Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 020-жылдын 9-июнундагы № 60 («Аксакалдар соттору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) буйругу
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 9-июну № 60 "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу максатында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 25-февралындагы № 99 буйругу менен түзүлгөн кенемтелерди жана карама-каршылыктарды табуу максатында сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын талдоо боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык жумушчу топтун сунуштамаларын эске алуу менен:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
- бир айлык мөөнөттө "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын;
- иштелип чыккан долбоорду Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 25-февралындагы № 99 буйругу менен түзүлгөн кенемтелерди жана карама-каршылыктарды табуу максатында сот-укуктук реформаны жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын талдоо боюнча туруктуу иштеген ведомстволор аралык жумушчу топтун кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко төмөнкүдөй укук берилсин:
- белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, башка уюмдардан жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү оз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
С.А. Кылжыев
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Байдылдаев Мурат Курманбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Сарбагыш уулу Тилек
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана божомолдоо секторунун башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Рысбеков Улан Токтогонович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бөлүм башчысы;
Сыдыгалиев Саид Шарипович
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин бөлүмүнүн башкы адисинин милдетин аткаруучу;
Мамыралиева Фатима Казаковна
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Бакасов Султан
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм башчысы;
Букаров Женишбек Таалайбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Мендекеев Рахманкул Абдымананович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүмүнүн башкы адиси;
Мураталиев Каныбек Тентимишович
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун бөлүмүнүн консультанты (макулдашуу боюнча);
Шукурбеков Азизбек Шарипович
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору (макулдашуу боюнча);
Мамакеева Замира Токторбековна
-
"Аксакалдар сотторунун ассоциациясы" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Шергазиев Урматбек
-
Кочкор райондук аксакалдар сотторунун кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Байшериев Рахатбек Мухаммедиевич
-
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук аксакалдар сотторунун кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Аленкина Наталья Борисовна
-
Борбордук Азиядагы Америка университетинин "Укук" программасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча);
Турсунбаева Назира Сартбаевна
-
Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кафедрасынын доценти (макулдашуу боюнча);
Кошманбетов Адилет Аскарович
-
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун адиси (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Аксакалдар соттору жөнүндөЗакон · 05.07.2002 · № 113 · Күчүн жоготкон