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 31-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.10.2019 · № 3321-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 19-декабрындагы № 3442-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 19-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.12.2019 · № 3442-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 6-февралындагы № 2785-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2025-жылдын 6-февралындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 06.02.2025 · № 2785-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы № 3395-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 5-декабрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.12.2019 · № 3395-VI
- КР ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТРДИН 2018-жылдын 24-июлундагы № 108 "Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 24.07.2018 · № 108
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 11-апрелиндеги № 2350-VI "2016-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин…Постановление · 11.04.2018 · № 2350-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 17-октябрындагы № 3283-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 17-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.10.2019 · № 3283-VI
- 2026-жылга укуктук мониторинг жүргүзүү планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-июнундагы № 385-т тескемесине тиркеме)План · 01.06.2026 · № 385-т
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 482-VI "Мунапыстын негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл…Постановление · 21.04.2016 · № 482-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 15-июнундагы № 702-VI "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл…Постановление · 15.06.2016 · № 702-VI
39 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, "Мунапыс берүү негиздери жапа аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Закон · 09.08.2022 · № 89
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (78)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-б "Кодекстердин иш-чара пландарын бекитүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 14.04.2017 · № 120-б
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2018 · № 666
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-мартындагы ПЖ № 83 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркундөтүү маселелери боюнча кецеш жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.03.2021 · № 83
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 13-мартындагы № 2894-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 13-мартындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 13.03.2025 · № 2894-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы № 3191-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 27-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2019 · № 3191-VI
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-декабрындагы № 576 "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып…Постановление · 10.12.2018 · № 576
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-майындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелерин градациялоонун айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 21.05.2019 · № 227
- Барскоон айылдык кенешинин 2018-жылдын 26-ноябрындагы № 17 "Барскоон айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын типтүү жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.11.2018 · № 17
- Лебединовка айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 14-декабрындагы № 1 "Лебединовка айыл ѳкмѳтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссиясы тууралуу жобону жана комиссиянын сандык…Постановление · 14.12.2018 · № 1
- Токмок шаардык кенешинин 2018-жылдын 29-декабрындагы № 181/26-4 "Токмок шаарынын мэриясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобосун бекитүү жөнүндө"…Постановление · 29.12.2018 · № 181/26-4
- Ноокен айылдык кеңешинин 2018-жылдын 30-ноябрындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы…Постановление · 30.11.2018 · № 1
- Фрунзе айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-январындагы № 1 "Фрунзе айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.01.2019 · № 1
- КР Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы ПЖ № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 11.01.2019 · № 1
- Карасаев айылдык кеңешинин 2018-жылдын 7-декабрындагы № 51 "Карасаев айыл аймагында Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.12.2018 · № 51
- Ак-Чий айылдык кеңешинин 2019-жылдын 26-мартындагы № XIV/3 "Кыргыз Республикасынын Бузуулар боюнча Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.03.2019 · № XIV/3
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 12-июнундагы № 08-р Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 487-беренесинин 3…Решение · 12.06.2019 · № 08-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 642 "Пробация органына кызматтык жайларды берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2018 · № 642
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 25- февралындагы № 99 (Кенемтелерди жана карама-каршылыктарды табуу максатында сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган Кыргыз…Распоряжение · 25.02.2019 · № 99
- Красный Восток айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 10/1 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айыл аймагынын Бузуулар жөнүндө иштерди…Постановление · 29.11.2018 · № 10/1
- Фрунзе айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 24-декабрындагы № 36 "Фрунзе айыл ѳкмѳтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссиясы тууралуу жобону жана комиссиянын сандык жана…Постановление · 24.12.2018 · № 36
78 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.